Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:17

Саясат

Алайда генералды бошотууну талап кылган митинг өттү

Бүгүн (10-февралда) республикалык Аскер соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун адвокатынын апелляциялык арызын карап жатат. Буга байланыштуу Алайдын борбору Гүлчөдөгү стадиондо миңге чукул киши катышкан митинг өттү. Митингде генерал Исмаил Исаковду абактан бошотууну буга чейин суранып келишсе, эми аны актоону бийликтен талап кылышары айтылды.

Текст көлөмү - +
Митингде мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун камалганын мыйзамсыз деп эсептеген алайлыктар өлкөдөгү абалга тынчсызданышып, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын сындашты. Митингдин соңунда 4 пункттан турган чечим кабыл алышты. Анда “Исмаил Исаков абактан бошотулсун, Петровка окуясы жана Балыкчыда шарттуу кесилгендер акталсын. Стратегиялык маанилүү объектилер мамлекеттин карамагында калсын. Азыркы бийлик кетсин”,-деген талаптар коюлуп, эгерде бул талаптар аткарылбаса жөө жүрүш жана башка акцияларды башташары көрсөтүлгөн. 

И.Исаковду коргоо комитети кийинки кадамдары кандай болорун тактап, аныктагандан кийин билдире турган болду.

Ошондой эле нааразылык билдирген алайлыктардан кабар алышпаган жердештери каржы министри Марат Султановго, салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибековго, Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан депутаттар Ажыбай Калмаматов менен Нургазы Айдаровго нааразылык билдиришти.

И. Исаковдун акталышын талап кылган акциялар буга чейин да өткөрүлүп келген, буга байланыштуу 13-январда саясий ачкачылык жарыяланып, акцияга 100гө чукул киши катышкан.

11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду кызмат абалынан пайдаланып, министрликке тиешелүү батирди уулуна менчиктеп берген деген айып менен 8 жылга кесип, генерал-лейтенанттык чининен ажыраткан.

"Азаттыктын" архивинен: И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү

11-январда Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучу генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулду.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: физик каяктан: кгу
11.02.2010 20:40
Мен Марат Султанов менен сыймыктанчу элем убагында анын окуучусу болгонума,азыр анын байлык бийлик туткуну болуп,ак-караны ажырыта албай козун май басып адилетсиз бийликти чындоо учун кызмат кылып жатканын коруп намыстанчу болдум...

кимден: Токтомуш каяктан: Ош
10.02.2010 21:57
Марат Султанов кайдан торолуп калды экен. Атасы Абдыразак арстан журоктуу, эч кимден коркпогон, чындыккты бетке айткан эр эле. КГБнын Москвадан келген чонунун айыбын ачып, партиядан куугунтук жеди эле. Баласы Марат жок дегенде: "Калыс бололу, Исмаил аканин куноосу жок , мен кайтарган Кыргызстандын акчасына бир тыйын да зыян келтирген жок "- деп айтканга жарабады, кысталак.

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
10.02.2010 20:28
Азаматсыздар Алайлык мекендештер.Алай тоосундай бийик болгула!Исмайыл аке Алай элинин эле эмес Кыргыз элинин да уулу.Баардык кыргызстандыктарды Исмаил акени колдоого чакырат элем. Анан жанагы Марат, Ахмат, Ажыбай жанаНургазы деген уулдарынарга капа болбогула. Себеби алар абийрин байлык, бийлике алмаштырып жиберген. Алардын баарын кошкондо да Исмайл акенин бир четине да тен келбейт. Себеби Исмайл аке чыныгы генерал.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)