Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:10

Саясат

Алайда кырдаал курч бойдон

Алайдагы Сопу-Коргон кыштагында каршылык акциясын улантып жаткандардан Акыйкатчынын, ошондой эле Оштогу бир катар коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү кабар алышты. Иш-чаранын катышуучулары аларга жана тууган-уруктарына куугунтуктоонун токтотулушун талап кылышты. Ошондой эле сегиз жылга кесилген генерал Исмаил Исаков токтоосуз акталбаса, Бишкекти карай атчан жана жөө жүрүшкө чыгышаарын билдиришти.

Текст көлөмү - +
Кечээ кечке жуук Сопу-Коргон кыштагында Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Алай районунун ар айылынын чогулган 150 чакты киши менен жолугушту. Акыйкатчынын кеңешчиси Ниязаалы Бекбердинов генерал Исмаил Исаковдун тарапкерлеринин укугунун бузулушу боюнча фактыларды териштирүү максатында аймакта эки-үч күн жүрүшөөрүн билдирди.

Ниязаалы Бекбердинов Акыйкатчы Турсунбек Акун алар даярдаган маалыматтардын негизинде президент Бакиевге жолугаарын кошумчалады.

Дал ушул маалда Исаковдун тарапкерлери алардын укугу тепселенип жатканда Акыйкатчынын бир дагы өкүлү Алайга басып келбегенине нааразы экендигин жар салышты.

Буга улай Ош шаарынан бир топ коомдук жана саясий уюмдарды жетектеп келген көз карандысыз комиссиянын төрагасы, «Мыйзамдуулукту коргоо» фондунун директору Абдыкайым Кангелдиев Акыйкатчынын аракетинен майнап чыкпастыгын белгиледи.

Кепти улаган Исмаил Исаковду коргоо боюнча Ош облустук комитетинин төрагасы, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын штаб башчысы Манас Эргешов алайлыктарды кыйчалыш кезеңде биригүүгө чакырды.

Манас Эргешов Исмаил Исаковдун башын азат кылууну талап кылган мөөнөтсүз акциялар жакын арада Ош жана Өзгөн шаарларында башталаарын жарыя кылды.

Жолугушуу учурунда нааразылык акциясынын катышуучулары аларга карата куугунтук күчөп бараткандыгын бышыкташты. Бүлөлү айылынын тургуну Бүсара Оторованын айтымында, уулу Шайназар Оторовду милиция кызматкерлери уурдап кеткен бойдон үйүнө кайта элек.

Жыйынга чогулгандар мындай окуялар көп болуп жаткандыгын, күч органдарынын өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, жашоочуларды «Көчөгө бей-жай бассаңар камайбыз, соттолосуңар!» деп опузалап, а түгүл кээ бирлерин түшүнүк кат жазууга мажбурлашкандыгын айтышты.

Ал эми Сопу-Коргон кыштагында жашаган Осмон Турганбаев алайлыктардын арыз-муңун чагылдырбаган өкмөтчүл телеканалдарды кескин айыптады.

Осмон Турганбаевдин пикиринче, мындай шартта нааразылык тутанып олтуруп, акырында чоң жарылууга дуушарлантышы ыктымал.

Ушундан улам Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Равшан Сыргаевди кепке тартканыбызда, бүлөлүлүк Шайназар Оторов 14-январда акциячыларды Ош-Эркеч-Там автожолун тосууга үндөгөндүгү үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, бир миң акчалай айыпка жыгылгандыгын маалымдады. Ал эми Исмаил Исаковдун отуз чакты тууганына жана бир нече жердешине кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалыматты төгүндөдү.

Учурда Сопу-Коргон кыштагында Исмаил Исаковдун сегиз тарапкери ачкачылык кармоону улантууда. Дарыгерлер ырасташынча, алардын ден-соолугу канааттандырарлык эмес.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: алай каяктан: жалабат
21.01.2010 12:15
Исаков-генерал эл уулу,коргош керек ал азыр жардамга муктаж чыныгы Алайлык.Келдибеков Акмат сага чон уят

кимден: Кунболот каяктан: Бишкек
20.01.2010 19:00
Элден айланайын десе тушунчу деле эмес экенмин. Кйин байлары байкуш болуп калса да, боор тартып, бороон куно карабай "биздин уул эле" деп жургондордун кобун коруп, жалпы элге анан озум туулуп оскон элдерге да мээримим башкача боло баштады. Болбосо Исаков министр болуп тургана жанагы тургандын баарынын эле оозуна аш салып жатты дейсинерби? Айла жок, бир генерал уулубуз бар эле, ошонун намысына жарап коелук, тигил турган эл эртен генералынар камалып жатканда кайда журдунор эле деп айтпасын деген, тишинин кирин соргон эле байкуш бир кыргыздар да. Ошондойлорду коруп туруп азыркы оппозициянын оюна бир нерсе келип, намыстары козголот болду бекен? Бизди эртен ушундай кордук тушсо ушул элим этегиме жабышып турат турбайбы, кой ушулар деп жанымды берейин дегендей. Алайлыктар, тарыхта далай душманын мизин кайтарган кайраттуу, кеменгер эл болот. Озбек-кыргыз коогаланында да алайлыктардын арты менен эле басылган жагдайды жакшы билебиз. Андыктан, бул жерде душмандарынар деле эмес силер умут байлаган тарап деле кыргыздар, сабырдуулук менен, айколдук менен акырына чейин бирдиктуу кучунорду коргозгуло. Бугун бут Ала Тоо койну силер менен экенин билдирип жатышат. Аман болгула!

кимден: Мирлан каяктан: Бишкек
20.01.2010 18:31
Бакиев жок дегенде Алайга жардамчысын жөнөтүп Алайда тоңуп турган Аялдардын акбалын сурап ишти өз көзөмөлүмө алам деп койбойбу буларды көрүп боорунң ачыйт мен ойлойм Бакиевдин абройу Түштүктө деле төмөн экенин билип коркуп барбай жатат

кимден: Чынгыз каяктан: Кыргызстан
20.01.2010 18:14
Урматтуу Курманбек Салиевич Бакиев, жогрудагы сүрөттөгү апаларды көрүп кандай жүрөгүңүз оорубай жатат. Эмесе ошол апалар үйүндө олтурса болбойт беле. Ушул сиз жүргүзгөн саясатка каршы болуп жаткандыгына байланыштуу ошол адамдар ачкачылык жарыялап олтурат. Сиз ушул апаларды көрүп жок дегенде өзүңүздүн апаңызды ошолордун ордуна коюп көрүңүз.

кимден: Askar каяктан: Osh
20.01.2010 16:31
Kolungardan ech nerse kelbeyt,suylogondu ele bilesinger...kachan ishke otosungor,chong jangjal chyguu bul diktaturanyn uchurunda ech kachan bolushu mumkun emes,ar biringer ozungordun janyngardy oilogula,kachkyla koldon kelse Kyrgyzstandan,umut jok...

кимден: Чолпон каяктан: КР
20.01.2010 14:50
Жогорудагы сүрөттөгү апалар акыйкаттык издегендер. Карыганда бир чөөгүн чайды ысык ичип отураар учурларында карыганына карабай кыш чилдеде генералды коргоп отурушут. Мына патриоттор. Жыргап кетсе отурбайт беле үйлөрүндө. Ушуну менен жыйынтык чыгарыш керек мындан ары чыдоого шай жоок

кимден: asan каяктан: osh
20.01.2010 13:21
ТУРСУНБЕК АКУН СЕН ТЕЗ ЭЛЕ БАРЧУУ ЭЛЕН СЕН ДАГЫ БИЙЛИКЕ ЖАН ТАРТЫП ЖАТАСЫНБЫ БАР АЛАЙГА СОПУ КОРГОНГО БИШКЕКТЕ ЖЫЛУУ КАБИНЕТТЕ ОТУРБАЙ. МЫЙЗАМ БУЗУЛУП ЖАТСА СОЗ ЭРКИНДИГИ ЖОК БОЛСО ЭМНЕ ИШ КЫЛЫП ЖУРОСУН ЭЛДИН НАЛОГУНАН АЙЛЫК АЛАСЫН. ТЕЗ АРАДА ЧАРА КОРУШ КЕРЕК. СОПУ КОРГОНДУКТАР БЕКЕМ ТУРГУЛА. СИЛЕР МЕНЕН КЫРГЫЗ ЭЛИ.

кимден: Kyrgyzmyn.KG каяктан: Rossia.
20.01.2010 12:02
Акыйкатчы Турсунбек Акун Алай жерине өзү барып кабар алса болбойбу? Кеңешчисин жөнөтүп өзү Бишкекте кала бербей, же кийинкисин ойлонуп жатса керек, кокусунан бирдеме болуп кетсе, мен барган эмесмин кеңешчим барган деп сөздөн качканга...Ээ Кыргыз элим силерге күч-кубат.....

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)