Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:49

Кыргызстан

"Кайгы оор, жара терең болду"

Бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү. Убактылуу өкмөттүн чечими менен Ош жана Жалал-Абаддагы кайгылуу окуялардан улам аза күтүү 16-июндан тарта 18-июнга дейре үч күнгө созулмакчы. Коогалуу аймакта акыркы эки күндө кырдаал салыштырмалуу турукташып, жаңжалдардын себептерин, кесепеттерин иликтөө жүрүп жатат. Оор жагдай түзүлгөн шаарларга туш тараптан гуманитардык жардам жеткирилүүдө.

Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунда, 14-июнь
x
Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунда, 14-июнь
Текст көлөмү - +
Чындыгында эле “Азаттыктын” ар кайсы булактарынан такталган маалыматтарына караганда, учурда Ош, Жалал-Абад аймактарында дээрлик 10-июнда башталган башаламандыктардын кесепеттерин иликтөө жана мындай коогалаңга жол бербөөнүн аргасын издөө көбүрөөк байкалууда. Бишкек коомчулугунун, чет өлкөлүк уюмдардын гуманитардык жардамдары алдыңкы күндөрдөгү чыңалууну басаңдады сыяктанат.

Анткен менен адам өмүрүн алган кагылышуулар мамлекет үчүн олуттуу сокку ургандыгын өткөөл президент Роза Отунбаева 15-июнда уюштурган маалымат жыйынында айтты. "Кайгы оор, жара терең болду. Биз бул жагдайдан эптеп чыгаарбыз" деди.

Оор жагдайдан чыгуунун жолдорунун бирин убактылуу өкмөт Орусиянын колдоосунан көрөт. Орусия мүчө болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун катчылары 14-июнда жыйын куруп, чечим кабыл алды. Ал чечимдердин так жандырмагы азыр ачыктала элек. Бирок маалымат жыйында айтылганга караганда, ЖККУ тынчтык орнотуучу күчтөрдү Кыргызстанга киргизбейт. Отунбаеванын айтымында жыйында "жардам көрсөтүү зарылдыгы белгиленип, бирок, тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүү азырынча максатка ылайык эмес деп чечилди.

Отунбаеванын айтканына караганда, азыр жеке эле ЖККУ эмес, ЕККУ, БУУ Кыргызстанды кыйын кырдаалда көтөрүп атышат. Айрыкча качкындарга жардам көрсөтүүгө БУУнун Качкындар комиссарлыгы батыл киришти. Убактылуу өкмөт болсо алардан Өзбекстан тараптагы эле эмес, Кыргызстан тараптагы качкындарга да жардам көрсөтүүнү сурап жатат.

Азыр ар кайсы булактарда качкындардын саны 70 миңден ашып кеткендиги айтылып жатат. Өткөөл мезгилдин президенти качкындар 10-20 миңге аз деп болжоду. Анткен менен кагылышта өлгөндөрдүн саны расмий маалыматтагыдан алда-канча көп болушу мүмкүн.

Саламаттык сактоо министрлиги өлгөндөрдүн саны 170тен ашып, жабыркагандар эки миңге жакындап калганын айтып атат. Адамдарды мүңкүрөткөн бул окуя эки улуттун ортосундагы жаңжалдын эмес, мамлекетти, бийликти алсыратууну көздөгөндөрдүн карасанатайлыгынан келип чыкты жана аларга жалдангандар кыргызстандыктардын далайын акчага аеосуз өлтүрүштү. "Бизде көп далилдер бар. Кармалгандары бар. Алар көрсөтмө берип жатышат" дейт Р. Отунбаева.

Кармалгандардын арасында көзгө атар мергендер, болгондо да чет өлкөлүктөр бар экендиги, азыркы өкмөттө иштеп жүргөн жергиликтүү деңгээлдеги айрым кызматкерлер, саясатчылар жаңжалга шыкакчы болгондугу айтылууда. Башаламандыкка кызыкдар тараптардын катарында бир катар топтор аталып жүрөт.

Ал эми Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Алмаз Атамбаев, Феликс Кулов өңдүү таасирдүү саясатчылардын акыркы билдирүүлөрүнө караганда Ош, Жалал-Абад окуяларынын артында тургандар – экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындары. Буга негиз катары Жаныш жана Максим Бакиевдердин телефон аркылуу элге ашкере болгон бузуку пландарын мисал катары келтирип жатышат. Бул аралыкта кандуу окуяга тиешеси бар деп эсептелип жаткандардын бири Максим Бакиевдин Британияда кармалганы кабарланды.

Өткөөл президент Отунбаева өлкөгө Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келип соттоо, 27-июнга белгиленген референдумду өткөрүү, ошондой эле өлкөгө тынчтыкты кайтаруу убактылуу өкмөттүн башкы максаттарынан экенин билдирди. Бул аралыкта Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндөгү сунушунан Беларус баш тартты.

"Азаттыктын" тасмасы:
Укук коргоочулар Кыргызстадагы окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүдө

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз кызы каяктан: Кыргызстан
18.06.2010 11:55
Урматтуу Роза эже,Бакиевдерди 86 баланын канын төккөндүгү үчүн күнөөлөдүнөр эле эми Оштогу баш аламандыктын алдын ала албагандыгыныздар үчүн кырчындай улан-кыздардын өмүрү үчүн ким жооп берет. Албетте дагы эле Бакиевдерди күнөөлөйсүздөр да. Анткени сиздин андан башка айланызда жок.

кимден: Нургазы Айжамал каяктан: Челябинск
18.06.2010 01:17
Урматтуу боордош элим!!! Сиздердин кайгыныздарды тен болушобуз. Кыргызстанда чындыгында, "кайгы оор, жаара терен" болуп жаткан учур. Ал эми азыр биздин УОко айтып, суранып кетерибиз, ушундай оор жоготуу кундору, алдыга, жакынкы кундорго референдумду койбой эле койсонуздар. анткени канчалаган мекендештер оз жакындарын жоготуп жатса, ал эми сиздер аларды зоордуктап жаткандай болуп каласыздар. Акыркы айтаарыбыз, УОнун мучолору бардык жазылган пикирлерди, окуп чыгат жана эске алат деген ишеничтебиз.

кимден: perizat каяктан: bishkek
17.06.2010 19:09
азыр кандай оор абалда турабыз. жүрок өйгүткөн оор абалдабыз. бириси тууганынан ажыратып кан жутуп санаа тартып журот ошол жакындарынан ажыраган жездештерибизге терен конул айтам аллах жаратты аллах алды бул дагы бизге сыноо ошолордун жаткан жери жайлуу болсун. топурагы торкоо болсун. карангы корлору жарык болуп аллах талла куноолорун кечирсин деп тилейли

кимден: kyrgyz каяктан: Osh
16.06.2010 23:22
1000 ge jakyn kalkinin omyry kiyilip jatsa menin bahym 1.5 mln dollarga baalangan dep okmottyn ekinchi adaminin interv'uy taratyp jatyshy mamleketibizdin kanchalik kriziste tyrganinan kabar beret. Aytaarga bashka sozy jok bolso ynchykpay ele koiso da tyyra bolmok.
'

кимден: Жапар каяктан: Ош
16.06.2010 22:14
Биз бир тарапты эле каралай берген туура эмес. силерге бул тасманы корууго чакырам:
http://www.youtube.com/watch?v=2XGFcEoIb_8
http://www.youtube.com/watch?v=PouOVZma1fc
http://www.youtube.com/watch?v=fvUh9mNp414

кимден: Жылдыз каяктан: USA/Kyrgyzstan
16.06.2010 21:53
УӨ жамандагандын ордуна, жардам берели. Бизде азыр башка өкмөт жок. Мен УӨну колдойм, элдин жардамы менен Кыргызстан ушул кризизтен чыгып кетет.
Ушул жерде окурмандын Авдеева жөндө жазган сөзү абдан туура - Авдееванын жазган стили жана сöзү жаман тузу жок болуп атат.

кимден: супер саяк каяктан: алма ата
16.06.2010 21:07
Кайдагы референдум?Эч кандай референдум отпойт себебин озунор тушунуп турасынар туугандар.Ош Жалал Абад Баткен обуласынын шайлоого катыша турган зли оор кунду башынан откоруп турган учурда шайлоон менен жерге кир .Ушунчалык эле легитимдештирууну кааласанар башка жолун издегиле.Озунор элди кайра паникага тушуруп жатасынар тундукто да боевиктер журот деп андай эле кыйын экенсинер Элге жарыялабай туруп кармагыла боевиктерди.Озунор открытым текстом Бакевтерге маалымат берип жатпайсынарбы .Ал эми чан тополон уйуштургандын башында уч генерал бир полковник жана башкы командачы турганын эл тушунуп турат ички агентуранардан сак болуп учурду козомолго алгыла урматтуУО.

кимден: Ынтымак жана Тынчтык каяктан: Чет олко
16.06.2010 21:04
Урматтуу мекендештер! Кыргызстанда каза болгондордун баарынын жакындарына конул айтам.Мен чет олкодо журом.Ал эми Ошто элимдин 15-20 жаштардагы жигиттери Мекенибизде Тынчтык жана Ынтымак орнотуу учун курошушту жана курошуп жатышат.Жап-жаш туруп элибиздин амандыгы учун, Ала-Тоодо тынчтык орнотуу учун курошуп жатып курман болгон азаматтарыбыз аз болгон жок.Алардын мындай эрдиги менин жана ар бир Кыргызстандыктын Мекен алдындагы жоопкерчилигин арттырды.Бизден алда канча кичуу инилерибиз Мекен деп оз жандарын аяшкан жок.Мындан ары Кыргызстаныбызда Тынчтыкты жана Ынтыкмакты сактоо тируулордун милдети.Ал эми чет олколордун(АКШ болобу, РФ болобу) аскерлерини Кыргызстандын туштугуно киргизилиши мындан ары Тынчтыктын гаранты боло албайт.Чет олколуктордун аскерлери туштукко кирсе, анда алар мезгил мезгили менен чыр-чатак, жардыруу уюштуруп, анан ал жерге куткарууга жетип келип, оздорун Кыргызстанга пайдалуу куч катары корсотуп, бирок оздорунун негизиги максатын ишке ашырышат жана олкобузду туболук согуш талаасына айландырышат деген ойдомун.Биз озубуздун 15-20 жаштардагы Кыргыз дегенде журогу жалындаган инилерибизден уялышыбыз керек жана чет элдин аскерлерин олкого киргизилишине каршы турушубуз керек. Эн ыйык эркин Кыргызстаныбызда Тынчтык жана Ынтымак болушун каалайм!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.06.2010 21:01
УО,уже начали раздражать,ким кунолуу ким жок кийин териштиресинер,тезиреек Ошко тынчтык орнотпойсунарбы?олгондордун саны 3 минден ашып кеткен,аны эмнеге жашырып жатасынар?Ошто абал тынчып калды дейсинер,тынчыган жок,тынчый турган туру да жок....

кимден: ankara capmus каяктан: Ankara
16.06.2010 20:49
Salamatsınarbı mekendeşter. Bul kabarlardı uktungarbı:

Trt Türk, Dünya Rapaoru haber, saat 22.20 14.06. 2010 Ahad Andijan (eski Anap milletvekili) :

Oş ve Calal abad şehirleri Özbek şehirleridir, Sovyetler birliğinin yanlış bölüştürme sonucu Kırgızistandın içinde kalmıştı, olaylar büyüyebilir gibi açıklamalar yaptı.

TRT Haber saat 14 civarı Seyfullah Türksoy : KIRGIZİSTANDA soykırım yapılıyor, şimdi Özbekler sırada karadeniz Türkleri, Uygurlar vb azınlıklar bar gibi açıklamalar yaptı.

Elbette, ilk başta sabırlı ve soğukkanlı olalım. Ama bu tür yanlış bilgilerin medyalarda yer almasına tepkimizi gösterelim. Duyarsız kalmayalım. Hem bu şahısların iletişim bilgilerini bulanlar lütfen paylaşsınlar. Tepkilerimizi kendilerine de bizzat iletelim.

Elçilikke de bildireli. Kg-ga MİT ke bildirişsin. rasmi coldon da Türkiyaga nota ciberiliş kerek dep oyloybuz.
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)