Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Р. Аттокуров: «Негизги максат - биздин атуулдардын укугун сактоо»


Жакында Орусиянын башкалаасында Кыргызстан энергетикасы үчүн эң ири инвестициялык келишимге кол коюлду.

Эки өлкө ортосундагы экономикалык алака-катыш, чет жердеги кыргыз жарандарынын укугунун корголушу тууралуу Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Райымкул Аттокуров кабарчыбыз Бекташ Шамшиевдин айрым суроолоруна жооп берди.

- Райымкул мырза, айрым маалымдоо каражаттарында сиздин орустун улутчул-шовинисттик уюмдун жетекчиси менен жолукканыңыз кабарланды. Расмий бийлик өкүлүнүн криминалдык жетекчи менен жолукканыңыз аркыл пикирлерди жаратууда. Ушуга токтоло кетсеңиз, кандай максатта жолуктуңуз эле?

Райымкул Аттокуров: - Максат ишке ашат деп ойлойм. Себеби жолугушуулардын негизги максаты биздин жарандарыбыздын укугун, кызыкчылыгын коргоо. Жыл башында орусиялык жетекчилердин бүт баарына кайрылгам. Ошонун натыйжасында кыргызстандыктарга каршы жасалган кылмыш иштердин азайганы белгилүү болду. Каржылык кризистин айынан кыйынчылыктар дагы көбөйүшү мүмкүн. Анын үстүнө кылмыштуулукту түп-тамырынан жоюп ташташ мүмкүн эмес. Мен кыргызстандыктардын укугун сакташ үчүн, аларга кысым көрсөтпөшү үчүн жолуккам. Буюрса, кыргыз мигранттары менен орусиялык «Славян союзунун» өкүлдөрүнүн ортосунда футболдук мелдеш өткөрөлү деп даярдык көрүп жатабыз. Нооруздун алдында же андан кийин орусиялык «Московский комсомолец» гезитинин маалымат борборунда «Славян союзу» уюму менен «тегерек үстөл» же пресс-конференция өткөрсөкпү, деп турабыз. Андан кийин башка уюмдар, диаспора өкүлдөрү менен да ушундай эле иш-чараларды уюштурууну ойлоп жатабыз. Башка түшкөн проблеманы ким кандай чечет, мунун баары мүмкүнчүлүгүнө жараша болчу иш. Бу кишилер менен жолугушуудан биздин мигранттарга зыяны тийбейт го, деген максатта жолугушкам.

- Элчи мырза, орус-кыргыз мамилелери жөнүндө кеп кылганда жакында Москвада кол коюлган 2 миллиард доллар кредит эске түшөт. Ушунун чоо-жайына токтоло кетсеңиз. Себеп дегенде, карыз акча Кыргызстандагы америкалык авиабазанын чыгарылышы үчүн берилди, деген ой айтылып жатат. Сиздин оюңузча, кредит кандай максатта берилди, эмнеге берилди?

Райымкул Аттокуров: - 3-февралда Москвада кол коюлган келишимдин «Манас» абамайданындагы авиабазаны чыгаруу менен эч кандай байланышы жок. Кредиттин багыты, максаты башка. Билесиздер, 5 чоң документке кол коюлду. 150 миллион доллар каржылык көмөк, бул карыз акча эмес. Анан 300 миллион долларды 0,75% үстөгү менен 40 жылга берди. Үчүнчү маселе, мурунку Союздан келаткан карыздарыбыз кечилди. Биздин «Дастан» акционердик коомубуздун 48% акциясын бердик. Биз Орусияга 195 миллион доллар карызбыз. Андан тышкары «Камбарата –1» ГЭСин куруу боюнча тарыхый келишимге кол коюлду. Эки мамлекеттин өкүлдөрү тең катышкан биргелешкен ишкана ачылат. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча меморандумга кол коюлду. Булар биздин мамлекетибиз үчүн өтө керектүү келишимдер.

- Райымкул мырза, Орусия каржылык кризис маалында Өзбекстанга 5 миллиард, Кыргызстанга 2 миллиард доллар кредит алып келгенге ниеттенүүдө. Ошол 2 миллиард доллар кандай шартта келет?

Райымкул Аттокуров: - 150 миллион доллар жакынкы күндөрдө которулат. 300 миллион да долбоор катары келет. 1 миллиард 700 миллиард доллар «Камбарата – 1» ГЭСинин курулушуна 4-5 жыл ичинде бөлүк-бөлүк болуп келет.

- Эми сизге соңку суроо. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын проблемаларын жакшы билесиз. Каржылык кризистин айынан эмгек мигранттарынын көпчүлүгү жумушсуз калат, деген кабатыр кептер айтыла баштады. Ошондой болушу мүмкүнбү?

Райымкул Аттокуров: - Биздин жарандарыбыздын көпчүлүгү ири курулуштарда иштешпейт. Алар көбүнесе соода, тейлөө тармагында иштешет. Турак-жай чарбасында жумуш кылышат. Каржы кризисинин бул тармактарга курулуш, банктарга салыштырмалуу тассири аз болуш керек, деп ойлойм. Муну турмуш деле далилдеп жатат. Кыргызстанга жапырт кайтууну байкай элекпиз. Иштегендер иштеп жатышат. Ишинен кыскартылып калгандарга соода түйүндөрдөн, башка жерлерден жумуш таап берүүгө аракет кылып жатабыз. Буюрса, башкаларга салыштырмалуу каржылык кризистин капшабы биздин мигранттарга азыраак тиеби, деген ойдобуз.

-Элчи мырза, маегиңизге ырахмат!

XS
SM
MD
LG