Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:06

Кыргызстан

Окко учкандардын көбү - жаштар

“Ак шумкар кут” жаштар бирикмесинин өкүлдөрү бүгүн Мамлекеттик тарых музейинин алдына боз үй тигишип, кечээки окуяларда окко учкан жаштардын арбагына куран окушту. Бирикме 7-апрелде каза тапкан жаштарды эскерип, аза күтүү расмисине даярдык көрүү демилгесин көтөрдү.

x
Текст көлөмү - +
«Ак шумкар кут» жаштар бирикмесинин өкүлү Мирлан Жолдошбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче кечээ Ак Үй алдында окко учуп, каза тапкандардын көбүнүн денелери Бишкек шаардык өлүкканасында калууда.

- Азырынча алар моргдо турушат. Маркумдарга «Ата-Бейиттен» да орун беребиз деген сөз болуп атат. Бирок бул нерсени акырына чейин колдоп бергендер жок. 


Саламаттыкты cактоо министрлиги кечээки окуяларда каза тапкандар саны 75ке жетип, жарадарлар саны 500гө чукулдап калганын билдирүүдө. Тополоңдо окко учкандардын көбү жаштар болгону кабарланууда.

Бишкек шаардык өлүкканасына кечээ түнгө карай 50гө чукул сөөк жеткирилген. Бүгүн оор жаракаттан каза тапкандар көбөйүп, өлүкканага кошумча денелер Улуттук госпитал, Хирургиялык борбор жана №4 Бишкек шаардык ооруканасынан түшүүдө.

- Азыр сөөктөрдү таануу иштери жүрүүдө. Четинен берип атабыз. Саны боюнча эч комментарий бере албайбыз. Бизге дагы эле сөөктөр жеткирилүүдө.

Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюросу маркум 34 адамдын денеси таанылганын билдирүүдө. Бүгүн алардын сөөктөрү тууган-туушкандарына берилди. Бирок дагы 41 адамдын денеси таанылбай өлүкканада кала берүүдө.

7-апрелде өткөн окуяларга жаштар салымы зор болгону айтылып, бүгүн Ала Тоо аянтында жаштар убактылуу өкмөт курамына жаштардын өкүлдөрү киришин талап кыла баштады.

Кечээтен бери борбордук аянтта жүргөн Рахат Маниязов “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Бизде бардыгын ушул жаштар кылбадыбы. Бүт баары жаштардын мээнети да. Мунун баарын ким кылды? Жаштар кылды. Ушул жаштар чыкты. Турду баарына. Акаевге каршы да чыгып беришкен. Мына Бакиевге каршы да чыгып беришти. Эми эскилердин баарын алып келсең эски бойдон калат. Баарын алмаштырыш керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче ушу тапта ооруканаларда жаракат алып жаткандардын эң жашы 15те болууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Mira каяктан: Wena
13.04.2010 22:54
Protestte kasa bolgon mekendeshterimdin jatkan jeri jailuu ,topuragy torkooluu bolsun , ata-enelerine ,bir tuugandaryna , baldaryna konul aitam . Bul ar biroobusdun bashybysga kele turgan kyrdaal , oshonu tushunbogon Bakievderge jana any korgogon snaiperlerine eki duinodo ten joop berishi kerek !!!

кимден: Кыдык каяктан: Сибир
09.04.2010 14:55
Олгон жигиттер байкуш эмес. Алар оз элинин ата энесинин байке карындаштарынын келечеги учун оздорунун жанын берди. Чыныгы эр журоктукту жасашты. Окко учкан ар бир жердешибиздин аты жону такталыш керек. Тарыхка жазылыш керек. Келечек озубуздун колубузда. Эгерде бийликтегилер элдин кызыкчылыгын коздобосо каныбызды да жаныбызды да берсек келечегибизди сактайбыз дегенди тушундурушту. Ар бир окко учкан мекендешибиздин бир тамчы каны дагы бекер эмес экендигин корсотушубуз керек. Кыргызстандын келечегин коргош ар бирибиздин эц бийик милдети. Кыргызстан биздин олкобуз, биздин энебиз, биздин атабыз. Муну бизге бийлик берген жок. Башкара турган болушса ушунун баарын сезип тушунуп башкарыштары керек. Элдин байлыгын алганга укуктары жок. Жалгыз кана башкарганга укуктары бар. Ар бир окко учкан мекендешибиздин атын тарыхка жазгылары келбесе озубуз жазабыз. Такыр эле болбосо журогубуздо сактайбыз. Бирок аларды унуттурбашыбыз керек. Биз аларды унутсак тарых бизди кечирбейт. Бийлик эртенки куну эле бугункуну кайталашат. Жол бербешибиз керек...

кимден: Meri
09.04.2010 12:06
kaza bolgondordun jakyndaryna konul aytam. Abdan okunuchtuu, 1 adamdynyi-bulosunun, tuugan-dostorunun kyzykchylygy uchun anys dele oiloso oui, je kolu jetpey. ishtein dese ishi jok. armanyn ugar okmot, je jardam bereri jok echtekege jetpei armanduu kundordu otkozup jatkan Jashtar el uchun oz omurun berdi. Al emi emne uchun elden kalp ubada menen algan biylikti jon berbeyt BIYLIKTEGILER. oz kyzykchylygyn gana oilogon ishterinin negizinde 5 jaldan beri kancha adam janyn kyiyp, kancha kyzdarybyz baldarybyz jogolup,medikterge suragan akchasyn, darysyn bere albay mandaynda kanchalar kaza tapty, kansha uy-bulolor 1oosu rosiyada, 1oosu dagy 1 jerde nan tabysh uchun tentip azap korup, erten kor oozunda turgan kempir chaldar emchektegi baldardu bagyp, anyshy az kelgensip , kundo oskon nalog,jb, tolop , okmot salgan salyktardu kurultay okmottordogu komissiyalarga tamak beruu uchunpensiyalaryn kyrktyryp kele jatkan. Emi umut chon, birok dagy ele tee jurokto ishenyy kyiyn ushunu menen 2 adam aldady. Birok A.Akaevty jaman degenibiz menen al oz kyzykchyly uchun elge eldin baldaryna ok attyrgan emes.
Emi kudaydan korkkon, OZ OMURUN BERGENDERDI, eldin unun ukkan el uchun ishtegenderden okmottko chogulsa eken. JASHTARDAN DA KOSHSO< UKSA JASHTARDY DA{ Orun almashuudan summa osgorboyt bolup kayra ele bayky toptor chopgulup , baygy sayst bolboso) TUP ORDUNAN BERI OZGORTUP KONSTITUSHIYANY ACHYK EL MENEN KABYL ALYSHSA degen ele umut. bugunku jotouu, koz jash kunumduk ele korunush bolboso eken. ELIM katuu kuynaldy, jetishet go emi. JOK DEGENDE KECHEKI BUGUNKU ERTENKI KYRGYSTANDYN YMYRKAYLARYNYN KELECHIN ONDOGONJO jetishsek eken/ ALAR oz jerinde osu kor bolup, bashka jerde koz karandy bolboy. bashy kotorup erkin KRde jashsagan biz jetpegen umuttorgo alar jetse eken.
EMI elime Tynchtyk ele bolso eken.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
09.04.2010 11:48
БИШКЕКТИН НБТ КАНАЛЫ ЭМНЕГЕ ОЮН ЗООК ПРОГРАММАЛАРЫН БЕРИП ЖАТАТ,АЗА КУТКУЛОРУ КЕЛБЕСЕ,ЭЧ БОЛБОСО ЭФИРИН ЖАБА ТУРБАЙБЫ ЭЛДИН КЫЖЫРЫН КАЙНАТПАЙ ЭСКЕРТИП КОЙСОНОР БОЛО

кимден: Aika каяктан: Japon
09.04.2010 11:01
Emne uchun azyrkyga cheyin olturulgon baldardyn aty-ysmy jok? 75 markum bolgondordon 34ty taanylsa, ushul 34 baldardyn aty-jonun Okmot elge bildirishi kerek. Taanylbagandardyn surottorun Internet , gazetalarga chygaryp, soogun tuugandaryna kaitaryp berishibiz kerek, Baardyk okko uchurulgandardyn attaryn bilishibiz kerek, unutpashybyz kerek bul kanduu Aprel kunun, Surot menen attardy....Kanynar beker togulbodu dep ishengim kelet. Baldar, topuragynar torko bolup, jatkan jeriner jailuu bolsun.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.04.2010 10:52
Адамзаттын тарыхында болуп откон бардык ушундай окуялардын кыймылдаткыч кучу жаштар болгон. Анткени, дайыма жаштар жана карылар кагылышы бар. Бул бир чети коомду алдыга жылдырган куч болсо бир чети жаман корунуш. Эми кочого чыккан жаштар Бакиев кетип, Отунбаева же Атамбаев келсин деп чыккан жок. Жакшы жашоо, жаркын келечек учун чыкты. Ойлосонор, жаштардын кобу жумушсуз. Келечектен умут жок. Студент болсо сессиясын акча берип бутурот. Ошол эле учурда бийликтеги адамдардын балдары арам акчага алынган машинага тайрактап минип кыжырды келтирет.
Келе турган мамлекеттик башкаруунун окулдору ак иштоого, элдин камын ойлоого аргасыз. Анпесе аларды да ушул тагдыр кутуп турат.
Эми. каза болгондордун жаны бейиштен жай алсын. Жакындарына кудай куч, сабыр берсин.

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
09.04.2010 08:06
Баарынардыкы туура жаштар курман болду, бирок аларды пайдаланып бийлике келгендер, аларды унутпайт деп ким кепилдик берет. Сырткы кучтордун колдоосу менен оппозиция бийлике келди. Бирок орто жолдо бейкуноо адамдар курман болду. Эми бийлик талашмай оюуну баштала турган болдуго.

кимден: KYRGYZ
09.04.2010 04:30
KYRGYZ ELIME TINCHTIK INTIMAK KAALAP KALMIN.

кимден: Mirlan каяктан: Moscow
09.04.2010 04:15
Assalamu aleikum urmatuu mekendewterim, bul makalaga oyun bilgirgen kyrgyzdyn uul kyzdary. Silerge men dagy kowulam, birin4iden elibizge yiman bersin, anan jakwy ajoo tandap alabyz. Biz Kyrgyzstanda jurgondo bilinbeit, 4etke 4ygyp kelgende gana bilinet, bizdin Kyrgyzstanybyzga bolgon beimaraldygybyz. Owol otup ketken jawtar weit boluwup, Allah Taalanyn beleginen nasip etsin. Al emi, 4et jakta jurgon urmatuu kyrgyzdyn uul kyzdary, taryhynardy, yimanyngardy, adamdyk sapatyngardy osturgulo.

кимден: Эльмира каяктан: Москва
09.04.2010 03:27
эмне керек ушул кан тогуп, байлык бийлик талашып. Акыр замандын жаштарыбыз. андан коро биргеликте synsvfrnfibg кол баштасанар болор беле. Азыркы бийликти кимдер талашса , алардын башына ошондой кунду коет Кудайым , убакыт сааты менен болот баардык нерсе. Кайтар дуйно дейт. Бакиев да ушул кунду кылган болчу Акаевка мына ....
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)