Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:24

Дин

Беймаал азан айтылган Оштогу эки мечиттин имамы иштен алынды

Муфтий Чубак ажы Жалилов алдыдагы орозо тууралуу журналисттерге маалымат берип, тополоң алдында беймаал азан айтылган Оштогу эки мечиттин имамын кызматтан алганын, калган жагдайларды укук коргоо органдары териштирип жатканын билдирди.

Оштогу тополоң алдында, түн бир оокумда беймаал азан айтылышы түкшүмөл суроолорду пайда кылууда.
x
Оштогу тополоң алдында, түн бир оокумда беймаал азан айтылышы түкшүмөл суроолорду пайда кылууда.
Текст көлөмү - +
Муфтий Чубак ажы Жалилов уламалар кеңешинин сунушу боюнча муфтиятта алдыдагы орозо тууралуу фатва (чечим) чыккандыгын жарыя салды:

- 2010-жылдын 11-августу (шаршемби) – орозо айынын алгачкы күнү. 2010-жылдын 10-сентябры (жума) – Орозо айт. 2010-жылдын 16-ноябры – Курман айт.

Муфтий Чубак ажы Жалилов мусулмандарды орозо айында кечиримдүү болууга, өткөн-кеткенге өкүт жасабоого, таза жүрүүгө чакырып, орозо битир маселесине да токтолду. Орозо битир адаттагыдай эле 1,6 килограмм буудайдын баасы менен өлчөнүп, жан башына 14 сом деп табылган.

Муфтий Чубак ажы Жалилов зекет боюнча да түшүнүк берди. Анын айтымында, мусулман адамдын өз тирлигинен ашыкча жыйнаган байлыгынын 40тан бир бөлүгү зекетке кетиш керек. Башкача айтканда, жылына бир жолу кедей-кембагалдарга таратып бериш керек. Зекет берүүгө 85 грамм алтыны барлар, демек, азыркы Кыргызстандын шартында 82 450 сомдон ашык байлыгы барлар катыша баштайт. Үй тирлигиндеги буюмдар, маселен, канча унаасы болсо да, канча муздаткычы болсо да алар зекет берүүгө милдеттендирилбейт.

Быйыл орозо айы эң узак, абасы ысык августка туш келгени турат. Анын үстүнө көптөгөн адамдар кайгы жутуп, бар-тапканынан ажырап турган чак. Ош шаарынын тургуну Иманберди Жалилов орозого эч кандай шарт тоскоол боло албай турганын белгиледи.

Жай мезгили болгондуктан алдыдагы орозодо өз убагында үйгө келип ооз ача албай калышыбыз мүмкүн деп чочулагандар жок эмес. Аларга Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов мындай кеңеш берди:

- Кыргызстан ислам мамлекети болбогондуктан ооз ачар убагында көптөгөн адамдар иште же жолдо болуп калышы ыктымал. Ооз ачуу - сөзсүз үйдөгү дасторконго жетүү эмес. Ооз ачар убакытты өткөрүп ийбей, ниет кылып, суу менен да, сүт менен да, курма менен да ооз ачса боло берет.

Муфтий Чубак ажы Жалилов маалымат жыйынында айрым орун басарлары, бардык облустардын, Бишкек шаарынын казылары менен чогуу түштүккө баргандыгын айтып, этностор аралык кагылышуу болордун алдында беймаал азан айтылган Оштогу эки мечиттин имамын кызматтан четтеткенин, калган жагдайларды укук коргоо органдары териштирип жатканын билдирди.

Орозо таңдын атышына карап Кыргызстандын ар бурчунда ар башка мүнөттөрдө кармалат. Маселен, Бишкекке караганда Ошто 15 мүнөт кеч тутулат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нургул каяктан: Бишкек
02.08.2010 18:12
Урматтуу Нургул, эртен бул дуйнодон кайтсаң, сени ошол сен ишенбеген молдолор жаназанды окуп көмөт, ушуну билесинби, же буга да ишенбейсиңби, канткенде да абайлап сүйлө! Оозу мурдуң кыйшайып калбасын, анан дагы молдого дем салдырып журбо!

кимден: бишкек каяктан: бишкек
02.08.2010 18:08
Твердеги - Известняк иним, сен молдонун айтканын да кыла албайсын, кылганын да кыла албайсын. Ал намаз окуйт, орозо кармайт, а дегенде ушуларды кылып корчу! Анан молдо аз болсо да жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарат, сен да мекенди элди суйсон Тверде журбой, кыргыз жерине келип, элди жакшылыкка чакырып, мекен алдындагы милдетинди аткарсан жакшы болмок.

кимден: a-z каяктан: kant
02.08.2010 17:54
кимден: Nurgul каяктан: Kitai
Сиз Куранга, Исламга ишениниз. Исламдын чыныгы баалулуктарына ишениниз. Молдо да киши. Анда да нефис (инсап) болот. Ал пайгамбар эмес. Биз эч качан молдодон эмес туз таза Исламдан, Курандан, чыныгы хадистерден гана сабак алышыбыз керек...

кимден: Известняк каяктан: Тверь шаары
02.08.2010 13:28
Молдонун айтканын жаса бирок кылган ишин кылба.

кимден: Дайыр
02.08.2010 11:46
Булардан баары коркушат азыр. Ошон үчүн соттой албайт.

кимден: aykol каяктан: kitai
02.08.2010 11:44
mamleket moldolorgo jana meqittge mamlekettin zakonon uyretix kerek anday bolboso bul dinni uyumdar eldi buzat boluptahi moldolordu jakxi baxkaruu kerek

кимден: патриот каяктан: кыргызстана
02.08.2010 09:24
оштогу балээнин баарын баштаган имамдарды иштен эле алып коюшту - бул муфтияттын эле чечимиби? же ушуну м-н иш жабылдыбы?

кимден: Nurgul каяктан: Kitai
02.08.2010 09:20
Men takyr ele moldolorgo ishenbeim.

кимден: МЕКЕНСУЙОР каяктан: КУРСАК ТОЙГОН ЖЕРДЕН
01.08.2010 19:05
Андай сепаратисттик маанайдагы "кудайдан коркумуш болгондорду" катуу жазага тартуу керек...ошондой эле так ошол адамдар кыргыздарды каапырлар деп да айтышты жана каапырга карата согуш ачкан сымал аракеттерин кылышты...а чыныгы мусулман инсан каапырды да олтурбойт, учурунда тушкон ыйык китептеги аяттар каапырга карата мамилени аныктаганы менен ал ошол учур учун гана таасирдуу болгон, ал эми бугунку акылдуусунгандар аны эске алышпады да, жана ката кетип жаткандыктарын билип туруп жер бетиндеги жашоонун гана кызыкчылыгы учун жанылыш кадам жасап алышты... бирок бейкуноо адамдар жабыркашты, жан беришти... мында да бир хикмет бар чыгар...

кимден: Мекенсуйор каяктан: Курсак тойгон жерден
01.08.2010 18:59
Зекет тууралуу:
Бул жерде акылдуулар толуп кеткен го э...билип билбей суйлоп....мындайча , жонокой, кашээки тил менен тушундургондо, туугандар, мындай болот, "ОБОРОТТО" капиталын бар болсо демек сенде сага киреше алып келе турган мулк бар, мал-жынын бар болсо алар да ОСУП ТУРГАН капитал...ушуга олчомуно жараша зекеттен "чозо" бересин да...
Анан эми аран эле тирилик кылып аткан болсон, зекет сага милдеттуу турдо эмес, мисалы машинасы бар деген кеп туура эмес анткени 2-3 машинасы бар ТАКСИСТТЕР бар, жана алардын машиналары киреше алып келет, ошол кирешенин ТИРИЧИЛИКТЕН АШКАН болугу ЗЕКЕТ БЕРУУГО шарттаган олчом менен барабар болсо анда ошол учурда берилет...
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)