Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Жаштар Ивар Даленин кайтып келүүсүнө кызыкдар


Кыргызстандагы жаштар уюмдары Норвегиялык укук коргоочу Ивар Далени Кыргызстанга киргизбөө чечимин жокко чыгарууну көздөөдө.

Ивар Дале 2006-жылы Бишкекте Норвегиянын Хельсинки комитетинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн ачуу үчүн келген. Өкүлчүлүктүн кеңсесин Адилет министрлигинен каттоодон өткөрүү түйшүгү менен жүргөн Ивар Далени укук коргоо органдары “Кыргызстанда уруксаты жок иш жүргүзгөн” деген кине менен өткөн жылдын октябрь айында өлкөдөн чыгарып, 10 жыл бою Кыргызстанга кирүүгө тыюу салган.

“Мен ишенбейм” жаштар кыймылынын мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, Хельсинки комитети адам укуктары боюнча абройлуу ири уюм болуп саналат. Ал Кыргызстандагы Аксы окуясы, 2005-жылкы окуялар, андагы адам укуктарынын бузулушу тууралуу көз карашын билдирип келген. Ивар Далени өлкөгө киргизбей коюнун артында ошол чындыкты сүйлөгөн комитеттин өкүлчүлүгүн Кыргызстанда ачтырбоо максаты турган:
Гүлшайыр Абдирасулова, жаш укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотуу талабын койгон акция учурунда. Бишкек, Ак үй, 13-ноябрь, 2007

-Ивар Дале сот аркылуу өзүнүн чындыгын, документи туура экендигин далилдеген. Виталий Понамарев болсо, Ноокат окуясынан кийин Москвада пресс конференцияда Кыргызстандын проблемасын көтөрүп, бул жерге келем дегенде аны да киргизбей коюшкан. Менин оюмча биздин бийликтегилер өздөрүнүн күнөөсүн сезгендиктен, ошол проблемалардын чыгышына салымдары бар үчүн коркуп , буларды оолактатып жатат.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун пикиринде, чет элдик жарандарды укук коргоо органдары эч себеби жок өлкөдөн чыгарып сала албайт. Эгер чет элдик жаран атуулдук алам дейби же убактылуу жүрөбү, кандай жагдайда жүрсө да анын аракети Кыргызстандын мыйзамдарына туура келсе аны эч ким куубайт. Эгер укук коргоочу Кыргызстандан чыгарылып салынса, ал сөзсүз мыйзам чегинде жасалган иш болушу керек:
ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов

-Укук коргоочу, журналист, бизнесмен болобу алардын документтери мыйзамдуу түрдө Кыргызстанда жашаганга мүмкүнчүлүк берсе жашай берет. А эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо албетте чыгарылат. Ал эми Ивар Даленин сотто жеңсе да чыгарып жиберди деген маселени такташ керек. Балким анын Кыргызстанга келүү укугу жоктур, ошону караш керек. Биз соттун чечими кандай болсо ошого жараша иш кылабыз.

Жаштар бир жыл бою укук коргоочуга карата жасалган туура эмес мамиле кайра көтөрүлүп, каралат деген үмүт менен келишкендигин айтат Гүлшайыр Абдирасулова. Буга чейин бийликке бул маселе боюнча жергиликтүү укук коргоочулар, эл аралык уюмдар кайрылып, эч кандай жооп ала албай келди. Бүгүнкү күндө көчөгө чыгып акция өткөрүүгө же сот аркылуу чындыкты далилдөөгө жаштардын мүмкүнчүлүгү чектелип калгандыктан, кол топтоо – бул дагы бир үмүт экендигин белгилейт жаш активист:

- Биздин бийликтегилер кайрылууну жөн калтырбай жооп берсе дейбиз. Биздин бийликтегилер ар түрдүү көз карашты айтышат. Мисалы буларды Батыштын таасирин күчөтүп, төңкөрүш жасап жиберишет деп кооптонушат. Бирок мен айтып кетким келет, Кыргызстандагы адам укуктарынын жаатындагы белгилүү деңгээлдеги бүгүнкү жетишкендиктер –эл аралык уюмдардын салымы менен жасалган.

Ивар Дале Кырыгзстанга кирүүгө тыюу салынган жалгыз укук коргоочу эмес. Анын катарында чет элдик талдоочулар Виталий Пономарев менен Евген Глибовицкий да бар.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG