Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:38

Эл үнү

Дагы бир тополоңдун жолу тосулду

Улуттук Коопсуздук кызматы тарабынан массалык тополоң уюштурууга аракет кылган беш адам кармалып камакка алынды. УКМКнын басма сөз кызматы кармалгандар 9-августка массалык тополоң уюштурууну пландаштырышканын жана алардын иш-аракеттери Бакиевдер тарабынан каржыланганы жөнүндө билдирүү жасады.

Текст көлөмү - +
Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат борборунун жетекчиси Рысбек Быкын уулу жооп берди.

Рысбек Быкын уулу: Улуттук коопсуздук кызматынын аракетинен 9-августка пландаштырылган массалык башаламандык ишке ашпай калды деп айтсак болот. Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүү реквием өткөрүү шылтоосу менен Бишкектеги эски аянтка беш миңден ашуун кишинин катышуусунда массалык башаламандыкты уюштуруу пландаштырылган.

Бул иш-чаранын демилгечилери болуп жүргөн Сүйөркулов, Тынаев, Жайылов, Сааданбеков, Казымкулов кармалды. Буларга 40 жаштагы Төрөбай Колубаев жетекчилик кылып келген. Ага өз кезегинде ар кандай жаштардын жана коомдук уюмдар, саясатчылар колдоо көрсөтүп келишкен.

Ошондой эле Төрөбай Колубаев жана анын санаалаштары жаштар арасында акцияларга чакырык жүргүзүп, баракчаларды таратып жүрүшкөн. Ошондой эле мурдагы СССРдин коопсуздук кызматынын кызматкери, БУУнун тынчтык жаратуучу күчтөрүнүн аскери катары белгилеп жалган маалыматтарды таратып жүргөн. Бул топ 27-июндагы референдумду легитимсиз деп санап, калкты 93-жылдагы Баш мыйзамга кайтууга үндөп жүрүшкөн.

- Токтайым Үмөталиева кечээ аларга жактоочулар киргизилбей, мыйзамдык процедураларды бузуу менен суракка алуу жүрүп жатат деп билдирди. Бул боюнча эмне айта аласыз?

Рысбек Быкын уулу: Бул боюнча кошумчалап кетейин, коопсуздук кызматы тарабынан Колубаев жана анын 22 тарапкери колго түшүрүлгөн. Мындан тышкары 10 миңге жакын баракча алынган. Азыркы мезгилде иликтөө иштери уланып жатат. Ошондуктан тергөө иштеринин кызыкчылыгы үчүн аны айтуунун натыйжасы жок.

- Кечээ Улуттук коопсуздук кызматынын алдына кармалгандардын 50-60ка чамалуу жакындары туугандары келип, алардын кармалганынын себебин түшүндүрүүнү талап кылышкан экен. Аларга кандай жооп болду?

Рысбек Быкын уулу: Аларга тергөө иштери бүтмөйүнчө жооп айтууга туура келбейт го.

- Дагы бир маалымат тарады, Курманбек Бакиевдин жакындарынын бири кармалды деген. Ушуга да токтоло кетсеңиз?

Рысбек Быкын уулу: Бул боюнча коопсуздук кызматкерлери тарабынан атайын жүргүзүлгөн операциясынын натыйжасында 7-августтан 8-августка оогон түнү Санжар Бакиевдин 29 жаштагы санаалашы кыргыз-казак чек арасында «Ак жол» автобекетинен кармалган. Бул кармалган киши биздин маалымат боюнча 10-апрелден 17-апрелге чейин Санжар Бакиевден Калашников үлгүсүндөгү автоматты алып, башкалар менен кошо Жалал-Абад облусунда Курманбек Бакиевди коргоп жүргөн. Бакиев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ал Санжар Бакиев менен чогуу жүрүп, 13-14-майда облустук администрацияны басып алуу жана элдик бийликтин колдоочулар менен кагылышууларга түздөн-түз катышкан. Мындан оң натыйжа чыкпаган соң, ал туулуп өскөн жери Өзгөн районунда жашырынып жүргөн.

- Бул айыптардын баары далилдендиби?

Рысбек Быкын уулу: Ооба, азыр да бул адам боюнча биздин кызматкерлер тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Кийин дагы толугураак маалымат берилет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Озгондук каяктан: Бандит эмес)
11.08.2010 14:16
кимден: кыргызбай каяктан: москва

Туура айсатын Кыргызбай. Ортодо чымын олот деп. Кайдагы менин Озгондук жердешимди кармап алып кыйнабагыла э :) Жумабек Зикирбаев жердешибизди да кармап баарын илип атып койдунар. Мындай болбойт да. Андан коро ошондой журогундо жалыны бар КЫРГЫЗ дын жигиттерин колдонуш керек да пайдалуу жактарда. Бирок Озгондук туугандарыма айтып кетейин. Каида эле окусам Бандит Озгондук адам тынчыткан Озгондук Мафиа Озгондук. Озгондук жердештерим Куттуу Орозо айындабыз. Бандитизмден узак туралычы туугандар э :) Элге уят болбой :) Башкалар эмне деп ойлойт. Андан коро жакшы жактарыбызды корсотолу.

кимден: айка каяктан: Ош
11.08.2010 12:52
Кылмышкерлерди кармап эле жатасынар аларды не кылып мойнуна алдырып жатканынарды бир Кудай жана озунор билесинер, кандай адамдарсынар баарын эле Бакиевдер кылып жатат дей бериш туура эмес да. Бул бийлик кетсе эртеге эле кайра бул бийликти жамандайсынар

кимден: Алымбек
11.08.2010 10:23
Урматтуу УО. Кармалгандарды четинен кое берип жатып, сиздер элдин ишеничинен чыгып жатасынар. Аларды наказывать этиш керек, очень строго, ошондо эл сиздерге ишенет, болбосо силер дагы "кыргызчылык" кылып, картайып калыптыр, ооруп калыптыр, жаш экен, мас экен дей бересенер, эртен озунорду кубалай тургандар чекеден чыгат. Кудай анын бетин ары кылсын. Ким У. Сыдыковду, Масалиевди бошотту, ошол немедленно озу турмого отурсун. Болбосо мамлекеттигибиз кайсы, закон иштебесе, эл, жаштар, келечек ишениш керек, а ууру кылсан, киши олтурсон, мамлекетке каршы чыксан ушинтип турмого тушот экенсин, деп билиш керек, андай болбосо, анда бардыгы боло берет, бардыгы акча менен, крыша менен чечиле берет деп калса, анда Кыргыздын, мамлекеттин шору дагы алдыда экен, деп билгиле.

кимден: бир пенсионер
11.08.2010 09:24
менимче мунун бары карандай калп! мисалы 7 апрелде снайперлер кармалды, анын арасында чет элдин жарандары бар. алар камакта. тергоо журуп атат, баланча кармалды, тукунчо колго тушту, минден ашык иш козголду, бален -тукун деп элди алдаганынарды койсонор боло! бироо жок дегенде сотко берилдиби? какой там! уга элекпиз бироону соттоптур дегенди! ай качанка чейн гесмелерди кулака илесинер силер ыя? обшу намыс, уят деген ЖОК силерде! ЖОК! пагон, форма деген ыйык нерседа! азаттык муну айтып койгула милисаларга менден

кимден: Таалай каяктан: Россия
11.08.2010 02:17
Тигини кармадык муну кармадык деп эле айтышат эптеп эле элди сооротуш үчүн.Снайперлерден деле кабар жок Кудайдан коркпогон адамдар экенсинер.

кимден: Мурат каяктан: Ош
10.08.2010 22:57
жаман туш корсонор деле Бакиевди шылтоолой берип, акыры бир демке болосунарда силер, акыйкат иштебейсинерби алдамчылар десе!

кимден: Эдик каяктан: Бишкек
10.08.2010 22:23
Азыркы бийлик айрыкча А.Бекназаров 7- апрель окуясынан кийин эле ошол окуяга тиешеси бар -деп Ак-үйдүн үстүндөгү снайперлердин 13 үн кармадык деп айткан. Ошол снайперлер кана же болбосо Бакиевден алган гонорарларын азыркы бийликтер тартып алышып кое бериштиби?Болбосо 4 ай өттү, кылмыштын сценарии ашып кетсе 4 саат болгондур.Ар бир кыймылына чейин текшерсе боло турган убакыт өттү.Дагы кичине убакыт өткөрүп коюшуп баланчаны кармадык -деп коюшат.Кармаган менен результат жок.Кылган кылмышын эл алдында мойнуна коюп, адилеттүү сот чечимин элге угузуш керек. Керек болсо кайсы жазалоо мекемесинде жаза оторун жазыш керек. Болбосо бийлик соодалашып жатат -деп айкандары туура болот. Так что бул "табышмак". Ушуну туура чечкенге жардамдашкыла.

кимден: Улан каяктан: Ош шаары
10.08.2010 21:06
Урматту атка минерлер сиздер кооп эле кылымышкерлерди кармап жатасыздар кылган ишиниздер башында жакшы болуп аягына келгенде
эле эч нерсе жок ,Ошто снайперлер кармалды деп дагы бир айтты эле
ошолар не болду кимдер алар убагында айтылды азыр жоок ,кучунор только Бакиевдерге жетип калды не болсо эле Бакиевдер виноват ,
же биз ушунчалык акылсыз улутпузбу тушунбойм,

кимден: кыргызбай каяктан: москва
10.08.2010 20:47
Эки доо кагышса ортодо чымын олот.Бир бечараны кармап алып план толтуруп жатат го буларын.Мындан коро АКАЕВ м-н БАКИЕВти гана жазалоо керек,баарына ошолор куноолу да...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.08.2010 17:58
Оф,оф.оф баш аламандыктан ушунча тажадык,тынч,тартиптуу,таза ар бир граждан келечегин пландай алган бир мамлекетте жашасак.Биздин олкодо закон джунгли иштеп жатат азыр.Олко улам болгон баш аламандыктан артта калып жатат.Буга окшогон сенарийлер боло берсе,Отунбаева деле коп калбайт ко.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу