Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Сот иши жылганына нааразы болгондор митингге чыкты


Апрель окуясы боюнча сот учурунан, 17-ноябрь.
Апрель окуясы боюнча сот учурунан, 17-ноябрь.

7-апрель окуясы боюнча айыпталгандардын соту жылдырылышына нааразы болгон жабырлануучулар эски аянтта митингге чыкты.

Бүгүн эртең менен уланган апрель окуясы боюнча сот ишинде айыпталуучулардын адвокаттары коопсуздугун камсыздап берүү өтүнүчү менен сотко кайрылды. Он беш адвокаттын колу коюлган өтүнүч менен сот таанышып чыккан соң, апрель окуясы боюнча сот кийинки дүйшөмбүдө уланары жарыя кылынды. Бул жабырлануучулардын нааразылыгын туудурду.

Андан соң апрель окуясынын 50-60 чакты жабырлануучусу эски аянтка чогулуп, нааразылык акциясын башташты. Алар вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун чыгып, жолугушун талап кылышууда. Акциянын катышуучулары апрель окуясында курман болгондордун сүрөттөрүн жана сот акыйкаттыгын талап кылган чакырыктар жазылган плакаттарды кармап турушат. Акциянын катышуучулары менен президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев чыгып жолугушту. Ал А. Бекназаров жабырлануучулардын өкүлдөрүн кабыл алууга даяр экенин, ошондуктан, он беш киши өкүл катары Өкмөт үйүнө кирүүсү зарылдыгын айтты. Т. Тургуналиевдин түшүндүргөнү боюнча А. Бекназаров чыгып, акциянын катышуучулары менен жолукса, коомчулук тарабынан бул аткаруу бийлиги сот жараянына кийлигишкен катары кабыл алынышы ыктымал. Ушул тапта жабырлануучулар өкмөткө кире турган өкүлдөрүн дайындап жатышат.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү кечээ Бишкектеги спорт сарайында башталган. Сот жүрүшүндө айыпталуучулардын адвокаттары кылмыш иши менен толук таанышуу үчүн сотту 40 күнгө жылдырууну өтүнүшкөн жана сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшөрүн билдиришкен. Буга нааразыланган жабырлануучулардын чатагын милиция токтоткон болчу.

7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп 28 киши айыпталууда. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган алты жогорку кызматкер эл аралык издөөдө.

XS
SM
MD
LG