Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү / Дин жана ишеним

Ош: Аттанды студент дааватка...

07.01.2010

Ош аймагында ондогон студенттер кышкы эс алуу убагында шаар көчөлөрүн, айыл жерлерин кыдырып, дааватка чыгып жатышканына жергиликтүү бийлик кооптонуусун билдирүүдө. Бийлик өкүлдөрү студенттерди түрдүү диний агымдардан, радикалдуу кыймылдардан оолак кармоонун аракетин көрүүдө.

Соңку жылдары бул аймакта ар кандай диний араздашуулардын саны көбөйгөн менен динге берилип, намаз окуган жаш муундун катары суюлган жок. Тескерисинче, беш маал намаз окуп, ыйман жолуна түшкөн жаштардын саны улам артууда.

Оштогу жогорку окуу жайлардын биринин студенти Нурлан азыр бешим намазын окуп бүтүп, өз курбалдаштары менен шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн эшигин каккылап, элди намаз окууга, ыймандуулукка чакырып, даават айтканы турат:

- Дааватка чыгаардан мурун анын максатын билиш керек. Алгач кантип даарат алуу керектигин үйрөнүү зарыл. Иншаллах, мен аларды билем. Ислам динин таркатуу өзү даават болгон да. Биздин Расулаллах пайгамбарыбыз өзү даават менен жашап өткөн.

“Азаттык”: Дааватка чыкканда сиздин окууңузга тоскоол болбойбу?

- Жок.

Ошто Нурлан сыяктуу эле шаар ичинде, же айыл кыдырып даават айткан студенттер ондоп саналат. Алар сабак учурунда жөн гана беш убак намаз окушчу болсо, узакка созулган каникул учурунда үч күнгө, он күнгө, айрымдары 40 күнгө башка райондорго чейин барып, даават айтууга аттанышат.

Максатбек - ошол студенттер менен чогуу даават айтып кыдырган жаштардын өкүлү:

- Жаштардын, студенттердин дааватка чыгып жатканы эң эле жакшы көрүнүш. Алланын ыраазычылыгы үчүн деп кандай иш кылсаң Алла акыбетин кайтарат. Ушуну биздин бийликтегилер билсе, Алладан коркуп жаман иштерди жасашмак эмес. Өздөрүн таза алып жүрүшмөк, кудайдан коркушмак. Жанагы коррупция деген да жоголмок.

Кооптонууга негиз барбы?

Анткен менен студенттердин дааватка карай агылышы, соңку учурда сакал өстүрүп, допу кийген жаштардын көбөйүшү, окуучулардын сабактан мечитке качып жатышы жергиликтүү бийликти кооптондуруп жатат. Алар бул жаатта мектеп окуучулары үчүн да тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Бирок ошого карабастан аймактагы диний кырдаал татаалдашууда дейт шаар бийлигинин өкүлү Курмантай Ташыбаев:

- Диний экстремизмге каршы шаардык ички иштер башкармалыгы, жергиликтүү бийлик, маалымат каражаттары чогуу аракеттенип күрөшкөнү менен абал жылдан-жылга татаалдашып жатканын мезгил көрсөтүп жатат. Жаштар сабактарын окубай жатышат. Болгону аларга туура түшүндүрмө бериш керек, ислам динине тыюу салган эч ким жок.

“Диний сабаттуулук болсо...”

Оштогу «Ак кызмат» аталыштагы патриот жаштардын кыймылын жетектеген Шайлообек Атазов, соңку кезде дааватка аттанган жаш муундун көпчүлүгү ислам дини, дегеле дин жаатында түшүнүктөрү тар экенине кабатыр. Жаштардын диний сабатсыздыгы башка максатты көздөгөн секталардын, радикал кыймылдарга азгырылып кетишине шарт түзүүдө дейт Атазов:

- Менин билишимче, шаарда ислам дининен башка дагы эки жүздөн ашуун секталар бар экен. Жаштардын диний түшүнүктөрү жок болгон үчүн, сабатсыз молдолордун натыйжасында жаш муун башка динге агылып жатат. Өз динин сатып жатат.

Жергиликтүү серепчилер чынында эле Ош аймагында диний кырдаал бийликтер кооптонгондой жагдайда экенин белгилешет. Маселен, азыр шаар жаштары үчүн ар кандай секталар тарабынан акысыз окуу курстары, спорт борборлору, бекер тамак-аштар тынымсыз уюштурулуп турат. Атүгүл студенттерди акысыз батирге жайгаштырып койгондор да бар дешет студенттердин өздөрү.

Анткен менен даават айтууга аттанган жаштар, студенттер алар эч кандай диний агымдарга тиешеси жок экендиктерин, баракча таратуу же башка максаттарды көздөшпөй, жөн гана элди ыймандуулукка чакырып келерин белгилешет.

"Азаттыктын" архивинен: Кандай эс алуудасың, замандаш?

Мектептеги каникулду жана дем алыш күндөргө туш келген майрам күндөрүн эске алып, өкмөт 31-декабрдан 11-январга чейинки убакытты эс алуу күндөрү деп жарыялады. Бул эс алуу күндөрү 5 күн иштеген уюмдарга да тиешелүү. MiT.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Aman каяктан: kol
17.01.2010 20:28
Urmattuu Aigerim jana Bekmyrza! Kyrgyz jashtary mechitke baryp namaz okup jatkanyna karshy bolboi ele koigula. Kyrgyzda soz bar (balany jashynan, katyndy bashynan) degen, je bul makaldy unutup koidunarby? Ozunor azyrky uchurdagy jashtarybyzdyn kylyk jorugun korup bilip turasynar. Myndan 20 jyl aldyn jashtarybyz patriot jana yimanduu bolushkan jana ozubuzdun kyrgyz kyrdarynyn ukugun saktashkan,bugunkudoi kyzdarybyzdyn ukugun kordop,tebelep jana satyshkan emes. Ushul jagyn eske alyp koigula. Emne sebepten oshol ubakta andai bolgon? Sebebi oshol kezde iymanduu aksakaldarybyz bolgon,alar baldaryna je bolboso kol koshuna tuugan uruguna islamdy uirotup yimanduu bolgula dep eskertishken. A bugunku kunu al aksakaldar jok,kaiaktagy eteist je bolboso kaiaktagy bir alkashtar aksakal bolup kalyshkan. Alar kantip jashtarybyzga yiman jolun uirotot? Kimdir biroo 5 ubak namaz okup anan oshol ele ubakta kunoo ish kylsa siler aga konul burbai ele koigula, sebebi arky duinodo Allah Taala azabyn ozu beret. Oshonduktan kyrgyzdar bashka nersege karshy bosonorda islamga karshy bolboi ele koigula,sebebi ozunorgo ozunor zulumduk kylasynar. Andan koro Bekmyrza jana Aigerim Kudaidan iymanduu ui buloo jana bala chaka tilegile.

кимден: Бекмырза каяктан: кажети жок
13.01.2010 18:17
5 маал намаз окуган адамдын баарын бизде ыймандуу,таза адам деп ойлошот. Бирок тилекке каршы бардык эле намаз окуган адам таза эмес. Алар "маскировка" үчүн эле намазга жыгылган ыймандуу адам болуп көрүнүшөт. Намазга жыгылып бирок ыплас иштерди жасаган адамдар толтура. Мен бир ажы акени билем, мындан 4 жыл мурда колунда иштеген кызды зордуктап койуп, ал кыз " Сиз ажы аке болсоңуз, бул кылыгыңыз менен чоң күнөөгө батасыз"-, десе "Ажыга дагы бир жолу барып келсем күнөөлөрүм жуулат"- деген экен. Бул окуяны биздин шаардагы элдин баары уккан. Кыз намысына чыдабай асынып алып оо дүйнөгө кетти, ажы сөрөй дагы деле иштеп,ишкананы башкарып, бүлөсү менен жашап жүрөт. Меккеге дагы бир жолу барып келди, өзү айткандай "күнөөсүн жууп". Адам Кудайдан чын эле корксо, чын эле Аллага таазим кылса анда бирөөгө жамандык эмес, бирөө жөнүндө жаман сөз да айтпашы керек. Башка динди жамандап, өзүнүн динин мактаса да болбойт. Өзүнүн динин мактасын, бирок башка диндерди да сыйлоосу зарыл. Өнүккөн мусулман өлкөлөрүндө бардык динди бирдей көрүшүп, биринин динин бири жамандап, сындабайт. Бул чоң күнөө деп эсептешет. Биздин айрым дааватчылар менен сүйлөшсөң сөзсүз башка динди жамандап, Ислам дининен таза дин жок, башкалары жаман дин дегендери да бар. Андайларды көпчүлүк эле укса керек. Мындай сабатсыз даабатчылыктан көрө уят болбой жөн эле жүргөн дурус.Ал гана эмес атуу баштуу мусулман имамдар жана дин кызматкерлери айрым учурда башка диндерге акаарат келтиришет. Андай акарат кылуу Кудайга да жакпаарын түшүнүшпөйбү? Ар бир адамга өзү ишенген дини улуу Исламбы, Христианбы,Буддабы айтор, өз жүрөгүндө ар бир адам өзүнүн динин күчтүү, улуу жана таза деп эсептейт. Бардык динде Кудай бирөө деп айтылат, ишеничтер гана ар түрдүү. Ошондуктан Кудайга сыйынып, таазим кылган адам өзүнүн динин кандай сыйласа, башка диндерди да сыйлай билүүсү керек. Ошондо гана жерде жек көрүү, арамдык, ичи тардык деген нерсе жок болуп, ыймандуулар көп болот. Эмнеси болсо да ар бир адамдын жүрөгүндө Кудай жашасын!

кимден: Айгерим каяктан: Ош
13.01.2010 17:48
Мен Элмурат деген жигиттин мугалимдерге койгон дооматына такыр кошулбайм. Анткени бала мектепте окубай, мечитке эле барчу болсо, анда ал орто билимди кайдан алат. Мечит эмне тил,адабият, физика, алгебраны окутабы? Мечит менен мектептин миссиялары такыр башка. Мисалы мектепте окуп жаткан бала сабак билим алуу жана бош убактысында ойноо,спорт, кызыккан кружогу менен машыгууусу зарыл. Мечитке 18 жаштан кийин барышса туура болмок. Азыр бизде бала каалайбы, каалабайбы зордоп жума намазга 5-6 жашынан ээрчитип баргандар бар. Ал бала дин, шарият, намаз эмне экенин жакшы түшүнө элек болсо. Ошонун эмнеси жакшы? Балдарды мечитке чакырып намаз окууга мажбурлоонун ордуна ата эне баланы үйдө ыймандуулукка, адептүүлүккө, тазалыкка чакырышы керек. Дин ишеними ар бир адамдын жүрөгүндө болбосо дааватчылырдын күнү-түнү сайрагандары элдин кыжырына гана тийет деп ойлойм.

кимден: Mirlan
09.01.2010 13:21
Eger azirki situatsiany karasak dinge kirgen jashtardi jakshy tushunso bolot. Jakshy ishke kireyin dese kiralbayt, baylar taanysh-bilishteri barlar kirip atat.Adiletsizdik, ekijuzduuluk, parakorduk degen iymansiz araketter ogole kop. Al araketter da mamlekettik chin strukturalardan korunup atpaybi.Emi oylongula, chinovnikterge ishenbegen, perspektivany koralbagan bala kayakka barsyn, eki jolu bar je ichip ketet, chegip ketet je bolboso tazalanat dinge kiret ishenim alat. Ustudogulorgo taza, ishenimduu, akil estuu adamdaryn orduna alkash, selsayak, kunumdugun oylogon maldar kerek. Eger eskisine okshop chinovnikter ushunday araketterdi kilsa maksimum on jildan kiyin alardyn orduna diniy adam kelet. Eger jonokoy adamdardyn ukuktaryn korgoy ala turgan bolso al adam, any koldop suyroyt el. Islam -socialischilar dep koyot elem alardy. Biylik ushunday prognozdu kaalabasa, preventivduu charalardy koruusu abzel. Mugalim, vrachtardan bashtap chon chinovnikterge cheyin kamoo kampaniyasin bashtash kerek (orustar aytmakchy pokazatelnaya porka), 1 mugalimdi 500 som para algany uchun 3 jilga kesse 2chisi oylonot maga ushul nerse kerekpi dep, chondor boyuncha biraz oor bolot sebebi az sandagy konspirativduu toptun ichinde aylanat bul nerse. Grajdandyk koomdun chinovnikterge bolgon kontrolun kuchotkongo miyzam dolboorlorun karashtyrysh kerek, MMK'lardyn da rolun keneytuu kerek.

кимден: Musulman каяктан: Jer
09.01.2010 08:29
Assalamu aleikum wht wbt...
Birinchiden bir ishti kolgo alardin astinda al nersenin taarihin bilish kerek.
Daavattin da oz tarihi bar. Tuura, daavat Paygambaribizdin(Allah iraazi bolsun aga) kilgan jumushu, birok kanday kilgan? tarihin bilesingbi? okudungbu? izildedingbi? alimderdin aytkanin uktungbu? je dosungdun aytkan sozu menen kirip kettingbi?
men KGdegi kee bir daavat kiymildarin bilem, korgom. kobunchosu tuura emes kilat. Antkeni, Paygambaribiz ech kachan uydon-uygo eshikti takildatip namaz okugula dep daavat kilgan emes. Al(Allah iraazi bolsun aga) turduu chogulushuu bolobu, jakshi jana buzulgan adamdardin choyrosuno barip daavat kilgan. tushunugu jok adamga 5 maal namaz okushung kerek, bul senin(musulmandin) parzi deseng alar chochup ketishet. KGdegi daavat kiymildar Indianan jana Pakistandan taralgan daavat kiymildardin ulgusu, je osholordun daavat kiluunun jolun koldonushat.Alardin kilgan jumushu(daavat) kuran menen sunnotko jatabi? bul jerde kayra chong masele chigat. menin aytarim daavatka chiga turgan baldar birinchiden tarihin uyronushsun, bee tanish adamdardan koro tuugan urugungdan bashta, ar biroong oz urugung Islamga jakin ala kele alsang, oshol senin chinigi daavating.
Kata ketirgen bolsom Allah kechire korsun.
Wassalam.

кимден: Umut каяктан: Moskvistan
09.01.2010 03:14
Biz kyrgyzdar arab bolub jatbaybyzby... Ak kalpaktyn orduna araptardyn tyubeteykasin kiyip. Anan kyrgyz so'zdorun ornuna arab so'zdorun koldonup. 40 kungo davatga chikbay ele emgektenip akcha tavip ata enesine jardam berse bolmoy.

кимден: Islam каяктан: Bishkek
08.01.2010 18:06
Элмурат.
Динди тушунбой туруп оздорун сабаттуу сезип жашаган адамдар малдан айырмасы жок. Себеби малдардын максаты жакшы тоюп жесе, ичсе, уктаса кун отсо болду. Азыркы копчулук адамдар оздорун сабатту сезишип бирок жогорудагыдай жашашат, жалан озулорун ойлошот.

Ал эми Ислам динин тушунуп жашаган адамдардын жашоодогу максаты башка. Ал элдерди жакшылыка чакыралы жамандыктан кайтаралы, сабатсыз болсок сабаттулардан уйронолу деп Дааватка чыгып жатышат.
Алар Фанатизмге же Халифаттыка ундошпойт тескерисинче элдерди бактылуулукка ундошот.

кимден: aman каяктан: kol
08.01.2010 16:45
Urmattuu kyrgyz elim. Bul daavat maselesine kairylsat, azyrky ubakta elibizge oto ele kerek bolup jatkan uchur. Sebebi ozunor jakshy bilesiner shaarda okup jatkan 90% studentter ichimdik ichishet,sigaret chegishet jana kyrgyz kyzdarybyzdy buzushat jana kordoshot o.e. janydarynda akchasy kalbai kalsa biroolordu tonoshot. Birok oshol ele ubakta kee bir studentteribiz tuura jolgo daavat kylyp, islam menen jashap jatkanyna karshy ele bolboi koiolu. Sebebi kelechektegi muundarybyzga kyiyn bolup kalyshy munkun.

кимден: Элмурат
07.01.2010 23:52
Биринчиден, дааватчылардын копчулугу сабатсыз деп айта алам. Мына корунуп эле турбайбы, Нурлан деген баланын берген интервьюсунан. (...Алгач кантип даарат алуу керектигин үйрөнүү зарыл...; ...Расулаллах пайгамбарыбыз өзү даават менен жашап өткөн... Буларды чечмелештин деле кереги жок).
Экинчиден, балдардын мектептен мечитке карай качышы - бул табигый эле корунуш. Эмне учун? Анткени, балдар мектепке бир нерсе окуганы барышат. Мугалимдердин копчулугу жакшы билим беруунун ордуна, балдар менен алектенбейт. Айрым мугалимдер окуучуларды ылгайт. Кээ бири окуучуларды урат. Айткым келген нерсе: окуучу озу куткон нерсени мектепте таба албайт. Аны башка жайлардан издей баштайт. Ошентип кээ бири аны мечиттен табышы ыктымал (айрым сабатту дин кызматкерлеринин угут-насааты аркылуу).
Мектепте тушундуруу иштерин ким жургузуп жатыптыр???
Мектептин мугалимдериби??? ХМ!!!
Мектептин мугалимдери обьективдуу турдо нормальный тушундуруу иштерин жургузо албайт. Алардын копчулугу "советский" тарбия алып калган мугалимдер. Дин эмне экендигин да жакшы билишпейт! Дин мындай нерсе деп айта тургандай диний чойродо жашаптырбы? Жок, алар динди жок деп эсептеп келишкен. Ошондуктан, мугалимдерге бул ишти (агартуу ишин) тапшыруунун озу, менимче, чон жанылыштык. (балдарга туура маалымат берем деп жатып, аларды башка нукка буруп салышы мумкун). Дарыгерге барып, "орфоэпия деген эмне?" - деп сурагандай эле соз. Диний агартуу иштери динди окуп жаткан адистерге берилуусу кажет. Мисалы, Кыргызстанда копчулукко деле маалым боло бербеген "теология факультеттери" бар. Алар эмне учун окуп жатышат??? Мына ушул сыяктуу коомдук проблемалардын алдын алуу, же отушуп кеткен болсо, аларды чечуу учун окуп жатышат. Мамлекет аларды эмне максатта жетиштирип жатат, анда??? Коомдун бир керегине жараш керек да!
Эээйх, деги эле айта берсе соз бутпойт. Бирок,

кимден: Аске
07.01.2010 13:03
Что интересно, жалуются на исламских экстремистов, но борются против мирных конфессий. Абсурдно и глупо. Пока не будут свободны противодействующие сильные мирные конфессии не будет в Кыргызстане никакого будущего. Перережут всех.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)