Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Сот жараяны: апрель окуясы боюнча айыптар угузулду


Айыпталуучулар сот залында, 22-ноябрь.
Айыпталуучулар сот залында, 22-ноябрь.

7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүдө 24-ноябрда мамлекеттик айыптоо соттолуучуларга тагылган айыптар менен тааныштырууну аяктады.

Бирок бул окуя боюнча айыпталып жаткан атайын даярдыктагы “Альфа” жана мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” топторунун кызматкерлери тагылган айыптар менен макул эместигин билдиришти.

Кандуу буулоондун башында кимдер турушкан?

Сот жараянында мамлекеттик айыптоочулар мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаевди, штаб башчысы Данияр Дунгановду жана “Альфанын” командири Алмазбек Жолдошалиевди көзгө атарлар тобун жетектеп, көрсөтмө берип турушкан деп айыпташты. Тергөөдө алардын Жаныбек Бакиевдин жалпы жетекчилиги астында радио байланыш аркылуу демонстранттарга каршы курал колдонууга буйрук берген учурлары аныкталгандыгы айтылды.
Жаныбек Бакиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы, Жалал-Абаддын Тейит айылы, 2010-жылдын 12-апрели.

Бирок Данияр Дунгановдун атасы Асангазы Дунганов уулунун жапырт адам өлтүрүүгө катышы бар дегенге ишенбейт:

- Жок дегенде качып кетишкен Бакиевдердин бирөөнү кармап алышып анан сурашпайбы. Бардыгын көз көрүнө качырып жиберишти да, менин уулума окшогон аскердик милдетин аткарып жүргөн балдарды кармашып, “садага” чапкылары бар. Ушу кантип болсун. Мен уулумдун таза экендигине ишенем. Эгерде ал чын эле күнөөсүз адамдарды аткан болсо, мен мына бул өз колум менен алып келип каматмакмын. Жок мен ишенбейм. Анын абийири таза. Акыйкаттык болсо аны чыгарышаар.

Кызыл жаян кыргын, кыркылган кырчын өмүрлөр

7-апрель күнү бардыгы болуп 77 адамдын өкмөт үйүнүн айланасында окко учкандыгы аныкталган. Алардын ичинен 26сы башына, 32си көкүрөгүнө, 9 адам курсагына жана дагы 10 адам жамбашына алган жарааттардын натыйжасында кийинчерээк мерт болгон. Мындан сырткары 306 адам ок атуучу куралдан жарадар болушкан. Мамлекеттик айыптоо көзгө атарлар Акүйдүн үстүндө, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш тарабында жайгашып алып, куралсыз адамдарды мээлеп атышкандыгын белгиледи. Мындан сырткары аларга элге каршы саясат жүргүзгөн бийликти аягына чейин коргогон деген айып койулду.
7-апрелдеги кандуу булоон.

Бирок “Альфанын” мурдагы кызматкери Канат Кадыров бардык айыптоону четке какты:

- Менин уюлдук байланышка алтымыш тыйын ашыкча кошулганына, электр энергиясынын кымбаттаганына кандай тиешем бар? Мен ушуга түшүнгөн жокмун. Ал күнү кадимки аскердик милдетимди аткарып күзөттө тургамын. Мен эч кимди аткан эмесмин. Койулган айыпты мойнума албайм.

Тергөөдө Акүйдүн үстүндөгү аткычтар тобунун автомат, гранатомет, жана көзгө атаар мылтыктар менен куралданышкандыгы аныкталган. Ошондой эле алар куралдарын өз эркинче таштап кетишкендиктен, аларга аскер жабдууларын жоготкондугу боюнча да айып койулду. Айыпталып жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын жана “Альфанын” бардык кызматкерлери айыптоо токтомундагы айрым жагдайларга түшүнбөгөндүгүн айтышып, тагылган айыптарды моюнга алган жок.

7-апрелде уулу окко учкан Нурия Айдобосунова айыпкерлер ал күнү элге каршы ок чыгарбаганын далилдеп берүүсүн талап кылды:
7-апрелдеги кандуу булоон

- Булардын тикелей милдети сырткы душмандар менен, жанакы террористтер менен күрөшүп, элди коргош. Ак үйдүн алдына барып, бийликке каршылыгын айтып чыккан элди атыш эмес. Ошол күнү эртеден кечке Акүйдүн үстүнө курал-жарактары менен чыгып, олтуруп алышып булар эмне менен алектенишкен? Ушул суроого жооп бере албай жатпайбы. Алар чындыгында эле элге каршы ок чыгарбаган болсо, ошонусун далилдеп берсин. Биз жөн эле күнөөсүз адамдардын түрмөгө кесилишин каалабайбыз.

Мындан сырткары айыпталып жаткан аскер кызматкерлери тергеп-иликтөө иштери мыйзамды бузуу менен жүргүзүлгөнүн айтып, соттук териштирүү учурунда окуянын чыныгы жүрүшү кандай болгонун ачык айтып берүүнү убада кылышты.

XS
SM
MD
LG