Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Житкен окту аткан ок табат


14-сентябрда Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук жана соттук-укуктук реформа боюнча комитети «Курал-жарак жөнүндөгү» мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү жактырды.

Комитет жыйынында ушул жылдын 23-июлунда коопсуздук кызматкерлеринин атайын операциясы учурунда набыт болгон Хасан Сулаймановдун сот ишине байланышкан маселе да талкууланды.

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде курал-жарак жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси кыйла талаш-тартыштарды жаратты. Ички иштер министринин орунбасары Талантбек Исаевдин маалымдашынча, ушу тапта министрлик алдында эксперттик-криминалисттик борбор түзүлүп, анда буга чейин сыйлыкка берилген, мыйзам уруксаты боюнча сатылып алынган ок атуучу куралдардын текши баары атылып, текшерүүдөн өткөрүү иштери аягына чыгууда.

“Бүт сыйлыкка алынган куралдар, анан аңчы-мергенчи деп жатпайбызбы,- дейт Талантбек Исаев. – Ошолор 40 миңге жакын курал элдин колунда. Узун мылтыктар бар, чыпэтме деп коебуз, жанагы бытыра менен аткан. Карабиндер бар.”

Талантбек Исаев быйыл февраль айында Ички иштер аскерлеринин курал-жарак сактоочу жайынан 23 тапанча уурдалып, ал боюнча козголгон кылмыш иши аягы чыгып, сотко өткөрүлгөнүн маалымдады. Ал ошондой эле сыйлыкка деп алган тапанчасынын айынан кылмыш ишине тартылып жаткан мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун соту тууралуу эч нерсе айта албастыгын билдирди.

А.Жекшенкуловго каршы козголгон кылмыш иштин соттук териштирүүсү аягына чыга электе чуулгандуу тапанчаны дагы бир ирет экспертизадан өткөрүү жөнүндө сот чечими чыккан. Т.Исаев жеке күзөт кызматкерлерине берилген тапанчалардын көбү кайтарылып алынганын, бул иш улантылып жатканын кошумчалады.

Парламент депутаты Рашид Тагаев көпчүлүктүн колундагы курал-жарак министрлик маалыматындагыдан көп экенин, опуртал куралды мыйзамсыз урунуп жүргөндөр өтөле арбындыгын белгиледи.

“Колдо өтөле көп курал-жарак жүрөт. Ал Ооганстандан, Тажикстандан, бардык жактан келген. Бул жагынан жакшылап иштеш керек”,- деп билдирди Р.Тагаев.

Ошондой мыйзамсыз куралдарды алып жүргөнү үчүн мындан эки жыл илгери соттолуп, бирок да маалынан эрте бошотулган, быйыл Жалал-Абаддагы 23-июндагы атайын операция тушунда набыт болгон Хасан Сулаймановго байланышкан иштер жайында Башкы прокуратура менен Жогорку сот жетекчилери комитет жыйынында маалымат беришти.

Жогорку сот төрайымы Жаңыл Алиеванын айтуусунда, Хасан Сулаймановго жарылуучу курал-жаракты алып жүргөндүгү, улуттук, диний жикчилдикке үндөгөндүгү, жасалма документтерди жасаткандыгы, коопсуздук кызмат өкүлдөрүнө каршылык көрсөткөндүгү үчүн Кылмыш-жаза кодексиндеги 6 берене боюнча айып коюлуп, 2007-жылдын 25-февралында камакка алынган. Июнь айында Бишкектин Свердлов райондук сотунда 2 жылга кесилип, ноябрь айында Ош шаардык сотунда маалынан эрте бошотулган.

Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулайманов 6 айыпка кириптер болгон Хасан Сулайманов паралоонун жардамы менен боштондукка чыкканын, анын камактан эрте чыгышына биртоп кызмат адамдары себепкер экенин жарыя кылган. Кыргызстандын Башкы прокурорунун орунбасары Кубанычбек Асангелдиев соттук териштирүүлөргө катышкан прокуратура өкүлдөрүнө кызматтык жазалар берилгенин, Хасан Сулаймановду 2007-жылкы эгемендиктин 16 жылдыгына карата чыгарылган мунапыска байланыштуу түрмөдөн эрте бошонушу мыйзамга кайчы келерин ырастады:“Мунапыс өзгөчө оор кылмыш жасагандардын жаза өтөө мөөнөтүн кыскартууга багытталган болчу. Х.Сулайманов болсо анчалык оор кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон эмес”, деп айтты К.Асангелдиев.

Жогорку Сот төрайымы Жаңыл Алиева Бишкектин Свердлов райондук, Ош шаардык соту мыйзам тартибинде иш жүргүзүшкөнүн ырастады.

“Ош шаардык сотунун чечими менен 2007-жылдын 15-ноябрында, сот Кожомкулов, камак жайынын жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылган. Камалган Х.Сулайманов калган мөөнөтүн өтөөдөн маалынан эрте шарттуу бошотулган. Анын камактан чыгышына 1 ай 27 күн гана калган”.

Комитет жыйынында курал-жарак жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынды. Алар кабыл алынып калса курал-жарагы балдардын текши баары 3 – 5 жылда текшерүүдөн өтүп турушмакчы. Ал эми Жалал-Абаддагы атайын операция учурундагы атышууда курман болгон Х.Сулаймановду маалынан эрте абактан бошотулушуна себепкер кызмат адамдарынын бирөө-экөө гана иштеген жеринде жазага кириптер болуп, калганы мыйзам чегинен чыгышпаганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG