Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:19

Саясат

Г.Мамасалиева: Ошто референдум тынч өтүүдө

Оштогу шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлгаакы Мамасалиева “Түшкү Азаттыкка” курган маегинде референдум боюнча саат 1ге карата маалыматтары менен бөлүштү.

x
Текст көлөмү - +
- Ушул саатка чейин добуш берүүгө келип жаткан элдин саны кандай болуп жатат?

Гүлгаакы Мамасалиева: Биз Оштогу “Интербилим” тарабынан жергиликтүү шайлоо бекеттерине 16 байкоочуну жайгаштырганбыз. Ош шаары боюнча шайлоо тынч өтүп жатат. Шайлоочулардын катышуусу жогорку деңгээлде болууда. Туран кичи районунан 271 жана 274-бекеттеринде шайлоочулардын көпчүлүгүнө бюллетень бергенге үлгүрбөй жатышат.

Саат 1ге 57 пайыз шайлоочу каттоодон өттү. Шаардагы өзбек да, кыргыз жарандары да шайлоо бекеттерине келип добуштарын берип жатышат. Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан шайлоочулардын укуктарын камсыз кылуу маселеси каралган. Мисалы, үйүнөн коркуп чыгалбай жаткан жарандарга атайын унаа каралып, комиссия мүчөлөрү жер-жерлерге барышууда.

- Ушул сааттарга чейин кандайдыр бир тартип бузуулар катталган жокпу?

Гүлгаакы Мамасалиева: Жок, тартип бузуулар катталган жок. Ош облусу боюнча биздин байкоочулар Өзгөндө бир нерсени гана катташты: Мырзаке айылында элдерди шайлоого барбагыла деп үгүттөп жүргөндөр байкалган. Бирок ал адамдар өздөрү кайсы өкүлчүлүктөн, кайсы уюмдан экенин айтышкан жок.

- Качкындар тууралуу кандай маалыматыңыз бар? Алардын катышуусу кандай болуп жатат?

Гүлгаакы Мамасалиева: Качкындар боюнча атайын мобилдүү топтор чыгып жатышат жана мобилдүү үкөктөр каралган. Ал жакка биздин байкоочулар чыккан жок, бирок жергиликтүү шаар кеңеши тарабынан мобилдүү үкөктөр каралган.

- Кошумча тизме боюнча да добуш берүүчүлөр көп болуп жатабы?

Гүлгаакы Мамасалиева: Кошумча тизме боюнча добуш берүүлөр көп. Себеби бул боюнча атайын норма каралбады беле, ошондуктан кошумча тизмелер арбын. Мисалы, № 315-шайлоо бекетинде кошумча тизме менен 35 жаран өткөн.

- Келгендердин арасында жаштардын саны кандай болуп жатат?

Гүлгаакы Мамасалиева: Ош шаарында жаштардын келүүсү көп, ал эми айылдарда төмөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: травертин каяктан: москва
27.06.2010 18:05
Москва шаарында эки бекетте шайлоо пункту иштеп жатат мен эрте менен саат сегизде ВВЦ да ачылган шайлоо бекетине барып алгачкы шайлоочулардан болуп оз добушумду бердим .Негизинен уюштуруу иштери жакшы .Добуш бергени келген жарандар кошумча тизме менен добуш берип жатышат .Эмгек мигранттарынын активдуулугуно ыраазы болдум.Алар зч кандай чакыруусу жок эле бири биринен угуп келип оз добуштарын беришуудо.Азыр саат Москвада 16 00 шайлоого келген жердештеримдин аягы тыйыла элек .Бардык эмгек мигранттардын тилегени олкодо тынчтык орношун каалайт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)