Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:35

Кыргызстан

Кыргыз-орус алакасына эмне болду?

Орусиянын президенти Кыргызстандын, Тажикстандын Бирдиктүү Экономикалык Аймакка мүчө болуу укугун өлкө жетекчилеринин жүрүм-турумуна жараша аныктайт. Президент Д.Медведев Омскиде 15-февралда энергетика жыйынында ушинтип билдиргенин Орусиянын маалымат каражаттары жазышты.

Текст көлөмү - +
Орусия президенти аталган өлкөлөр аймакка кирүүгө даяр эместигин, бул өңүттө бир катар маселелер барын да айтты. Орусия президентинин мындай билдирүүсүн кыргызстандык талдоочулар ар кыл өңүттө чечмелеп жатышат.

Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдү Бирдиктүү Экономикалык аймакка бириктирүү демилгеси 2003-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан көтөрүлүп, аны уюштуруу иштери кийинчерээк солгундап калган. Айрым талдоочулар муну саргылт ыңкылаптан кийинки Украинанын саясатына байлап жүрүшөт. Бирок Омскиде сүйлөгөн сөзүндө Орусия президенти Дмитрий Медведев Бирдиктүү Экономикалык Аймакты түзүү аракеттери өз убагында, тагыраак айтканда келерки-аркы жылдары максатына жетерин тастыктады.

Орусиянын маалымат каражаттары Дмитрий Медведев БЭАга мүчө болчулар деп Беларус, Казакстан, Орусияны атаганын жазып, бирок бийлиги жаңы алмашкан Украина тууралуу сөз кылган-кылбаганын кабарлашкан жок.


Медведевдин ынанымында, Кыргызстан менен Тажикстан бирдиктүү аймакка кошулары күмөн, анткени алар али даяр эмес, бул өлкөлөргө байланышкан бир катар маселелер бар. Эреже боюнча Экономикалык Аймакка чегаралаш мамлекеттер гана мүчө боло алышат. Муну эске алганда Кыргызстансыз Тажикстан мүчөлүккө өтө албайт. Кыргызстан маселесинде болсо Медведевдин сөзүн жергиликтүү байкоочулар түрдүүчө жоруп жатышат.

Орусия президентинин билдирүүсүнүн жөнүн Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдиктеги мурдагы өкүлү Эмил Узакбаев Орусия Кыргызстанга ишеним артпай жатканынан көрүүдө:

- Орусиянын жетекчилиги Кыргызстандын жасайбыз деген иштерине толук канааттанбай атат деген менин жекече пикирим бар. Ошон үчүн мурун айткан сөзүңөргө өзүңөр толук турбагандан кийин мындан кийинки биздин мамилебиз кандай болушу мүмкүн деген ойдо айтып атат. 

 

Узакбаевдин пикиринде Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинин, айрыкча, инвестициялык алакалардын салкындашына АКШ базасын чыгаруу убадасынын актарылбай калышы себепкер:

- Буга чейин Орусия бир топ чоң жардамдарды берген: 150 млн. доллар бюджетти колдогонго, 150 млн. доллар ишкерлерди колдгонго дегендей. 1 млрд. 700 миң Камбаратаны колдогонго. Эми ошол маселелер азырынча чечилбейт, кайрадан дагы бир кайрылмайынча... Дагы бир топ маселелер топтому бар эле: “Дастан”, “Кыргызгаз” боюнча. Ошолордун бардыгы азыр аткарылбай туруп калды. Экинчи тараптан кыргыз өкмөтү Кытайга барып, Кытайдан башкача маселелерди издеп атат окшойт.

Инвестиция  маселелерин өңчөй эки тараптуу алакаларга байлаган мурдагы элчи, коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев Медведевдин сөзүнүн төркүнү нукура экономикалык себептерге гана байланыштуу дейт:


- Аймактын жобосунун бардыгын колдойбуз, кабыл алабыз десе Кыргызстанда кошулууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ал жерде башка маселе жок, мамлекет лидерлеринин жүрүм-турумунан, башкадан көз каранды эмес.

Анткен менен орус-кыргыз мамилелери салкындап кеткендигин орусиялык талдоочулар да белгилеп жатышат. Орусия президентинин БЭА маселесине байлап жасаган билдирүүсүнүн артында сөзсүз Орусиянын Кыргызстандын экономикалык, каржылык саясатына ичи чыкпагандык бар деген көз карашты да жокко чыгарылган жери жок.

Маселен, “Азаттыкка” берген интервьюсунда орусиялык эксперт Модест Колеров эки тараптуу мамилени Кыргызстан бузуп жатат деп билдирди:

- Мамилелерди Орусия эмес Кыргызстан бузду. Себеби кыргыз бийлиги жок эле дегенде кредиттерди, инвестицияларды алуу жагында сактоого милдеттүү болгон шарттарды сактабай атат. Каражатты чыгымдоонун ачык-айкындыгы, аларды максаттуу пайдалануу, инвестицияда болсо натыйжалуу пайдалануу боюнча бардык экономикалык (каржылык мамилелерде андан бетер) мамилелерде милдеттүү саналган биринчи кезектеги шарттар сакталбай атат. Кыргыз бийлиги бул шарттардын аткарылаарын далилдөөчү ынандырарлык пландарды, жетиштүү далилдерди бере элек.

Ошол эле мезгилде Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин көз карашында Кыргызстан Орусия менен өнөктөш болууга дилгир жана акыркы кездери мунун зарылдыгын айрыкча сезип жатат. Бирок иш жүзүндө ар кандай тоскоолдуктарга кабылбай, Орусия менен ырааттуу кызматташуу үчүн Кыргызстандын алдында олуттуу милдеттер турат:
 

- Дүйнө жүзүндөгү биз кирген Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен, АКШ менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү кыскартып, түздөн-түз БЭАнын шарттарына макул болушубуз керек. Бир топ маселелер боюнча аймакка кирүү мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби биз башка мамлекеттер менен бөлөк келишим түзүп койгонбуз.

Окумуштуунун баамында Кыргызстан үчүн Бириккен Экономикалык аймакка кирүү, анын ичинде Орусия, Казакстан менен жылуу мамиледе болуу абадай керек. Буларсыз Кыргызстан үчүн бери дегенде экономикалык алакаларды сактоо, миграция саясатын, маданий-соода мамилелерин жүргүзүү кыйын болот.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Асан каяктан: Масква
18.02.2010 07:55
Россия 1,7 млрд.$ Кыргызстанга бербеш керек.Ушул кредит акчаны жеш үчүн Кыргызстанда белгисиз компаниялар алдын-ала түзүлгөн. Аны Россия өкмөтү билет. Кредит берилбесин-берилсе ал дагы таланары белгилүү!

кимден: Баки каяктан: Баткен
17.02.2010 17:55
Россия менен Кыргызстан ака-укадай болуп журо бергени жакшы эле, анткени миллионго жакын кыргыздар Россияды кун коруп жатат, а биздин Президент аны ойлобойт, себеби курсагы ток, балдары жанында, урганы барбы мигранттардын проблемасы менен. Азыр Бакиев бийликти балама кантип откоруп беремин деген менен алек, башка ой жок. Ушуну коруп турган Медведев, Путин кантип ишенет. Туура кылат 1 млрд. 700 млн долларды бербегени, МАКС аны да алып башка банктарга салып пайда корот эле, убагы келгенде кыргызбай толойт элек.

кимден: отукчу каяктан: Ош базар
17.02.2010 17:47
Өзүнүн сөзүнө турбаган ишенимден кеткен азыркы бийлик турганда Орусия \жеке эле Орусия эмес\ биз менен алакасын үзүп эле койгону жакшы.Айрыкча акча-кредит маселесинде. Бул бийлик кеткенден кийин да кыргыздын тукуму карызга белчесинен малынбай, бирөөгө кул болбой ТАТЫКТУУ ЖАШАШ керек...

кимден: Известняк каяктан: россия
17.02.2010 16:14
Эртен миллионго чукул эмгек мигранттары Кыргызстанга кайтарылса Кыргыз бийлиги кандай абалда калаарын элестетип көргүлө.Чымкенттен жүзгө жакын челнок депортация болуп Айгүл эжекенин колунан эч нерсе келбегенине күбө болдук Миграционный комитет популизм менен гана алек .

кимден: Abdykadyrov каяктан: Mосква
17.02.2010 16:04
Орусиясыз Кыргызстандын өнүгүшүн элестетүү кыйын. Эгерде Оруссия Кыргызстан менен алаканы бузса, ал жердеги жүз миңдеген мигранттар Кыргызстанга кайра келип, кризис, кылмыштуулук күчөп кетишине эч ким кепилдик бере албайт. ошондой эле Максимдин бийликке келишине Оруссия тарап кыжыры келүүдө. Максимдин Кытайга барышы буга мисал боло алат. Мындан тышкары "Североэлектронун" арзан баада сатылышы.... Кыргызстандын эли эртеңки күнү үчүн жаңы муундар менен азыркы бийлик эсептешүүсү керек..........

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине