Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:36

Кыргызстан

Орусиянын атуулдугун эңсеген кыргызстандыктардын саны өстү

Апрель ыңкылабынан соң кыргызстандыктар башка мамлекеттерге кетүүсү күч алганы кабарланууда. Бул канчалык деңгээлде чындыкка жакын? “Азаттык” айрым кыргызстандык адистерге жана качкындарга кайрылды.

Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Бул жакка ооп келип аткан кыргызстандыктар атуулдукту мурдагыдан көп алчу болду деген кеп айтыла баштады. Санкт-Петербургда ушул маселе кандай?

Таалайбек Абдиев: Сандар менен айтканда августтун башында арыз менен кайрылгандардын саны 15 пайызга артты.

“Азаттык”: Арыз бергендер жалаң эле кыргыздарбы же өзбек, орус жана башка улуттан да барбы?

Таалайбек Абдиев: Биздеги статистика боюнча мурда жүз киши атуулдук алса, анын 80 пайызы кыргыз болор эле. Азыркы күндө аралашты. Негизинен өзбектер келип атышат. Мурункуга салыштырганда орустардын саны көбөйдү. Корей улутундагылар келип атат. Өзбек улутундагылар үй-бүлөсү менен келүүдө. Бала-бакырасы менен кайрылып атышат. Мурун андай болчу эмес. Эркектер бул жерге келип, атуулдук алып, иштеп, айлык таап, үй-бүлөсү Кыргызстанда кала берчү. Азыр бул жерде иштегендер эне-атасын алып келип атышат.

“Азаттык”: Сиз айткан 15 пайыз канча киши болот: жүз кишиби, миң кишиби?

Таалайбек Абдиев: 15 пайыз – бир аптадагы абдан жогорку сан. Азыркы тушта орто эсептен алганда 45 адам кайрылчу болду. Бир айга чегере келгенде 180 адам кайрылууда.

“Азаттык”: Алардан арыз түшкөн күндө да ал тез арада каралбаса керек.

Таалайбек Абдиев: Кыргызстан жана Орусия арасында келишим негизинде кишиден түшкөн арыз 90 күндүн ичинде каралып ары же бери болот.

“Азаттык”: Демек Орусиянын атуулдугун алган кыргызстандыктар абдан көп деп айтуу эртеби?

Таалайбек Абдиев: Ага эрте. Негизинен бул жакка келгендер туугандары болууда. Жатарга жери, акча жагынан каражаты жетишерлик кишилерге туугандары келип атышат.

“Азаттык”: Ал арада июндагы коогалаңдан кийин келгендердин айрымдарынын максаты башка. Мисалы, Ош шаарынан Москвага келген Хабибулла аттуу киши эл аралык коомчулуктан баш паанек издөөдө.

Хабибулла: БУУнун алдында качкындарды тейлеген уюм бар экен го. Ошол уюмдан баш паанек алуу үчүн аракет кылып атабыз.

“Азаттык”: Ал эми Жалал-Абаддан келген Арсланбек аттуу жигит Орусияда орун алууну каалайт.

Арсланбек: Эгер бизге кыштак ажыратып беришсе, атуулдук берсе, Орусиянын чегинде кайсы гана жери болбосун жер бере турган болсо ач калбайт элек, жан сактап кетер элек.

“Азаттык”: Ал эми Кыргызстан элчилигинде юрист болуп иштеген Алмаз Абдисияев буларды айтат:

Алмаз Абдисияев: Эки мамлекеттин ортосундагы келишимге ылайык, жеңилдетилген жол менен Орусиянын атуулдугун алууга болот. Мунун алдында үч айдан алты айга дейре текшерүүлөр болот. Көптөгөн кагаздар даярдалат, атайын органдар аркылуу иш алып барып, кыскасы ошол адам боюнча маалыматты так жана толук алгандан кийин гана атайын комиссиянын чечими менен ал адамга атуулдук берүү маселеси чечилет. Ал эми биздин жарандардын Орусия атуулдугун алгандан кийин кайра Кыргызстанга кайтып барып, Кыргызстандын атуулдугун калыбына келтирүү бир айдын ичинде ишке ашат.

“Азаттык”: Кыргызстандык жарандар, эгерде Орусия жараны болуп кетип, кийин кайра Кыргызстанга кетем десе тоскоол жок экен да?

Алмаз Абдисияев: Эч кандай бөгөт жок. Айып санкциялары каралган эмес. Ал жагынан эч кандай оорчулук болбойт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нургазы каяктан: москва
15.08.2010 16:16
Мен да эл катары тирилик деп Москвада журом. Биринчи келгенимде иш жок кыйналдым, каерга барсан орус.паспорт керек дешет. акырында орус жарандыгын алууну чечтим, кандайдыр бир ишке кирип калам деген ойдо. Документтерди топтоп, ортомчу бир киши аркылуу паспортко тапшырдым. Паспорт келгенче жакшы бир жумуш таап, азырга чейин иштеп жатамын, паспорттон дале дайыны жок (7 ай болду), мени алдап кетти окшойт документ жасаган киши. Ош окуясынан кийин мен жарандык алуудан баш тарттым, жана азыр кыргыз пасспортум менен сыймыктанып кочодо журом, мелиса тагаларыма корсотуп :)

кимден: KG каяктан: KG
15.08.2010 14:19
Кыргыздар коп эмоцияга бериле бербегилечи,ар бир кыргызмын деген инсан оз элине кайтары анык деп билем,себеби мен бул жерде копко калууну элестете албайм.Куч алынын барында атуулдук алып уй-булоолук бюджетин тикелеп алуу максатында гана атуулдук алууда деп ойлойм.
Кыргызстандын мамлекет башчылыгына дагы эли деп журогу ооруган адам келип калаар деген умут менен жашап келебиз,башка айлабыз да жок,умуттон башка.
Озубуздо да жашоо жакшы болуп. атуулдук алып келиштин деле кажети жок кундор да келип калаар деп ойлоймун

кимден: Мигрант каяктан: Москва
15.08.2010 13:17
Олконун экономикасын сактап турган мигранттарга рахмат, ошолорго атуулдук берген Оруссияга рахмат.
Беларуссия Казакстандан башка мамлекетке барып коргулочу атуулдукту берип эмес чек арасынын ичине киргизбейт...

Эгерде атуулдукту алуу улана берсе, бир кун кыргызстанда жашагандарга караганда россияда жашаган кыргыздар кобойот.
Алгандар жалан жаштар, демография мына ушул жерде жарылат.

кимден: Төлөнтур Ыбырай уулу каяктан: Кытай-Кызылсуу
15.08.2010 12:36
Казакстандан кытайдагы казактарды мекениңерге келгиле деп казакты жыйнады эле, ал жакка барган казактарга үй, жер берип. кыргызстан өкүмөтү да кытайдагы кыргыздарды башка чет өлкөдөкү кыргыздарды жыйнаган иш чара көрсө.

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
15.08.2010 12:16
бул бир эл башына түшкөн оор күн.элди кандай кылып куткарса болот!...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.08.2010 04:29
Кыргыздар орус паспортун жыргаганынан алып жатышкан жок.Кызыл паспорт болсо да барибир киргиз эмес Кыргыз элебиз.

кимден: кыргыз бала каяктан: москва
15.08.2010 01:32
кыргызстанда жакшы бийлик болгондо элдерибиз мындай чачкын болбой беле ким билет алдыда дагы не болот ишенич калбады кыргызстага

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
14.08.2010 23:20
Бироонун жеринде султан болгуча озундун жеринде култан бол деген соз бар Баары бир озундун туулуп оскон жерине келбейт айла жок ойлогон ойду кыстаган турмуш женет экен.

кимден: талантек каяктан: МОСКВА
14.08.2010 19:04
БИЗ ОРУС ЖАРАНДЫГЫН АЛСАК ДАГЫ КЫРГЫЗ ЖЕРИБИЗ УЧУН КЫРГЫЗ ЭЛИБИЗ ҮЧҮН АКЫРКЫ КАНЫБЫЗ КАЛГАНЧА ТУРУП БЕРЕБИЗ ОРУСТАР ЖАРАНДЫГЫНЫ БЕРИП КОЙУП КЫЙРАТЫП ЖАТАТ ДЕП ОЙЛОЙСУЗДАРБЫ ПАСПОРТ АЛГАНЫБЫЗ М.Н ҮЧҮНЧҮ СОРТОГУ АДАМДАРБЫЗ ЭГЕР ЭЛДИ ОЙЛОГОН АЗАМАТТАР БОЛГОНДО БУЛ КҮНДӨРДҮ КӨРБӨЙТ ЭЛЕК

кимден: сыдык каяктан: костанай
14.08.2010 19:03
Бул биликта кыргызстанды жарыткыдай туру жоктой сезилет!!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)