Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:36

Дин

Орусия мусулмандары Ош, Жалал-Абадда болушту

Орусия мусулмандар муфтиятынын өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз-өзбек кандуу кагылышуусун өз көздөрү менен көрүп, жаңжалдашкан эки тарапты мусулманчылык ынтымакташууга чакырып кайтышты.

Имарат тез эле курулат, жүрөктөгү жарачы?
x
Имарат тез эле курулат, жүрөктөгү жарачы?
Текст көлөмү - +

Чакан топтун жетекчиси, Орусиядагы ислам маданий борборунун президенти Абдул-Вахед Ниязов бул иш сапар Орусия мусулмандар муфтийи, шейх Равил Гайнудиндин демилгеси менен уюштурулганын, Орусия мечиттеринде соңку жума намазда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттук кагылышуудан набыт кеткендердин арбагына багышталып куран окулганын айтты:

- Биз адегенде Жалал-Абаддын борбордук мечитинде кыргыз-өзбектердин чоң тобу менен жолугуштук. Анан шаарды кыдырдык. Сузактагы өзбектер арбын жашаган кыштакка кирдик. Тирешүүлөрдү, өрттөнүп жаткан үйлөрдү, жабырлангандарды, ал тургай адам өлүктөрүн көрдүк. Бирок кырдаал баары-бир оң жагына ооп баратканы байкалып турган.

Абдул-Вахед Ниязов Ошко барганда ошол үмүтүнөн ажырай түшкөнүн жашырган жок:

- Шаар кыйрап эле жатып калыптыр. Шаар борборлору аңгырап бош. Көчөлөрдө кыйраган, өрттөлгөн үйлөр. Жолуккан кыргыздын да, өзбектин да көздөрүнөн ишенбөөчүлүк, коркуу, жин көрүнүп турат. Бир аксакал үй-бүлөсүндөгү төрт адамдан ажыраптыр. Шаардын Фуркат, Черёмушка деген бөлүктөрү толук кыйраган десек болот. Биздин ынтымакка чакыруу миссиябыз азыноолак аткарылды. Кудайга шүгүр, азыр тынчтанып келаткансыйт.

Орусия мусулмандар муфтийинин татар-башкыр аймагын тейлеген орун басары Дамир Мухетдинов:

- Өз көздөрү менен көргөндөрдүн айтуусуна караганда, карыларды, балдарды, кыздарды жөн эле өлтүрүшкөн эмес. Бычак менен кескилеп, чийип – атайын белгилерди салышкан... Бул деген фашисттик Германияны эске салып атпайбы?! Биз кандай жардам бермек элек? Биз гумжардам бөлө албайбыз. Биз мунай же доллар да бере албайбыз. Биз болгону куран окуп, Кудайдан жакшылык тилейбиз. Ошондой эле Орусиядагы 23 миллион мусулманга Кыргызстанда эмне болуп жатканын жеткиребиз!

Дагестандын Дербент шаарындагы ислам университетинин ректору Ариф Саидовдун айтуусунда, кыйраган үйлөрдү дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен андан сонун куруп алса болот. Бирок...

- Жүрөктөрдө өтө терең жара калыптыр. Аны дарылаш үчүн өтө көп убакыт керек.

Орусия мусулмандар муфтиятынын өкүлдөрүн Кыргызстандын түштүгүнө “Ата-журт” партиясы алып барып келген. “Ата-журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров булар аталган партиянын чакыруусу менен келбегендигин айтты.

Орусия мусулмандар муфтиятынын өкүлдөрү Кыргызстандын Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен да жолугушкан.

Орусия мусулмандар тобу өз маалыматтарын Орусиянын бийлигине да жиберишет.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз Озбек бир тууган каяктан: Ю. Усманованы ким тууган
23.06.2010 18:05
Урматтуу Кыргызстандыктар! Сиздердин ынтымагынарды бузгусу келген, Борбор Азияда тынчтыкты каалабаган кээ бир бузукулар белгилуу боло баштады.Алардын бири - Юлдуз Усманова экени белгилуу болду.

кимден: Асангайгы каяктан: Тенир-тоо
23.06.2010 17:43
өчкөчө кырдаал киргизилген аймакка калаймакан кишилерди,бейтааныш топторду киргизе берүү жарабайтда. ушул ишти акылыл менен жасаш керек. азарынча ош аймагын чектелген район кылып бекитүү зарыл болчу.дыкат кылбаса аргандай топтор аргандай жолдор менен кире бериши мүмкүн.туугандар ойлонуп иш кылгыла.

кимден: БАЛА каяктан: РАША
23.06.2010 17:21
КАЙРАТ туура айтасын.Белый Парустун бир максаты бар тушунуксуз. анан Елена Абдеева деген немеси бар анын макалаларыны окусан кыжырын кайнайт. алардын провокациясы катуу.орусияга кошулабыз сыяктуу бир провокация жургузот.

кимден: Озгон - Мырзаки каяктан: Карашоро
23.06.2010 15:03
Orusyadan kelgen musulman bir tuugandarybyzga teren urmattoo bildirebiz. Bizdi Ozbek Kyrgyz elin biriktireturgan bir kana nerse bar al ISLAM dini. Bashka jol jok !!!

кимден: Кайрат каяктан: Москва
23.06.2010 14:44
Так ушундай маалыматка "Белый парус" интернет-газетине пикиримди жазсам. Очуруп салышты. Мусулманчылыкты ундоо пикирлери "Белый паруста" очуруп салышат экен. Эмнегедир, аларга жакпаган пикирлерди жазсан, жон эле очуруп салышат экен. Азыр болсо туштук озбек мусулмандар еврейлерге Экинчи Дуйнолук Согушта жардам берген, ал эми тундуктогу кыргыздар анчалык мусулман эмес болгондуктан жардам беришкен эмес деген макала жазып чыгышты. "Белый парус" эмнени угуттоп жатат?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)