Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:18

Саясат

Мелис Мырзакматовдун тарапкерлеринин талабы

Ош шаарынын борбордук аянтына мэр Мелисбек Мырзакматовдун жактоочулары митингге чыгышты. Ага адегенде беш жүзгө чукул адам чогулуп, кечке жуук акциячылардын саны эки минден ашты. Алар жогорку бийликтин Мырзакматовду жумуштан бошотуу аракетин катуу айыптап жатышат. Ошол эле учурда Бишкек бул боюнча ачык пикирин билдире элек.

Текст көлөмү - +

 

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын айтымында, борбордук бийлик түштүк башкаласынын мэри Мелисбек Мырзакматовду жумушунан бошотуп, анын ордуна башка кишини дайындоо камын көрүп жатыптыр. Алар мындай аракет токтотулбаса, Президент Отунбаеванын отставкага кетүүсүн талап кылышаарын ачыкташты.

 

 

Ош шаарында жашаган мугалим Гүлзат Кудайбердиева оюн мындайча билдирди:
 

- Себеби башыбыздан өткөн окуялар бардыгыбызга белгилүү. Ошол учурда биздин карманып, тутунуп, ишенип, жөлөнөр таягыбыз Мелис Мырзакматов болуп турган. Тополоңго чейин жакшынакай эс алуучу жайларды, какырап чөл болуп жаткан жерлерди гүлдөтүп, жаштарыбыздын билим алыш үчүн шарттарды түзүп, жакшы нерселерди аткарды. Канча миңдеген студенттер келет, ошолор келгиче бул нерселерди басып токтотуп коюш керек. Биз кайрадан кан төгүлүүнү, кайрадан энелердин ыйлашын каалабайбыз.

Ал эми Кара-Суу районунун тургуну Гүлнара Кадыралиева буларга токтолду:

- Мырзакматовдун жакшы иштегенин Ош шаарындагылар эле эмес Ош облусу боюнча бүт райондор билет. Роза Отунбаева эмне себептен иштен алып атканы жеке эле мага эмес, бүт элге түшүнүксүз. Күнөөлөрү болсо мойнуна коюп, Роза Отунбаева элдин алдына келип өзү жооп берип кетсин, болбосо элдин бары төңкөрүшкө чыгат.
 

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров Мелисбек Мырзакматов менен телефон аркылуу байланышкандыгын, ал Өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүп жаткандыгын, жыйынтыгын кийинчерээк жарыялай тургандыгын айтып, акциячыларды тынчтандырууга аракеттенди. Бирок митингичилер оң жооп болмоюнча тарабастыгын, алардын катарын шаар-райондордон келген дагы миндеген жарандар толуктай тургандыгын жар салышты.

- Азыркы күндөрдө мен интернеттен маалымат алып атам. Мэр Мелис жөнүндө ачык эле жазып атышат. Өкмөт Мелисти иштен алыш керек болуп, алалбай калса, анда өкмөттүн элдин алдында аброю кетет, бир адамга күчү жетпесе анда өкмөт өкмөт болбой калат, эл өкмөткө ишенбей калат.
 

Оштук укук коргоочу Равшан Гапиров мундай шартта чабалдык кылгандыгы үчүн кыргыз өкмөтүн айыптады:

- Акыркы күндөрдө мен интернет маалыматтарын алып атам. Мэр Мелис жөнүндө ачык эле жазышып атат. Өкмөт өзү Мелисти иштен ала албаса, өкмөттүн элдин алдында аброю кетет. Бир адамга күчү жетпесе, анда өкмөт өкмөт болбой калат, ага эл да ишенбей калат.
 

Мелис Мырзакматов

Мелисбек Мырзакматов экс-президент К. Бакиевдин тушунда "Ак Жол" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болгон. Андан кийин Ош шаарына мэр болуп дайындалган.

7-апрель окуясынан кийин М. Мырзакматов Ошто өзүнүн колдоочуларына таянып, Убактылуу өкмөттүн убактылуу тилин таап, кызматында калып калган.

Июнь айында Ош шаарында болгон кан тополоңдон кийин бир катар жергиликтүү ишмерлер жана эл аралык уюмдар мэр Мелис Мырзакматовду улутчул деп айыптап, анын жоопкерчилигин кароо жана кызматтан алуу жөнүндө маселени көтөрүп чыгышкан. Президент Роза Отунбаева өз кезегинде мындай талаптарга "бул өтө татаал маселе" деп туюк жооп кайтарган. 

 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Салмал каяктан: Жашасын
22.08.2010 22:50
Мелис байкенин мен улутчулмун жана кыргыз эли учун кучумдун барынча курошом деген созуно мен муюдум да калдым себеби ал эч бир тайманбастан коркпостон туруп айтканына мен shffpsvsy Демейде азыркы аткаминерлерибиздин бул созду ачык айтуудан коркушат. Мелисбек Мырзакматов - чыныгы кыргыз элинин кулуну буга шанс берели озун корсотсун!

кимден: Кайрылуу каяктан: Оштон
22.08.2010 16:36
Урматтуу Форумчулар!!! Кадырлуу калайык калк! Бул жерде эл бийлик учун, же Мелис учун чыккан жок. Эл оз намысын коргоп калууга, оз укугун, оз эркиндигин, оз мамлекетинин бутундугун сактап калууга жчыкты. Ал учун аталган идеяларды ишке ашырууга, озунун, уй-булосунун коопсуздугун камсыздоого татыктуу инсанды мэрдик кызматка калтырууга аракеттенди. Кудайга шугур, эдин аракети текке кеткен жок.

кимден: Гули каяктан: Ош
21.08.2010 19:26
Мелис Мырзакматов аябай ишин туура билип аткарган адам ага эл раазы жана даагы Кудай раазы болуусун каалайбыз.Урматтуу президент эжебиз мумкун болсо элин суйсо анын ишине киришпоосун суранабыз бизге тынчтык керек!!!

кимден: Кыргыз кыз каяктан: Москва
21.08.2010 19:20
Саламатсыздарбы урматтуу кыргыз элим жана Азаттык Уналгысы,Москвада жашаган кыргыз жараандарынын атынан жазып олтурабыз;чындык ушундай чыркырайт эмеспи,биз алыстан кабар угуп ичибиз аябай ачышты,биздин элим жана жерим деп жургон чыгаан чынчыл Мелис Мырзакматовду ар дайым оз ишин улантуусун каалайбыз!Мелис байкени Жараткан зат колдосун эки дуйно!!!

кимден: minura каяктан: osh
20.08.2010 17:21
asyl menen jaraandyn aitkandaryna koshulam 100% jailaptyr dagy jazgyla kyzyktuu kilip achygyn

кимден: баткен каяктан: Баткен
20.08.2010 16:07
мен УОну да Мырзакматовду да колдобойм бирок ачык айтып коюш керек Мырзакматов келгенден бери Ошто кыйла жылы болуп, онолуу жолуна тушту эле. отунбаева аны кызматтан алып аброй таппайт чынын айтыш керек

кимден: Кыргызым учун деген каяктан: КГ
20.08.2010 15:35
Мелис Мырзакматов - Кыргызстандын Уго Чавеси (Венесуэланын Президенти). Бириккен душмандарга каршы эл менен туруктуулукту корсоткон Мэр Мырзакматовко Данк!!!

кимден: Болот каяктан: Бишкек
20.08.2010 15:20
Элибизге Мелисбек байкедей улутун суйгон, элине кызмат кылгысы келген патриоттор керек. Ошондо гана кыргыз эли осуп онугобуз. Ал эми Мелис жонундо туура эмес пикирди билдирип аткандар, мурдунан алысты коро албагандар, келечегин билбегендер. Мелисбек байке Кыргыз эли дайыма сиз менен!

кимден: Асан каяктан: Ош
20.08.2010 14:51
Мелисбек Мырзакматов Туштуктун гана эмес, керек болсо Кыргызстандн атынан суйлоого моралдык да, юридикалык да укугу бар. Ал 3 жолу мыйзамдуу жол менен мэрдик кызматка дайындалды.
1-Бакиев дайындады, 2 -жолу 8-апрелде эл аны кызматка койду. 3-жолу бугун (20-август) элдин талабы менен кайра кызматын улантууга киришти. Кыргызстандагы бир гана М.Мырзакматов легитимдуу бийлик адамы болуп саналат.

кимден: Абжали уулу каяктан: ОШ
20.08.2010 14:47
Мелис экообуз коп маселеде пикирибиз келишчуу эмес. Бирок ал улутчул деген жарлык тагылат деп коркпостон ишти алып баргандыгына Иномжан менен суйлошуулор (3-июнда болгон) учурунда билдим. Анын артыкчылыгы улуттук кызыкчылыкты алдыга суроодо экендигин ал иши менен ынандырды. Мен ал азыр керек кадр деп эсептейм. Андан башка адам арабаны тартып кете албайт азыркы учурда. Бул жигит Ошто жакшы прорыв кыла алат. Андан кийин алсанар мейли.
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)