Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:48

Саясат

ЕККУнун полиция тобу Кыргызстанга жакында киргизилбейт

ЕККУ полиция кеңешчилер тобун Кыргызстанга киргизүү боюнча меморандумга кол кою белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул эки тараптын ортосунда полиция тобунун мандаты боюнча кайчы пикирлердин жөнгө салынбай жатышы менен байланыштырылууда.

ЕККУ полициясын киргизүүгө каршы Бишкектеги акция, 2010-жылдын 26-июлу.
Текст көлөмү - +
Ушул жылдын август айынын аягына чейин расмий Бишкек ЕККУнун полиция кеңешчилер тобун Кыргызстанга киргизүү боюнча меморандумга кол коймок. Буга чейин элүү адамдан турган полиция тобу тогуз мамлекеттен тандалып алынып, сентябрдын башында алардын Кыргызстанга келиши күтүлүп жаткан. Бирок расмий булактарга караганда, тараптар эл аралык полиция кеңешчилеринин мандатындагы жана меморандумдун шарттарындагы айрым жагдайлар боюнча бир пикирге келише алышкан эмес.

Каршылык акциялардын таасириби?
Бул маселеге Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун позициясынын да таасири тийбей койгон жок.А. Орозов

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Авланбек Жумабаевдин айтымында, полиция кеңешчилер тобун киргизүүдөн Кыргызстан толук баш тартат дегендикке жатпайт:
ЕККУ полициясына каршы Оштогу акция, 2010-жылдын 26-июлу.

- Учурда консультациялык сүйлөшүүлөр бүтө элек. Эң биринчиден, Кыргызстан аталган меморандум өлкөнүн кызыкчылыгына туура келгенде гана гана кол койот. Эң башында эле ЕККУнун катчылыгы иштеп чыгып, сунуштаган меморандумдун долбоору менен Кыргызстан макул болгон эмес. Эл аралык полиция кеңешчилеринин тобунун бул жакта болушунун мөөнөтү боюнча да Кыргызстандын өзүнүн позициясы бар. Ошондой эле меморандумдун айрым шарттары боюнча ача пикирлерден улам, ага кол кою кандайдыр бир мөөнөткө созулуп турат.

Анткен менен талдоочулар арасында меморандумдун өз учурунда кол коюлбай калышынын себептери боюнча башкача божомолдор да бар. Буга Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларындагы ЕККУнун полиция кеңешчилеринин киргизилишине карата уюштурулган  каршылык акциялары да себеп болгон. Экинчи жагынан, эл аралык полиция кеңешчилеринин киришине каршылыгын айтып чыккан Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун кызматынан алуу аракетинин ишке ашпай калгандыгы да буга терс таасирин тийгизди деген пикирлер үстөмдүк кылууда.
 
Мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов  чечимдин создугушун кыйчалыш абалдын түзүлүп калышы менен байланыштырды:

- Буга эми жанагы Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун позициясы да таасирин тийгизбей койгон жок. Ал деген Ошто хан болуп алып, "мен айткан боюнча бул жакка, бир дагы бирөө кирбейт" деп жатпайбы. Ошондуктан ЕККУга биздикилер сунуш кылган болсо керек. Кырдаалды курчутуп албайлы, коё туралы деген мааниде. Экинчи жагынан, шайлоо жакындап келе жатат. Муну эми чечим канчалык туура жана зарыл болсо дагы кыйчалыш учурда жүзөгө ашыруу оңой эмес. Муну эми ЕККУнун Туруктуу Кеңешинде дагы түшүнүш керек да, бул жакка  жөн эле күч менен киргизүүгө болбой тургандыгын.

Полиция кеңешчилеринин мандатын өзгөртүү маселеси каралууда

Буга чейин ЕККУнун полиция кеңешчилеринин киргизилишине макул жана каршы тараптардын кызыкчылыктарын бирдей эске алуу үчүн мунасага келүү демилгеси көтөрүлгөн. Анда эл аралык полиция тобун Бишкекке чакыртып, ушул жерден эле кеңеш берип үйрөтүү үчүн шарттарды түзүү маселеси сунушталган.
Коомчулуктагы түрдүү пикирлерден улам ЕККУ полиция кеңешчилеринин мандатын өзгөртүү маселеси каралууда. Ш. Мамыров

ЕККУ полициясына каршы Оштогу акция, 2010-жылдын 11-августу

Илимий изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров бул багытта алардын мандатына өзгөртүү киргизүү жагы буга чейин эле ЕККУнун катчылыгына сунушталганын айткан болчу:

- Бүгүнкү күндө биздин жетекчилик коомчулукта түрдүү пикирлер болуп жаткандыктан ЕККУнун полиция кеңешчилеринин мандатын өзгөртүү боюнча маселени карап жатат. Аларды Бишкекте эле кармап, окутуу иштерин ушул жерден эле жүргүзүү боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Муну менен элдин маанайын дагы карап, ошол эле кезде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болуп жатат. Себеби мындай каршы пикирлер түшүнбөгөндүктөн келип чыгып жатат.

Мына ушул багытта Кыргызстандын бийлиги тарабынан киргизилген сунуштардын үстүндө ЕККУнун Туруктуу Кеңешинин катчылыгы менен кеңешмелер узакка созулуп кеткен. Анын натыйжасында полиция кеңешчилеринин Кыргызстанга киргизилиши боюнча  эки тараптуу меморандумга кол коюну кийинкиге жылдыруу жагы макулдашылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аныктык каяктан: Ош
16.09.2010 11:04
М.Мырзакматов убактылуу окмотту 10 жолу мат кылды. Санайлы: Биринчи, 7-апрелде кечинде мэрдин ордун басып аламын деген Асилбек Жээнбеков мат болду.Экинчи, - 8-апрелде борбордук аянтта мэрди кууп, ордуна отурабыз деген чакан топ мат болду. Учунчу, 15-апрелде Бакиевге жамап, Мырзакматовду да жок кылабыз деген топтун планы ишке ашпай калды. Тортунчу, 11-майда Ош обл.администарциясын ээлеген тополончуларга кошуп мэрди да кууйбуз деген чакан топтун ойлору ишке ашпай калды. Бешинчи, 16-майда Жалалабадда башталган улуттар аралык чырга жана Усон Сыдыковго байланыштырып мэрди кууйбуз деди, мунусу да ишке ашпады. Алтынчы, 11-июндагы Ош коогаланына байланыштырып кетиребиз деди, дооматтары суу кечпей калды. Жетинчи, референдумга бут тосту шылтоосу менен айдайбыз деди, кетире албады. Сегизинчи, ОБСЕге каршы чыгып жатат деген жалаа менен кууйбуз деди, кууй албады. Тогузунчу, партияларды Ошко киргизбеймин деп жатат деген жалаа менен кууйбуз деди, кууй албады. Онунчу, борбордук бийликке баш бербей жатат деген айып менен кетиребиз деди кетире албады. Мына Убактылуу Окмот мэрди 10 жолу кетирмек болду, бирок кетире албады. А мэр болсо бир да жолу Убактылуу Окомтту кетирууго аракет жасай элек. Эгер аракет жасаса кандай болор эле деп эл кутуп турат.

кимден: Жениш каяктан: Оштон
04.09.2010 17:31
Биз бул ЕККУга каршы 4 жолу митинг уюштурдук. Тушунгон эл бизди келип колдоду. Бизди колдогон, саясатка тушунуп калган элдин тилеги аз да болсо ишке ашты десем болот. Бекем бололу, мекендештер!!! Убактылуу Окмоттун арасында сырткы кучтордун "жалданма аскерлери" бар. Озубуз (Эл-Журт!) бекем болбосок, алар бизди каалагандай калчашы толук мумкун. Муну болуп жаткан окуялар тастыктап жатат.

кимден: Сейит каяктан: Туран
03.09.2010 15:22
Жардамыңарга рахмат ЕККУ десек деле жабышып алышты, ой справка жазып берип койуш керек келип иштеп атышат деп. Ошоякта отчет берип айлыгын алып жатып калышат сүйүнүшүп.

кимден: KALIS каяктан: osh
02.09.2010 18:45
Убактылуу окмот абдан туура эмес иш кылып жатат акча сураса намыс жок,полициясын киргизсе намыс бекен?.Башында сурабаш керек болучу.Кыргызыстанды бут эки созду кылып абийрин тогуп жатасынар.

кимден: Илияс Сексенбай, серепчи каяктан: Бишкек
02.09.2010 16:26
ЕККУ полиция кеңешчилер тобун Кыргызстанга киргизүү деген эгемен Кыргызстан өз маселесин өзү чече албай калды деген маанини билдирет.Араң тынчыган эки элди, мына биз келдик арызынарды айта бергиле деп кайрадан абалды курчутууга жол ачат.Демек ЕККУ полицияларын Кыргызстанга киргизүү ачыктан ачык жаңы конфликтердин башталышы деп эсептесек болот.

кимден: адыл
02.09.2010 14:31
эл элменен эл ажраган озун озу жейтполи полиция гирсе жардам корсотконго кирет каршы болгондор ачылып калат деб коркуда мындайда эч качан онолбойбуз полиция кириши шарт

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.09.2010 13:51
Шумдукту эле митингтер жюрюп жатат. ЕККУ эч качан кирбейт, егерде озюбуз чатактуу эл болбосок.

кимден: Барсбек Кыргыз каяктан: Бишкек
02.09.2010 12:03
Ушул ЕККУнун полицейлерин биздин жетекчилер коп ойлонуп кыйналбай, элге жаман корунбой, дуйно жузуно да уят болбой "киргизбей турган болдук" деп шарт эле чечим чыгарышпайбы. Эми биротоло аларды ары кылып киргизбей коюшса жакшы болмок. Мелис Мырзакматовдун эл учун кылган аракетин тушунбой, тушунсо да тушунбогондой тур корсотуп жатышат.

кимден: Төлөнтур Ыбырай уулу каяктан: Кытай - Кызылсуу
02.09.2010 10:16
Намыскөй кыргыз элим ушул оор күндөрдө намысы деле жеңилденип калып жатат окшойт, башкалар берген жардамга сүйүнгөндөй болгону менен бирок үзгүлтүксүз башкалардын жардам берүүсү менен жашап келүү намыс эмеспи.

кимден: Оштук каяктан: Мага кошуласынарбы..???
02.09.2010 09:56
Мен дагы эле тушунбоймун. Бул биздин чиновниктер мурда да ушундай кылчу эле, "обещалкин" болуп айткан созунун устунон чыгышпайт, кандай тушунсок болот ? ушул полициячыларда чакырбай эле койсо болмок, эми чакыргандан кийин аларды киргизиш керек! Кыргызда соз бар: "Мен оозунду тырмаган жокмун, бул созду озун айттын". Куду ушундай нерсе болду,оздору чакырып алып - эми оздору отказ кылышат эххххх!!! Коомчулук АҢ- МАҢ болуп калдыго кыргыздарга...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине