Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:41

Эл үнү / Коом

Бишкек кайрадан талоонго түштү

Бишкекте "Караван","Бета Сторес", "Народный" ири дүкөндөр, "Бефа" соода борбору талап-тонолуп, жеке ишкерлер жабыр тартты. Элдик кошундар түзүлүүдө.

Текст көлөмү - +
Бишкекте 7-апрелде «Караван», «Бета Сторес», «Дордой-Плаза» ири дүкөндөр толугу менен талап-тонолуп, "Бефа" соода борборуна кол салуу болду. Талап-тоноочулар бардык буюм-тайымдарды дүкөндөрдөн чыгарышып, унааларга жүктөп кетишти.

Негизинен "Народный" деген дүкөндөр түйүндөрдүн көпчүлүгү талкаланып, тонолду.

Акыркы маалыматтар боюнча ишкерлер менен талап-тоноочулардын ортосунда атышуу фактылары да катталган.

Өлкөнүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Болот Шерниязов жарандарга кайрылуу жасап, Бишкектеги болуп жаткан талап-тоноочулукту тез арада токтотуу керектигин ички иштер кызматкерлеринен талап кылды.
 
Анын айтымына караганда, азыр шаардагы ички иштер бөлүмдөрүнө кол салуу коркунучу жок. Азыр милиция кызматкерлери толугу менен эл тарапка өтүштү.

Бишкекте жаштардан элдик кошун уюштуруп жаткан жеке ишкер Дайыр Кеникеевдин айтымында алар милиция кызматкерлери менен шаар аралап, талап-тоноону токтотууга аракет кылышмакчы.

Өлкөнүн коргонуу тармагына жооптуу, убактылуу өкмөт мүчөсү, генерал Исмаил Исаковдун пикиринде Кыргызстанда тартипти орнотуу үчүн патрулдук-күзөт кызматтары уюштурулуп, мындан ары элдик мүлктү талап-тоноого жол берилбейт.

Өлкөнүн мыйзамынын чегинде коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Бишкектин тургуну Султан Төлөевдин айтымында кайтарууга алынган дүкөндөр, соода түйүндөрүн талап-тоноого жол берилген жок. Түндөсү жүргөн атуулдардын көпчүлүгү айрым дүкөндөрдү талкалап тоноп кетишти.

-Биз мурда 2005-жылы 24-мартта дагы талап-тоноолор боюнча дүйнө элине уят болдук эле. Ошол катачылыктар бул жолу дагы кайталанды. “Народный” дүкөндөр түйүндөрүнө, айрым кафе- чайканалардын терезелери таш тийип, таланып-тонолгонуна талкаланганына күбө болдум.

Бишкектик Алыбек Самсалиевдин айтымында шаардагы айрым дүкөндөрдү, “Народный” соода түйүндөрүн талап- тоноп жатышыптыр деген маалымат түшкөндүктөн аларды тоноп жаткандарга жеке ишкерлер дагы каршылык кыла алышпады.

Өлкөнүн жеке ишкерлер кошунунун мүчөсү Чыңгыз Макешовдун айтымында, учурда абал көзөмөлгө алынбай жаткандыктан элдик кошундарды уюштуруу демилгесин көтөрүп чыгышты.

-Бүгүн эч кандай талап-тоноого жол бербеш үчүн жаштар элдик кошун түзүп, элдик менчигин, мүлкүн сактап калуу демилгесин көтөрүп жатабыз. Милиция биз менен кошулуп, күзөт кылмакчы. Бүгүнтөн баштап ири кылмышка жол бербейли деп жатабыз. Дүкөндөрдү, коомдук жайларды сактап калуубуз керек.

Бишкекте элдик кошундарды уюштуруучулардын бири Нурлан Өмүркуловдун айтымында калктын коопсуздугун камсыз кылууга жаштар өздөрү демилге көтөрүп жатышат:

-Чачылып кеткен ИИМдин күчтөрүн бириктирип, калктын коопсуздугун камсыз кылууга көтөрүп чыгууга жаштар өздөрү демилге кылып, элдик кошундарды уюштура баштадык.

Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайынын жетекчисинин орун басары Насырбек Дүйшеевдин пикиринде Курманбек Бакиевдин бийлиги чыныгы жүзүн көрсөтүп, элге каршы милиция күч колдонуп, кырдаалды курчутуп жиберди.

-Өлкөдө курч кырдаал түзүлүп, 2005-жылдын март айындагы борборубузда болуп өткөн "мародерство” менен дүйнөгө таанылып, уят болдук эле. Бул ирет дагы ошол каталыктар кайталанды.

Айрым ишкерлер, сатуучулар сактанып, дүкөндөрүн коопсуздук кызматы менен бирге түнү менен көзөмөлдөп чыгышты. Тарых музейи жана көркөм сүрөт музейлери таланып тонолду деген имиштер гана экени аныкталды.

Бишкекте жеке ишкерлер, спортчулар жана жаштар талап-тоноочулукка каршы топтор түзүп жатышат.

Бишкекте талап-тоноочулукка каршы спортчулар да топторду уюштуруп, штаб түзүлдү. Учурда ага эки жүзгө жакын адам катталды. Алар түнү бою баш калааны талап-тоноочулуктан коргомокчу.

Дене-тарбия жана спорт агенттигинин кызматкери Камчыбек Касымовдун айтымында, ушул убакка чейин отуздан элүүгө чейин адамдан турган он чакты топ түзүлдү. Алар ИИМ кызматкерлерине талап-тоноодон сактоого жардам бермекчи.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: jooker каяктан: boton jer
09.04.2010 01:58
koomdun ang sezim dengeeli ushunday bolso maraderluk sozsuz bolot. ozubuzdun ele mamlekettik mal mulk talkalanip tonoldu. abdan okunuchtuu.

кимден: jika каяктан: MOSKVA
08.04.2010 23:59
kyrgyz elim emnege teren oilonboibuz,kelechegibizdi ar bir adam oilonboso,araket kylbasa biz uchun kim kyimyldait. Tundo kylgan iwter tura emes da. Kancha kiwinin koz jawy.Talkalap, tonop algan nerse buium bolboit da, kaira eki ese chygat. KYRGYZSTANYBYZ bolgonu 5 mln kalk owentse da, ekige bolunobuz tuwtuk,tyndyk bolup. KYRGYZ elim kelgilechi yntymakta,tynchtykta jawailyk.Duino juzuno jaman jaktar menen emes jakwy jaktar menen taanylaily. Kak jalko tebya radnoi moi BIWKEK.

кимден: burabiya каяктан: korea
08.04.2010 23:54
мекеним менин КЫРГЫЗСТАН деген ыйык созду сыймыктанып айтуудан емне мынчалык алыстап баратабыз..........Кыргыз елим дуйного уят болбой озубуздун мекенибизди ынтымактыкта ел-журтум менен биримдикте коздун карегиндей сактоо керек... байлык -бийлик учун емес КЫРГЫЗСТАНдын келечеги учун курошуу керек..ОООО кайда баратат ене-тилим,елим-жерим,. желбиреген желегим.. ойгонгула.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: London
08.04.2010 20:46

KURGUZ ELI CYRANAM TANOODON ECH KACHAN JURGAP KETPEICINER,DYINOGO ELE YJAT BOLUP JATABUS.OCHOL ELE DYKONDOR KAIRA BISGE KEREK XXX

кимден: кубаныч каяктан: москва
08.04.2010 20:45
Канча кайгырбайлы,какшабайлы көтөрүлүштөн кийин талап тоноолор болорун билбептирбиз деп,кимибиз айта алабыз.Баарысын татынакай эле билгенбиз.Эр болсон борбор каалада ишкана ач,жанынан тойсон милийсага ишке кир болбосо мнистр болуп айбандан өтүп токмок же.Эчтемке колунан келбесе кызыкандуу,тарбиясы жок мыкаачы перзент төрөп көчөгө чыгар.Айыпты өзүбздөн да издеп көрөлү.УРМАТТУУ АТА-ЭНЕ,АГА ИНИ ЭЖЕ КАРЫНДАШ.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу