Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:51

Эл үнү / Коом

Баткенди каатчылык каптады

Ош, Жалал-Абаддагы тополоң токтобой жаткандыктан, Баткенде тамак-аш, күндөлүк керектелүүчү буюмдар менен күйүүчү май тартыштыгы келип чыкты. Керектелүүчү азыктар Баткен облусуна Ош шаары аркылуу өтүп турчу.

Баткендин балдары
Текст көлөмү - +
Облустук акимчилик бул көйгөйдү чечүү үчүн кошуна тажик ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү баштап, Ош, Жалал-Абадка жашыл коридор киргизүү аракетин көрүп жатат.

Ош шаарында тополоң чыккандан кийин Баткенге күйүүчү май, ун, нан азыктарын ташуу токтоду. Жума башында керектөөчүлөр Баткен шаарынын соода түйүндөрүн кыдырып, ун, күйүүчү майдын тартыштыгынын азабын тарта башташты. Баткен шаарынын тургуну Сайдимар күйүүчү майдын жана ундун баасы бир кыйла жогорулап, калкка түйшүк келди дейт:

- Түштүктө болуп жаткан окуядан кийин дароо бардык нерсеге баалар көтөрүлүп кетти. Бир кг. сабиз 45 сом болду, ун жок. Күйүүчү май да жок.

Мындай көйгөйдү чечүү үчүн Убактылуу өкмөттүн иш чарасына ылайык облустук жетекчилик Ош жана Жалал-Абад аймагында биргелешкен иш чара кабыл алып, Баткенге өтүп жаткан товарларды күч кызматынын коштоосу менен алып өтүү үчүн жашыл коридор түзүү аракетин көрө баштады дейт Баткен областтык акимиаттын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев:

- Ош, Жалал-Абадда болуп аткан саясий кырдаалдан улам блок посттор коюлган. Ал жактан өтүүдө кыйынчылыктар бар. Ошондуктан биз ойлоп атабыз, Чек ара, Ички иштер, Бажы кызматы, Финполиция биргелешип бир иш чара кылып жашыл коридор ачып берсе. Экинчиден, Ош, Жалал-Абаддагы эки комендант бар. Аларды да ушул пунктка киргизсе, алар да азык-түлүк боюнча көмөк көрсөтүш керек. Бизге да тапшырма берди, Тажикстандагы ишкерлер менен барып сүйлөшүп, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эч кандай коркунуч жок бизде, келип базарларды ачкыла деп.

Ушу тапта аймакта өрүк жана башка мөмө-жемиштер бышып, Орусия, Казакстанга чыга албай турат. Самаркандек айылынын тургуну Зумрат Айатова бир тонна өрүк жыйнап алып кете албай турат. Бул товар көпкө турса жарактан чыгып калат:

- Жыл сайын өрүк бышкан мезгилде биз Бишкекке өрүк ташыйт элек. Быйыл мындай коогалаң чыгып, элибиз тынч эмес, бир тоннадан ашык топтоп койгон өрүгүбүз ал жакка баралбай, ара жолдо Баткенде калдык да кыскасы.

Чынында аймакка жүктүн келүүсү эле токтобой, кете албагандар да канчалаган каражаттан ажырап калууда, областтык акимиат өкүлү Салижан Хамрабаев эгер жашыл коридор маселеси жакынкы убакта чечилсе экспорттоого да мүмкүнчүлүк түзүлөт дейт:

- Коштоо жүргүзүп, алар ошол аркылуу жүктөрүбүздү Бишкектен алып чыгып койсо, негизги азык-түлүк Орусия менен Казакстанга кетет. 20 миң тонна өрүк, 2 миң тонна гиляз, 500 тонна малинабыз бар. Бул маселени өкмөт чечсе, биздин суранып атканыбыз муну тездетиш керек.

Чынында аймакта базар баасынын көтөрүлүүсүнө чагымчыл күчтөрдүн да салымы болуп жатат. Алар эл арасында "ун камдап алгыла", "согуш жүрүүдө" ж.б. у.с ушактарды таракатып, элди дүрбөлөңгө түшүргөндүктөн соода жайларында тамак-аш азыктарын камдагандар көйбөйдү.

Мындай күчтөр менен күрөшүү үчүн облус аймагында жергиликтүү калк, жаштардан турган элдик ыктыярдуу кошундардын саны 5 миңден ашты деп билдирди облустук акимчиликтин маалымат кызматы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Aiperi
15.06.2010 17:02
Kyrgyz elim!
ushundai kyin ubakta birimduu bolup,kolubuzdan kelgen jardamybyzdy ayabaily!Migrant baike,sizge chooon rahmat!Sizge okshogon kyrgyzymdyn jigitteri koboio bersin

кимден: abdrazul каяктан: batken(RTS)
15.06.2010 12:46
Batken uchun abdan kiyin bolup kaldi.benzin 1 ltr =55 som i al dagi tez ele butuup kalat.50 kg un 2000 som bolup ketti.Ubaktiluu okmotton jolubuzdu ele achip berishterin suranabiz.kalganin ozubuz ele jasap alabiz silersiz ele.

кимден: Субанов каяктан: Баткен, Самаркандек
15.06.2010 11:56
Бул күн да өтөөр кетээр, чыдап коёлу туугандар. Тополоңду баштагандарга, элдин каргышы тийсин! Жети тукумуна чейин жарыбасын.

кимден: Ali каяктан: KG
15.06.2010 02:36
Sogushtu urushturgandar tukumu menen kurusun,, Bizdin elge tynchtyk kerek, yrysky beruuchu bir gana Allah,

кимден: Marina каяктан: Germania
15.06.2010 01:56
Aylanayin kirgis elim mina eki ulut bashtagan "sogushunguzdar" kanday gana mashtabdi ozuno kurchap aldi.Koptogon koptogon kunoosuz adamdar kiynalip,ach kalip,uyu jok kalip,jakindarinan ajirap kalishti.Kirgis elimdin ezelteden meymandostugu menen siymiktanip kelchuu elek.Emi emnebiz kaldi?Ozu da koruppziaga butubuzdan malinip ,ekonomikabiz zorgo ele karmalip turganda.Da bul chataktin keregi jok ele aylanayindar!!!Anan bir eki ozbek jigitter kilmishkerlik kilsa,aga emi baardik ozbek kalki kunoolu emes,jana jazalaganga akilari da jok bolchu!Ozbek kalkinin 75000 gi kachishiptir.Emi toktotboysungarbi urushungardi.Anan da aytaarim,bir mamlekette kop uluttar jashagan jonokoy ele korunush.Emne Kirgistanda bir ele kirgizdar jashash kerekbi.Tinchtik kana tileym Allahtan.Baari oz jasasin alat ertebi kech.

кимден: Ала Тоо баласы каяктан: Чет Элден
14.06.2010 23:47
Чынында аябай жаман иш болду, билбедим бул кагылыштар кимдер учун пйда экенин. Жакында куз, анан кыш болот, ошондо жанакы (Ийнелик менен Кумурска) болобуз го, жардам сурап корунгонго барып, нан берчи деп... Ойгонойлу КЫРГЫЗ элим, жерим....

кимден: БЕКЕШ!
14.06.2010 23:44
УОго! Менин жердештеримдин койгойун эртенкиге калтырбай, чечип берсениздер! Же авиакаттамды арзандатып бериниздер - белгилуу бир убака чейин!!! Дыйкандар эмгегинин узурун корсун, туугандар!!!

кимден: Мигрант уулунуз каяктан: Москва
14.06.2010 22:57
Апа, чыдап туруңуз. Бул айлыгымды гум. жардам иретинде Ошко жонотом. Кийинки айлыгымды, буюрса сизге жонотом.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу