Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:19

Саясат

Данияр Нарынбаев: Президенти бар мамлекет болдук

27-июнда өткөн референдум, андан кийинки кадамдар тууралуу Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- 27-июнда референдум өттү, азыр жыйынтыктары чыгып жатат. Эми мындан аркы кадамдар кандай болот?

Данияр Нарынбаев: Биринчиден, БШК тараптан расмий түрдө жыйынтык жарыяланыш керек. Ошондо гана президент аракет кылганга толук кандуу укукка ээ болот. Референдумда кабыл алынган мыйзам боюнча, президент 2007-жылкы кабыл алынган конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктарын аткарат, андан сырткары өзү премьер-министр болуп турат. Жаңы шайланган парламент келген күндөн тартып, ал жаңы Конституцияда көрсөтүлгөн президенттин ыйгарым укуктарына ээ болот. Премьер-министр шайланган күндөн тартып премьер-министрлик кызматын ошол кишиге өткөрүп берет да, жөнөкөй президент болуп кала бермекчи.

- Азыр эми парламенттик шайлоо качан болот?

Данияр Нарынбаев: Парламенттик шайлоону БШК референдумдун жыйынтыгын жарыялагандан кийин президент өзү карап, азыркы мыйзамдарга, Конституцияга ылайыкташтырып Буйрук чыгарат.

- Референдум өттү, эми референдумдан кийинки стабилдүүлүк маселеси туурасында айта кетсеңиз. Стабилдүүлүктү сактап турууга өкмөттүн күчү жетеби?

Данияр Нарынбаев: Мен буга толук ишенем. Мына биз президенттүү болдук, өлкө башчысы бар мамлекетпиз, толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүгү бар. Конституцияда көрсөтүлгөн укуктардын баарын пайдаланып, тийиштүү чараларды көргөнгө жол ачылды десек болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз каяктан: Россия
28.06.2010 18:23
Койчу коп болсо кой арам олот.-дейт элибизде.парламенттик олко болдук деп суйунуп жатабыз,кыргыздар бирок бизди сызга отургузуп коюшпаса болду.УО оздору мыйзамды бузуп келди бийлике.

кимден: БОРООН каяктан: ЭЛ
28.06.2010 16:45
Тушундурмо берип конститутцияга айтканын дурус Даник!
Эски тарыхты козгосок ,канча жолу Баш Мыйзамды токуп,башын алдынар.Акаичтин да, кийинки куйруктарынын да этегине намаз окуп.Акибети Эл узурпаторлордун тебелендисинде калган эле! Кан тогулду,мурунтан ушундай принсипте болуп ,Акаичке-Бахиевге да Баш мыйзамды талпак кылып жая салып, тебелеткен силер эленер,Юрист-саясатчылар ,анын бироосу силер, Данияр Ильич!
Эмне дейбиз куноонорду эл,тарых таразаласын!Айтаарым кайсыл бийлик келседа»Актарбы,кызылдарбы,соцалисстерби,диктаторлорбу,баарына тилтабышып кеткен силердей адамды табигатта, «ХАМЕЛЕОН»,кыргызда тулку,жэ,куйту-куу дешет,булар оз комочуно чок-кул додологондон башка элге пайдасы жок,коркунучтуу да! Калообуз;Бул дуйно кенен океан,Онор алган куулардан,Данияр Ильиич АМаН бол,Зан- законду кагаздан,ит куугандай сайраган,серуун ак-уй жайлаган,Акай-бахий жалганын ,кагазга жазып жалгаган,каргайлы десек Жалгызсын,Алкайлы десек «Байгушсун»!Чээнден чыгып кылтыйган!Океан дуйно озгорот,Кылынган ишин коз корот!терс кадам салсан сырактап! Кыргызын койот тузактап!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)