Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:07

Экономика

Кымбаттоолорго каршы нааразылыктар саясий түс алып баратабы?

“Азаттыктын” Бишкектеги студиясында өткөн кезектеги талкууда Кыргызстандагы тарифтердин көтөрүлүшүнөн кийинки эл ичинде күчөгөн нааразылык, жалпы эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууга алынды.

Нарындагы кымбатчылыкка каршы митинг, 24-февраль 2010-жыл.
x
Нарындагы кымбатчылыкка каршы митинг, 24-февраль 2010-жыл.
Текст көлөмү - +



Катышкандар:



Жумакадыр Акенеев
,
Коомдук палатанын мүчөсү,
экономика илимдеринин доктору,
мурдагы айыл чарба министри,
Борбордук өнүктүрүү агенттигинин
байкоочулар кенешинин мүчөсү 






Жыргалбек Турдукожоев,
 
Социал-демократтар
 
партиясынын мүчөсү








"Азаттык”: - Быйыл жыл башынан тарта электр кубаты менен жылуулукка баа кымбаттаса, кийинчерээк ага уюлдук байланыш акысы кошулду. Эми жазында муздак суу менен канализация акылары да бул кымбаттоону коштогону турат. Ошого удаа эле азык-түлүк баалары, тейлөө кызматтарынын акылары да өсүп баратат. Мындай кымбаттоолор албетте калк ичинде нааразылыктарды пайда кылууда. Айтсак кечээ эле Нарында ушундай кымбаттоолорго каршы митинг өтүп, бийликке электр кубатына бааны арзандатуу, жеңилдиктерди калтыруу талаптарын коюп, аны аткарууга бийликке он күндүк убакыт берди.
Жумакадыр мырза, сиздин оюңузча, мындай талапка бийлик тараптан кандай жооп болушу мүмкүн, дегеле ал талаптар бийлик тарабынан кабыл алынабы?

Жумакадыр Акенеев: - Мен ойлойм, сөзсүз түрдө жооп болуш керек. Себеби ноябрь айында өкмөт күтүүсүз жерден эки эсе бааны кымбаттатканда айтылган, кымбаттаган тарифтерге компенсация болот деп. Чындап келгенде, компенсация колдонгон эле электр энергия үчүн болуп атат. Мисалы пенсионрелерге 200 сом акча кошулуп атат. Бирок бул жерде кымбатташтын экономиканын терминологиясы менен айтканда мультипликативдүү эффект дегени болот. Чындап келгенде жалаң эле колдонгон электр энергия, жылуулукка эмес, бүт баардыгына баа кымбаттайт. Ошонун баары элдин анча-мынча нааразычылыгына алып келип атат. Баары жалпы кымбаттап атпайбы, жалаң эле электр кубаты, жылуулукка эмес, ошол эле кезде азык-түлүк, башка товарларга баа кымбаттап атат. Мен ойлойм, ушунун баардыгына сөзсүз түрдө мамлекет анча-мынча аракет кылышы керек.

“Азаттык”: -Мындай талаптар башка жактарда да, коомдук жыйындарда да коюлууда. Эгер алар аткарылбаса ушундай нааразылыктар башка аймактарда да чыгып, өлкө нааразылык толкундарынын кучагында калышы мүмкүнбү? Дегеле бааларды минтип кымбаттатуу эмнеге алып келиши ыктымал?

Жыргалбек Турдукожоев: - Албетте, бир сөз менен айтканда, жакшылыкка алып келбейт. Азыркы бийлик үчүн дагы, жалпы эле коом, кыргыз калкы үчүн да мунун кесепети абдан оор болот. Бул саясий жагынан эң чоң кесепеттерге алып келет биринчи кезекте. Мындай деген сөз бар эмеспи, саясат деген экономикалык иштердин, саясаттын жыйынтыгы деген. Мына биздин азыркы бийликтин жасап келаткан ишинин, экономикалык саясатынын, социалдык саясатынын акыркы кездеги жыйынтыгы, баалардын көтөрүлүшү, элдин турмушунун мурдагыдан да жакырданышына, элдин башына ушунчалык түйшүктөрдүн үйүлүп жатышына алып келди. Мунун баары тең бийликтин социалдык-экономикалык саясатынын туура эмес экендигинин, анын тескери жыйынтыктарга алып келгендигинин көрүнүшү.

“Азаттык”: - Жумакадыр мырза, аз күн мурда эле президент баалардын көтөрүлүшү боюнча абалды иликтөөнү кенже уулу Максим жетектеген Борбордук өнүктүрүү агенттигине тапшырды. Мындан кандай жыйынтык чыгышы мүмкүн?

Жумакадыр Акенеев: - Мындан жыйынтык чыгышы мүмкүн. Мисалы ошол эле агенттик адилеттүү комиссия түзүп, баардыгын текшерип, эмне себептен өндүргөн электр энергиянын 40-50 пайызга чейин жоготулуп атат ортодон, баанын кымбаттаганы керек беле, жок беле деген жыйынтыкка келсе, сөзсүз түрдө ошонун негизинде президент мамлекет башчысы катары өкмөткө тапшырма берип, өзүнүн буйругу менен токтотушка, кайра өз калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Президент деген президент да, ал элдик бүткүл добуш менен шайланган.

“Азаттык” : - Жыргалбек мырза, президенттин ушул билдирүүсүн айрымдар саясий упай топтоо амалы катары гана баалашууда. Сиз аны кандай кабылдадыңыз?

Жыргалбек Турдукожоев: - Президент менен өкмөт башчысынын сөздөрү бири-бирине карама-каршы келип атат. Президент болсо тарифтердин жогорулашы, элдин ушундай акыбалга келиши бул Акаевдин убагындагы саясаттын туура эмес жүргүзүлүшү деп расмий түрдө билдирди. Ошол эле учурда өкмөт башчысы Данияр Үсөнов болсо айтып атат, бул 2006-жылдан башталган деп, башкача айтканда Бакиевдин убагында башталган деп атат. Кимисине ишенебиз Бакиевгеби, Үсөновгобу? Бул албетте президенттин оңдошубуз мүмкүн, экинчи этабы болбошу мүмкүн, жылуулукту кайра карап чыгышыбыз мүмкүн дегенинин баары элде адекваттуу түрдө туура кабыл алынып атат. Бул катардагы элдин башын айландыруу, алдамчылык. Чын-чынына келгенде ушуну билип туруп эле, аң-сезимдүү түрдө баштаган иш. Элдин турмушун оордотууну азыркы бийлик мындан ары да уланта берет. Мындан артка кетенчиктөө болооруна азыр элде да ишеним жок, мен да ишенбейм.

“Азаттык: - Жумакадыр мырза, айтсаныз эмне үчүн ушул нерсе алдын ала, бааларды кымбаттаттуу чечиминин алдында иликтенген эмес?

Жумакадыр Акенеев: - Жок, бул иликтенген. Биринчиден, мен айтып коеюн, мындан бир жыл мурун эле Жогорку Кеңеш программаны бекиткен. Чудинов премьер кезинде баалар кымбаттаган, бирок кымбаттаганда жанагыдай 2-3 эсе эмес, 20-30 пайыз 1-2 жылдын ичинде деп эл аралык уюмдар менен макулдашып, баа көтөрүлүш керек деген маани көптөн бери эле айтылып келаткан. Ноябрь айындагы өкмөттүн чечими чындап келгенде күтүүсүз чечим болуп кетти. Экинчиден, мындай нерсеге келишибиз керек, мисалы кокустан баа кымбаттай турган болсо, анда ошонун алдында бюджеттегилерге маяналары көтөрүлүп, пенсиянын көлөмү көтөрүлүшү керек, 200 сомго эле эмес, азык-түлүктөр, башкасы кымбаттайт деп туруп. Баалар кымбаттаганда көтөрүлгөн пенсиянын эсеби менен кымбаттоону жапканда, анда элдер туура түшүнмөк. Бул жерде бир тараптуу болуп атпайбы, баалар кымбаттап атат дагы, пенсиянын, айлыктын көлөмү жетишпей жатат. Мүмкүн колдонгон электр энергияны жабууга жетсе да, азык-түлүктүн баасын камсыз кылыш үчүн жетпей жатат. Ошон үчүн жалпы баалардын көтөрүлүшү нааразычылыкка алып келип атат элди.

“Азаттык”: - Жумакадыр мырза, сиз экономист катары азыркы кырдаалга кандай баа бересиз, бааларды кымбаттатуу канчалык реалдуу азыркыдай шартта?

Жумакадыр Акенеев: - Бул ар түрүү, мисалы биз коомдук палатада бул маселени талкуулап, өкмөт жактан баалар көтөрүлөт дегенден кийин биз абдан чоң талкуу өткөрдүк. Анан президент тарапка кат менен кайрылганбыз, президент 3 айлык мөөнөткө мораторий жарыялап 1-апрелге чейин, комиссия түзүлүп, президент Борбордук агенттикке берген тапшырманы, биз керек болсо өзүбүзгө алганбыз, биз жетектейли бул комиссияны, ар түрдүү партиянын мүчөлөрүнөн, эксперттерден кошолу, изилдеп чыгалы деп. Бирок тилекке каршы ал кабыл алынган жок. Мен ойлойм, ошондо мындай сөздөр айтылып кетти, 8-кичи конушта суу менен газдын түтүктөрүн алмаштыра коюп, 38 үй 3 жуманын ичинде же суусу, же газы, же свети жок, ошонун баарына чыдап берди деген да сөздөр айтылды. Жалаң эле өкмөттүн чечими эмес, кечээ күнү шаардын кеңешинин чечими менен дагы баалар көтөрүлдү ошол эле сууга, канализацияга. Ушинтип азыр баары эле көтөрүү жагы менен келатат. Улдук операторлор сүйлөшүп алып, 60 тыйынга ар бир чалуу үчүн көтөрүп атат. Мунун баардыгы эч кандай жакышылыкка алып келбейт, жалпы эле көтөрүлө берсе. Чындагандын да чеги болот. Андан ары эл айласыздан нааразылыгын көрсөтүүгө мажбур болот.

Жыргалбек Турдукожоев: - Кымбатоолор албетте абдан жогорку деңгээлде болуп атат, көргөңдөн көрө элегибиз көп. Жанагы мультифлекс деген сөз биринин артынан экинчиси, экинчисинин артынан үчүнчүсү кымбаттап, жеке эле азыр жылуулукка, электр энергиясына кымбаттоолор болуп атса, кечээтен баштап канализацияга, муздак сууга, баардыгына кымбатоолор жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул үстөккө-босток жүрүп отурат. Мунун артынан азыр 100 сомго кымбаттаса, анда бир айдын ичинде бир миң сомго чейин кымбаттаган деңгээлге жетет. Мунун өзү албетте бири-бири менен байланыштуу. Муну токтотобуз дегендин өзү болбой калды, ошол эле сыяктуу элдин кыжырдануусун, көтөрүлүшүн дагы токтотуу азыр кыйын болуп калды. Себебин айттык го, бул -бийликтин туура эмес жүргүзүп аткан саясатынын кесепети.

“Азаттык”: - Социалдык-экономикалык талаптар менен чыккан нааразылыктарга саясий талаптар да кошулуп кетүүдө. Алсак кечээ эле ошол Нарындагы митингде генерал Исмаил Исаковду актоо талабы да коюлду. Минтип отурса экономикалык талаптар саясий түс алып, чоң бир толкундоого алып келбейби?

Жыргалбек Турдукожоев: - Сөзсүз түрдө алып келет, алып келип атпайбы. Мына Алайда жүрүп атат, кечээки Нарындагы чоң митинг эл катышкан. Канчалык тыйса дагы, канчалык басса дагы эл көтөрүлүп чыгып атат. Мурда оппозицияны күнөөлөсө, эми бийлик элди күнөөлөсүн, эл ушундай акмак экен, көзү жок экен, көз догдурларга көрсөтүш керек деп анда элди күнөөлөсүн. Өздөрү болсо аппак чыга берсин. Мына ушул болуп калды азыркы деңгээлибиз.

Жумакадыр Акенеев: - Эми мен айтайын, бул болуп келген көрүнүш, илгерки тарыхты деле алсак, экономикалык жактан аксагандын баардыгы саясатка айланып кетчү. Ошол эле 1917-жылкы Орусиядагы революция нан жок, эч нерсе жок деп көтөрүлүп туруп, падышаны кулатып жиберген. Сөзсүз түрдө нааразы болгон эл баардык жагына барышы мүмкүн, саясий талап дагы кошулуп кетет арасына...

“Азаттык”: - Рахмат маегиңиздерге
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: кайранэл каяктан: маскоо
05.03.2010 03:38
Ассаламу алейкум туугандар.эми баардык нерсенин баасы көтөрүлүп баштаптыр Кыргызстанда демек жакында элдин баарысы да көтөрүлөт окшойт.Баанын көтөрүлүшү элди кыйнагандай элдин көтөрүлүшү Салиевичттерди катту кыйнап койор бекен

кимден: Өтүкчү каяктан: Ош базар
27.02.2010 20:12
Туура айтасың Бермет. Бакиев уулунан башкага ишенбей калды,а ЭЛ болсо аларга ишенбей түңүлүп бүттү...\"Многовекторная политика в интересах моносемейного клана"\

кимден: Бермет каяктан: Санкт-Петербург
27.02.2010 17:51
Саламатсызбы Шайырбек байке, Азыркы сиз көтөрүп чыккан маселе сиз менен мен туулуп өскөн айыл Кызыл-Бел айылында да эң орчундуу маселе болуп эсептелет,Чиновниктерибиз булар өмүрү өкмөткө салык же болбосо электр энергиясына, жылуулукка акча төлөгөн жан эмес. Алар тарифтердин жогорулашы же төмөндөшүн сезип да койушпайт себеби алар өмүрү төлөп көргөн жан эмес. Бир нерсени далил катары айтып кетейин 2001-жылы Ош шаарынан үй сатып алдык ал үйдө бардык шарттар бар бирок бир дагы электр энергясына, жылуукка ж,б га деп ушул күнгө чейин төлөндү деген бирда тарифтик кагаздар жок ал тургай электр эсептегич апарат да койулбаган ,Ал кимдин бир начальниктин карындашынын, күйөө баласынын үйү экен. Андайлар толтура, Келип келип эле карапайм элге кыйын, Анан ушинтип бекер жыргап жеп жатса кымбатчылык болбой арзанчылык болмок беле,Жанагыда Мелис Эшимканов КТРге жаныдан деректир болуп келгенде теледен атайын берүү даярдап айтпады беле ,"Ушул кыйынмын деп жүргөн азаматарыбыздын баарында Ыссык-Көлдүн жээгинде пансионнаттарды салып алышкан бири да мамлекетке салык төлөшпөйт баары мыйзамсыз түрдө иш жүргүзөт эгер туура жүрүп, туура иш жүргүзсө анда жашаш өтө кыйын буларга да деп айткан эле",Келип эле Бакиев кылды деп карап турасыңар, Бакиев өзүнүн баласынан башкага ишенбей да калды да баарыңар эле ач бөрүдөй ырылдап артын чукугандан башканы билбейсиңер. Андан көрө баарыңар көмөк көрсөтүп эл катары баарың бирдей болсоңор алигече КАМБАР-АТА1, КАМБАР-АТА2 ГЭСтерин бүтүрүп ишке салсак өзүбүздөн артканын кошуна мамлекеттерге сатаар элек ,Керек болсо өзүбүздүн эл 1 тыйын да төлөбөй жашаганга жетет.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
26.02.2010 18:57
Туугандар, бул жерде өтө кылдаттык менен жүргүзүлүп жаткан саясий оюн жыттанып калды. Алдамчы кадамдар жасалганы турат, эсиңердеби эл көчөгө батпай толкуп чыкканда эпке келимиш болуп, бир айдан кийин барын жокко чыгарган ушул эле Бакиев эмеспи.Эми
болсо тарифтердин кымбаттоо себебин иликтөөнү баласына тапшырып отурат.Балким Д.Үсөновду садага чабып Максимдин колу менен тарифтерди артка кайрып уулуна жеңил авторитет алып берүү максатын көздөп жаткандыр,эл байкуш дагы алданып,бул шумдардын бийлигинин өмүрүн дагы узартып алышпаса болду. Эгерде андай арам оюндар ойнолуп кетсе алданып калбас үчүн мындай варианттын атайылап жасалып кетиши мүмкүн экенин элге кулак кагыш кыла жүргүлө дегим келет БЕКтин азаматтарына

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)