Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:13

Эл үнү

Жалал-Абадда жаатташкандар жараша баштады

15-июнда Жалал-Абад шаарында облустагы эки улутту элдештирүү түлөөсү өтүп, мындан ары улуттар аралык жаңжалды болтурбоо үчүн ар бир көчөдө элдик кошуун түзүү, жаштарды башаламандыктарга катыштырбоо сунуштары айтылды.

Элдешүү жыйынында улуттар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн эки улуттун алты өкүлү достоштурулуп, аларга демилгечи топтун эсебинен ак калпак менен ак чепкен кийгизилди. Жалал-Абад, 17-июнь.
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Облустун район-шаарларынан келген 4 миң адам катышкан түлөөдө Жалал-Абадда өткөн күндөрү болгон баш аламандыктарда каза тапкан адамдардын арбагына куран окулду. Эки бука союлуп, келгендерге тамак-аш тартылды.

Жалал-Абаддагы жыйырма-отуздай ишкер адам улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында түлөө өткөрүү демилгесин көтөрүшкөн. Демилгечи топтун башчыларынын бири Сали Ташбаев өткөн аптадагыдай чыр-чатактардын алдын алуу үчүн элди алдабоо жагына токтолду:

Жалал-Абаддагы элдешүү жыйыны, 17-июнь.
- Достоштуруу аземин уюштуруп бергиле деп элдер өзү бизден суранды.

Эл ичинде Жалал-Абаддагы бүгүнкү тынчтыкка али толук ишеним жок. Көпчүлүктү эртеңки күндүн тагдыры менен түлөөдө козголгон ой-пикирлер облустагы ар бир кишиге жетеби, жаңжалдарды болтурбоого өкмөттүк күчтөрдүн кудуреттүүбү деген суроолор ойлонтууда.

Ушундай собол менен облус коменданты Кубатбек Байболовго кайрылган Эркин Бегимкулов өзүн-өзү коргоо топторун уюштурган Сузак айылын күбөгө тартып, Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө да демилгелүү элдик кошуундарды жана комендант алдында элдик кеңеш уюштурууну сунуш кылды:

- Биздин аскерлер жетишпейт. Ошолорго чыгып жардам бербейлиби. Кошуундарды түзбөсөк болбойт. Ушул жерге келгенде тынчтыкты каалайбызбы, каалай турган болсок кайдыгер калбайлы. Бирок өзбектин үйү күйгөн болсо, кыргыздан көрбөгүлө, кыргыздын үйү күйгөн болсо өзбектен көрбөгүлө. Менин үйүм күйүп кетти, мен өзбектен, же кыргыздан көрбөйм. Мен Алладан көрөм. Алла биздин кайдыгерлигибиз үчүн, биз көөп кеткендигибиз үчүн, кайыр садага кылбаганыбыз үчүн, зекет бербегенибиз үчүн бизге Алла өз жазасын берип атат.

Эч бир улутка жаңжалдын кереги жок. Тынчтык менен биримдик ынтымакка бардыгы муктаж. Сузак районунан Кимсанбай ажы ата-энелерди Жалал-Абаддагы тополоңдо жаштар талап-тоногон буюмдарды кайтарып берүүгө жана балдарын митингдерге чыгарбоого үндөдү. Анын болжолунда, буга чейинки тополоң бийлик башчылардын туура эмес саясаты менен жаштарды жакшы тарбияланбагандыктан келип чыкты. Ал чыр-чатактардын алдын алуу үчүн ар бир көчө жашоочулары менен сүйлөшүү жагын сунуш этти:

- 90-жылдан бери эгемендүү республика болдук. 20 жылдын ичинде эки падышабыз бала-чакасы, кыздары болуп адилетсиз, инсапсыз болуп, байлыкка берилгенден бизде ушундай болуп отурат. Анын ичинде чиновниктер да бар. Байлык, бийлик насип кылдыбы, бул элдин акчасы. Элге тиешелүү байлыктарды алып мына акыбал ушундай болуп отурат. Өзбек, кыргызга айландык. Ушунун кимге кереги бар?

Жалал-Абад шаарынын имамы Аллаяр ажы түлөө уюштургандарга ыраазы болуу менен нечен адамдардын өлүмүнө шыкак болгондор жазасыз калбай тургандыгына ишенээрин айтты:

- Алла Таала "Чагымчылардын бара турган жери – тозок" деди. Ошол чагымчылар менен ушакчылар бири-бирибиздин ынтымагыбызды бузуп, ушул күндү башыбызга салды.

Башаламандык орун алган Базар-Коргон районунда да кечээ ынтымакты калыптандыруу түлөөсү уюштурулган. Райондун тургуну Мансур молдо баш аламандыктарды унутуп, кыш-күрөөгө камынуу жагын эстетти:

- Бардыгыбыз ынтымакка келип, бирге болуп, талаачылык иштерди улантып, кышка даярдыкты көрөлү. Бала-чакабызды жакшы багып, тынч жашашты каалайлы. Элибизди кандайдыр бир күчтөр келип бөлүп кетти.

Облустун коменданты Кубатбек Байболов өткөн калабада чагымчылардын кесепетинен курман болгондордун ата-энелери менен туугандарына көңүл айтып, алар менен жарадарларга өкмөт жактан колдоо болоорун айтты. Ал Жалал-Абаддагы окуяларга эски менен жаңынын тирешүүсү деген баасын берди:

- Бийлик эңсеген чагымчылар айрым эл бузарларды пайдаланып, бизди кандай апаатка алып келди, кандай адамдар, жаштар, карылар курман болду. Мен сиздерден бир гана нерсени сурайм, ошол бийлик талашкан чагымчылардын куралына айланбагыла, алданбагыла. Кудайым буюрса жаңы заман келет, бийлик түптөлөт, дайыма эле ушинтип олку-солку болуп турбайт.

Түлөөнүн башталышы менен аягында май-июнь күндөрү башаламандыктарда шейит кеткендердин арбагына куран окутулду. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн эки улуттун алты өкүлү достоштурулуп, аларга демилгечи топтун эсебинен ак калпак менен ак чепкен кийгизилди.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Эрнст каяктан: Бишкек
21.06.2010 16:58
Бул элдешууну уюштурган жана чапан кийигизип жургон менин досум Муса болот. Так что, мен Муса досум менен сыймыктанам...

кимден: Адам каяктан: Кыргызстан
18.06.2010 12:53
Азаттыктын "Шеринесинде" жалан гана жакшы пикирлер тынчтыксуйорлордун пикирин окуган кундорду сагындык ал кундор да келеер урматтуу шериненен катышуучулар саясат согуш революция деген ж.б. тушунуп тушунбой жазылган терминдерден баары эле тажап бутту окшойт бирок айла жок коомдо жашап туруп коомдон сыртта боло албайсын деген ушул экен да тынчтык болсун ынтымак болсун деген создордун маанисин эми тушуно баштадык окшойт. Тынчтык Ынтымак каалайм Кыргыз элиме

кимден: Кыргыз жигит каяктан: Москва
18.06.2010 12:08
Урматту элим!!! Элдешуунорду коруп абдан суйундум, Жараткан мындай кунду экинчи башыбызга салбасын. Биз канчалык биримдиктуу болсок эч ким бизди болуп жара албайт. Ушул кагылшууну уюштургандар мат эле болушту да, себеби эки эл кайра жарашып жатпайбы. Алардын максаты бул эки элди бири-бирине тукуруш эле да. Ушул жанжалды уюштургандарга айтарым: Мээримсиз канкорлор! Силердин максатынар эч качан ишке ашпайт, ушул жанжалда отуп керкендердин арбагы менен боздоп кала бергендердин коз-жаштары урсун силерди! Омур бою силер да боздоп кала бергиле!!! Кыргыз элим ар дайым бар болсун, келечеги кен болсун. Урматту элим, алыстагы кыргыздар ар дайым сиздер менен!!!

кимден: Тамара
18.06.2010 11:24
Бул Тулоонун уюштуруучуларына ийилип таазим кылгым келет.Рахмат сиздерге,осуп онгуло.
Баардык тулоонун катышуучулары абдан туура создорду айтышкан.
Эки эл мындан аары ынтымакта бололук,экинчи кан тогулуу болбосун.
Ошто да откорулсо жакшы болот эле.
"Тулоо менен Эл когорот,жамгыр менен жер когорот " дечуу беле?
Тура эмес жазган болсом кечирип койгула.

кимден: Эрнис каяктан: Чет Элден
18.06.2010 03:50
Ушундай эле болсо экен Жаратканым бизге туболук ынтымак берсе экен бектер кетет эл калат дейт.АЛЛА Таллам мындан ары биздин элге тынчылык берсе экен.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.06.2010 01:21
Энг тугра кадам.Толкундоо пайда болду менда.Бул бошка гап.Инсанлик.Азаматсинар.

кимден: Kasymaaly каяктан: Osh
18.06.2010 01:07
Abdan tuura kadam! Özgöndüktördön da örnök alaly! Alar da azamattar!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
18.06.2010 00:20
Allah jardamchy bolsun! Oshondoi yntymaka kelish kerek, dinibiz bir adamdarbys. Munu eldi oilobogon siyasatchylar uiushturup jatyshat, alarga aldanbagyla. Tuuru ish, birok dagy bir az kech kötörulup kaldy, kancha degen adam kaza bolup ketti. Emi Kudai koldosun !!! Baardygyn yntymak jensin.

кимден: Кыял каяктан: Москва
17.06.2010 23:27
Биз ата мекенибизден алыс жакта туруп!ото кубанычтабыз:эки элдин жарашканына,биз деле Москвада ВВЦ-да бугун озбек элинин Москвадагы диаспарасы менен жолугушуп Кыргызстандын убактылуу бийлигине кат жаздык!!!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу