Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:12

Саясат

БЭКтин катары бекемби?

М. Чолпонбаев баштаган жаңы оппозициялык уюмдун пайда болушу БЭКтин ичиндеги ыдыроону билдиреби? БЭКтин саясий күч-кубаты кетип алсырап бараткан жокпу? "Азаттыктын" мына ушундай маанидеги суроолоруна Бириккен Элдик Кыймылдын төрагасынын орун басары Эмил Каптагаев жооп берет.

БЭКтин митинг акциялары, 27-март 2009-жыл
Текст көлөмү - +
-Эмил мырза, Мукар Чолпонбаев баш болгон бир катар инсандар БЭКтен чыкканын жарыялап, өзүнчө жолго түшүштү. БЭКтин жетекчилеринин бири катары буга сиз кандай баа бересиз?

- Менин оюмча бул жерде бир аз жаңылыш кабар болуп атат. Менин билишимче Мукар Чолпонбаев жана БЭКтин башка мүчөлөрү кыймылдан чыктык дешкен жок. Алар биз жаңы кыймыл түзүп атабыз дешти. Бул эки башка нерсе.

Менин оюмча бул оппозициялык майданда ар кандай кыймылдардын пайда болушун биз колдошубуз керек. Анткени азыркы шартта ошол эле жаңы кыймыл түзүп аткандардын ичинде БЭКтин ишине катышып жүргөндөр да, катышпай жүргөндөр да бар. Бийликтин жасап аткан саясатына каршы пикирдеги адамдар кандай кыймылга бириксе дагы, ошону биз колдошубуз керек деп ойлойм.

-БЭК азыр аракетке жөндөмдүүбү?

- Ары айтабызбы, бери айтабызбы бүгүнкү күндө саясий майданда, айрыкча оппозициялык майданда БЭКтен башка бир аракетке жөндөмдүү күчтү көргөн жокмун. Жеке саясатчылар бар, мисалы ошол эле М. Ниязов, Т. Сариевдер жүрөт. Бирок бир топ саясий кыймылдарды, партияларды бириктирген жалгыз кыймыл бүгүнкү күнү БЭК.
 
Бүгүнкү күнү И.Исаковдун, А. Жекшенкуловдун, Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев, Рыскуловдордун соттолуп атышынын өзү эле анын аракетке жөндөмү бар болгондугунун далили.
Муну биз дагы, чет өлкөлүк эксперттер дагы, бийлик дагы өзү мойнуна алып турат бүгүн. БЭКке карата болуп аткан кысымдын өзү анын аракетке жөндөмдүү экенин далили. Бүгүнкү күнү И.Исаковдун, А. Жекшенкуловдун, Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев, Рыскуловдордун соттолуп атышынын өзү эле анын аракетке жөндөмү бар болгондугунун далили.

-Эмил мырза, 21-январда Конституциялык Сот Конституцияны өзгөртүү же ишке ашкан өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча президент сунуштаган мыйзам долбоорун карай турган болууда. Сиз кандай чечимди күтүп жатасыз?

- Бүгүнкү күнү 93-жылкы Конституцияны кайра алып келебиз деп атышпайбы. Бүгүнкү күнү биздин мамлекетте Конституцияда эмне жазылганынын эч мааниси жок. Кеп ошол Конституцияда эмне жазылса да ошону сактап, ошону ыйык тутууда болуп атат. Мына азыркы мамлекеттик ички структуралардын өзгөртүлүшү, ошол эле президенттин баласын өлкөдө даражасы боюнча алтынчы орунга дароо секиртип, бүт өлкөнүн казынасын карматып коюшунун өзү Конституцияда жазылган эмес.

Бүгүн президент өзү колун коюп, ант берген Конституцияны тебелеп-тепсеп, конституциялык төңкөрүш жасап атат. Мына кеп ошондо, кеп Конституциянын ыйыктыгын сактап, ошону менен жашоону камсыз кыла алганыбызда. Биз Конституцияга каалаган нерсени жазып койсок дагы, бүгүнкү бийлик каалаганын жасап атат, Конституцияны карап да койгон жок, Жогорку Кеңеш да караган жок.

Конституциялык Сот бир эмес, эки жолу жыйындарга, митингдерге болгон чектөө Конституцияга каршы деп чечим чыгарса дагы, Жогорку Кеңеш үчүнчү жолу кайра ошондой эле закон кабыл алып атат. Мунун өзү бизде Конституциянын эч кандай мааниси жок деген гана белги. Ошон үчүн Конституцияны кандай бычып, кандай тиксе дагы бул бийлик өзүнүн азыркы жолунан кайтпайт.

-Конституцияга киргизиле турган өзгөрүүлөрдөн максаты, мазмуну тууралуу баарыбыз эле айтып атабыз бул атадан балага бийликти менчиктеп өткөрүп берүү деп. Сиз бул ойго кандай дейсиз?

-Жакында 24-мартта ошол эле революциянын беш жылдыгы болот. Ошол революцияда эки максат коюлган - үй-бүлөлүк башкарууну, коррупцияны жок кылуу. Ошол революциянын беш жылдыгын майрамдап атканда ошол эле президент башында турган азыркы бийлик элге эмне деп айтат. Мына ошону карашыбыз керек.

Бүгүн айта турган бир дагы сөзү жок. Үй-бүлөлүк башкаруу миң-эки миң эсе өсүп кетти, коррупция жогорку бийликтин деңгээлинде турса, азыр базардын ичи, жөн жерге чейин тамырлап кирип кетти. Мына ушул эки маселе боюнча БЭКтин пикири бир эле. Үй-бүлөлүк башкаруу жок болмоюнча, өлкөдө демократиялык принциптер орномоюнча эч кандай өзгөрүү, өнүгүү болбойт.

- Рахмат маегиңизге.


"Азаттыктын" архивинен: "БЭК шайлоо жыйынтыгын тааныбайт"

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кельдибек каяктан: Бишкек
23.01.2010 01:28
Башка уюм тузуп жатышса болунбогону кайсы? Айтор баары баамдагандай. Арасында Президент болбойм деген бироо да жок эмеспи себеби. Оюнда биринен бири кыйын, ал эми иш жузундо, европалык. баалуулуктар менен алсак кадимки феодалдар. Мукар менен Мирослав Акаевке кандай кызмат кылгандарын эл унутуп
калды дешет го? Бул кебетенер менен оппозиция деле болуп жарыта албайсыңар го?

кимден: Алим каяктан: Бишкек
20.01.2010 19:17
Президент -Бакиев
Конституция -Бакиев
Закон -Бакиев
или вернее -Бакиевы, алар эмне десе ошол болуп жатат.

кимден: Күнболот каяктан: Бишкек
20.01.2010 18:28
Эмил мырзанын айткандарынын көбү туура. Өзү эмнегедир көп учурда туура сүйлөйт, бирок ишке келгенде кандай экенин билбейм. Адамды алып жүрүүсүнөн анан сүйлөгөнүнөн билсе болот дечү эле, БЭКтин ичинен кимисине деле ишенээрин билбейсин. БЭКтин катары эч качан бекем эмес, арасында ишене турган кимиси бар дейсиз? Кыскасы БЭКти кайрадан элдин ичиндеги пикирлерди иликтеп көрүп, эптеп арабызда жүрө турсун деген эл сыйлабаган саясатчылардан арылыш керек. Ошол деле билинээр-билинбес элдин кыжырын келтирип коюуда. Маселен, БЭКке Атамбаев, Текебаев, Сариев, Жекшенкулов, Шерниязов, Каптагаев, Отунбаева, Бешимов, Омуркулов, сыяктуулар эле кирип анан жанагы анча мынчаларды токтотуп туруп аларды экинчи чалгынчы катарында кароо керек. Эгер булардын саясый тактикасы жетишпесе, ачык эле элди бирине да ишеним артпоого чакырам. Анткени, канча жолу алышып алдары кеткен булар, акчаларынын мыдыры азайганда айласы жок бийлик койнуна кантип кирип кетүүнү көздөшөт же бийликке жеткен күндө да, элге иштеп берүүнү зыраак ойлонушат.

кимден: немис каяктан: Германия
20.01.2010 17:21
Азыркы оппозиция Бакиевдин бийлигинин саясатына каршы кандайдыр бир аракеттерди жасоодо, бул бир аз болсо да көрүлүп жаткан иш чара. Аракетиңерге күч кубат берсин дегим келет. Бирок азыркы паракор, өз эли үчүн иштебеген, өз мамлекетинин инсандарын коргой албагандарга каршы чыгайын деп аткан оппозициялык кыймылды көргөн жокмун. М. Чолпонбаев, Э.Каптагаев булар мурдакы бийликте иштеп жүргөндө, элге көрүнүктүү, эл оозуна алып сүйлөй турган иш аракеттерин окуган, көргөн эмесмин, уккан дагы эмесмин. Балким башка адамдар окуган, же уккан чыгар, ошондой болсо айткылачы? Акаевди кетирип, Бакиевти бийликке отургузуп, анын берген убадаларына ишендик эле, болбой калды. Ишеничибизди ташка чапкандай эле болду. Негизи эле бийликке аралашып калган, анын даамын татып калгандар, алдамчы болуп калышат окшойт, эптеп убудаларды берип бийликке жетип алыш үчүн, бардык амалдарды жасашат экен. Азыркы учурда, ушул өз сөзүнө бекем, Кыргызстандыктар ишенип эрчий турган эл башчы ким боло алат? Менин пикиримде, кыргыз элинин арасынан чыккан, ой акылы таза, мурдакы жана азыркы бийликте иштебеген, эч нерседен тайманбаган, эр жүрөк, өз элинин намысын коргой алган, сөзүнө бекем турган, билимдүү, чечкиндүүпатриот адам болсо, эл эч нерседен коркпой, ишенип ээрчип, колдойт эле. Азыркы учурда андай адамды көргөн жокмун Кыргызстандан. Ошол адам качан келет, канча жыл күтөбүз, ким билет??? Бирок ошол патриот эл башчы келгиче, кыргыз мамлекетим ордунда туруп турса экен деп тилейт элем.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине