Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:37

Саясат

Темир Сариев: Кыргыздар дүйнөнү таң калдырды

Убактылуу өкмөттүн өкүлү, каржы жаатын көзөмөлдөгөн Темир Сариев Орусияда эки күндүк иш сапары менен болуп келди. Анын жыйынтыгы туурасында Темир Сариев “Азаттыкка” кеп салып берди.

Темир Сариев
x
Темир Сариев
Текст көлөмү - +
- Орусияга сапарыызда кандай маселелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү?

Темир Сариев: Орусияга эки күндүк сапар учурунда Кыргызстанга жардам катары бериле турган 50 млн. доллар каражаттын техникалык жактары чечилди. Бул каражаттын 20 миллиону банктык эсепке которулду. Калган отуз миллион доллар келээрки жуманын ортосунда которулуп, анын 15 миллиону айыл чарбасына, калганы талап-тоноочулуктан жапа чеккен ишкерлер үчүн жумшалат.

Аталган каражаттын 20 миллион доллары грант, калганы 1 пайыз жылдык үстөк менен беш жылга берилип атат. Мындан тышкары Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчиси Сергей Нарышкин менен жолугуп, 20 миң тонна күйүүчү-майлоочу май түрүндө жардам сурадым. Ошондой эле бул өлкөдөн алып келинчү күйүүчү майларга салыкты алып салуу тууралуу сүйлөшүлдү. Учурда бул маселе боюнча Убактылуу өкмөттүн атынан Орусиянын өкмөтүнө кат жолдоп атабыз. Бул иш да оң чечилет деп үмүттөнүп атабыз.

- Мурдагы өлкө башчы К.Бакиевдин Минск шаарында жасаган акыркы билдирүүсүнө орус тараптын реакциясы кандай болду?

Темир Сариев: Администрациядагылар К.Бакивдин билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алганын, мурдагы президент муну менен өзүнүн туруксуздугун, терең ойлонбогон саясатчы экендигин дагы бир жолу көргөздү деп атат. Учурда бир гана кыргыз эли эмес, анын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө арачы түшкөн ири мамлекет башчылары да абдан кейип атат. "Бакиев сөзүнө турбаган, элдин тагдырын ойлонбогон адам экен" деп атышат. Орусиянын тышкы иштер министри “биз Бакиевди президент деп тааныбайбыз. Анын арызынын түп нускасы бар” деп билдирүү таратты. Ал дагы ар кыл билдирүүлөрдү жасашы мүмкүн, бирок ага эч ким ишенбейт.

- Сиздин пикирде Бакиев эмне максатта ушундай кадамдарга барып атат?

Темир Сариев: Менимче, ал өлкөдөгү туруктуулукту бузууну каалайт. Муну 10-11-апрель күндөрү Жалал-Абадда болгон окуялар да тастыктап атат. Бирок учурда аймактагы тургундар кимдин ким экенин тушүнүп калды. Жалал-Абад эли жаңы бийликти толугу менен колдойт. Учурдан пайдаланып аларга кайрылат элем: Бизге мамлекеттин биримдиги, ынтымак керек. Биз күчтүү, бай Кыргызстанды орнотушубуз зарыл. Бул үчүн бирге аракеттенели. Ар кандай чагымчылардын сөзүнө кирбегиле!

Кыргыз эли дүйнөнү таң калтырды, суктандырды. Ал өзүнүн эркиндиги үчүн күрөшкөндү гана эмес, аны орнотуп, сактап калганды да билгени менен. Мен муну Орусияга барганда да айттым. Алар да кыргыз элине суктанып атат.

- Бакиевдерге таандык мүлктөрдү иликтөө иштери кандай жүрүп жатат?

Темир Сариев: Ал боюнча кылмыш иши козголгон. Баш прокуратура иликтеп атат. Бакиевдерге тиешелүү ишканаларга тышкы башкарууну киргизип атабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Esma каяктан: Moskva
28.04.2010 17:47
Ооба дуйного жакшы жагынар мн тан калтырдынар.Дагы суйунуп коёсузда уялбай. дубанага окшоп Дароо Алмаз Атамбаев Москвага жетип келе калыптыр заматта бир аз сабыр кылбай.Мен эч тушуно албадым оздорун оздору убактылуу окмот деп шайлап алышыптыр уялбай.Карызга бата бергилечи ким толойт экен.

кимден: аман каяктан: Чуй
28.04.2010 10:17
Урматтуу Темир Сариев! Сизди айтты деп, сиздин атынызды сатып башчы болууга умтулгандарга сиздин мамилениз кандай болот? Же ошол умтулгандар айткандай, ким болсо да созсуз Чүйдөн болушу керекпи?!

кимден: Алибек Абдыкаимов каяктан: забайкальский край
27.04.2010 16:38
темир байке сиздин айтканыныз туурадыр го бирок Беларусь президенти Лукашенконун всемирный телеканалдан чыгып кыргызстан тууралу басмырлап паска тееп суйлогону мага ото эле жаккан жок анан дагы Россияда коомдук ишканадагы иштегендер деле айтып атышат кыргызстан артта калган калкына нан жетпеген олко деп Анан калса таажиктер озбектер айтса ичин куйот экен Ошол учун мен айтаар элем папка кресло талаша бербей олконун экономикасы учун чыныгы кыргыздын патриоту болуп ар намысты алдыга койуп иштегилечи озбек менен таажиктен пас кетпей

кимден: Adam
27.04.2010 15:44
kөrүngөndөn akcha surap...өkүnүchtүү..Urmatuu pikir koshuuchular men silerge kairilam silerden natiiga kүtsө bolot.Kum-Tөr.... Kum-Tөr emne boldu oo kairan el aldandik..(azattyk chigarip koigula)

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.04.2010 11:32
кимден: Света каяктан: Нарын
26.04.2010 22:09 Кыргыздар дуйнону тан калтырды деп сыймыктангандын ордуна ,арданыш керек.Озубузду озубуз тонодук. Озубузго озубуз ок аттык.Озубузду озубуз олтурдук.Анан кайра башка мамлекеттерден карыз сурап жалдырап жалбардык.А+Б хандарыбыз жеп ичкендерин ,жерлерибизди саткандарын, коруп турсак да кормоксон болгондугубуздун жыйынтыгы 7- апрель 85 кырчындай балдарыбыздан айрылган энелердин коз жашына дуйно тан кала
Мен Светага толугу менен кошулам. Бизге Россиядан Кытайдан телефон кылып атат.2005-жылы Ак Уйго ат менен кирип кеттинер эле,ал эми азыр автомат менен кирип кеттинер силердей доопорос , жапайы эл жок экен корсо деп.Эмненер менен тан калтырдынар жолдош сариев.

кимден: айтпайм каяктан: не важно
27.04.2010 10:09
карыздан башка эч бир башка планынар, стратегиянар жокпу, мурунку бийликке окшоп дагы деле карыз сурап журо бересинерби,
Ойлонгула, ойгонгула мурунку эле бийликтин жолу менен эле бар жатасынар!!! или вам мало 85 жертв...

кимден: stary каяктан: Osh
27.04.2010 09:44
коп нерсе айтар элем,
темике сиз кыргыздарды тан калтырдыныз го,
жанагы банктарда тутулган акчалардын эсебинен бизнесмендерге жардам берем деп эми гранттын эсебине оттунузбу, ал акчалар эмне болду

кимден: Айтпайм каяктан: жок
27.04.2010 00:42
кыскасы азыркы отугандар илгерки картбоорулор булар ойлойт елди алдап койобуз деп ойлошот аа биз буларга еч еч качан алданданбашыбыз керек ошондуктан келгиле элжур бирге болойлу ойлонуп чечейли баарын егер биз дагы адашатурган болсок онойчулук менен онолбойбуз!эн эле азыркы биз эл бирге болуш сен туштук мен тундук деп болунбой бирге болойлу эл журт жана тынч аман эсен болойлу жана адам болойлу ЭЛИМ МЕНИН!

кимден: аске каяктан: россия
26.04.2010 22:54
Биздин кыргызда жакшы макал бар "Балык башынан сасыйт" деген.Эгерде биздин боло турган президентибизге ушул макал таандык болбосо, анда Кыргызстан онуккон олколордун арасына кирет.Баардык кыргыз элиме кайрылат элем, жаны окмотко жардам берели кыргыз элинин, Кыргызстандын келечеги учун!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Света каяктан: Нарын
26.04.2010 22:09
Кыргыздар дуйнону тан калтырды деп сыймыктангандын ордуна ,арданыш керек.Озубузду озубуз тонодук. Озубузго озубуз ок аттык.Озубузду озубуз олтурдук.Анан кайра башка мамлекеттерден карыз сурап жалдырап жалбардык.А+Б хандарыбыз жеп ичкендерин ,жерлерибизди саткандарын, коруп турсак да кормоксон болгондугубуздун жыйынтыгы 7- апрель 85 кырчындай балдарыбыздан айрылган энелердин коз жашына дуйно тан калабы.
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)