Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:24

Саясат

Ынтымак курултайы өттү, өкүлдөр эми өкмөткө барышат

Эки күнгө созулган Ынтымак курултайында 24-мартта жыйынтык чечимдер кабыл алынды. Кыргызстанга “кеңешме демократиясы” ылайык келерин ырастаган президент К.Бакиев курултай катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөп, тышкы саясат, коррупцияга каршы күрөш, саясий куугунтуктар боюнча өз позициясын билдирди.

Текст көлөмү - +
Курултайдын экинчи күнүндө улуттук ынтымак, жердешчилик, уруучулукка каршы туруу, тариф саясаты тууралуу арбын кеп болду.

Жол, суу,токой жана башкалар

Курултайдын экинчи күнүндө көбүнесе айыл-айылдардагы таза суу, көпүрө, мектеп, сугат проблемалары жайында арбын кеп болду. Жыйында чыгып сүйлөгөн 2005-жылкы бийлик алмашуусунун актвидүү катышуучуларынын бири Үсөн Сыдыков мамлекет башчысына төрт маселени, жерди ысырап пайдаланууну токтотуу, Көлдүн тазалыгын сактоо, өлкөнүн түштүгүндөгү кайталангыс жаңак токойлорун сактоо боюнча чечкиндүү иш чараларды көрүүсүн сунуштады. Төртүнчү маселе катары ал саясий куугунтукка туш келген 2005-жылы К.Бакиев менен үзөңгүлөш жүргөндөрдүн башын азаттыкка чыгаруу маселесин койду.

- Мына Исмаил Исаков жөнүндө сүйлөштүк. Сиз жакшы ойдосуз. Менин оюмча, ошол оюңузду ишке ашырасыз. Калган-калган балдардын да келечеги. Ошолордун да келечеги боюнча сиз мамлекеттин башчысы катары кичинекей бир кененчилик кылышыңыз керек.

И.Исаков менен жекече мамилесине курултай соңунда чыгып сүйлөгөн президент К.Бакиев да токтолуп, ортодогу салкын-суз мамиленин чоо-жайын момундайча түшүндүрдү.

- Бир кеңешмеде отурганда мен бир кичинекей сындап койдум. Ушуну туура эмес кылдыңыз деп. Өзүнүн кесиптештеринин алдында, аппараттык кеңешмеде. Бөлүм башчыларынын көзүнчө. Ошону көтөрө албай эшикти тарс жаап чыгып кетип калды. Түшүнбөй деле калдым. “Ой, мине болду, Исмаил Исакович, сүйлөшөйүн”, десем жок. “Ой, келчи, айланайын, сүйлөшөйүн, эмнеге сен таарындың?” Эми мен мамлекет башчысы катары өзүмдүн кол алдымдагы кызматкерлеримди сындай албаймбы? Же кетирген кемчилигимди айта албасам анда кандай мен президентмин. Ошого чыдабай, бир ооз сөзгө чыдабай эшикти тарс жаап чыгып кетип калды. Андан кийин угуп атам, иш козголгон экен, тигиндей-мындай.

И.Исаков президент К.Бакиевдин ички жана тышкы саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңеш катчысынын кызматынан баш тарткан. Андай кадамга баруусун ал өзү энергетикалык тармактагы абалды текшерүүгө алышына байланыштырып, тармакты сызга отургузуунун ички механизмдерин иликтеп чыгуу аракети кимдир бирөөлөргө жакпай калганын айтып келатат.

О, Орусия, Орусия...

Ынтымак курултайынын соңунда президент К.Бакиев Кыргызстандын тышкы саясатына да токтолду. Анын айтуусунда, мындан ары кайсы бир өлкөгө өзгөчө жан тартып, экинчи бирөөсүнүн алдында чөгөлөөнүн кажаты жок. Мамлекет башчысы киийнки кездери орусиялык айрым маалымдоо каражаттары бул жердеги жагдайды кыйла эле бир жактуу чагылдырып жатышканын белгиледи.

- Мына кечээ жакында эле Росссиянын массалык маалымат каражаттарына чыгып атыптыр тиги Бишкекте миңдеген кишилер көчөгө чыкты. Ушундай, бийлик эч кандай аракети жок. Демек, ошол эле биз менен Кыргызстан менен Россиянын ортосунда абдан жакшы алакабыз бар. Бирок ошол эле Россияда ошондой саясатчылар бар экен да. Ортого от койгонго аракет кылгандар.

Курултайда улуттук ынтымак, элди уруу-урууга бөлүү, улуттун ичара ажырымын күчөтүүгө каршы туруу жайында арбын кеп болду. Жалал-Абад облусунун Аксы аймагынан келген өкүл Исак Парпиев жаамы журт жалгыз журт башчысынын саясатын колдошу керектигине басым жасап, сүйлөй турган сөзүн ырга тизип айтты.

- Элдин келет колунан, эркелетип эр багыш. Эрдин эри болсо да эң кыйын иш эл багыш, дейт. Муну дагы ойго алып коелу.

Ынтымак курултайында Кыргызстанда демократиялык жаңылануулардан натыйжа чыкпаганы, өлкө өзүнүн тарыхый жолунда иштеп чыккан каада-салттарга таянышы керектиги, “кеңешме демократиясын” кайтарып алуу, “Манас” эпосун барктоо, улуттук тилди кадырлоо жайында да сөз болду. Буга чейинки шайлоо институтунун кадыр-баркы биротоло жоголгонун президент К.Бакиев да белгилеп, өлкө үчүн “кеңешме демократиясы” ылайыктуу болордугун белгиледи.

Ынтымак курултайында коомчулук арасында өзгөчө чоң талаш-тартыштарды жараткан конституциялык өзгөрүүлөр жөнүндө кеп болгон жок. Жер-жерлерден келген өкүлдөрдүн көбү электр акысын көтөрүү тууралуу өкмөттүн токтомун колдой тургандыгын, тек жардам катары берилчү акчанын кечигип жатканы көп айтылды. Өкүлдөрдүн жекече өтүнүч, сунуштарын өкмөт башчысы, министрлер 25-март күнү кабыл алып, иштеген жерлеринде угушарын билдиришти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Асанкайгы каяктан: Москва
25.03.2010 18:16
Мен сүйүктүү мекенимде болуп болуп жаткан баардык маалымат менен дайым таанышып турам,ичим өрттөнүп кайгырам,элиме боорум ооруп кабыргам кайышат.Жыргал жашоодон келген эмесмин.Он жылдан ашты орустардын ордо шаарында жашаганыма,бирок бир да жолу өз пикиримди айтып, Азаттык аркылуу жөнөтө элек болчумун.Бүгүн минтип жөнөтүүгө аргасыз болуп отурам,себеби орусча сайтты ачсам "proza ru"деген,бир макала чыгыптыр, Табышмак аттуу,окуп алып оозум ачылып калды.Курултай мурултай деп элдин жонунан калпеле сыламыш эткени менен бул бийликтин жүзү өтө коркунучтуу тура.Кыргыздарды ким башкарып, бийлик кимдин колунда деги.Ушундай да президент болобу? Жакамды кармадым,тобоо. Мен ушул Садыркуловдун өлүмүнө толук деле түшүнбөй, обычный эле автокырсык деген ойдо болуп калгам.Көрсө, иттин өлүгү кайда көмүлүп жатканына эми түшүнбөдүмбү. Коментарий бербей эле коеюн,каалагандар өздөрү окушаар,эмне деген заманга туш болгонбуз деги,ал киши Бакиевдин оң колу болуп жүрдү эле го,чын эле төбө чач тик тургудай окуя болгон экен да көрсө.Көрүнүп эле турат,маектешкен автору Садыркуловдун эң жакын адамы экени,ошол Асыран деген журналист алыстап кеткен экен өзүнүн айтымында,абдан туура кылат, акылдуулук кылыптыр.Буга чейин өтө көп сөздөр айтылган эле,кыңыр иш кырк жылда,кан кое бербейт деген сыяктуу, вот пожалуста,страшно,очень страшно... Мындай нерсенин түбү жакшылык менен бүтпөйт,көрөсүңөр !

кимден: Адилет каяктан: Москва
25.03.2010 16:46
Москва жашап эмгектенип жаткан Ала-Тоолуктар!
Бүгүнкү кара булуттарды асмандан тазалоо биздин милдеттерибиздин бирине айланды жана биз буга аябай муктажбыз. Ата журттагы абалды эң жакшы билип турасыздар, чечкиндүү кадам жасоо мезгили келип жетти. Биз эмгектары өлкөбүздүн экономикасында маанилүү ролду ойнойбуз, азыркы мезгилде бийлик биздин чөнтөгүбүздү гана карап калды. Жиберген акчаларыбыз ар кандай салыктарга, коммуналдык кызматтарга, электр тогуна жылуулукка төлөмдөрүнө кете баштады.
Москвада иштеп жүргөн мекендештер, кыргызстандын келечеги үчүн кайдыгер карабайлы, биригейли жана бир күн оюбузду ачык айтып чыгалы. Ой пикириңерди сунушуңарды adiletke@mail.ru адресине жибериңиздер. Көп түкүрсө көл болот, көп ыйласа сел болот...

кимден: Кайратбек каяктан: Чымкент
25.03.2010 16:19
Ишенген кожоң сууга акса алды алдына тал карма-_ деген ушул да. Бакиев ушинтип жаш баланын сөзүн сүйлөп турса кайдагы чынчылдык калган катышуучулар баягы эле дүжүрлөр. Башка айта турган сөз жок буларга.

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
25.03.2010 15:34
К.Бакиевдин айтуусу б-ча, Исаковго сын пикир айтса ал таарынып чыгып кеткен экен. Эшикти тарс жааптыр. Анан эле кийин укса ага иш козголгон тура. Муну кандай түшүнсө болот. Бакиевдин эшиги катуу жабылып калса эле адам соттолуп кетет экен да. Экинчиден ал макул сын айткан экен. мамлекет башчы катары сын айткан имиш. Анан кайра ал таарынып калса келчи сүйлөшөлү, айланайын дептир... Демек ошол күнү сүйлөшүп койгондо Исаков соттолбой калмак экен да. Демек, кандай ката кылып, мамлекетке миллиондогон чыгым алып келгенин көрүп турса да, эшигин тарс жаппай койгон адам, кайра келип Бакиев менен сүйлөшүп койгон адам соттолбой калат экен да. Мамлекет башчы мамлекеттин ишин ушинтип чечеби? Короодогу коюн берип аткансып....Үчүнчүдөн, өлкөнүн бакандай адамы соттолуп жатса, кандай эле бул Бакиев ошол жерде туруп укпай калып анан кийин угуп калат? 5 миллиард эли бардан бешбетер. Кыскасы бул Бакиев оңдуураак шылтоо да таба албайт. Келесоонун, 2-класс баланын шылттоо тапканындай сүйлөйт.

кимден: diplomat каяктан: Bishkek
25.03.2010 14:38
Жалпыбызга тийиштүү бир жаман сапат бар, кандай иш болбосун мамлекетибизде, биз ал иштин жаман жагын издеп турабыз. Делегаттардын арасынан абдан курч жана маанилүү болуп жаткан маселелерди ачык айкын эле президентке айтып жаткандарды бардык кыргызстандыктар укту деп ойлоймун, мисалы Данияр Толтогуловичке өзүнө кызматтан кетүүнү сунуштаган аксаклдын сөзүн угуп, ошондой ойлорун ачык айткан аксаклдарыбыздын бар экендиги үчүн сыймыктандым. Азиза Абдрасулова Ноокат, Өзгөндө болгон окуялар тууралуу оюну так жана даамай билдирип президенттин колуна далилдөөчү документтерин тапшырганы да ачыктыктын далили болот. Мындай ачык сын-пикирлер аз болгон жок урматтуу жердештер. Ошон үчүн ар дайым эле жаман, болбойт, кошомат дегендин ордуна, ар бир маселени обьективтүү карасаңар урматтуу коментарии берип жаткандар. Бул курултай чын эле бир нерсени чечет дегенден мен таптакыр алысмын, бул курултай эч нерсени чече албагандыгы тууралуу бары абдан жакшы билет. Аман бололу, келечек жалпыбыздын аз-сезимбизге жана аракетибизге жараша болот. Эл башчылары эл арасынан гана чыгат.

кимден: Самат каяктан: Ата-Мекен
25.03.2010 13:24
Курултайга келгендердин бирөө да бычакка саптуу пикир айта алган жок, чиркиниң кургурдуку. Келгендердин баары тең ооздорун "туптуура" деген сөз менен майлап алышкан экен, аттиң! Ой, жок дегенде, президенттин 2005-жылдагы "туугандарымды бийлике алып келбейм" деген сөзүнө каршы пикир айтышпайбы!, жооок, дүжүр чалдар аны айта алышпайт, анткени, алардын ички сезиминде саясий жана интелектуалдуу күчтүү эрк деген түшүнүк чирип кетип, күнүмдүк жашоого кул болуп калышкан.
Эмнеси болсо да президент аябай буулугуп калган экен, отурган аксакал, көксакалдарга алымсабак айтты. Өзү деле айтпадыбы "буулугуп" калыпмын деп.

кимден: kontaaji каяктан: bishkek
25.03.2010 10:27
Kechee kurultayga koz saldim.Bul Bakievdi ukkan kishi ishenchudoy ele kilip aytat eken .Tili buuday kuuruyt ele eken.Daniyardi ukkanda kichine ishene algan jokmun. nalogdor ech kanday ozgorgon jok deyt , anda emne bizdin budjet ozunon ozu ele osup atabi?bul jalgan bolup kaldi.Oshoncho alis jerden elinin talamin talashamin dep kelgender , prezidenttin astina kelgende chekcheyip turup berishpedibi.Kachan bir chindikty betke ayta ala turgan kunubuz bolot eken.En jaman jeri maanisi jok problemalardi talkuulagan adamdar boldu, ani al turgay bakiev da ukkusu kelgen jok.bizdin jashoo bir kunduk beker tama ash menen ele butup kalbayt da, biylik uyushrugan tamakty jep alip, bishkektegi mayda bechek ishteribizdi buturup alip kaytip kete berdik ko...Akiykat baary bir jenet...

кимден: Акыл каяктан: Бишкек
25.03.2010 10:02
Той да болот, тойдун эртеси да болот дегендей, көптөн күткөн Ынтымак курултайы да болуп өттү. Эмне маселе чечилди??? Баягы эле "дүжүр чалдар" Ажоону мактап, элге бир тыйнчалык пайдасы жок сунуштардын түрмөгүн кабыл алышты. Эми эмне кылыш керек? деген суроо ар кыргыздын алдында турат. Айткылачы туугандар, чын эле "Эми эмне кылыш керек?"

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.03.2010 01:01
Эми буларга корогон кайран сөз, демократияны барктай, коргой албаган элди монарх башкарат да, шайлоо өткөрөбүз деп кыйналбай, маңкурт болуп династиянын этегине намаз окуп жүрө берели. Эрки бош, ынтымагы жок, намысы ары жок эл болбодукпу, аты жакшы ата бабабыз мекендеген Алтайга көчүп кетели, кимге кул болгонубуздун айырмасы кайсы

кимден: Эл каяктан: Бишкек
25.03.2010 00:45
Курултайда "Жер-жерлерден келген өкүлдөрдүн көбү электр акысын көтөрүү тууралуу өкмөттүн токтомун колдой тургандыгын, тек жардам катары берилчү акчанын кечигип жатканы көп айтылды" дешет, эмне курултайга катышкандарга электр энергиясын бекер берууго убада беришиппи? Рахмат курултайчыларга.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)