Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:25

Эл үнү

А.Абдрасулова: Түштүктөгү окуялардын чыгышына көп себеп бар

Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар, Нариман айылында жүргүзүлгөн аскердик операция тууралуу “Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Сиз жана укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова учурда Оштогу кандуу окуяны иликтеп жүргөн экенсиздер. Башаламандык, курал колдонгон жерлерде адам укуктары корголбой калчу эле. Ал жерде адам укуктарына кандай маани берилүүдө?

Азиза Абдрасулова: БУУнун декларациясынын дагы бир багыты куралдуу кагылыштар болгон убакта адам укуктарынын сакталышы зарыл экендигин баса көрсөтөт. Ошондуктан Ош шаарында, Ош облусунда болгон окуялар, куралдуу кагылыштар убагында адам укуктарынын сакталышы боюнча байкоо жүргүзүп, зарыл учурларда аларга түздөн-түз жардам көрсөтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө адам укуктарынын дээрлик бардык көрсөтмөлөрү, жашоого болгон укуктары, кол тийбестик жана башкалардын баары бузулду деп айтсак болот.

- Сиздер Оштогу окуяны иликтөөдө улут аралык араздашуунун чыгышына эмне себептер болгонун аныктай алдыңыздарбы?

Азиза Абдрасулова: Биз бул боюнча кенен маалымат беребиз. Бирок өтө көп себептери бар. Бул жерде эң биринчи социалдык-экономикалык жагдайга келгенде маани берилген эмес. Бир гана 90-жылдан берки эмес, 90-жылга чейинки да жарандардын абалдары боюнча таптакыр маани берилген эмес. Биз да бир жыйынтыкка келдик, жарандардын социалдык-экономикалык абалы жакшырмайынча мындай кагылыштар боло бериши мүмкүн. Мамлекет эң биринчи кедейлерге колдон келишинче жардам бериш керек. Мамлекет ошого көңүл бөлүш керек.

Экинчиси, саясий себептер. Саясий себептер бул жерде абдан чоң ролду ойноп, түрткү берген. Бул маалымат таркатуу боюнча өзүнчө себеп болду. 10-11-июндагы окуялар, май айындагы окуялар кийинки шылтоо болуп калды. Себептери өтө терең болуп атат.

- Айрым маалыматтарда бул жаңжалдын чыгышына мурдатан даярдыктар көрүлгөнү, үчүнчү күчтөр бардыгы айтылууда. Аны кайсы тарап уюштуруп, баштаганын тактай алдыңыздарбы?

Азиза Абдрасулова: Биз тергөөчү эмеспиз, биз бүгүнкү күндө тигил, же бул күч деп айткандан алыспыз. Бирок алдын ала даярдыктар болгонуна биздин көзүбүз жетти, бизде толук фактылар бар. Ошондуктан албетте бул бир күндүн ичинде эле кокусунан чыга калган нерсе эмес. Мисалы, бир нерсени айтсак, алдын ала даярдалган КАМАЗдар болгон, алдын ала жигиттердин үстүндө кара футболкалар, же кызыл баш кийим пайда болуп калган. Ушундай нерселерди иликтей келгенде бул алдын ала даярдалып, өтө көп каржыланган. Буга биздин көзүбүз жетти.

- Брондолгон унаалар кайсы айылдан табылып отурат?

Азиза Абдрасулова: Аны укук коргоо органдары берсин. Бирок брондолгон КАМАЗдарды өз көзүбүз менен көрдүк, жетишээрлик далилденген фактылар бар.

- Ал эми дүйнөлүк ММКларында күч органдары Нариман, Калинин айылдарында тазалоодо тынч атуулдарга зомбулук кылганы айтылууда. Анын чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

Азиза Абдрасулова: Нариман айылында чындыгында эле күч колдонуулар болду. Себеби Нариман айылына Кара-Суу районунун милиция кызматкерлери киргизилген. Албетте мен Кара-Суу районунун милиция кызматкерлерин түшүнөм, балким алардын ордуна башка адам болгондо ушундай мамиле кылышы мүмкүн эле. Себеби Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси кандай мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн баары билет. Ошол айылда өлтүрүлгөн. Анын кол алдында иштеген кызматкерлери кандай мамиле кылыш керек болчу?

Ушундай операцияларды жасаганда кылдат мамиле кылуу жетекчилердин иши деп ойлойм. Милиция кызматкерлери бүгүн психологиялык жактан жаракат алып, алар да кан кечип жүрөт. Алар ушундай оор убактарда октун алдына кирип атат. Ошондуктан милиция кызматкерлеринин психологиялык жактарын карап, Кара-Суунун гана эмес, башка жактын милицияларын киргизсе деле болмок. Албетте Кара-Суунун милиция кызматкерлери Нариман айылына киргенде өзүнүн жетекчиси кандай өлгөнү көз алдында турду да.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: KG каяктан: KG
02.07.2010 14:19
''В свою очередь, правозащитница Азиза Абдрасулова считает, что песня узбекской певицы не должна вызывать недовольства или возмущения, поскольку «творческие персоны как-то по-своему реагируют на события». «Эту песню, мне кажется, Усманова написала по зову сердца, от боли в душе к своему народу», - говорит Абдрасулова''. Фергана.ру
Абдрасулова кыргыздарга каршы суйлогон создорунон тажадым. Ушул аял укук коргоочу болбой эле койсо болмок. Муну качан жоопко тартасынар?



кимден: Акыйкат каяктан: Нарын
26.06.2010 19:09
Бул укук кордоочулар Азиза Толокан дагы бирообар тултуйган-Токтайым элди дурболонго салып буттунор.Гранттарды алсанар жон албайсынарбы мекенди сатпай.Колунардан эчтеке келбей региондогу НПОлордун атынан грант алып ,каякка жумшаарын билишпей ,элди дурботуп жатасынар уятсыздар.

кимден: Ратмир каяктан: Кыргызстан
24.06.2010 15:31
Укук коргоочу эмес эле кордоочу экенсинер силер. Экооно кошуп, карасантай Жылдыз Жолдошева 3но тарых таразасын берет. Силер кыргыздын душманысынар. Силерге ким акча берип, жумшаса ошол жакка кете бересинер. Андай эле укук коргоочу экенсинер, ок жеп олгон кыргыз жаштарынын, мыкаачылык менен олгон кыргыз аялдарынын укугун коргобойсунар. Силер манкурт кейпин кийген, мекенчилдик, улуттук кызыкчылык деген тушунуктордон ажыраган адамдарсынар, укук коргоочу деген калыс карайт. Милициялардан, аскерлерден айланып кеткирлер. РS. Модератор созсуз чыгарышынарды отуном.

кимден: Нурбек
24.06.2010 11:57
Сизге, урматтуу Азиза эже жана Толейканга экоонорго кыргыз эли бир куну озунун баасын берет. ал кандай баа-учурунда коро жатарбыз, бирок коп элдин конулун оорутуп жатасынар. Азаттак, отунуч ушуну чыгарып койгула

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
24.06.2010 10:21
Ушул укук коргогон адамдар жаман күйгүздү да. Бул саптар мына силерге окшогон кыргыз үчүн күйүмүш болуп, кожоюндарына жагынган адамдарга арналса керек:
Агайынды жаман деп,
Тууганды кайдан табасын.
Аргымакты жаман деп,
Бууданды кайдан табасын.

Кыргызым кыйналып турганда, силердин ар бир айткан сөзүңөр көкүрөккө канжардай матырылууда. Силер кыргызга ДУШМАН болуудасыңар. Укук коргоочу деген тең карайт. Эмне кырылган кыргыздын өз жеринде укугу бузулган жокпу?! Эмне зордукталып, айбанча союлган, мүчөлөнгөн кыргыз кыздардын укугу бузулган жокпу?! Же алардын укугун коргоого акча төлөнүш керек беле силерге? Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой өлөт деген сөз бар кыргызымда. Айтылган сөз, атылган окко тете. Силер Төлөйкан экөөңөр ФЕРГАНА. РУга берген маегиңер үчүн эле соттолушуңар керек!!!

кимден: Potryot каяктан: Kyrgyzstan
23.06.2010 22:10
Азиза Эже Сиз укук борбору деп кайсы элдин укугун коргоп журосуз? Эч тушунбойм. Нооката баш аламан кылгандарды актап чыгарыдынар. УККомитети Джалабата,Озгондо откон жылдарда боевиктерге спецоперация откоргондо мынча боевик олду деп каршы чыкансыс Бишкктеги курултайда ушул бойунча чыгып суйлогонсуз. Ошондой кыйын болсонуз Фергана обласында Кыргыздардын турмушу менен танышып ошол Кыргыз эли менен суйлошуп корсонуз. Дуйнолук СМИ Кыргыыз элин жамандап жазып жатышат, ага каршы созсуйлогон эчким жок .Кичине болсо дагы ОБЕКТИВНЫЙ болбойсунарбы КЫРГЫЗСАНДЫН укук коргочулары.

кимден: Толкунбай каяктан: Москва
23.06.2010 22:03
Ии айланайын укук коргоочу сөрөйлөр,обстановканы силерге окшоштор накалять этип жатышат.Силерди элдин бүйүрүн кызыткан сөздөрүнөр үчүн жоопко тартыш керек.Дагы маалымат бар деп коёот.Озбектер андай болду мындай болду деп ачык эле айтып ал эми кыргызга келгенде эмне тилинерди жутуп алдынарбы.Урдум силерге окшогон укук коргоочуларды.Канча кыргыз кыз зордукталганын олтурулгонун укпадынарбы же. Ээ милийсадан айланып кеткирлер.Алар омуру учун коркунуч туулса да кызмат кылышып журушот байкуштар. Ушуларды корбосонор каза болгондордун арбагы урат!!!!

кимден: БОРООН каяктан: ЭЛ-ЖУРТ
23.06.2010 21:43
""По улицам до сих пор продолжают ездить молодые люди в каких-то весьма своеобразных повязках, как правило, в состоянии возбуждения от алкоголя и наркотиков, стреляют туда и сюда, убивают людей. Меня поразило то, что была такая ситуация, когда просто раненых добивали и сжигали "скорые помощи", которые ехали для поддержки людей, просто не давали оказать медицинскую помощь. Это показывает степень наэлектризованности, показывает вот это напряжение, которое существует в обществе", - цитирует Медведева РИА Новости.
В то же время, подчеркнул президент, "это не значит, что ситуация не лечится, но очевидно, что здесь нужно руководству Киргизии проявлять и мудрость, и такт, и внимание, стараться общаться с руководителями соответствующих диаспор, общин, делать так, чтобы они находились в постоянном диалоге, но в некоторых случаях и применять силу, конечно, потому что без полицейской функции государство не может существовать".
Бул Россия президентинин Ош 10-17 апрелдердеги коогаланга берген саясий басы жана сунушу- « потому что без полицейской функции государство не может существовать".Ал эми чет элдин куш жемине кекиртегинен илинген Толойкан,Азиза деген айымдар кун карама болушуп «Бут ааламга»айрыкча Фергана ру.сайт –агенттигине,с.Нариманда 20 адамды милиция и армия кырып салды деп бир жакту у маалымат таркатышты,булбери дегенде жалган маалымат ушак кылмыш катары бааланат.Айхайлашып Кыргыз кыз-уландарынын студенттердин ,укугу кылмыштууулук менен бузулуп,зордук –зомбулукка эн биринчилерден кабылганын,андан сон экинчи тарап жооп иретинде зомбулукка барганын айтышпай тымпыйып олтурушат(Май уурдагандай-мыйоолошуп),Бул айымдарга озгочо кырдаал мезгилинде «Ложная Информация» таркатканы учун жоопкерчилиги каралсын деп ОШ обл коменданты Генерал Алымбековго Б суранат элек! Д.Медведев айткандай Куралчан бузуку=улутчулдар ,Нариман айлын да заложник сымал кармап курал жарак менен Жолдон жургунчу Элди атса Жестко Полицейский ыкма курал-куч менен баспаса,Укук кОргоочулар момпосуй бергиле дегендей сунушу адамгерчиликке жатпайт! Жалпы Кыргызстандын калкына Тынчтык _кутмандык Тезиреек орношуна аракет и тилек кылалы мекендештер!


кимден: патриот каяктан: ош
23.06.2010 21:31
молодца,АЗИЗА...только ты написала правду,дай АЛЛАХ тебя здоровья...

кимден: известняк каяктан: россия
23.06.2010 20:48
Жогоруда айтылган ойлорго толугу менен кошулам Пикирлештеримдин суроосун кайталагым келбейт.Айымдын суроолоруна жооп беришинизди талап кылам Азиза эже.Башканы койуп сиздердики отуп кетти ар туруп бирди айтасынар бир туруп башканы суйлойсунор .Алгач 9 апрельде Тейит айылына барып Бакиев менен жолукканынардагы созунордон кийин эле тунулгом.Эн окунучтуусу сидердин берген маалыматынарга таянып Фергана ру Россиянын СМилери бир жактуу маалыматтарды таратып жиберди Озунорду коргозгунор келсе абайлап суйлош керек болчу .Нариман айылы тууралуу айткан создорунор ачыктан ачык провакация кимге каршы экенин эл тушунуп калды го албетте кыргыз менен озбекке каршы ачыктан ачык провакация жургуздунор .Коменданттык .Озгочо кырдаал киргизилген аймакта жобого ылайык курал колдонулсун дген буйрук бар .Албетте каршылык корсоткондорго мен ишенип турам озбектер каршылык корсоткон.Буйрук махалани тазалоо болгондон кийин ал жэрде куралданган бандинттер бар болчу ал эми аларга курал менен гана жооп болмок бул деген согуштун мыйзамы.Азиза эже сиз тээ 2000 2005 жылдары реалдуу укук коргоочу элениз азыр ал сапатыныздын бири да жок.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу