Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:03

Дин

Такыбалардын “табышмагы”

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Болот Абдрахманов Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга жергиликтүү диний лидерлердин да тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт.

Текст көлөмү - +
 Ал башаламандыктар башталардан мурун мечиттерде беймаал азан чакырууга уруксат берген айрым имам-хатибдер учурда изин жашырып, качып жүрүшкөндүгүн билдирди.

Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак ажы Жалилов да тастыктады. Серепчилер муну өлкөдөгү диний кырдаалдын бир өңчөй эмес экендиги менен байланыштырышууда.

Тергөөнүн материалдарына караганда июндун онунан он бирине караган түнү беймаал убакта шаардын бир топ мечиттеринде азан чакырылган. Андан соң салют атылып, башаламандыктар башталып кеткен. Ошол күндөрү Жалал-Абад шаарындагы мечиттин имамы Мухаммеджан Ахмедов улуттар аралык кастыкты ырбатууга тиешеси бар деген шек менен камакка алынды. Ош шаарынын казысы Рахматулла Касымов жана бир катар мечиттердин имамдары кызматтарынан кетишти.
 
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Болот Абдрахманов алардын көпчүлүгү учурда из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөндүгүн белгиледи.

- Ошол түнү беймаал азан чакырылышына тиешеси бар имамдар туура эмес иш кылгандарын эми билишип, азыр өздөрү качып жүрүшөт. Учурда ошол түнү мечиттерден беймаал азан чакырылган көрүнүшкө баа берилип, талданып, аныкталып жатат. Качып кеткен дин кызматкерлеринин ордуна жаңы адамдар келишип, тынчтыкты сактоо, туруктуулукту камсыздоо жана чатакташкан тараптарды жараштыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Жанагындай башаламандыктарга тиешеси бар деп шектелген адамдар иштен кетишкен.

Кыргызстанда салтуу исламдан тышкары түрдүү багытты тутунган диний агымдар кийинки учурда күчөп кеткендиги айтылып келет. Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак ажы Жалилов мына ошол агымдардагы исламдын атын жамынуу менен кара өзгөй мерчемдерин жүзөгө ашырууну көздөгөн айрым диний лидерлер башаламандыктардын орун алышына түрткү болушу мүмкүн деп эсептейт.

- Бейубак азан айтылган, мусулмандардын ортосунда жихад жарыялаган нерселердин бардыгы бул диний билими бар адамдын фатвасы (чечими, бүтүмү) болбосо жөндөн-жөн эле айтылмак эмес. Демек ошол уруштун болушуна кызыкдар болгон диний лидерлер болгон деген түшүнүктөмүн. Эгерде диний билими бар туруп, мусулман менен мусулманды касташтырган, аларды кан төгүүгө чакырган учурда биз ал адамдарды мусулман деп тааный албайбыз. Ал жоосун шайтандан деп билебиз. Ал эми шариятта мындай аракет арам эсептелинип, өтө чоң күнөөлөрдүн катарында турат.

Учурда ондон ашуун түрдүү багыттагы диний агымдар өлкөдө мыйзамдан сырт ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Алардын ичинен серепчилер ахмадийлер, акромийлер, салафийлер, вахабийлер жана хизбийлер сыяктуу агымдардын таасир көрсөтүү чөйрөсү күчөп жаткандыгын белгилешет. Муну талдоочулар мусулмандар диний башкармалыгынын өзүндөгү абалдын жакшы эмес экендиги менен байланыштырышат. Анткени муфтийдин орду үчүн болгон күрөш диний такыбалардын чыныгы жүзүн ачып койду деп белгилейт дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Болот Абдрахманов:

- Муфтийди шайлаган бир эле орган бар, ал Уламалар кеңеши деп коёт. Ал кеңешти чогулткан максаты да ошондо болуп жатат. Алар келишип татыктуу муфтийди шайлап алышы керек. Баягы коркутуп, үркүткөндүн жыйынтыгында жана өлкөдөгү кырдаалдан пайдаланып, кызматка келип калгандарга туура баа берилиши керек. Буга эми жакында чогула турган Уламалар кеңеши баа берет деп ойлойм. Бул багытта азыр жумуштар жүрүп жатат.

7-апрелдеги окуядан кийин маркум Муратаалы ажы Жуманов муфтийдин милдетин аткарып турууну Ислам университеттинин ректору Абдышүкүр Нарматовго тапшырат. Бирок Уламалар кеңешинин жыйынына бир күн калганда мурдагы муфтийди белгисиз адамдар уурдап кетишип, эртеси кайра кайтарышкан. Андан соң муфтийдин милдетин аткаруучу Абдышүкүр Нарматов кызматтан кетип калган. Муфтийдин милдетин аткаруу анын орун басары Сүйүн ажы Кулуевге жүктөлөт. Бирок ага коркутуу болуп, кайсы бир күчтүн жардамы менен Руслан Жумагулов деген адам кызматка келип калган.

Фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак ажы Жалилов буга жакында Уламалар кеңеши баа бере тургандыгын белгиледи.

- Бул нерселерге уламалардын баасы берилбей койбойт. Бирок биринчи кезекте бизде бул маселени териштирүү эмес, болуп өткөн окуяларды жөнгө салуу болгондуктан Уламалар кеңешинин мүчөлөрү элди ынтымакка, ыйманга, биримдикке чакырышып, жер-жерлерде иштеп жүрүшөт. Албетте биринчи даражадагы маселе бүткөн соң экинчисине орун берилет. Аталган маселе жакында каралып, ага чекит коюлат.

Ошол эле учурда серепчилер дин менен мамлекеттин ортосундагы мамиле так аныкталбагандыктан, диний кырдаал коомдогу кандайдыр бир чыңалуунун очогуна айланып калып жатат деп болжолдошот.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Замир каяктан: Баткен
23.07.2010 12:50
Жок Амир сен жанылышасын Кимсанбай ажынын эмне себептен кеткенин билбейт окшойсун андан коро кыргыз элине Абдушукур Нарматов муфтий болсо жакшы болмок себеби ал киши такыба созду маанилуу кылып суйлогон таза мусурманчылыктын терен маанисине жеткен адам.

кимден: кайранэл каяктан: маскоо
23.07.2010 11:59
Ассалламу алейкум бул жерде такыбаалар деген созду колдонуп мыскылдагандай болуп калыптыр мусулман тугандарды мусулман тууганыбыз.Минтип какшык тема койу туура эмес.Такыба кудайдан коркуу дегенди тушундурот кудайдан коркондор мындай ишке аралашмак тургай бут дуйно кызыкчылыгын алын дуйно сизге болсун деп саламатта болгула деп оз жолунда отуп кеткен адам биздин илимдуулордо мындай адамды мен коро элекмин.Бийлике эки турду адам келет биринчиси кудайды таныбаган корунушу адамга окшош болгон м-н кылган иши бөөрүнүн короодогу койду тамактап жегендей элин тамактап жеп тынат экичи туру кудайдан чындап коркуп элине ак кызмат кылган адам андайлар ото аз дуа кылгыла ушундай бир адам бийлике келсе экен деп...

кимден: Oshton
23.07.2010 11:29
Коркутуп үркүтүү менен келген муфтийлер алар иштеш үчүн эмес, жеп ичиш үчүн келгендер, арабдардан көп эле жардам келсе керек мечит кургула деп,
Бизде кудайдан корккон, бирөөнүн акысын жегенден корккон адамдар керек

Оштогу мечиттерди да катуу көзөмөлгө алыш керек,
Оштогу окуяларды баары эле ИДУ кылды деп жатат, Бакиевтердин тиешеси деле жок дешип

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.07.2010 03:05
Assalamu aleykum,ushu din adamdarin kelip korkutkan adamdarga kayrilat elem,kirgiz minday ish kilbash kerek,erkektik ishke jatpayt arbir ishke ayarduu mamile jasoo kerek,miyzam chenemduuluk degen bar kim bolsonda!!!Kirgiz elim birigelik kep keneshke keleli oshondo biz kuchpuz!!!

кимден: juxa каяктан: tonto
23.07.2010 02:55
ei musulmandar kaidasinar kanchalagan adamdar olyp jatat kelgile jok degende DUBA kilaili musulmandarga .mafti jana fatva bashchibiz sufi ler ushularga dagi duba kilaili jakshi MUFTI KELSIN DEP jana FATVA BOLUM BASHCHISIDAGI AXLI SYNNA VAL JAMAA dan dep duba kilaili egerde bizdin chonubuz onolboso kalgani kantip onolot .tygandar jakshilap oilonoilu ALLAXTIN astina barganda emne dep joop berebiz ????

кимден: Amir каяктан: Россия
23.07.2010 00:28
Бугунку кундо, Улуу кыргыз элиме Кимсанбай ажы Абдурахманов гана муфтий болуп бере алат. Анткени ал киши бир топ жашка чыккан, илимдуу,копту билген, Аллахтан корккон адам. Коп жылдар бою муфтий болуп иштеген. Калган жаштар муфтилике болобойт! Муфтийди буткул эл урмат кылган,созун уккан болуу керек.

кимден: Али каяктан: Бишкек
22.07.2010 23:51
"Кимди ким көрдү, быржыбайды там басты" дегендей оор кырдаалды Кыргыз мамлекетибиз өз башынан өткөрүп жатканда, кээ бир билимсиз молдокелер менен манкурт саясатчылар динден да сасык саясат жасагысы келип жатышат. Негизи калкыбыздын басымдуу бөлүгү мусулман, эл ичинде илим-билмдүү диний ишмерлерибиз деле Кудайга шүгүр барчылык. "Улугу ойчул болбогон, убара тарткан элде арман" дегендей, балык башынан сасып, ар кимди өз ордуна койгонго шарт түзүлбөй жатат болуш керек. Ахмедийлер сыяктуу селсаяк секталардын ишмердүүлүгүн кан буугандай токтотуп, дин иштерин мамлекеттик органдар ырааттуу көзөмөлгө алыш зарыл экендигин билүүгө убакыт эчак эле жетти.

кимден: Мусулман
22.07.2010 23:17
Бул маселе чындык болушу мүмкүн. Себеби азан окуп, артынан жихад деп кыйкырып чыгышыптыр. Башка гезиттер да ушуну жазып атпайбы. Чындыгында Ош жана Жалалабад аймактарында ИДУнун адамдары аябай эле көп. Мен да ошолор жасады деп ойлойм бул ишти. Канчалаган бейкүнөө адамдар өлүп кетти. Исламды жамынып алып жүргөндөрдөн динибизди тазалашыбыз керек. 2005 жылы Анжиян окуясында да Ошто бир мечиттин имамы элге айтыптыр, биз мынча баланы тополонго жардам үчүн жибердик, силерден кана деп. Мына ушулар ачык эле террористтер. Улуттук коопсуздук кызматы бул иштерди жакшына эле билет, эгер билбесе, анда жакшы иштебейт демек.

Онлайн шерине