Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:49

Эл үнү / Коом

Оштун айрым аймактарында кырдаал курч бойдон

Айрым укук коргоочулар Оштун Он-Адыр, Шарк, Шейит-Дөбө айылдарында абал дале чыңалган бойдон турганын айтышууда. Ошто жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев соңку кырдаал тууралуу суроолорго жооп берди.

Оштон чыгарылып бараткан жаш балдар, 17-июнь.
Текст көлөмү - +
- Оштогу кырдаал боюнча малымат бере кетсең. Укук коргоочулар айтып жаткан айылдарда абал чындап оорбу?

- Туура эле. Сиз айткан Он-Адыр өндүү бир топ айылдарда кыргыздарды барымтага алып алган учурлар болуп атат. Жакындары барымтада калган адамдардын тобу бүгун облустук администрациянын маңдайында чуу салышты. Оштун Калинин көчөсүндө да бүгүн бир топ атышуу катталганы айтылууда. Негизинен абал туруктуу эмес. Адамдар дагы эле көчөдө эркин басып жүрө алышпайт.

- Укук коргоочулар айтып атышат, кыргыз улутундагы атуулдардан турган аскер топторун көрүп чочуган өзбек улутундагылар ар кандай чагымчыл иштерге барууда деп. Сен жеринде жүрөсүң, байкооң кандай?

- Албетте. Өзбек маалелеринде кыргыз аскерлерине ишеним жок. Мен бүгүн өзбек айылдарында жашаган бир катар досторум менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Аларда бизди дагы атышат деген бир топ чочулоолор бар экен. Ошондуктан алар өрттөлгөн машине, кыйылган дарактар менен бекинишип, эч кимди киргизбей жатышат. Кыргыздарды барымтага алуу аракеттери байкалууда.

- Коменданттык сааттын күчү кандай болуп атат?

- Кечээ коменданттык сааттын күчү болбой жатканын айткан элем. Бирок бүгүн коменданттык саат күчүнө кирди. Саат алтыдан кийин көчөгө чыккан атуулдардын колдорун кайрып алып кетип, же болбосо үйлөруно жеткирип, абдан катуу эскертүүлөрдү берип жатышат. Коменданттык саат бүгүн бир топ күчүнө кирди. Себеби борбордон бир топ аскерлер келип, күчүн жоготкон аскерлерге дем болуп бергенин айтып жатышат.

- Жаатташкан тараптарды элдештирүү боюнча кимдердин салымы көбүрөөк болуп атат. Өкмөт өкүлдөрүнүнбү, же коомдук уюмдардынбы?

- Жок. Жарандык коом өкүлдөрүн абдан эле тарс кабыл алып жатышат. Мына бүгүн “Интербилим” уюмунун өкүлдөрүн облустук администрациянын алдында топтошкон адамдар “сиздер чет өлкөгө туура эмес маалымат берип жатасыздар” деп катуу сөздөрдү айтып, кууп чыгышканына мен өзүм күбө болдум. Ал эми элдешүү маселесине келсек, албетте ар бир айыл-маалелерде кыргыз-өзбектер чогулуп кой союшуп, өздөрүнчө сүйлөшүп жатышат. Айылдан, элдин өзүнөн чыккан лидерлердин көмөгү менен гана элдешүү жүрүп жатат деп айтсак болот. Мен он чакты кичи райондордо болдум, алар өздөрү эле жарашып жатышат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: инсан каяктан: Кыргызстан
18.06.2010 13:09
Урматтуу кыргыз жана өзбек элим! Урматтуу мекедештер! Ар жерден жазылган ар түрдүү ой пикирлерге көңүл бурбагыла! Оштогу кыргыз жана өзбек элинин бир туугандыгын ал жердеги эки элден башка эч ким жакшы билбейт. Ар түрдү жаман нерселер жазып эки элди күнөөлөбөйлүү. Келгиле алар жөнүндө жалаң жакшы нерселер жазалы. Келгиле алардын ынтымактуулугу үчүн күрөшөлү. Алла өлкөбүзгө тынчтык берсин!

кимден: Бала каяктан: Россия
18.06.2010 12:59
Урматтуу бийлик өкулдөру тез арада озбектер тосуп алган жерлерди тосмолорду алдырып мыйзам чегинде куч колдонбосонор барымтага алынган балдарды бошоткула.тез арада ушул ишти кылбасанар бийликтин кучу кеткени.Бакиевчилерди жамандабастан ишинерди кылсанар болмок.

кимден: патриот каяктан: ош
18.06.2010 12:20
кимден:Кыргыз каяктан:Кыргызстан...
ты сам сейчас где находишься на юге или на севере...по моему далеко от юга и не знаешь обстановку ....все который сейчас находиться в Оше хорошо знает что там до сих пор работает снайпера и до сих пор убывает людей...если ты там был би хоть один день и увидел бы своими глазами эту резню так не говорил бы...и тебя совет не думай ,даже не мечтай их наказать ,а то Аллах сам тебя так накажет что мало не кажеться...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.06.2010 10:32
Жергиликтуу тургундар:Озбек жана кыргыз улутунун жарандары, тынчтыкты орнотуу силердин кана колунарда.Ар бир айылда улуу адамдар
чогулушуп,бири-бирин ынтымака чакырып ,чоогу отуруп чай ичип дегендей.
Токтоткула! Сураныч токтоткула! Ак Сакалдуу Аталар,Апалар кайдасынар? Жаштар сиздердин тилиниздерди угушат,кайрылып акылыныздарды айтыныздар.Сиздер да солдаттарга жардам корсотсонуздор жакшы болот эле.

кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
18.06.2010 09:31
Мамлекеттин ичинде туруп дагы озунчо мамлекет болуп кочолорду тосуп алуу,аскер адамдарын киргизбоо -МАМЛЕКЕТТИН БУТУНДУГУНО ШЕК КЕЛТИРУУ!!! Баш ийбесе айоосуз жазалаш керек!!!

кимден: Жанызак каяктан: www.presskg.com
18.06.2010 09:15
Жанызак-сунуш:
1. Республикабыздын борборун тезинен Жалалабадка которуп, ал шаардын атын түптамырынан кыргызчалап өзгөртүш керек
(казак мисалында - Семипалатинск -> Акмола -> Астана);
2. Кыргыз паспортуна этностун аты көрсөтүлбөшү керек жана "кыргыз жараны" деген гана белги койулушу мүмкүн;
3. Кыргызстандын аймагында жашаган этностордун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда
"Кыргыз Республикасынын бөлүнбөстүгүн таануу" тууралуу келишимге кол койулушу керек.
Антпеген этносторду Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө чейинки маселелер жалпы референдум аркылуу чечилиши керек.

Өзбектер бу тополоңдун башында болгону "Азаттык" материалдарына кашкайта жазылып чыкты.

Биздин билишибизче, дунгандар да Кыргыз Республикасынын ошол кездеги президенти Курманбек Бакиевге автономия тууралуу кайрылган.

Мындай былжырактар кайталанбас үчүн, жогорудагыдай этностор ортосундагы айныксыз келишим түзүлүшү керек.

Чыр-чатактуу этностордун чогуу бир жерде жашоосуна тикелей көзөмөл жүргүзүлүп турушу керек жана бир да бир административдик аймакта башка этностор кыргыздардан көп болуп кетишине катуу байкоо жүргүзүү зарыл.
Антпесе Кыргызстанда Косово феномени кайталанбайт деп айтыш өтө кыйын.
Анын айрым көрүнүштөрү азыркы Ош шаарындагы ички чектерди жасап алган өзбектерден байкалып эле турбайбы.

Жер мамлекеттики.
Ошол жерди келишим аркылуу бөлүштүрүүдө мен жогоруда белгилеп кеткен жагдайларга катуу көзөмөл жүргүзүп,
кыргыз паспортун туш келди сата берген паспортисттер мамлекеттик чыккынчы деңгээлинде сот жообуна тартылууга тийиш.

Бу жагдайга карата пикириңерди ортого салгыла мына бу дарекке:
http://diesel.elcat.kg/index.php?showtopic=3188573&pid=14133756&st=100&#entry14133756


кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
17.06.2010 23:46
Эмне себептен КЫРГЫЗСТАНда Өзбек айылдары өзүнчө анклав болушуп, Кыргызстандын мыйзамына баш ийбей жатышын ооздуктай албай жатасыңар урматтуу Күч органдары? Эмне кем болгон жериңер барбы алардан? Кыргызстанда жашаган ар бир этнос Кыргыз мыйзамы менен жашоосу керек!!! Кыргызстанда жашаймын деген ар бир адам мыйзам чегинде жашасын. Эмнени эксең, ошону оросуң деген сөз бар кыргызда...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
17.06.2010 23:36
Osh jana Jalalabad elderine teren kaigym menen könül aitam. Ortodogu eldi oilobogon, saiyasatchylar uiushturup jatkan sogush dep aita alam. Antkeni özunuzdör küböö bolgondoi ele Özbek- Kyrgyz dinibiz bir elbiz, musulman, yntymakda ele jashap jürgönsüzdör. Provokaziyaga berilbegile, biri biriner menen süilöshup öz ara yntymaka kelgile Özbek-Kyrgyz. Jana birigip alyp terroristerdi karmaganga araket kylyp,jardam kylgyla. Balkim al terrorister öz ele elderdi ichinde jürgöndür, akchaga aldanyp ushundai jumushtu kylyp jatkandyr, kyldattyk menen ish kylgyla, sak bolgula. Allah jardamchy bolsun,Inshallah!!!

кимден: кубаныч каяктан: москва(ноокат)
17.06.2010 23:17
Бул кайгылуу окуядан уткан да утулган да улут болгон жок.Уткан тарап деп,ушул окуяларды уюуштурууда ким турса ошолорду,ал эми утулган тарап деп, пайдасынан зыяны көп кыргыз УККин айтаар элем.Дагы бир өкүнчтүүсү, окуя туралуу бүт ааламга кыргыздарга каршы,абдан терс көрүнүштөгү маалыматтардын тарап кетиши намыска тийип,зээниңди кейитет.Эхх бийлик, бийлик,элиңди асырабасаң,жериңди баалабасаң,тилиңди кадырлап барктабасаң баарыңарды кошуп гана" урдум" -деп,кыйкыргым келет.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу