Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:35

Кыргызстан

Москвадагы окуялардын мигранттарга таасири

Москва метросундагы жардыруулардан кийин ордо калаада паспортторду текшерүү күчөтүлүп, мигранттарга тартип сактоо органдарынын мамилеси кескин курчуду. Метродо бараткан жоолугу чулгай салынган аял-кыздарды жабыла вагондон сүрүп ташташты. Кавказ, азиат жана өңү караларга кол салуулар көбөйдү.

x
Текст көлөмү - +
Москва метросунун «Лубянка» жана «Парк культуры» станцияларында 29-мартта жанкечтилердин кол салуусунан 39 киши набыт болуп, ондогон адам жараат алган.

Кыргыз мигранттарына Москвадагы окуялар кандай таасирин тийгизүүдө деген максат менен бир нече кишини кепке тарттык. Көчөдөн жолуккан мигранттар кеп айтуудан качып, жалтактап калышканы байкалды. Анын себебин ишсиз жүргөндүгү менен чечмелеп, Кыргызстанда эне-аталары укса капа болушат деп шылтоолошту. Чынында москвалык бийлик өкүлдөрү тимирейип тиктеп турганда, “кеп ташыгыч” деп кийин зыяны тийбесин деген кылчактоо байкалып турду.

Шаршенбек Жантемиров бардыгы жайында болгонун айтты:

- Жок, андай болгон жок. Эми бир-эки окуя болсо болгондур, аларды жанагы милиция уюштуруп коет. Баары жакшы, өзүмдүн кызым ошол жардыруу болгон күнү лекциядан чыгып келатканда кан төгүлгөн станцияга бир станция жете бербей түшүп, тышка чыгып кете бердим эле дейт...

Москвада бир нече жылдан бери жашап аткан Салиман Жолборсбекова мындай деди:

- Дагы жакшы жарылууда биздин атуулдар болбой калды. Эми бардык жактан документтерди катуу текшере баштады. Мигранттарды ишке алабыз дегендерден өтө тактыкты талап кылып атышат. Өтө эле кыйын болуп атат. Документтерди каттоого алуу да создуктурулууда. Февралда берген документтер эмдигиче каттоо мекемелерден кайтып келе элек. Ансыз ишке алуу деген жок. Өтө кыйын азыр. Мисалы, жүз адамдын жыйырмасынын документи өтүшү ыктымал. Калганы өтпөй калат.

Бул бардык эле мигранттарга ушундай болуп атат. Кыргыз гана эмес, өзбек, тажик, молдовандарга ушундай мамиле болуп атат. Бир гана казак калкы тың экен, алардан эч ким иш сураган жок. Анын үстүнө метродо жардыруулар болду. Ошол да кошул-ташыл болуп, текшерүү күчөдү. Айтор, бул жакта жыргап аткан киши жок. Мен акчаны көп таап, үйүмө акча салам деген ойдон алыс болуп калдым. Дегеле башка эл, башка жерден акча таап келем деген дымак суу кечпес болуп калды. Мындан ары ойлошсун дейм да, иши кылып эле Кыргызстанда бир чарба менен алек болуп, ошону өндүрүп, өзүбүздүн жергебизде аз болсо да ошол жакта акча тапканыбыз оң го. Үй-бүлөңдүн жанында жакшы да, азыр болсо бир жылдап үйгө бара албаса, кыйын эмей эмне?

Метродо жардыруу болгон күнү жоголуп, ошондон бери дайыны чыкпаган бойго жеткен жээнин издеген Канат аттуу жигит менен сүйлөшкөнүбуздө ал буларды айтты:

- Экинчи моргго бардым. Эч ким тааныбыган 8 аял бар экен. Арасында кыргыз аялдар жок. Бирөө кавказ улутундагы, кыркка чукул жашта, калганы орус аялдар. Экинчи моргдон кийин төртүнчү моргго да бардым. Таанылбады деген эки аял калыптыр. Бирөө 45, бирөө 25 жашта. Алар да кыргыздарга окшобойт. Ошондон кийин жээним туурасында элчилик аркылуу кечээ федералдык издөө үчүн арыз жолдодук.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Мээрим каяктан: Москва
12.04.2010 01:18
Негизинен адам баласы ойлонуп туруп анан жазса! Айрыкча белгисиз аты жок!!!Бизди эч ким кууган жок!!! И кубалап да ала албайт Кыргызстандан!!! Жыргаганыбыздан таалалап журот деп ойлойсунарбы??? Биз да эл сынарындай жакшылык жамандыкта туган-уруктарыбыз балдарыбыздын арасында чогу болгубуз келет...айла жок балдарыбызды окуталы ата энебиз кыйналып кысталып иштебесин деп тытынып иштеп журобуз!!! Кудай сактасын регистрацияны таза тура жол менен жасатсак эч кандай милиция деген наезд кылбайт.Алма быш оозума туш деп даяр жасатып алып келип берсе регистрацияга да тура жооп бере албай жатсак менттерге анан эмне кылмак?каерде болбойлу коркпой так так жооп берсек жону жок алып кетип эмне алар...Рас иштейбиз деп келгенден кийин иштешибиз керек айылда жургондой болуп ичип алып окуруп бакырып жыланачтанып мушташпастан андай кыргыздарыбыз да бар деловой! Саяк журсон таяк жейсин дейт!!! Сактанганды кудайым сактайт!!! Кыргыз элим каерде болбойлу аман бололу! Тапкан тутканыбыз алал болуп жакшылыктарга буйрусун!!!

кимден: Макс каяктан: Бишкек Газпром :)
07.04.2010 12:03
Ал туура айтат "СИЛЕРДИ КИМ КУУДУ ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНДАН" ээн эркин,ушундай жакшынакай Кыргыз жерибизде иштеп журушсо болот эле да.Эл иштеген иштерде иштейбермек да.Ой башы иштеген Бишкекте деле оз алдынча иш куруп байып эле атат.Не обязательно кычык-пычыка качып кетуу.
Жердешибиз эн туурасын айтат "СИЛЕРДИ КИМ КУУДУ ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНДАН "

кимден: Суппер Саяк каяктан: россия
06.04.2010 00:15
Аты жазылбаган Үйдө баатыр жоодо жокко!!!! Сыртта жүргөн мигрант кыргыздардын эсебинен сен жана сенин ага инилерин курсагы ток кийими бүтүн жүргөнүнө тобо келтир . Ал эми ертенкини көрө билип алдыган умтулган инсан баардык кыйынчылыкка кайыл болуп орустун милициясынан ж.б кыйынчылыктан коркпой Өз мекенине туугандарына пайдасы тийип а к эмгектенип жүрүшөт Сендей мекендештерим бар экенине намыстанам. Чамда сен да аз күндө гастарбайтер болосун.

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
03.04.2010 20:47
Деги эле ошол жарылуудан бери орус милийсалар катуу текшерип башташты эле, бугун дагы башкачасын кордум. Алар менин паспортумду алып алды да, сумкамды карап корушту. Анан машинасына отуруп алып, миграционный карточкам боюнча кандайдыр бир тизмеден менин аты жонумду издешти. Мен машинанын (жигули) сыртында турдум бирок эшиги ачык болгондуктан алар эмне кылып жатканы корунуп турду. Алардын колунда узун тизмелер бар болчу. Ошондон менин аты жонумду таппаган сон койо берип койушту.. Бул эмне болгон тизме экени белгисиз...

кимден: Эркин каяктан: Будапешт
03.04.2010 19:17
Москвадагы теракттын кыргыз мигранттарга болгон таасирин иликтеп жатабыз. Ад эми мен башка жагынан карасам, Москвадагы болгон башка окуяга көңүл бурат элем. Жакында ФМС 50 го жакын кыргыз мигранттарды тутуп алды деген маалымат болду эле. Ушул окуя мени кичине болсо да шек келтирип жатат. Орустардын мамилеси кыргызга өзгөрдүбү же жокпу? Өзгөрбөсө жакшы, өзгөсө ага эмне сепеб болуп жатат? Терактка кыргыздардын тиешеси жок, ал эми мамлекет башчыларыбыздын ортосунда пикир келишпестик толтура -Орусиянын кредитинин башы жогу, америкалыктар менен болгон аскер-кызматташуу, ГЭСтер ж.б.у.с.
Ошол үчүн, Москвадагы элчилик болобу, диаспоранын өкүлдөрү болобу, айтор 100 кыргыздын атынан сүйлөй ала турган бирөөнүн атынан билдирүү жасаш керек:
"Урматтуу россиянын жетекчилери деп (азыр алар экөө эмеспи), силер эми карапайым кыргызды кор кылбагыла деп, хандардын ортосундагы мамилелерди өзүңөрчө чечип, 150 жыл дос болуп келген эки элдин ортосуна түшүнбөстүктү жана карамакаршылыкты түзбөгүлө деп Анткени кыргыздын оюнда аны оор отук менен тепкилеп жаткан орус ОМОНовец менен кыргыздын документтерин айрып жаткан орус бюрократ-чиновник калат. Аягында кобуроок кылымдык достук, кыргыз элинин оруска болгон суйуусу жонундо кобуроок жазып аякташ керек. Бул жонундо урматтуу орус хандардын оюна жеткириш керек дипломатия тилинде. Ошондо балким ойдо жактан кыргыздарды "мочить" деген команда болсо дагы, кайра айтам - балким, "прератить мочить" деген команда болушу мумкун. Болбосо да, биз болгон мумкунчулугубузду колдондук деп Силер айтсанар болот...

кимден: Улан каяктан: Москва
03.04.2010 16:51
'Улугу адил болбосо
Убара тарткан эл карып' дегендей элибиз эч ким куубай көр тириликтин айынан цивилизациянын артынан кууп дүйнөгө таркап кетпедиби. Бийликтегилер кан таламай менен бийликтин артынан жүрөт.

кимден: AZAT каяктан: Bishkek
03.04.2010 11:29
Belgisis- sen birinchi normal'niy jazgandi uyronup al anan jaz... kichine adamga okshop oy jugurtson sonun bolmok...

кимден: Mahabat каяктан: USA
03.04.2010 04:36
Аты жөнү жазылбаган сен вебсайтка атыңды жазгандан коркосуң, анан сен кайдан Кыргызстандан чыкмак элең, сага окшогон жүрөгү жоктор отурат үйдө жанындагы кыйналып жаткан адамдарды көрсө дагы көрмөксөн болуп, кайра аларга "менде бар силерде жок" деп манкуртка окшоп болбогон 4 байлыгын кайра-кайра көрсөтүп мактанып аларга. Колуңан ошол гана келсе не кылсын. Кыргызстандан чыгыш үчүн дагы чооң жүрөк керек, жүрөгү жок коркоктор сага окшоп СИЛЕРДИ КИМ КУУДУ ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНДАН деп сүйлөгөндөн башкага жарабай үйдө отурат. Жанындагы кыйналып жаткан бир туугандарын тамаша кылып коюп, анан жүрөгү бар адамдар талаада иштеп тапканын бала бакырасына, дос, туугандарына берип аларды камсыздап жатса аны көрө албай ар кайсыны сүйлөйт сага окшогон жүрөгү жок май баштар, ал чернорабочий, а мен офисте иштейм деп өзүн кадалуу адам сезип, болбогон гламурный жумушун баардык нерседен жогору коюп. Адамдай болсоң кичине, токойдон жаңы чыккандайсың го.

кимден: belgisis каяктан: germania
03.04.2010 03:44
Assolomu aleikum KIRGIZ boordoschtor!! Bul kilingan ischter ech kandai migranttarga tieschesi gok gana tieschesi bolboit!Bul nerse rossianin duinogo bolgon aftaritetin tuschuruudo ,gana oschondoi ele rossia politikterinin,ministirlerinin,presidentterdin asia olkolorunun biilik baschchilarina bolgon suuktuk mamile bildiruusu!!
Al emi bisdin KIRGIZ garagdandaribis gonundo aita ketsek,rossiaga gana moskvaga ketken gerdeschteribis ech kandai OBRASOVANIASI gok ,gada kalsa oruscha suiloi alischpait ,anan albette gumusch tabis kiin bolot,bul turgan isch gana en tuura isch!! Uschul ele nerseni kg koiup korgulo ,tagik ,ozbek kalkinin kobouschu kirgistanda emnege alip kelip gatat! gonokoi goop silerge bul!!
Oschol uchun tuugandar bis gakschilap mektepti ,universitetti ozubuzdun kuchubuz menen okuschubus kerek gana kichekei inileribisdi tuura tarbialschibis kerek ,anan gon ele Bakievke ge Beknasarovko ,Almas Atambaevke ischenbei !Alardin ubaktisi buttu gana alardan ech nerse kutpogulo ,alardin goschoosuna dagi 10 gil kaldi anan bisdin ubakit kelet!!
OKUU ;OKUU ;gana OKUU.
Kim ilimduu ,itelegentuu ADAM bolso al baardik gerde gaschap gana ischtep kete alat ! bul praktikada tastiktalgan isch!!
Aaleikum assolom!!

кимден: Mahabat каяктан: USA
03.04.2010 03:38
Аты жөнү жазылбаган деген ысымдын артында турган "адам" "СИЛЕРДИ КИМ КУУДУ ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНДАН" деп өзүңдүң көк мээлигиңди ашкере кылбай андан көрө пайдалуураак иш кылчы, мурдуңду таза тазалап койсоң ошол деле пайдалуу иш. Биз жыргаганыбыздан талаалап жүрсөк анда айтсаң жарашат. Үйдөн чыкпай отурган май көчүк десе, өзүңдүн курсагың ток болсо эле башканыкы да ток деп ойлойт окшойсуң, эгер ушундай Кыргызстандан чыкпаган кыйын болсоң анда Кыргызстандагы Жетим балдар үйлөрүнөн, оорукчан, майып балдар үйлөрүнөн кабар алып кийим кечеси барбы, тамак ашы барбы сурап койбойсуңбу?! Балдар кийим кечеси жок кышкыга жайкы кийимдерди кабат кабаттап кийип жүрүшөт деп бизге кайра кайра кат келет. Биз сага окшоп ойноп жүргөн жокбуз "түшүнүгү жокго айтпасаң түшүнбөйт" дегендей түшүнбөсөң айтып коеюн, биз өлүм менен жашоонун ортосунда жүрөбүз күнү-түнү уктабай, ошо сага окшогон ою жок, эч нерседен бейкапар адамдардын кетирген катачылыктарын биз жаап жүрөбүз, кичине тапканыбызды Кыргызстанга жөнөтүп. Кыргызстандын экономикасы турат ордунда эле, биз жөнөткөн акчага үйлөр салынып, тойлор өткөрүлүп, канча адамдар өздөрүн бактылуу сезип жашап жатышат, аларды көрүп алып жашоо жыргал турбайбы бизде деп сен жүрөсүң СИЛЕРДИ КИМ КУУДУ ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНДАН деп, Атала палван, бок мурун десе!! Бирок Кудай бар сага окшогон май баштарга дагы, биз талаада кандай кыйынчылыктарды көргөн болсок сага да ошол кыйынчылыктарды көрсөтсүн.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)