Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү / Дин жана ишеним

Мураталы ажы: “Тантави ислам дүйнөсүндө өтө кадырлуу инсан эле”

Мохаммед Тантави Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Ислам аалымдарынын бири имам Ханифага арналган симпозиумда сөз сүйлөөдө. 2009-жылдын 6-октябры.

Мохаммед Тантави Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Ислам аалымдарынын бири имам Ханифага арналган симпозиумда сөз сүйлөөдө. 2009-жылдын 6-октябры.

10.03.2010
Фатима Абдалова

10-мартта Ислам дүйнөсүндөгү таасирдүү динаятчы, улуу шейх Тантави дүйнө салды. Мисирдеги Аль-Аскар университетинин башчысы Моххамед Саед Тантави 81 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумду.

Ал Сауд Арабияда диний жөрөлгөгө катышып жаткан жеринен жүрөгү кармаган. 1000 жылдык тарыхы бар Аль-Аскар мечити жана университети – сунни мусулмандардын башкы билим алуу жайы эсептелет. Мисирдин башкы муфтийи болуп он жыл иштеген улуу шейх Тантави соңку 14 жылдан бери Аль-Аскардын башкы имамы болуп келген. Мохаммед Тантавини Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов Мохаммед Тантавини эскерип, “Азаттыкка” маек куруп берди.

Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов

- Мураталы Ажы, сиз кечээ жакында бул адам менен жолугушкан экенсиз?


- Ооба, Мохаммад Тантави дүйнөдөгү башы көрүнгөн улуу имам болгон. Дүйнөдөгү эң ири диний окуу жайды – Али-Азхар диний окуу жайын канча жылдар жетектеп келди эле. Бул кишинин “Улуу имам” деген расмий наамы бар. Мен бул адамдын дүйнөдөн өтүшүн өтө кайгыруу менен кабыл алдым. Себеби мындан туура 13 күн мурун, тагыраак айтканда 25-февралда көрсө Мохаммад Тантави менен акыркы жолу жолугушкан экенбиз. Каирде 4 күнгө созулган эл аралык Коференция өтүп, ошого барган элек. Бул киши бул жыйынды ачып, жыйынтыктап жапкан да өзү болгон болчу. Мен ал киши менен саламдашып, бирге сүрөткө түштүк эле. 80ден ашып калган экен. Исламдын дин аалымдарынын бир жылдызы, бир чырагы өчтү десек туура болот.

- Ошол жолугушууда Мохаммад Тантави менен Кыргызстан тууралуу сүйлөштүңүздөр беле?

- Албетте сурады. Себеби мен бул киши менен көп жолу жолугушкан элем. Кыйла тааныштыгыбыз бар эле. Кыргызстан жөнүндө көп сөздөр болгон. Мына кечээги жолугушуубузда орунбасарына бизди кабыл алуусун дайындап, Кыргызстан менен келечекте бирге иштөө боюнча, Али-Азхар университетинин Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу боюнча ойлорун айткан эле. Биздин имамдарды Каирде курстардан өткөрүү, Арабияга окууга бара турган улан-кыздарды Муфтият аркылуу тандап жөнөтүү боюнча да сүйлөшүүлөр болгон эле.
Эки жыл мурун барганымда ал кишиге кыргыз элинин чапанын, калпагын кийгизип кайттым эле. Мохаммад Тантави бардык адамдарга жакшылык каалап турган инсан эле.

- Мураталы ажы, сиз бул улуу адамдын ислам дүйнөсүнө өтөгөн эмгектеринен айта кетесизби?

- Бул адамдын дүйнөдөгү ар түрдүү масхабда турган мусулмандардын баарына бирдей кадыр-баркы бар эле. Бир масхабдын кадырлуу лидеринин экинчи бир масхабдагы мусулмандарга анча кадыры болбой калышы мүмкүн да. А бул шейх Мохаммад Тантавинин дүйнөнүн бардык мусулмандарына бирдей баркы бар болчу. Көп китептерди жазган.

Анан фатвада же чечим чыгарууда, дүйнөлүк талаш маселелердин баары келип ушул кишиге токтоп, акыркы жыйынтык чечимди ушул киши айтчу эле. Мусулман дүйнөсүндө мына ушундай орундагы адам эле.

Сөзүмдүн аягында Кыргызстан мусулмандарынын атынан, Муфтияттын атынан Арап Мисир өлкөсүнө, Египет өлкөсүнө, андагы мусулмандарга улуу адам Мохаммад Тантавинин ааламдан өтүшүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Кудай бул кишиге жаннаттан жай берсин.

- Ырахмат сизге.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Азамат каяктан: Бишкек
16.03.2010 18:16
Мураталы ажы мен сизди урматтайм. Бирок, сиздин төмөнкү сөзүнүзгө түшүнбөй калдым: "Анан фатвада же чечим чыгарууда, дүйнөлүк талаш маселелердин баары келип ушул кишиге токтоп, акыркы жыйынтык чечимди ушул киши айтчу эле. Мусулман дүйнөсүндө мына ушундай орундагы адам эле". - деп айтыптырсыз.
Ушунан улам сизге бир суроо пайда болду. Ал кишини ушул орунга ким койду экен? Мужтахиддер өкүм чыгарууда бири-бирине көз каранды болушабы?!
Анан "дүйнөлүк талаш маселелердин баары келип ушул кишиге токтоп, акыркы жыйынтык чечимди ушул киши айтчу эле" дегендин ордуна (Ал-Азхардагы талаш маселелердин баары келип ушул кишиге токтоп, акыркы жыйынтык чечимди ушул киши айтчу эле) -десеңиз туурараак болмок. Себеби ал киши шейхул - Азхар жана ректору болгон да туурабы? Аны жактоочулар жана анын сөзүн сүйлөгөндөр гана ал кишини ушундай орунга койбосо, ага чейин деле ал кишиден 10 эсе 20 эсе илимдүү - мыкты Ректортор шейхул - Азхарлар өткөн. Мына ошолор жетпей эле Мухаммад Саид Тантавинин (р.х) ушундай орунга чыгып кеткенин окуп алып, таң калдым. Алла баарыбызды Туура Жолго салсын. Аамиин. Ассалааму алайкум.

кимден: Нурланбек каяктан: Москва
11.03.2010 12:05
Фатима, Тантавиге "динаятчы" деген туура эмес. Шейх деп да жазуу одоно угулат, ислам аалымы, ректор, же илахиятчы деп жазуу керек.

Анан Аль-Аскар эмес, Аль-Азхар же Эл-Эзхер деп жазылса туура угулат.

Кыргызстанда Тантавинин тизесинде отуруп сабак алып, Аль-Азхарды ийгиликтүү бүтүргөн (аль- азхарды бүгүнгө чейин кг дан 10 киши бүтүргөн экен), кишилерден да цитата коюлганда макала маанилүүраак болмок экен.

Улуу аалымдын жайы жаннаттуу болсун!
nurlanbek.blogspot.com

кимден: Eldar каяктан: Uluu jeren
11.03.2010 03:50
ALLAH rahmatyna alsyn, atamdai korgon adamym ele...

кимден: Eldar каяктан: Uluu Mukaddas jerden
11.03.2010 02:04
Uluu aalym ele, anyn kolunda 2 jyl okudum, 14 jyl kuranga komentaryi jazgan, oshol jazgan tafsirinen sabak beret ele, chet eldik studentterdin okuu zalynda juma saiyn. Biz m-n Berk dep Razzakovdun neberesi da okuit ele. Sabak bergende yilait ele, myndan 7 jyl murun aialy balasy dyinodon kaitkan ele. Oshol boidon jalgyz boi jashap kelgen. 14 jyl jazgan tafsiri ychyn uluu imam degen naam algan myndai adam arap islam olkoloryndo chykkan emes, kala berse Saud Arabiasynda da kezdeshpeit. Kuran karimge kotormo beryydo oto kyldat mamile jasoo k-k. Kyrgyzstan islam universitetinin mugalimderi 1 aida kurandy kotorup kancha mindegen ekzemp-r bast. tarkatyptyr ichi toltura kata eken. Kaira karashtyryp tuuralap jazuu k-k.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)