Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:05

Саясат

М.Бакиев - АКШга, региондор - курултайга...

Кыргызстандын саясатында “жаз жарыш” күчүнө кирип баратат. Оппозиция 7-апрелде жер-жерлерде элдик бийликти орнотуу боюнча курултайларды белгиледи. Бийлик өкүлдөрү да элге чыгып, түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эл арасында
Текст көлөмү - +
Максим Бакиев
Расмий түрдө айтылбаган менен кыргыз-орус мамилесинин салкындоосу байкалууда. Анын дагы бир көрүнүшү катары Максим Бакиев тыш өлкөгө биринчи сапарын Кытайга жасашын, ал эми экинчисинде АКШга баратканын атасак болот. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев 8-апрелде Вашингтондо болот.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы Борбордук агенттикти мыйзамсыз орган катары баалап, анын башчысын Америкага чакырган АКШ өкмөтүн кескин сынга алды.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Ким МакДональд Максим Бакиевдин АКШга сапары тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстандын делегациясы АКШга жыл сайын боло турган эки тараптуу консультацияларга барат. Бул жолугушуу АКШ өкмөтү жалпы Борбор Азиядагы өлкөлөр менен өткөргөн жолугушуулардын бири. Буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен андай жолугушуулар болуп өткөн.

Кыргыз оппозициясы Кошмо Штаттардын мындай позициясын мурдатан эле сындап келип, соңунда таянычты Кремлге жасоого өттү. Орус жетекчилиги менен байланышты түзүү жана ишенимге кирүү үчүн БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев бир нече жолу Москвага барып келди. Анын натыйжасы катары орус маалымат каражаттарында Курманбек Бакиев, Максим Бакиев жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн дарегине карата кескин сын макала-маалыматтардын чыгышы аталууда.

Оппозиция сырттан таяныч табуу менен чектелип калбастан ички нааразылык потенциалды пайдаланууга күчүн үрөп жатат. Ошону менен бирге оппозиция катарында биригүү тенденциясы ачык байкалууда. Муну Чүй облусунда курултай өткөрүү боюнча уюштуруу тобунун курамынан байкоого болот. Маселен, буга чейин тил табыша албай келген Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариев  курултайды биргелешип уюштурууну чечишти. Ал эмес акыркы мезгилде аярлап калган Иса Өмүркулов ачык күрөшкө бел байлап, Чүй облусунда курултайды уюштуруу боюнча топтун жетекчилигине келди.

Ал эми Азимбек Бекназаров, Дүйшөн Чотонов, Бөдөш Мамырова Талас, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырып келишти.

Премьер-министрдин Нарынга болгон сапары
29-мартта Нарында өкмөт башчы Данияр Үсөновдун жергиликтүү калк менен жолугушуусу тескери натыйжа бергендей. Анткени нарындыктар жолугушуудан кийин 9 пункттан турган кайрылуу кабыл алып, президентке, өкмөткө, депутаттарга жолдошту. Андан сырткары алар 7-апрелде Нарында элдик курултай өткөрүүнү белгилеп жатат.

Бийлик өкүлдөрү да эл кыдырууда. Азыркы мезгилде Жогорку Кеңештин депутаттары, айрым министрлер калк менен жолугушууларды өткөрүүдө.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Рашид Тагаев Ноокен районунда шайлоочулар менен жолугушканын билдирди:

- Төрт-беш ири жолугушуу болду. Эл негизинен таза суу, жер, сугат суу боюнча маселелерди көтөрдү. Электр энергия боюнча ал жакта элдер түшүнүк менен мамиле кылышууда. Муну мурда эле бөлүп-бөлүп көтөрүш керек эле, эми мындай болуп калыптыр, бул күндөр да өтөт деп, эл колдоп эле жакшы эле мамиле жасады, - деген Рашид Тагаев ал жолуккан калк оппозиция уюштурган курултайлар тууралуу сөз кылбаганын кошумчалады.

Бул арада көз карандысыз маалымат каражаттарына чабуул уланды. 31-мартта “Форум” гезитин токтотуу тууралуу Октябрь райондук соту чечим чыгарса, 1-апрелде Финансы полициясы "Стан ТВ" маалымат каражатынын ишин текшерүүгө киришти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бек каяктан: Москва
04.04.2010 22:58
АКШдан эмне керек? Же экинчи "Саакашвили" болгусу барбы? Ющенко кетти Бендера менен фашисттерди герой кылып, Саакашвили аран олтурат,- биздин "принцке" эмне керек? Акча ашып бийлик кана жетпей жатат окшойт балага. Кимди бийлейт? Атамбаевге окшогондордубу? Биздин дагы эмнебизди сорушат? Кыргыздар бизге эмне болду?

кимден: Курманбек каяктан: Алай
04.04.2010 11:35
Бакиев таза шайлоодон коркуп атат. ошо себептен кенеш демократиясын ойлоп чыкты( карманные советники).

кимден: Жолдошбек каяктан: Нарын
03.04.2010 17:58
президенти Эл шайласын. Буга чейинки Акаев жана командасы анан Бакиев командасы өткөргөн шайлоодой эмес ,чын, калыс шайлоо болсун. Баарыбызга белгилүү шайлоолор кантип өткөнү ким утканы , Эл өз президентип өзү шайласын (бир ууч кошоматчы дежур " Кеңеш демократия "эмес) ,Урматтуу пикирлештер сөзүмдө калп болсо айткылачы ( Бакиев К.С биринчи шайлоодо Эл шайлаган) Андан кийинки Жогорку Кеңешке депутаттар.,президентин экинчи шайланышы кандай гана бети жоктук менен өттү. Кимиңер калыс шайлоо болду деп айта аласыңар, Нарында студентерди , мамлекеттик органдын кызматкерлерин кайра -кайра киргизип Курманбек Салиевичке ,Ак-Жол партиясына добушуңарды бергиле деген күндө да утулушуп атты, ЦИК эмгиче шайлоонун жыйынтыгына так жообун бере албай жатат. Президентибиз билбепмин ,укпапмын деп кийин билдим деп аттса.

кимден: Тилек каяктан: Германия
03.04.2010 16:15

Balta Ala-Toodon tuura aitat, sebebi misalga alyp karasanar, kaisy gana olko bolbosun, kanday biylik tusbasyn, egerde en birinchisi, elinin jashoo-turmushu jakshy bolso, biylik mamlekettin butumdugun jana namysyn korgoso, asyrky jana kelechektegy muundar uchun jakshy konul borulsa, patriottuk saiasat jurgusulso, pensiadagy karylarbyzga jakshy, jetishtuu dengeeldegi kamkorduk korulso, sot biyliginde adiletuuluk menen ish jurgusulso, soz erkindigine kysym boboso, president bergen ubadalaryn atkarsa, anda ushundai biylikti el chon kubanych koldoit ele. Asyr Kyrgyzstanda ushul keltirilgen misaldyn atkarylyp atkanyn, birin dagy korgon jokmun. Anan kantip asyrky biylikti koldoisun.

кимден: Балта каяктан: Ала-Тоо
03.04.2010 15:22
Айланайын Асаке, кудайдан коркпогондо анан кимден коркмок элек. Бийликтин кылып жаткан иштерин жазганды апыртты дегениңиз туура болбой калат. Бул бийликтин кудайдан коркпой "колдон келген аракетин көрүп жатканы"(сиздин сөзүңүз) элдин жонунан кайыш тилип жатпайбы. Эл байлыгы, жер байлыгы сатылып кетип жатпайбы. Анан ушуларды айткандарды, жазгандарды "оозуна келгенди оттоду" десек, анда эле маңкурт болгонубуз ошол экен. Шүгүр-каниет кылып жүрө берип Ала-Тообуздан, ак калпагыбыздан айрылып калбайбызбы. Бул бийликтин иштеринин жакшы жактары болсо мен деле колдойм, атаганат андай иштери жок болуп жатпайбы. Элине тезек тердиргенин кантип мактайм. Каркыра менен пансионаттарды бадаркеге бергенин кантип жактайм. Эл байлыгы болгон электрэнергия тармактарын сатканына кантип алкыш айтам. Кыргыз элиме аманчылык тилейм!!!!

кимден: Марк
03.04.2010 10:39
Эмнеге биздин жерлер арендага берилет? А анда эмнеге Кыргыздар казактардан,озбектерден,тажиктерден,кытайлардан жер арендага ала албайбыз? Жалан эле биздин жерлер кетип жатат? Айтчы мага Бийлик? Бир ооз айтчы?

кимден: Тургунбай каяктан: оШ
03.04.2010 09:36
Текебаевдин эмнесине ишенесиңер? Кайсы кызматы үчүн мактайсыңар? Мыйзамдарды жазганын бетке кармасаңар, депутат болгондон кийин мыйзам жазбай ыр жазыш керек беле?! Жазат да эл шайлап, кол тийбестик берип, багып жаткандан кийин. Анда эмне иш кылды? Кечиресиңер, оппозициянын жүзү Текебаевдин жүзүндөй болбош керек. Бизге алыс-жакынга сергек баа берген, бийликтин жакшы жатарын да көрө билген, баалай билген, сыйлай билген, ошол эле учурда бийликти сындоо менен бирге, кризистен чыгуунун оптималдуу вариантын сунуштай алган оппозиция керек. А биздин текебаевчилерде бир гана максаты бар: Бакиевден өч алуу! Бул да болсо элди алдоо эмей эмине?!

кимден: Асан каяктан: Ош
03.04.2010 09:21
Анда эмне кылалы дейсиңер? Көтөрүлөлүбү? Өлкөбүз экинчи революцияны көтөрө албашын неге туйбайбыз? Сыртты карагылачы не деген алааматтар болуп жатат. Адамзат өзү билип уюштурган да, Кудайдын жазасы менен жүрүп жаткан да алааматтарды күн сайын ТВдан, интернеттен көрүп жатабыз. Жашап жаткан заманыбыздын бир гана урааны калды: улутташынды, мекендешинди колдон ал! Жерибе! Бөлбө! Алдаба! Анан албетте, ага да ишен!

кимден: Курманбек каяктан: Алай
02.04.2010 20:52
Омурбек Текебаевке мен толук ишенем. Кудайыбыз сизге куч-кубат, өмүр берсин. Билип койуңуз , сиз колдогондор, сиз ойлогондон да көп.

кимден: Жолдошбек каяктан: Нарын
02.04.2010 20:44
Оштук Асанга. Торукарт менен Коргон -Таштын аралыгы 50 км, кирип келип үй кура баштаган кытайларды (документери туура эмес ) кантип келди эмне себеп менен үй куруп атышат жана башка суроолорго бийлик эч бир так жооп бере албай койду го, Кытайларга 49 жылга арендага бердик деген сөз , ал жерлердин эч качан кайтарылбастыгы айдан ачык нерсе ( Озбекстанга буга окшогон канча жерибиз кетти) Арпа , Ак-Сай арендага берилсе Нарын обласы 3/1 жеринен айрылат. Жетим -Тоо Нарын суусу башталган жер жаратылышы кооз, бул деле экинчи Кум-Төр болуп калбасына ким кепил боло алат
Кыргызстанга эч пайдйсы жок ,бир ууч адамдар учун кана пайда келтирген. Оз Ата-Мекенибизди болуп болуп сатудан, Гуревичтерге окшогон алдамчылар Кыргызстанды бийлеп аткандан уялыш керек, калп айтып кошомат кылудан уялыш керек , ар намыс деген болуш керек.
Нарын элинин 99% нааразы бул бийлике, Асан сиз эмне эл эч нерсени корбойт , укпайт , тушунбойт деп айткыныз келит турабы , оппозиция эки -уч киши деп , Кудайдан жалгыз эле сиз коркчудай болуп жазыпсыз (мен деле корком Кудайдан) . Сиз дегеним, тааныбаган адамга дайыма сиз деп кайрылуу Кыргыз элинин салты.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)