Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:06

Саясат

Алай: “Исаковду бошотмоюн кетпейбиз!”

Алай районунун 200 чакты тургуну Сопу-Коргон айылынын кире беришине, Ош-Эркеч-Там автожолун бойлото төрт боз үй тигип, үч күндөн бери мурдагы коргоо министри, азыркы оппозициялык саясатчылардын бири Исмаил Исаковдун токтоосуз бошотулушун талап кылып олтурушат.

Сопу-Коргон айылынын кире беришине И. Исаковдун тарапкерлери төрт боз үй тигишти.
Текст көлөмү - +
13-январь күнү кечке маал Алай районунун жетекчилери нааразычылык акциясынын эки жүзгө чукул катышуучулары менен жеринде жолугушту. Аларды адегенде акциячылар “Исаковго – боштондук! Элдик генерал токтоосуз акталсын!” деген кыйкырыктар менен тосуп алышты.

Кезектеги жооткотуу

Райондун акими Алмазбек Осмонов алайлыктардын 12-январдан баштап койгон негизги талабы губернатор аркылуу президент Бакиевге жеткирилгендигин жарыя кылды.

- Туугандар, биз деле сиздердин шартыңыздарды туура түшүнүп жатабыз.Бул маселе ушул жерде чечиле турган көйгөй эмес экен, - деп кеп баштады райондун акими Алмазбек Осмонов. – Мен эртең менен губернатор Мамасадык Бакиров менен сүйлөштүм. Ал саарлап сиздердин кайрылууңуздарды Бишкекке жөнөтүптүр. Муну президенттик аппараттан да ырасташты. Тиешелүү кишинин колуна тийиптир. Анан эми кандай жооп болот айта албайм. Жообу эртеңби, бүрсүгүнүбү же мен Гүлчөгө жеткиче келеби, билбейм. Бирок мен аны өз оозум менен угузам.

Бирок чогулгандар муну кезектеги жооткотуу катары баалашты.
Президентке кайрылуу жаза берип тажап бүттүк...

- Президентке кайрылуу жаза берип чарчап да, тажап да бүттүк. Бир жылдан ашык чечилбеген маселе эми бир күндө чечилмек беле?

"Бакиев колунан чай ичип, батасын алган генералдын энеси төшөктө жатат"

Бул аралыкта соттолгон генералдын бир тууган эжеси Шайырбү Исакова келген жетекчилердин арасындагы күч органдарынын бир өкүлү акциячыларды ачык эле коркутуп-үркүтүп жаткандыгын кабарлады:
"Куралыңар даярбы?" - деп телефондон кимдир бирөөлөрдөн сурап жатты.

- Мен тигил жактан келатканда өз кулагым менен уктум. Мынабул формачан иним «Куралыңар даярбы?» - деп телефондон бирөөлөрдөн сурап жатты. Курманбек Бакиевге бизди атып туруп алып барып бергиле! Генералдын токсонго чыккан, бир кезде Бакиев колунан чай ичип, батасын алган энеси бар, ошол кемпир улуу камалгандан бери төшөктө жатат. Ошону кошо аттырып, керек болсо көзүңөрчө өрттөтөм!

Шайырбү Исакованын кебин топтолгондордун дээрлик көпчүлүгү кубатташты.

Райондун акими Алмазбек Осмонов элдын тынчсыздануусун четке какты:

- Ким атабыз деп атат? Атканга неме жок, эже!

Ошол эле учурда аялдар уюмунун өкүлү Аккыз Алакөзованын баамында, өкмөтчүл телеканалдар генералды жаманаттылоо өнөктүгүн күчөтүшкөндүгү элдин кыжырын кайнатууда.

- УТРКдан генералды ичип-жеп койду деп атышат. Ал соттолгондон баштап жакшы кабар бербей калышты. ЭлТРдин деле жамандагандан башка сөзү калбаптыр. Эмне, Кыргызстанда Исмаил Исаковдон башка тема жокпу? – деген Аккыз Алакөзова УТРК жана ЭлТР Сопу-Коргонго кабарчыларын жөнөтүп, нааразычылык акциясынын калыс чагылдырышын жердештеринин атынан талап кылды.

Аймактын жетекчилиги бул суроону жоопсуз калтырды.

Ал эми Алай районундагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаева сот камалган генералдын башын азат кылса, ал тарабынан мамлекетке келтирилген зыянды жердештери төлөөгө даяр экендигин жарыялады:

- Эки бөлмө үй канча доллар турат экен? Ошол болбогон акчадан Кыргызстан чыгым тартып, кембагал болуп баратса, ошонун бардыгын мына биз төлөп беребиз! Генералды бошотуп беришсин!

Мындай демилге чогулгандар тарабынан колдоо тапты.

-Төлөйбүз!
- Төлөйбүз!
- Таза адамды түрмөдөн бошотуп алганга кудуретибиз жетет!

Бийлик үчүн иштеген мыйзам

Райондун прокурору Таалай Абдиваитов ырасташынча, Исмаил Исаковдун түйшүгүн жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

- Исмаил Исаковдун Бишкекте жактоочулары бар. Чыгым ордуна коюлдубу, же жокпу, билбейт экемин. Ошол маселе эми аскер сотунда каралып атканда, ушул чыгым төлөнсө, албетте, анда сөзсүз жеңилдик болот. ("Азаттыктан" - Коргоо министрлигинин офицери Руслан Исаковго берилген эки бөлмө үй 2007-жылы эле ошол кездеги министр Исмаил Исаковдун буйругу менен министрликке өткөрүлүп берилген. Азыркы кезде ал үйдө төрт балалуу прапорщик Сыдыков жашайт. )

Ошол эле учурда прокурор Таалай Абдиваитов нааразычылык акциясынын катышуучуларынын аракетин мыйзамга сыйгыс жорук сыңары сыпаттады:

- Сиздердин азыркы бардык аракетиңиздер мыйзамсыз болуп атат. Сиздер минтип өзүм билемдик кылып боз үй тиккенге, же моминтип плакаттарды жазып алып пикеттте турганыңыздар болбойт. Азыр сиздердики санкцияланбаган пикет болуп атат.

Райондун прокурору боз үйлөрдү чечип, мыйзамсыз жоруктарды токтотууну суранып, антишпесе, нааразычылык акциясын уюштургандарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартышаарын эскертти.

200 чакты кишинин басымдуулугу мындай тыюуга каршылыгын айтышты:
Мыйзам бийлик каалаганда эле иштеп, чындыкты айткандарга, же кедей-кембагалдарга келгенде иштебейби? 

- Бир жылдан ашык ак генералды сүйрөп жүрүп соттодуңар. Мына мыйзам накта бузулду. Эмне, мыйзам бийлик каалаганда иштеп, чындыкты бетке айткандарга же кембагалдарга келгенде иштебейби?

Ошентип, бийлик өкүлдөрү менен Исмаил Исаковдун таламын талашкандар өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө орток чечимге келе алышкан жок. Өрөөндүн жетекчилери диалогдон майнап чыкпастыгын белгилеп, Бишкектин кайрылууга жообун күтүшөөрүн айтып, түндөсү райборборго кайтышты. Ал эми Сопу-Коргондогу боз үйдө калгандар 14-январь күнү кечке чейин алардын талабына оң жооп болбосо, Ош-Эркеч-Там автожолун тосушаарын билдиришти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: koldyk kyz
16.01.2010 05:38
Этот ПОЗОРный суд - начало конца нынещней ПОЗОРНОЙ власти

кимден: aika
16.01.2010 00:56
Azzattyktyn jaamatyna chooon yraazychylygymdy bildirem!!! Chynygy akyikatchyl, radoisunar! Biz silerdi suiup ugabyz! Al emi bashka maalymat karajattaryna ishene korbogulo!

кимден: Чырак каяктан: Нарын
15.01.2010 13:44
ГЕНЕРАЛЫ подобные И. Исакову даются каждому народу, НО не каждый генерал подобен И. Исакову. Товарищ Генерал, я не военный, тем не менее я, Ваш солдат! Чырак.

кимден: Акыйкат каяктан: Москва
15.01.2010 02:30
Алай эли чыгаан эл болот. Москвадагылар да бир тараптан колдойбуз.
Жалгыз азаттыктын сайты аркылуу кабардар болуп жатабыз.
Жол тосууну уланта бериш керек...

Бизде оппозициянын алсыздыгы дайыма байкалып турат, колдон келишинче аягына чейин курошуу керек.
Эгерде Кыргызстанда болгонумда Алай элине кошулуп чыкмакмын, балким КТР, ЭлТР ны коруп чындыкты байкабай чыкпай калмакмын...

кимден: Манас каяктан: Талас
14.01.2010 22:13
Алайлыктар азаматсынар, биз силер менен. Силер каттуу турсанар
биз да колдоп кетебиз. Таластын эли да жадап бутту азыркы бийликтен.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
14.01.2010 21:32
Билишимче, мурдагы депутаттардын 5-6 сы өкмөткө тиешелүү квартираларды өздүк кылып, бербей эле коюшкан.Башында газетага жазып келишип эле аягында дымы чыкпай калган. Аларды да соттосо болмок анда.Ошондо ишенет элем да Бакиев "коррупция" менен күрөшүп жатат деп. Антпесе болуп жаткан окуялар мыйзам баарына бирдей иштебей турганын гана далилдеп жатат.

кимден: Мурат каяктан: Бишкек
14.01.2010 20:16
Урматту мекендештер. Исаков 8 жылга кесилгендиги Кыргыз елинин келечегине коркунуч пайда болду, оор абалга алып келет деген ойлорго кошулбасыбыз керек. Сот бийлиги канчалык Ак үйдөн көз каранды болгон мезгилде деле жөнөкөй еле жерден, таза адамды 8 жылга кесе бербейт го. Мен бийликтин жасаганын актап Исаковду каралаган максатым жок. Исаков ва-банкка кетти, бийлик болсо колундагы рычагты по максимуму колдонду. Албетте өтө еле оор жаза берилди- кылмышына пропорцианалду емес. Ушу маселе елдин бийликке болгон ишенчилигинин кетирүүдө. Исаков кылмыш жасагандыгына ишенем. Кылмышын өз мойнуна албай, саясий заказ деп турганы кудайга да жакпайт го. Чисто уголовный жумушту саясатка айландырганы, түшүнүктүү еле нерсе. Калктын башын айландырып, өзүн политический узник болом деген еле максат.

кимден: Адыл каяктан: Россия
14.01.2010 19:25
Керим сага окшогон адамдар отуруп алып саясий заказдарды жазап жатышат... Эгерде кыргызстанда сага окшогондор аз болгондо мындай жашоодо жашабайт болчубуз....
Көп иш жазады депутат болуп турганда жана министр кезинде... Ак адамды кара десең сени кудай жазаласын... Арам акчага тойгон кара адам экениң билинди...

кимден: Керим каяктан: Бишкек
14.01.2010 18:57
Исаков Корго министри болуп турганда көп еле тура емес - мыйзамсыз жумуштурды жасады. Унутулбаса керек ЖК алдына министерствонун офицерлерлерин гражданский кийим кийгиздирип бийликти корго максаты менен оппозицияга каршылык көрсөттү эле, андан кийин оппозиция депутаттарды коркуту максаты менен ЖК алдына миноборонанын спецназын да койгон. Кадр саясаты, өзүм билемдик деген нерселерди көп еле жасады, өсө турган балдардын жолуна тосколдук койду (көбү армиядан кетип калышты), кебиринин тагдырына балта чапты, бийлигине тайанып заказной кылмыш иштерин да козготуп корду (Бекбоев деген орун басарына мисалы). Өзүнүн башына иш түшкөндө кудайды естеп (акыркы сөзүндө), акыйкатчылыкты талап кылат. Кыргыздын ата сөзүн Исаковко жана азыркы бийликтегилерге естетким келет "Бирөөгө көр казсаң өзүң түшөсүң".

кимден: немис каяктан: Германия
14.01.2010 18:43
Баягы Аксылыктар Акаевди Бишкеке келип, кубалап кетиришти эле. Азыркы оппозиция лидерлери Кыргызстандын калган башка баардык райондорунан элди ушул Алайлыктардын акциясына кошулуу, колдоо аракетин жасоо боюнча иш жүргүзсө, жакшы жыйынтык болот эле деп ойлойм. Кыргызстандын эли жалпы көтөрүлүп чыкса, азыркы бийлик өзү эле качып жоголот. Кыргызстандын областарындагы, райондорундагы оппозиция лидерлери эмнени карап отурушат, Алайлыктарды колдоо акциясына чыгышпайбы. Темирди кызуусунда чап дейт эмеспи. Ал эми жол тоскон акциясынан эффект өтө аз болот.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)