Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:47

Эркиндик

Т. Үмөталиева: “Кыргызстанды душман басып алдыбы?”

5-августта “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын митинги тартип коргоо кызматкерли тарабынан таратылган. Айрым укук коргоочулар бул маалда адам укуктары кескин бузулганын ырастууда. “Азаттыктын” суроолоруна укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жооп берди.

Текст көлөмү - +
- Сиз кечээ У.Барктабасовдун тарапкерлерин таркатууда адам укуктары кескин түрдө басмырланды жана ок тийген фактылар да бар деп айтып атасыз.

Токтайым Үмөталиева: Тилекке каршы мен Бишкекте эмес болчум. Бирок сыналгыдан көрүп-билгенимди иликтеп берейин. Кечээ адам укугу аябай тепселенди. Мисалы, жөн гана өткөрүп койсо деле болот эле. Биринчиден, кечээ колдонулган атайын ыкма менин чачымды тике тургузду. Кыргызстанды эмне душман басып алдыбы, же башка өлкөдөн куралдуу күчтөр кирип келдиби? Эмне үчүн элге каршы куралдуу күчтөрдү колдонот?

Өзгөчө сурар нерсем, булар кайдан келген дөбөттөр, алардын функциясы кандай, алар куралдуу күчтөр үчүн колдонгон, же милициянын системасында колдонгон дөбөттөрбү? 7-апрелде ушул дөбөттөрдү бизге кое бергенде мурундун башында кийилген каптамалар менен кое берген. Кечээ болсо элди талатып салганга кандай укугу бар?

Экинчиден, курал жарак боюнча айтып кетейин, кудайга шүгүр автоматтын, пистолеттин, резина октор менен аткан октордун добушун биз жакшы билип калдык. Кечээ элди боевой октор менен атыптыр. Кечээ 3-4 бала телефон чалышты, ал окторду терип алыптыр, барып көрүп келгиле деди.

- Бирок ошол эле маалда кечээ кармалган унаадан да курал чыкканы айтылып атпайбы. Бул боюнча кандай дейсиз, мамлекеттин коопсуздуна шек келтирген жагдай түзүлгөн жокпу?

Токтайым Үмөталиева: Мен өз көзүм менен көргөн нерсеге ишенем. Эгерде курал жаракты кармаган жеринен, балдарды кармап атканда булардын колунан алып атабыз деп көрсөтсө бир жөн эле. Анан жерге жайып койгон курал жаракты кайдан алып келди – аны кудай билет.

Экинчиден, мамлекеттик төңкөрүшкө алып келди деп коюлуп аткан күнөө боюнча, мамлекетибизде Конституциялык талаа барбы, же жокпу? Эгерде мамлекеттүүлүктү сактап атабыз десе, анда декретти жокко чыгарыш керек. Убактылуу өкмөт “жок, бул мамлекеттүү өлкө” дейт. Бул – бандиттердин өлкөсү. Роза айым далилдеп берсин, мамлекеттик Конституция болсо эмне үчүн ал киши декреттерди чыгарып атат?

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нургазы каяктан: москва
08.08.2010 16:36
Бул жерде укук коргоочулардын созуно кошуламын. Карапайым элдин укугу бузулуп жатат, создору жогорудагы озум билем деген бийликтегилерге жетпей жатат. Ал эми Ош окуясындагы укук коргоочулар кыргыз элине каршы чыгып жатат, аларга мен таптакыр кошулбаймын.Канекей укук коргойт экен, ушул карапайым кыргыздардын укугун коргосунчу, королу.

кимден: Bek
08.08.2010 09:08
Токтоайым, сиз чон кудурет менен келгенсиз бул дуйнөгө. Сизди элиңиз сыйлайт. Өткөөл мезгилдин оор жүгүн, каргашалуу күндөрдү элиңиз башынан кечирип жатканда, Эжеге эриш -аркак болуп берет деп ишенебиз.

кимден: Baktybek каяктан: Kytai
07.08.2010 12:04
oooooi,ushu silerge okshogon adamdar koboiduda,siler korgonunordu ushundai kylyp aitsanar,anda siler ukkanynardy aitpai ele koigula,silerdei adamdan tajady Kyrgyzstan.Uiuno baryp bala chakanyzdy karap ele oltura berbeisizbi,Akaev menen Bakiev maalynda emne kylganynyzdy el jakshy bilet,silerge okshogon kyrgyzdyn 3-4 aiymy kuiguizdugo!

кимден: Дуйшон каяктан: Бишкек
06.08.2010 20:11
Т.У.
Мейли октор чыныгы болсун.Бирок кан төгүлгөн жокко. Холостой патрондор жок болсо эмне кылалы? Пайгамбар барына ыраазы дейт.
Андан көрө Роза эже менен тил табышып, өткөн кемчиликтериңизден кечирим сурап барбайсызбы? ""Алдыңа барса аПаңдын кунун кеч"".

кимден: Ашым
06.08.2010 19:43
Токтайым, Деги качан аялдай болуп озгоросуз? Дайыма Эле кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеп журосуз? Акаевинди жакшы Эле колдоп Бердин, берегенин актадын. Бермет жээнинди да аябай коргодун. Эми тынчып, элди дурботконунду койсон боло, кызым!

кимден: Сагын каяктан: Бишкек
06.08.2010 17:19
Токтоайым эженин созуно кошулуу керек. Себеби жакында эле кабыл алган Конституция бир ай отпой иштебей жатат. Биздин Убактылуу окмоттон умутубуз чон эле, Акаевдин же Бакиевдин убагындагыдай болбой жок дегенде эркин курултай откоробуз деп. Эми эмне болду, билбейм. Бакиев акыркы жолу оппозицияга курултай откозобуз дегенде да мындайга жол бербеди эле. Биз алдыга эмес эле, артка жылып жатыптырбыз да?

Онлайн шерине