Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:38

Дин

Чубак ажы Жалилов - жаңы муфтий

26-июлда орозого байланыштуу маселелерди кароого чогулган Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңеши жабык жыйында жаңы, туруктуу муфтийди шайлашты. Ошентип 35 жаштагы Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп шайланды.

Кыргызстандык мусулмандар жаңы муфтийлүү болушту.
x
Кыргызстандык мусулмандар жаңы муфтийлүү болушту.
Текст көлөмү - +

Ушул жылдын 8-апрелинен бери, Мураталы ажы Жуманов муфтийлик милдеттен өз каалоосу менен кеткенден бери, муфтийдин милдетин аткаруучу болуп үч киши - Абдышүкүр ажы Нарматов, Сүйүн ажы Кулуев, Руслан ажы Жумагулов биринен сала бири алмаштырылганы белгилүү.

Ага карабастан талаш-тартыштар дале токтобогондуктан 26-июлда кезектеги жыйынга чогулган уламалар кеңеши жаңы, туруктуу муфтийди шайлоо чечимине келди. Жыйын жабык эшик артында, милиция кызматкерлеринин кароосунда өттү.

Муфтийликке 6 талапкер сунушталып, алардын ичинен Абдышүкүр ажы Нарматов өз талапкерлигин алып койду. Жыйынтыгында уламалар кеңешинин мүчөлөрүнүн көп добушун алган Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп шайланды. Жаңы муфтий “Азаттыкка” оболу мындайча үн катты:

- Адегенде көптөн бери айтылып келаткан муфтиятты реформалоо ишин колго албасак болбойт.

Шайлоодо муфтийликке талапкер болгон, буга чейин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген Руслан ажы Жумагулов мусулманчылык сезимде тургандыгын, ич күйдүлүк жок экендигин, эң негизгиси, таза шайлоо өткөрүп бергендигин айтып келип, эмне себептен муфтий шайлоо жабык эшик артында өткөндүгүнө түшүндүрмө берди:

- Мен мусулмандардын тынччылыгы үчүн, ынтымагын камсыз кылуу максатында милицияга, коопсуздук кызматына, 9-бөлүмгө кайрылгам. Алар болбосо ар түрдүү топтор келип, жыйынды өткөртпөй, шайлоону жүргүзбөй коюшу мүмкүн эле. Түндүк-түштүк маселеси көтөрүлүшү ыктымал болчу.

Абдышүкүр ажы Нарматов өз талапкерлигин алып койгондугун Чубак ажы Жалиловду колдогондугу менен, анын илимине баа бергендиги менен байланыштырды.

Уламалар кеңешинин жыйыны жабык эшик артында, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда өткөндүктөн сыртта чогулган мусулмандардын көпчүлүгүндө нааразылык арбын болчу. Өзүн Токтобай Назаралиев деп тааныштырган Талас облусунун тургуну буларды белгиледи:

- Мына бул эски уламалар кеңешинин отуруп алып муфтий шайлаганына биз кыжырданып жатабыз. Оболу Кыргызстан мусулмандарынын курултайын өткөрүп, ошол курултайда жети дубан кыргыздын эли жапжаңы уламалар кеңешин шайлаш керек болчу. Анан ошолор муфтийди шайлаганда болмок. Бул жерде отуз жылдан бери тарпка отуруп алгансып эскирип бүткөндөр толо.

Анткен менен жаңы, туруктуу муфтийдин шайланышы менен чыр-чатак токтойт деп үмүттөнгөндөр да арбын. Алар айрыкча Чубак ажы Жалиловдун илимдүүлүгүнөн көп нерсени күтүшөт.

Чубак ажы Жалилов курултайга чейин уламалар кеңешин да жетектейт.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Katta каяктан: KG
28.07.2010 00:25
Копчулук Молдонун айтканын кылып, кылганын кылбасак эле болду....

кимден: Арсен каяктан: Бишкек
27.07.2010 21:17
Асслааму алейкум!Абдулазиз!Жердешим сен омурундо биринчи жолу интергетке кирип,же тээ адамдарга кабар жетбеген жерден кокусунан кат жазып жатат окшойсун!?Чубак Жалиловду биринчи жолу угуп жатасынбы,ким илими кагдай экенин билбеисинби?Каттарына терен конул бурсак динден кабары бар адамдайсын!Динден бир аз кабары бар адам Чубак ажыны жакшы билишет кандай илими бар экенин! "Динге жанылык киргизбейби" деген созун ,адепсиздик болуп калбадыбы деп бир аз ойлободунбу?Эл арасында бир олчоп жети кескендер чыга берет экенда!Адам баласына .....

кимден: abdulaziz
27.07.2010 18:36
Alhamdu lillahi,Elibizge eptep mufti shaylashyptyr,emi myndan arkysy kanday boloor eken?Bul muftibiz emi chynygy taza -Islamdy-elge jetkirebi je murunkularga okshop ata bababyz karmap kelgen dinibiz dep,Islamga kirip ketken janylyktardy koldop,eldin bashyn aylandyraby?????!!!!!Alla taala muftibizge tuura jol,chyn -Islamdy-bersin!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: rysbek каяктан: russia
27.07.2010 14:49
urmatuu mekendeshter emi olko muftisin da shaylap aldik bul abdan jakshy ish boldu! Silerden suranich din adamdarin sayasatka aralashtirbay jon ele alarga jakshinakay shart tuzup bersek jakshy bolot! Aprel okuyalarinan kiyin muftilerge kol salgan adamdarga aytaar elem jirtkichtan airmanar jok eken dep sebep degende ech bir jerede anday kilboo kk, eger muftilerge oz ubaginda shart tuzup bergende alar balkim oshtogu topolondon kiyin eldi intimakka chakirgan boloor ele! Al emi bizde teskerisinche oshondoy oor ubakta muftilerdi bash kilip kuup jurduk albette bul korunush oto jaman!

кимден: Мен
27.07.2010 13:36
динге кийлигишпейличи, уламалар өзү билсин.
Маскара болбмой болдук көрүнгөн акыл айта белип.

кимден: Abdullo каяктан: Kyrgyzstan
27.07.2010 11:31
Ooba janagay Talastyk kishinin aitkany tuura, sebebi al jerdegi Ulamalar keneshinin kopchuluk mucholoru kachanky adamdar, anan dagy ilimi azdary koburook, eger uiat degen nerse bolgondo ozdoru ele ketishse jakshy bolmok go birok MANSAP degen nerseni tashtash adamdyn napsisine oor kelet emespi. Ekinchi nerse: Birinchi Kurultai otkozup ar-bir oblustan tatyktuulardy tandap ULAMALAR keneshin tuzup anan shailaganda bolmok.

кимден: Бек каяктан: Озгон
27.07.2010 09:50
Эх кыргыздар, кыргыздар. 5 жылда 2 революция болду деп же кулушунду же ыйлашынды билбейсин. Жаман адатка конуп калсан уялбай деле калат окшойсун, 3 айда 4-чу муфтий, бул эмне деген шермендечилик. Таластык кишини созун кара, сен кимсин уламаларга баа бергени, эмне? уламалар кенеши кызматтык абалбы? бул деген АЛЛАХ каалап илим денгели жетишкенде кире турган кенеш болсо. Кудай кечирсин кыргыздар, озу беш убакыт намаз окубайт, муфтийди баш уламаларды тош кылып сындаганга конуп алышкан. Эй мусулмандар ыйманыбызды, этикадыбызды сактайлы.

кимден: a-z каяктан: kant
27.07.2010 08:38
Чубак ажы бир гана дин эле эмес светский илимдерге да ээ киши. Анын илимин сыйлаш керек. Жогорудагы Токтобай назаралиевге окшогондор дин жаатын коп саясатка аралаштырбаса жакшы болмок. Аллах жардамчыныз болсун Чубак Ажы!!!

кимден: baktiar каяктан: urdun
27.07.2010 05:19
Assalamu aleykum kilimdardi karitkan kasiettuu KIRGIZ elim bul kundordo achik asmanibizda kara bulut aylanip kalgansiyt.Urmattuu elim ALLAHTIN bergen Islam dinin ALLAH kaalaganday karmoogo biz mildettubuz!Din kizmatkeribiz Chubak baykege jamibiz jardamchi bololuk buzukulardin sozuno koshulbay ishtin jiyintigina karaylik dinge sayasatti aralashtirbaylik,kotorulgon KIRGIZdin Kulundarina elim ozun turtku berbesen erten KIRGIZMIN dep jalgan aytip ALLAHTAN korkpogon eki eldi biriktirbegen bir elge batpagan jalganchilar kelip silerdin ustunordon oz kizikchiligi uchun okum surot.ALLAHIM oshol kundon alis kilsin!!!Kirgizima intimak iygilik kaalaym!!!

кимден: Олжобай каяктан: Мекка
26.07.2010 21:41
Кыргыз элибизге эн татыктуу адам муфтий молуп шайланды.Ч. Жалилов ажыны бут Кыргызстан Мусулмандары жакшы билет илимдүү.тажрибалуу Аалым катары.Аллаа ал кишинин ишине ийгилик берсин!

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)