Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:32

Саясат

ЖККУнун баш катчысы Кыргызстанга келди

25-июнда Кыргызстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа менен ЖККУнун кырдаалга көз салуу боюнча жумушчу тобу да келди. Николай Бордюжа иш сапарында Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов менен жолугушат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа.
x
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа.
Текст көлөмү - +
Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязовдун айтымында, ЖККУнун өкүлдөрү менен жолгушуу учурунда сүйлөшүлчү башкы маселе - Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу болмокчу.

- Албетте Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу маселеси сүйлөшүлөт. Ошондой эле кырдаалды жөнгө салууда ЖККУнун мындан аркы ишмердүүлүгү кандай болору каралат. Алар абал менен өздөрү таанышып чыгууну каалап жатышат, биз аны колдойбуз.

Буга чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Кыргызстандагы башаламандыктарга байланыштуу көмөк көрсөтүү программасынын алкагында 9 тик учак бөлүү каралганы айтылган. Андан тышкары ЖККУ Кыргызстандын милициясын техникалык каражаттар менен жабдууга жардам бермекчи.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов мына ушул маселелер бүгүнкү жолугушууда дагы такталарын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан ушул тапта техника жагынан жардамга муктаж болуп турат.

- Биздин атайын кызматтар кылмышкерлерди издегенге жетишпей жатат. Алардын тажрыйбасы көбүрөөк. Ошол жагынан жардам сурайбыз. Анан курулуш жагынан жардам сурайбыз. Анткени күйгөн, талкаланган имараттарды кайра тургузууга биздин өкмөттүн күчү жетпейт. Менимче ЖККУ жардам берүүдөн баш тартпайт болуш керек. Орусиядан эки тараптуу кызматташуунун алкагында гуманитардык жардам келип атат. Биз техникалык каражаттарын күтүп атабыз.

ЖККУнун Кыргызстанга жасап жаткан бул жардамы - “Убактылуу өкмөттү таануу дегендик эмес” деген оюн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди. Ал Орусия президенти Дмитрий Медведев менен АКШ президенти Барак Обаманын жолугушуусунда Кыргызстанга басым жасалып, түштүктөгү окуяны өлкөнүн ич ара иши катары кароо керектиги эки тараптан тең айтылганын белгиледи. Ошондой эле ал эки чоң держава президенттери референдум тууралуу эмес, шайлоо тууралуу сөз болгонун кошумчалады.

- Берилчү жардамдар стратегиялык өнөктөш катары гуманитардык техникалык жардам болуп эсептелет. Муну саясий жардам катары кабыл алсак туура эмес болот. Ушундай оор заман болуп турганда Эфиопия, Гондураста жана башка мамлекеттерге болсо деле Орусия колунан келген жардамын берип жүрөт. Кыргызстанга берилчү жардам да мына ушундайлардын бири. Бир айырмачылыгы – Орусиянын президентинин айтымында, Кыргызстанга эң жакын жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш катары мамиле жасалып жатат.

Ал эми саясат талдоочу Токтогул Какчакеевдин баамында, ЖККУнун жардам берүү чечими Орусиянын коопсуздук стратегиялык кызыкчылыгынан жана Кыргызстан менен карым-катнашынан улам да кабыл алыны.

- Биздин эки тараптуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Орусия менен тынчтык орнотуу, тынчтык коопсуздугун сактоо жана уюшкан кылмышкерлерге, радикал, террорчуларга каршы күрөшүү жолу боюнча бул туура болуп эсептелет. ЖККУнун Кыргызстанга берген жардамы зор, муну чоң жардам деп эсептесек болот.

ЖККУнун делегациясы кандуу окуя болгон Ош жана Жалал-Абад облусуна барып, абал менен жакындан таанышуусу күтүлүүдө. Бул маселе бүгүн Роза Отунбаева менен болгон жолугушуудан соң аныкталат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: БОРООН каяктан: Эл арасы
25.06.2010 19:29
Урматтуу Р.Отунбаева ,СНБ бошотуп Проффесионал адамды дайындасаныз он болчудай , Ошто _Жалал_Абаддагы айтылган коогалан кан тогууну Бахиевдер ички и тышкы эл аралык душман террористер Кыргызстанда УБ Окмотту кулатып ,Референдумду откорууну узгултукко учуратууну коздоп жасашты! Ошондуктан Кыргыз Элим,! Кандай оор кундордо Кыргыз эли кун кечирип жашоо уланып жатат!” Уруш токтобосода ,тууш койбойт” деген созго маани берип,Конститутцияны Созсуз Референдумду колдоп,Р.Отунбаеваны шайлап албасак Ички и тышкы душмандар баш которо берет!Мыйзамдуу бийлик болсо Россия,АКШ иВеликобритания ж.б.мамлекеттер менен тен ата суйлошулот,Кыргыз мамлекети жаш малекетпиз Парламенттик-презденттик башкарууну да иш жузундо аткарып =жашап коруу керек! Алдын –ала кеебир саясийлидерсоройчулор бакшы –бубулордой козачыктык создорун ,жарабайт деген жомогун укпай(Булар Ниязов,демагог-уйдо баатыр жоодо жок Мадумаров, Оштон качкан мактаган Субанов.Ошондой эле кыргызга кыянатчы информация тараткандар,Абдирасулова,Толойкон Исмаилова Феликс Куловдор–деренвянний =генерал,).Кыр Ашууну артта калтырып алга келечекке умтулуп жашайлы Кыргыз Элим!ЭГемендууулук_Эрктуулуктун тузу шор,аны татсак да кайгы кападан арылалы ,коогаланга кабылдык , Эми белди бекем бууп Референдумга жапырт он жооп,колдоо корсотуп добуш берели ЭЛи журтум! Тынчтык келсин эл-журтубузга! Тынчтык Когучкону консун багыбызга

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск
25.06.2010 18:10
Урматтуу редакция!
Качанкыга чейин бир жактуу болуп келесинер. Суваналиев, Мадумаров, Масалиев жана башкалардын дайынын массалык маалымат каражаттарынан чыгарбай жатасынар. Ушулар дагы кыргыздын кулундары. Эмине, УО алардан ойдобуз деп жатасынарбы?
"Абийириң барда этегинди жап". Кыргыздарда барысы бирдей. Жол тоссон, сенин да жолун тосулат. Ошондуктан "таш урганга аш ур" дейт. Бири биринди сыйлап, этияттап суйлоп иш кылышынар керек да. Силер маданияттуу болсонор, кийинки муун дагы маданияттуу болот.
Дуйно элине уят болбой, тынчтык орноткула. Бизге Кыргызстандын бутундугу керек. Тегерегибизди шакалдар куурчап турганын эсинерден чыгарбагыла.

кимден: bilbeim
25.06.2010 17:10
emne uchun ushul Madumarov Kyrgyzstandyn dushmanyndaj suilojt? karap korsonor Obama menen Medvedev el aralyk koomchuluk jardam berish kerek dese, al olkonun ichki ishi dep ajtyshty dejt. JKKUnun jardamyn da Ubaktyluu okmottuu taanygandyk emes dep jalan teskeri nerselerdi suilop turup alat. azyr yntymak, birdik kerek bolup turgan kezde ushundaj buzukulardy suilotturbogulochu! Kyrgyzstan koopto bolup atsa ozunun taarynychyn oilop ele, bular eptep ketse men kelet elem dep kutup oturat madumarov

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)