Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:30

Дин

Д.Мурадилов: “Хизб ут-Тахрир” Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн тааныбайт

Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Дин, укук жана саясат аналитикалык иликтөө борборунун бөлүм башчысы Данияр Мурадилов жооп берди.

Текст көлөмү - +
Илим Жанузаков
- Ушул тапта Кыргызстанда диний кырдаал кандай болуп турат? Соңку окуялардан улам экстремисттик багыттагы уюмдар жанданып кеткен жокпу?

Данияр Мурадилов: Диний кырдаал өткөндөгү окуялар менен эч кандай байланышы деле жок. Биздин УКМК берген маалыматтарына карабай деле мен эч кандай диний фактор бул жерде аралашканын айта албайм. Диний кырдаал Ош, Жалал-Абад окуяларында эч кандай аралашкан жок, менин түшүнүгүм боюнча эч кандай рол ойногон жок.

- Сиздердин жалпы байкооңуздар боюнча өлкөнүн кайсы аймактарында тыюу салынган уюмдар көбүрөөк жайгашкан?

Данияр Мурадилов: Кыргызстандын түштүгүндө балким Өзбекстандын Ислам кыймылы болушу мүмкүн, бирок алар эч кандай кызыктар эмес. Биздин баамыбызда эч кандай байкала элек.

-“Хизб ут-Тахрир” уюму тууралуу эмне айта аласыз? Булар түштүктө жана Көл кылаасында жайылып келгени айтылып атпайбы?

Данияр Мурадилов: Кыргызстандын бардык аймактарында бар, бирок көбүнчө түштүк бөлүгүндө бир топ кыймыл аракет күчтүрөк.

- Алардын мамлекеттүүлүккө коркунучу барбы?

Данияр Мурадилов: Негизи Кыргызстандын чек арасынын ичинде бар болушу эле Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө коркунучу бар. Булар экстремисттик кыймыл, партия болуп эсептелет. Бирок окуялар менен байланыштыра турган болсок да алардын аралашкан элементтерин көрө элекпиз. Бирок “Хизб ут-Тахрирдин” партия катары бар болушу Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн тааныбайт, Баш мыйзамыбызды кабылдабайт.

-Ушул экстремисттик уюмдардын таасирин азайтуу үчүн кандай иш-чаралар керек деп ойлойсуз? Күч органдары тарабынан балким мыйзамдык түшүндүрүү жагынан болобу?

Данияр Мурадилов: Албетте күч органдары тарабынан колдонуу керек, бирок ал толук маселени чечүү болуп эсептелбейт. Дин окутуу маселесин эски бийликтин доорунда акырындап каралып келаткан, бирок акыркы мезгилде токтоп деле калган. Азыр ошол маселени кайра жаңыртыш керек. Дин окутуу маселесин кайрадан маселе катары көтөрүш керек, мындайча айтканда чечиш керек. Бул жылы болбой калса дин экстремистигинин, дин терроризминин жана башка маселесин чече турган дин окутуу маселеси. Бир аз узак мөөнөткө созулат, бирок эң эффективдүү метод деп ойлойм.

-“Хизб ут-Тахрирден” башка Кыргызстанда тыюу салынган кандай уюмдар бар?

Данияр Мурадилов: Өзбекстандын Ислам кыймылы жана СИД (Союз исламского движение) деп коет, бирок алардын көп деле зыяны жок. Транзиттик бир нерсе эле болбосо Кыргызстандын ичинде “Хизб-ут-Тахрирден” бөлөк алардын эч кандай ойногон чоң ролдору деле жок.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: baktiar каяктан: urdun
27.07.2010 05:58
Ziyani bar 100% kepildik kilam!!!Urmattuu jashtar KIRGIZDIN kelechegi bizbiz arkanday sektalarga aylasizdan kirip jatasinar makul birok oshol karamurtoz adam suyuusu jok adamdar kolunarga aftomat bomba karmatip oz elindi kozdoy jonotkon kezde eki kozundu tort achip kimden buyruk alsan oshogo karshi jumsha,jok degende ozundu atip ol.Bul kundordogu iyik topuraktaribizdi kara niyettuu adamdar aralap uu chachip jurot KIRGIZIM jetishet oz eline ok atip akcha algicha achka oturganin abzel!!!!!!!!

кимден: Улан
11.07.2010 21:09
Мен сиздин ойунузга кошула албайм Оштогу снайперлер ким анан
Бакиевдерден кунооону издебей биздин СНБ ошого окшогон диний агымдарды караса болмок канчалаган бей куноо адамдар олуп атат.
Бир нерсе болсо эле Бакиевдер куноолу болуп калды ,анан да Баткендеги Сохко дагы Бакиев куноолубу,

кимден: Бакыт каяктан: Ош
10.07.2010 14:40
ИДУнун 1999-2000 жылдагы Баткендеги жасаган акциялары чон ролду ойнобосо, билбейм анда бул кишиге алар дагы канадай ролду ойнош керек
Булар режисерлордон дагы чон чон ролдорду суранып жатышат азыр, кимдин эле чон рол ойногусу келбесин, кээ бир нерселерге туура баа бербесек болбойт азыр

кимден: Алишер каяктан: Бишкек
10.07.2010 14:34
Данияр Мурадилов: Өзбекстандын Ислам кыймылы жана СИД (Союз исламского движение) деп коет, бирок алардын көп деле зыяны жок. Транзиттик бир нерсе эле болбосо Кыргызстандын ичинде “Хизб-ут-Тахрирден” бөлөк алардын эч кандай ойногон чоң ролдору деле жок.

Кызык эксперт экен (же болум башчы дейби?)
Биринчиден СИД бул - союз исламского движение эмес союз исламского джихада
Экинчиден бизде ИДУдан башка дагы 6-7 тыйуу салынган уюм бар, бирок СИД алардын ичинде жок.
Учунчудон, сиз айткандай булардын коп деле зыяны жок болсо, анда транзит экен деп откоро берели, кээде коноктоп

кимден: Акылбек каяктан: Кылгызстан
09.07.2010 17:20
Азыркы сасый кырдаалга диний уюмдардын тиешеси жок экени жонокой адамга деле корунуп турбайбы. Менин тушунугумдо мусулмандарды бири - бири менен уруштуруу эч кандай мусулман коомунун, мейли ал экстремиссттик болсун, кызыкчылыгына туура келбейт.
УО Ош окясынан Бакиевдердин куноосун издебей эле койгула, аны менен элдин кыжырын дагы келтирип жатасынар. Озбек "лидерлеринин" провакациялуу кайрылууларына жана аларды колдоо менен без коммент берип турган ОшТВ, МезонТВ ларга сыяктууларга алдын ала реакция кылганынарда мындай болмок эмес. Мэрибиз М.Мырзакматов реакция кылам деп жаманатты болду.

кимден: ххх-х каяктан: Владивостоктон
09.07.2010 17:05
Бизде бир аз бар бул топтордон, менин айтып кетерим, аларды аяштын кереги жок, атууга окум бериш керек. Курал бул бийликти жаратат жана кучтуу кылат!

кимден: Isken
09.07.2010 16:09
Туугандар! Биз Пакистандай, Ирактай - эл бир бирин жардырып, өлтуруп жатат - ошону келтирбеш керекбиз!!! Тартип дин жактан!!! Элимди ынтымакка жана биримдике чыккыралы!!!!

Терең урмат менен,

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)

Сурамжылоо

... ... ...
Poll Archive