Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:41

Эл үнү / Коом

Абдраим Касымов: БТРди атылган окко карабай айдап чыктым

7-апрелдеги жарандык каршылык акцияларынын учурунда өкмөт үйүнүн алдына БТРди айдап келген Абдраим Касымов ошол күнкү окуяларды эскерип, "Азаттыкка" кеп салып берди.

Абдраим Касымов УКМКнын алдынан айдап чыккан БТР "Ала-Тоо" аянтында, 2010-жылдын 7-апрели.
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: - Абдыраим мырза өкмөт үйүнүн алдындагы брондолгон аскердик БТР унаасын кайдан таап, кандайча айдап, келип калдыңыздар?
Абдраим Касымов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө.

Абдраим Касымов:- Союз убагында армияда кызмат кылганда БТР айдаган болчумун. 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында канча киши өлүп кетти. “Камаз” автоунаасын дагы айдаган балдар деле бекер жерден өтүп кетти. Ок аткандарга эч нерсе кыла албай койдук. Ай үй тарапка “Жигули” үлгүсүндөгү автоунаасын айдаган балдар да өлүп кетти. Ошондо бир ой келди, бир жерден барып танкабы же бир аскердик унаа алалы деп, Улуттук гвардияга барсак, ал жакта жоокерлер жолотпой койду, асманга ок атып, киргизбей коюшту. Анан балдардан бирөө арабыздан айтып калды, Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте да эки БТР турат байке дегенинен, ошол жакка барганбыз. Барсак ошол жерде камалган оппозиция лидерлерин бошотууга жаштар аракет кылып жаткан экен. Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин короосунун ичинен жаш агызуучу газдарды ыргытканда ичинен эл качып баштагандан кийин, БТРдин жанында калып калгам.

Бир жигит бар болчу Каныбек деген. “Байке эмне кылабыз, атып жатат” дегенинен “сен алаксытып алдыга чуркагының “-дедим. Ал чуркаганда аны атып баштаганда мен БТРдин ичине кирип алдым дагы, от алдырып, айдап чыктым. Анан аянтка айдап бардык. Ушул аскердик унаа жаштарга күч- кубат берди окшойт. Аларга күч кубат бергени берген менен куралсыз элге каршы ок аттырган бийликтин акмакчылыгы болду. Жаш балдарды аттырган кишилерге убал болду. Ошого карабай эмнеси болсо деле эптеп, Ак үйдү алалы деген ой болду. Бир падыша жок өз элин ат деп буйрук берген. Эч нерседен коркпой эле, мейли өлсөк дагы ушундай бийликке каршы туралы, Кыргызстандын келечеги үчүн өлөлүк деп ажалга тике карап барганбыз.

“Азаттык”:- Сиз айдап чыккан БТР мурда айдалып жүрүптүрбү же көпкө айдалбаганы билинип, кыйынчылык жараттыбы?

Абдраим Касымов:- Көпкө айдалбай бузулуп турган экен. Эки мотордун бир эле мотору эле иштеди. Болгону эки мосту иштейт экен. Эми ал БТРге 60 жыл болгон го эптеп-септеп акырындан айдап чыгып, эмнеси болсо дагы жаштарга дем берсин, шыктандырсын, элдин духун көтөрөлү деген ой болгон. Ошондуктан айдап бардык. Брондолгон темир болгондуктан ага ок өтпөйт. Ошондой болсо дагы ичинде толугу менен ок жабдуулары бар экен. Толук октору менен эки пулемету бар болчу.

“Азаттык: Өкмөт үйүнүн үстүндөгү снайперлерди карай атканда улам - улам пулемет иштебей калды деп айтып жүрүшөт. Ушунун чындыгы барбы?

Абдраим Касымов: Жок, пулемет иштеп жаткан кичинекей пулеметтун окторун жаш балдар талап, тоноп кетип калыптыр. Анан чоң пулемет менен биз айбат кылалы десек, пулеметту колдонгонду жакшы билген жигит таппай калдык. Издеп жатып жаш кичинекей жыйырмадагы жигит “байке мен армиядан бир жолу атып көргөм” дегенинен ошол тажрыйбасы деле жок баланы отургузуп, алып ошол балага Өкмөт үйүнүн үстүн карай аттырганбыз. Болбосо мен рулда эле отургам да БТРди айдап чыккан бойдон. Ошол бала “байке эмне кылайын, кайда атайын?” дегенинен, өкмөт үйүнүн үстүн карай ат деп буйрук берип эле жаттык.

“Азаттык”: Сиздерге карай Ак үй тараптан атылган октон кандайча аман калдыңыз?

Абдраим Касымов: Көрө турган күндөрүбүз бар экен, кудай таалама ыраазымын. Шүгүрчүлүк келтирем, эми ажал жок өлбөй калганыбыз менен жакшынакай жанагы өлүп кеткен балдарды эч качан унутпаш керек. Ошол бүт жигиттер биздин жүрөгүбүздө жашаш керек, алар биз үчүн өлгөн жок. Бир туугандары билип, койсун. Алар өлгөн жок, алар деген биздин жүрөктө жашап жатат. Эр жигиттер, ошол баатырлар биздин жүрөгүбүздө өмүр бою жашайт. Негизи тарыхында кала турган ишти жасады ошол жигиттер. Аларды эч убакта унутпашыбыз керек, эч убакта. Кудайга шүгүр аман калдык, ошолорду элестеп, дайым аларды эстеп, туруп, ошол кан төгүлгөн аянтта бийлик өкүлдөрү, эл үчүн ак кызмат кылабыз деп, ант берип, ыйык жайга айландырууну биздин чоңдорго айтып, кайрылуум бар эле. Ушундан кийин элди алдап, ар-намысты көтөрө албайм, көтөрбөйм деп, өз чөнтөгүн толтурам, деген киши болсо, бийликке келбей эле койсун. Көрүп, билип калды, андан көрө бийликке келбей эле койсун. Эл үчүн, жер үчүн, Кыргызстан үчүн иштейм деген кишилер келсе, биз ошого ыраазы болот элек. Ылайым мындай каргашалуу окуя болбосун. Кыргызстандагы жашаган бардык улуттар, элдер ынтымакта жашап, келечегибиз кең болсун. Тынчтык болуп, элге каршы ок аткандар мыйзам чегинде жазасын алсын.

“Азаттык”: Сиз учурда канча жаштасыз?

Абдраим Касымов: Мен быйыл 45ке толдум.

Азаттык”: Баладарыңыз барбы?

Абдраим Касымов:
Эки кызым, бир уулум бар. Алардын келечеги үчүн ушул окуяга аралашып, ыңкылапчы аталып калдым.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Назира каяктан: Германия
26.04.2010 23:47
Мыйзамды колдош керек экени туура, Маевкадады окуя мыйзамды да, элди да ойлобой жеке өзүн кызыкчылыгын ойлошту жана зордук менен жер алууну көздөштү.
Мыйзам эл үчүн чыгарылган, ал элге кызмат кылышы керек. Бакиевдин бийлиги элге каршы чыгып, элди кыйнап, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогондуктан ушул көтөрүлүш болду. Абдрайым Касымовдун кылганын Маевкадагы окуя менен салыштырууга болбойт. Анкени Касымов кыргыз элинин эркиндиги жана келечеги үчүн тайманбастан карапайым элге болушуп кыргызды Бакиевдин түрмөсүнөн чыгарганга чоң салымын кошту.

кимден: Аналитик
23.04.2010 09:54
Интервьюнун каарманы эн туура кылган. Анткени революция башталып кеткен сон мурунку мыйзамдар иштебейт. Революциянын мыйзамдары иштейт.

кимден: алымбек каяктан: Россия
21.04.2010 21:39
БТРди уурдап качканы, мыйзамга салса туура эмес экенине кошулам. Ак үйдү басып алуу өнөкөткө айланып кетүү коркунучу пайда болду. Жакпаган президентти эле ошентип кууп чыга бериш керекпи? Мыйзам жолунда чечүүнү качан үйрөнөт кыргыз. Кыргызстанда жатып дардандай бергенинер менен дүйнө элдерине шерменде болдук. Бийликтин алмашканы мейли, кан төгүлдү, оор жоготуулар менен ишке ашты. Анан тетиги айланбаш койдой айдаган жакка кете берген Маевкадагы кыргыз сөрөйлөргө сөз жок. Кембагалдын баары кыргыз. Иштебесен, эмгектенбесен кембагал болосун да. Ошол түрктөр менен бир эле өлкөдө жашап атпайсынарбы. эмне үчүн ал бай жашайт? Бирөөнүн оокатын тартып алып марып деле кетпейсин. Анткени ал адал эмес. Уят. Жинди кыргыз, көпкөн кыргыз, киши өлтүргүч кыргыз... айтор не деген создорду укпадык. Бир атка минерди кызматтан алса айылын, районун бут көтөрүп чыгып алат экен. Сот системасы итке минип буткон да, бийликтин сөзүн сүйлөп. Адилеттикти кайдан издейт анан. феодалдык доорго барып калгандай сезилет мага. Кебин уга турган аксакалы да жокпу дейм кыргызымдын же аларың да саясатташып дүжүр чалдарга айланып калганбы баары? Бакиевдин өзү да кырдаалага баа бере албай койгон окшойт же Лукашенко дем бергенби, айылында жатканда президент болгонго моралдык укугум жок деп атты эле, эми минтип андагы сөзүн тааныбай калыптыр. Ынтымагы жок кыргыз- келечеги жок кыргыз. Ынтымак бул жерде кыргызстандагы бардык улуттар менен болуш керек. Маевкадагы кыргыздардын итчилигинен дүйнөнүн булун бурчунда, тиричилик кылып, үй-бүлөсүн багып жүргөн миңдеген кыргыздар жапа чегет. Ойлонуп иш кылгыла жердештерим!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Кыргызстан
21.04.2010 19:08
Абдраим байке. Сиз бул жерге келип майек курганыныз уят. Ушул сизге окшогон озунун укугун, мызам алдында жоопкерчилигин билбеген адамдардын айынан канчалаган адамдарыбыз шейит кетти. Эгер сизге окшогон адамдар курал жарак албай эле жон митинг кылса ак уй тараптан да ок чыкпайт болчуу. Эгер ак уйго курал менен каршылык корсотсо, коопсуздук кызматкерлери атууга укуктуу да, бул мыйзам чегинде. Себеби Кыгыз мамлекетинин символу болгон ак уйду корогобосо анда жонокой жараандардын коопсуздугун жок деп эсептесек болот.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.04.2010 12:43
жанна,жаннахон а балким сиз татьянанын абысыны жээ синдиси болуп журбо? Что скажеш? 5милл кыргызды какшатып кеткен бакиевди олуп талып коргоп жатасын.Татьяна бакиевдин биринчи аялы болгон,эсинде болсо андан башка эки аялы болуптур.Он плюс морально неустойчивый адам экен да.бакиевдерди колдогондор чоон сураныч токтоткула,силер оз элинерге каршы чыгып жатасынар,эртенки кунду ойлоп жашайлык,ынтымакта бололук.катуу айткан болсом кечирип койгула.

кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
21.04.2010 09:56
Ошол БТРди айдадым деп кыйынсып жатасыз,Сиз ошол БТРди айдабаганда жаш балдар олбойт эле дагы кайрат бердим дейт,кыргыз мындай болуп болунбойт эле,азыр дуйно жузуно шерменде болдук ко жанында жургон улуттардын баары мазактап отурат булар элге куйбойт кресло керек Буларга элдин астына чыгарып эле калпты суйлотуп койсо,колунан эч нерсе келбейт сулогондон башка баарын кетирип грамм.адамдар келсин

кимден: Бакыт каяктан: Ош
21.04.2010 08:27
БТР менен Ак уйду аттым деп мактанат. Бул мактана турган иш эмес - бул кызылдай кылмыш да. Сени жаны бийлик камаш керек, эгерде алар мыйзамды сыйласа. Дегеле Ак уйду басып алган туура эмес, эртен эле башкалары да ошентип басып ала баштайт. Ошон учун Ак уйду коргоо эн туура. Ал эми Ак уйду басып алуу бул кылмыш. Бакиевди кылмыш жолу менен кетирбоо керек болчу.

кимден: Сейит каяктан: Тейит
21.04.2010 07:59
Мен деле Тейиттенмин. Мен деле Бакиевди колдобойм. Айылыбызда өз оюн ачык айтуудан коркушат, Бакиевдердин желдеттеринен коркубатышат. Курманбек акабизди, Марат Кайыпов сыяктуу "эркектерди" көп аял алганы үчүн да соттоо керек. Аялдардын укугун коргогондор эмне унчугушпайт, билбейм.

кимден: Tamara
21.04.2010 04:08
Урматтуу жердешибиз Абдырайым Касымов,сиздей жигиттер менен Кыргыз Эли сыймыктанат! Кылган ишинизден жана суйлогонунуздон баа бергим келет, чыныгы элим жерим деген патриот экенинизди.Азаматсыз,ар дайым аман болунуз,коп жашап бактылуу омур сурунуз,элиниз учун талыкпастан кызмат кыла бериниз!
Экинчи БТРди мындай кан тогулгон кунго айдабаныз Парадга,майрамда айдап чыкканга туура келсин.
Пикирчилер,Самара жана Жанна акылынар менен кенешип,ойлонуп
жазгыла мындан кийин."Язык мой- враг мой"-ушул айтылган ар дайым эсинерде болсун.

кимден: borutegin каяктан: turkey
21.04.2010 03:49
caman okumotko karshy chygyp, olsom da chyndyk uchun kuroshom dediniz. emi siz syiaktuular da koptur. sizderge chon yrakmat. birok sizderdin erdiginizderdi ozdorunun jaman amaldarina koldongondor bolup atat; misaly, talap tonoolor, mina maevka jana bashka ushundai topolongdor, jaman okumottun kylmyshynan ech kandai aiyrmasy jok. eger tuura jana adaldyk uchun taimanbastan kuroshsonuz, bishkektegi jana ar kaisy aimaktagy bash alamandyktardy tyiysh uchun da emnege bir BTR minip chykpadyng eken. emnege desener, bul talap tonoolor (kimdi gana bolbosun), bash alamandyktar, sizderdin tyrmooch menen toptogon jakshylygynardy kuroktop, chakalap, buldozerlep chachkan bolup jatpayby. okmotko ele karshy chykkan eldin maksatyn, kee bir adamdar oz maksatyna karata oz paidasyna koldonup, eldi birbirine tukurup, boodo kandar togulup jatat. oygongula Kyrgyzym. Kyrgyzstan'dagy kaysy gana adam bolbosun boodo ele olumgo tatyktuu emes. tuura ishter, tuura joldor menen gana bolot. oigongula, biroolordu olturup, zorduktap ech kandai maksat ishke ashpayt. jany okumot kelgende birinchiden jany okumottun ishine komoktoshkulo, kataal abaldy dagy da kataaldashtyrgandyn ech kandai paidasy jok. uiunorgo tarkagyla, jany okumotko ishenbesener, okul tashtagyla teksherip tursun. aga da ishenbesener, biskekte ak uydun gana aldynda turgula, bashka mikroraiondordo emne ishiner bar. je ubaktyluu okumot oshol jaktarda beken. Oigongula, eger okumotton tilegenin bashka jaktarda izdep, zorduk zombuluk kuch koldongon oshodon kanaat alyp jatsa anda al kishi je kyrgyz emes, je kyrgyz bolso da satkyn jana kyrgyzdyn aty uchun emes, bashkalardyn, ushundai bolushtu kaalagandardyn chyragyna mai tamyzganyn unutpagyla. Arak ichip mas bolup alyp sherdenip chykkandar da kimin ochoguna kul tartkanyn bilbei jatasynar. okumotko karshy chyktynar kulattynar, jany okumot keldi. emi jany okumot jaksylap jaigashkycha chydagyla. 99una chydagan 1ine emnege chydabaisiynar. silerdin ishiner okumotko karshy emes bele, Kyrgyzstanda jashagan (kandai gana bolbosun) elge karshy emes ta. eldin maksaty uchun chygyp anan emnege eldi talap tonoysunar. el degenim Kırgızstanda jashagan ar bir adam, kyrgyzstandyk, kyrgyz ekenin unutpagyla. anda alardy tonogondu toktotkula. "kech da bolso payda ekeni aytylgan, chukuldap kelgen zyiandan"
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу