Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:42

Эл үнү

Арстан Сагындыков: “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылбагыла!

“Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөсү Арстан Сагындыковдун 31 жаштагы уулу Талант Сагындыков 7-апрелде аянтта окко учкан эле. Ушул окуянын айланасында Арстан Сагындыков “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Таланттын артында канча баласы калды?

Арстан Сагындыков: Бир кыз, бир уулу калды. Кызы алты жарым жашта, уулу эки жашта.

- “Мекен шейиттери” кыймылы апрел ыңкылабында бейкүнөө окко учкан балдарына жакындарына убактылуу өкмөттүн жардам бергенинен да, Бакиевдерди кармап, жоопкерчиликке тартуусу зарыл деген маселени көтөрүп жатканын уктук, ушуга токтоло кетсеңиз?

Арстан Сагындыков: Айрым үй-бүлөлөр бар, алардын жада калса турак-жайы жок. Өткөндө шейит кеткен бирөөнүн сүрөтүн Ак үйдүн алдына илейин деп жакындары аракет кылса, 70 сому да жок экен. Азыркы өкмөт материалдык жагынан жардам берип атат. Бүгүнкү күндө өлгөндөрдүн саны 85ке жетти, жабыр тарткандардын саны 1500дөн ашты.

Ошентсе да эң өкүнүчтүүсү - ансыз деле каңырыгыбыз түтөп турганда “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып, кан кечип келген убактылуу бийлик Бакиевдерди өздөрү көмөк көрсөтүп мамлекеттен тышкары качырып жибергендери өлгөндөрдүн ата-энелерин, балдарын, туугандарын ого бетер жандарын кашайтып, карайлатып, кыжырын келтирүүдө. Азыр Белорус президентинин кадырлуу коногу болуп, эс алуудан эсин жыя албай кутуруп жүргөн кези экен деп угуп атабыз.

- Жаныш Бакиев жана башкалардын кармалбай жатканына да нааразылык болуп атат дегендей бир маалымат уктук эле…

Арстан Сагындыков: Шерниязов эгер иштей албай атса кетиш керек, жакшырак министр коюш керек. Бүгүн Жалал-Абадда, Бишкекте эмне болуп атат - ошолордун баарын токтотуш керек.

- Жалал-Абад, Бишкекти козгоп калдыңыз, Бакиевди колдоп чыгып аткан адамдарга жана жер басып алуучуларга эмне деп айтат элеңиз?

Арстан Сагындыков: Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда, Бишкектин өзүндө уюшулуп жаткан кылмыштар жана тегерегинде жер талашуу шылтоосу менен болуп жаткан баш аламандыктарды, террористтерден да жаман кылыкты Бакиевдер жана “бакиевчилер” кылып жатышат. Булардын мындай жоосундарына алданбай, азгырылбай, жалалабаддыктарды, бишкектиктерди, чүйлүктөрдү, жаштарды, жалпы эле эл журтту ыймандуулукка чакырат элем. Бири-бирибизге аяр мамиле кылалы, мамлекеттин жана өзүбүздүн келечегибизди ойлойлу. Анткени шейит кеткен, жабыр тарткан балдарыбыздын тилектери ушундай эмес беле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kyrgyz каяктан: USA
22.04.2010 07:25
Yylynyzdyn jatkan jeri jaulyy bolsyn, kydaydyn sinoosyna sabyr kiliniz.
Ybakyt baaryn tarazalait, Bakievdin kynoosyby, oppozitsianyn syroosyby ertebi-kechpi kynooloryn tartishat.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.04.2010 15:55
Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын баарына эле Бакиевдерди куноолой бериш туура эмес. Азыркы убактылуу бийлик алсыз болуп жатат. Мына ушундан пайдалангысы келген айрым бир адамдар уюштуруп жатышы мумкун.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу