Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:11

Эркиндик

Таалай Зикиров: “Коркутса да мизибиз майтарылбайт”

Беш-алты күндөн бери Сопу-Коргон кыштагында ачкачылыкта отурган Исмаил Исаковдун тарапкерлеринен бийлик өкүлдөрү жана дарыгерлер кабар ала элек. Алайдагы нааразылык акциясына катышкандарды куугунтуктоону күч органдары токтотчудай эмес.

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
Ошол эле учурда мурдагы коргоо министринин тарапкерлери Ош шаарында ачкачылык жарыялашаары айтылууда. Бул туурасында Алай районундагы нааразычылык акциясын уюштуруу комитетинин мүчөсү Таалай Зикиров «Азаттыккка» билдирди.

- Таалай мырза, кантип атасыздар?

- Аманчылык, жакшы элебиз.

- Сопу-Коргондо канча киши ачкачылык кармап олтурушат? Алардын учурда саламатчылыгы кандай? Дарыгерлер кабар алып жатышабы?

- Ушу күнгө карата Сопу-Коргондо он үч адам наар тартпай олтурушат. Ага дагы кошулам деген тууган-уруктары, жердештери чыгып атат. Менимче, алардын саны дагы көбөйсө керек. Бардыгынын саламатчылыгы кудайга шүгүр, чыдамкайлыгын көрсөтүп жатышат. Билишсе да, азырынча райондук дарыгерлерден эч ким кабар ала элек. Санаалаштарыбыздын ден соолугу үчүн кам көрүү өзүбүздүн аракетке жараша болуп атат.

- Угушубузга караганда, арасында ден соолугу начарлагандар бар экен. Аларды үйлөрүнө жөнөтүп жаткан турбайсыздарбы?

- Генералдын атасынын үйүндө жашы жетимиштен ашкан эне-эжелерибиз бар. Айрымдары алы куруп, саламатчылыгы начарлай баштаганда, суранып атып ачкачылыкты токтоттуруп, үйлөрүнө жөнөтүп жатабыз.

- Акциячылар акыркы кадамдарга барып, өздөрүн өздөрү өрттөйт экен деген кабар тарады. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Ооба, бул накта чындык. Себеби, бензин куюлган идиш-аяктарды жанында кармаган Исмаил Исаковдун туугандары алардын талабынан майнап чыкпаса, өздөрүн өздөрү өрттөйбүз деген ойдо турушат.

- Ош шаарында да сиздерди колдоп ачкачылык жарыялагалы жатышыптыр. Алардын саны канча жана кандай талаптарды коюшу ыктымал?

- Мендеги маалыматтар боюнча Исмаил Исаковдун Ош шаарындагы күйөрмандары бүгүн-эртеңден ачкачылык кармоого даярданып жатышат. Эки-үч киши ушул тапта акцияны уюштуруу менен алек.

- Маалыматтарга караганда, бийликке каяша айтып же каршылык көрсөткөндөргө, алардын үй-бүлөсүнө куугунтук күчөптүр. Аны кимдер жасашы мүмкүн деп эсептейсиз?

- Айтып коеюн, генералдын тууган-уруктарынын, ошондой эле жалпы эл-журттун талабы жалгыз эле – биринчи соттун өкүмүн жокко чыгартып, Исаковду камактан бошотуу. Бул багытта мыйзам чегинде бардык инстанцияларга кайрылып жатабыз. Бирок милициянын атайын даярдыктагы отряды 14-январда акциячыларды кууп тараткандан кийин Сопу-Коргон кыштагындагы жана райондогу ички иштер кызматкерлери алайлыктарды «Дагы чыкпагыла! Камайбыз! Соттолосуңар!» деп кысып атышат. А түгүл кээ бир жердештерибизди милицияга тынбай чакыртып, мажбурлап түшүнүк кат жаздырганга чейин барышууда. Албетте, мунун бардыгы райондун деңгээлинде жасалып жаткандыгы, ал туурасында борбордук бийлик кабардар эместиги өкүндүрөт.

- Сиз айтып атпайсызбы, «Алайда эле эмес башка райондордо да кырдаал курч бойдон калууда» деп. Окуянын өнүгүшү эмнеге барып такалашы ыктымал?

- Мына, Ош шаарынын айрым жашоочулары да Исмаил Исаковдой таза инсанды тумшуктууларга чокутпай коргоп алабыз деп чыккалы турушат. Ошондой эле мендеги маалыматтарга таянсак, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда, дегеле Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда соттун адилетсиз өкүмүнө элдин нааразычылыгы улам күчөп баратат. Антсе да, президент Бакиев Конституциянын гаранты сыңары мындан ары актоо өкүмү чыгаарына шарт жаратат деп ойлойбуз. Карапайым калкты жөн эле бушайманга салып, кыйноо туура эмес. Өзү демократиялык өлкөдө мындай акыйкатсыздыкка жол берилбейт.

- Сиз айткандай, мейли, жергиликтүү бийликке же сотко ишенбей калдыңыздар дейли. Ошентсе да, Конституция кепили катары президент Бакиевге айтаар сөзүңүздөр бардыр?

- Буга чейин Курманбек Салиевичке бир нече жолу кайрылганбыз. Мына соттун өкүмү жрыяланганга дейре андан үмүтүбүз чындап чоң болчу. Мейли, алгачкы сот жаңылды. Бирок биз шайлаган президент Баш мыйзамдын кепили катары «Эл бекеринен толкубайт. Мыйзам көз көрүнөө бузулуптур» деп калыстык кылат деген үмүтүбүз дагы эле өчө элек.

- 14-январда Ош-Эркеч-Там автожолун тосуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун жакшы билесиздер. Буга карата жергиликтүү калктын реакциясы жана маанайы кандай болуп атат?

- Коркутуп-үркүтүүдөн улам кээ бири үйүнөн чыга албай калды. Ага карабастан эл арасында күч органдарына карата кыжырдануу күчөп баратат. Билесиздер, ошентсе да, кайталап коеюн, жердештеринин жалгыз талабы – ак жеринен камалган Исмаил Исаковдун башын азат кылуу. Андан башка бийликти алмаштырып же өзгөртүп ийели деген оюбуз жок. Бирок бүгүнкүдөй кысымчылык, зордук-зомбулук токтобосо, калк чыдап турбайт, күтүүсүз кадамдарды жасашы ыктымал.

- Таалай мырза, маегиңиз үчүн ыракмат! 
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nur каяктан: Bishkek
21.01.2010 01:42
Menin ojumcha, mojundarga tagylgan chakyruulardy anglis,orus tilinde da jazyp alyshsa bolmok.Kenenireek jaiylyp,dujnonun elderi da okugnga.

кимден: Жигит каяктан: 312
20.01.2010 06:39
Аске или как ты свой базар фильтируй....Какая разница кто откуда? Главное человек был хорошим... А то, что касается к Бэксмену его народ выбрал и теперь страдаем сами. Осталось только надеется к своему народу...Народ это - главная сила, будущее в наших руках...Давайте обьединимся и выберим свое будущее пока не поздно пока не останемся голодными, бедными!!Чтоб про свою страны всегда говорили с гордостью.

кимден: zamir каяктан: bishkek
19.01.2010 18:05
urmattu Aske anday mynday eldi bolo turgan sozdordu akylyn bolso jazbay koigonun jakshy bolot.

кимден: БАЛА каяктан: Ош
19.01.2010 16:18
Алайлык туугандар Сопуда Эмес Ошко же борборго келишсе жакшы болмок.

кимден: Aske
18.01.2010 23:31
Айткам, жердеш болсо эле шайлай бербеш керек деп. Оштуктар менен аркалыктар абдан ушундай начарсынар да. Эптеп эле озунордукун шайламай, анан ушунтип азабын тартып журосунор.

кимден: Машаяк
18.01.2010 23:29
Туугандар, өрттөнбөгүлө, эч пайда чыкпайт. Өрттөнсө өрттөнө берсин деп отургандар бар болушу мүмкүн.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)