Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:01

Саясат

Алайдагы митинг күчтөп таратылды

Шаршембиде Алай райондук акимчилигинин алдындагы нааразычылык акциясына жетимиштей адам катышты. Алар президенттин кызматтан токтоосуз кетүүсүн жана мамлекетти талап-тоногондордун жоопко тартылышын талап кылышты.

Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты, Гүлчө айылы.
x
Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты, Гүлчө айылы.
Текст көлөмү - +
Эл алдында сүйлөгөн «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевдин жана аким Алмазбек Осмоновдун кер-мур айтышы чыр менен коштолуп, чогулгандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчтөп таратты.

Митингге чыккандар колдоруна «Ак ийилет, сынбайт!», «Биз Исмаил Исаковдун акталып, бошотулушун талап кылабыз!» деген плакаттарды кармап турушту.
Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты.

Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Курманжан Сапарбаева жердештери энергетика тармагы сатылышына каршы экендигин туюндуруп, айрыкча интеллигенция өкүлдөрүн бийликке каршы күрөштө активдүүлүккө үндөдү:

- Бардыгын чет өлкөгө ташып кетишет дагы, ал жактан пультту басып башкарышат. Мына, электр жарыгы киловатына жыйырма сомдон десе, аргасыздан төлөйбүз, эй. Антпей, каякка барасыңар? Уялганым, бир дагы мугалим, бир дагы медициналык кызматкер ушундай жерде көйгөйлөрүн ачык айтышпайт. Эмне, аларда жүрөк жокпу? Ошон үчүн айтып коеюн, бүгүн көзүбүздү ачып, бул турмушка кайдыгер карабайлычы?!

Гүлчө кыштагынын тургуну Баргыбай Мырзалиев президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү агенттигин күмөндүү каржы иштерине катыштыгы бардыгы үчүн айыптады:

- Гуревич деген чыгыптыр. Биздин экономикабызды бүт жеп-ичип бүтүптүр. Ага Италиядан иш козгоп, сотко ашырыптыр. Эл аралык алдамчылардын бири экен...
Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:

- Биз Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн колониясына айландык. Тапкан акчаларыбыз электр жарыгынан, акыр-чикирден жана башкалардан ашпай жатат. Керек болсо Кыргызстан Бакиевдердин үй-бүлөсүн бага албай калды.

Бириккен элдик кыймылдын Оштогу штабынын башчысы Абдыкайым Кангелдиев өлкөнүн байлыгына криминалдашкан эл аралык топтор ээлик кылып жатышкандыгын белгилеп, башкаруу системасын түп тамырынан жаңыламайынча жумурият оңолбостугун ачыктады:

- Мындан туптуура беш жыл мурда чоң ишеним артып Бакиевди президентикке шайладык эле. Терең жаңылышыппыз. Өмүрбек Текебаев айтмакчы, Акаев деген жазуунун ордуна Бакиев деп алмаштырып илип олтуруп алышты. Акаевдин убагында жумуриятты экономикалык кризиске кептеген, калкын тентиткен, коррупцияга малынган, элин талап-тоногон, канын митедей соргон сүткорлорду, мансапкорлордун бирин дагы Бакиев жазалаган жок. Мына, азабын биз тартып жатабыз. Кыргызстанга ушундай аянычтуу кейипти кийгизген жалгыз Курманбек Бакиев же Данияр Үсөнов эмес. Эмдигисинде жаңы бийлик орной турган болсо, булардын бардыгы сөзсүз жоопкерчиликке тартылат.

Мындан соң нааразычылык акциясынын катышуучулары мамлекетти туташ кризиске кептеген президент Курманбек Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүүсүн талап кылышты.

- Бакиев кетсин!
- Бакиев кетсин!
- Бакиев кетсин! – деп кыйкырышты бир ооздон акция катышуучулары.
 
Алайдагы митинг, 2010-жылдын 17-марты.

Ушуга улай митингичилер талаптарды жогорку бийликке жеткирүүсү үчүн район акими Алмазбек Осмоновду чакырышты. Ал келгенде, митингдин айрым катышуучулары акимден элге кошулууну суранышты.

- Кыргыз калкым, Алай элим десең, Бакиевдердин үй-бүлөсү коррупцияга батып, өлкө байлыгын тоноп бүттү деп бизге кошул, айланайын?! – деди митингичилердин бири.

Андан ары «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаевдин жана аким Алмазбек Осмоновдун кер-мур айтышы чыр менен коштолду.

Алмазбек Осмонов: - Мажбурлаганга эч кимдин акысы жок! Сиз кошул десеңиз кошулуп, чык десеңиз чыккыдай киши эмесмин.

Төлөгөн Келдибаев: - Көрдүңөрбү, бул акимдин сөз бири-бирине каршы келип атат.
Алмазбек Осмонов жана Төлөгөн Келдибаев элдин алдында

Алмазбек Осмонов: - Алайдын эли - нарктуу эл. Бирөөлөрдүн акылына муктаж эмес. Алайлыктардын талабы бирөө эле. А силер сырттан келип башка талаптарды коюп жатасыңар.

Төлөгөн Келдибаев: - Эгерде ушундай иштей турган болсоңор, силерге эртең топурак буюрбай калышы ыктымал.

Алмазбек Осмонов: - Эй, андай дебе! Антип сүйлөгүдөй сен кимсиң?

Ушул маалда акцияга чекеден абай салып турган укук коргоо органдарынын кызматкерлери митингичилерди күчтөп таратты.

- Болду, болду, тарагыла!
- Жетишет, тарагыла! – дешти райондук милициянын башчысы өзү баштап.

Ушундан соң митингичилер мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун райборбордогу штабына чогулуп, 23-мартта Гүлчө кыштагынан Ош шаарын карай автожүрүш жасашаарын жарыялашты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: табышмак каяктан: санкт-петербург шаары
23.03.2010 02:26
мигрант сен КР мамлекттик кызматта иштеп көрдүң беле. каршы сүйлөсөң сени өлтүрүп тышташат жэ жинди кылып көрсөтүшөт. азыр деле иштеп жүргөндөр начальниктеринин, министрлеринин, президентинин кылмыштуу иштерин билишет. убагында айтышпайт. анткени бардыгы бири бирин билишет. терс сүйлөсөң ошол иштериң үчүн отурасың. отурбасаң башка жумушка кетесиң, жэ кыргызстандан кетесиң. анан кийин каршы чыксаң исаковдой болуп отурасың. жэ калппы. кыргызстанда мыйзам иштебей калганына канча болду. и вообще эле мыйзам барбы аякта. ошол жакта мыйзам болбой калган үчүн ушул жакта жүрөбүз да темселеп. мыйзам биринчи мамлекеттин ар бир жараны үчүн, ошолордун кызыкчылыгын коргош үчүн жазылат. а биздеги мыйзамдар жалгыз гана бакиевдин кызыкчылыгы үчүн жазылат. анткени жанагы ак жол беле партиясы ошолор мыйзам кабыл алышат. жакында бир орустардын гезитинен окудум кыргызстандын мыйзамын күлкү кылып жазышыптыр. кыргыз мыйзамчылары орустардын законун үтүр точкасына чейин, кээ бир жерлеринде РФ дегенди КР дегенге алмаштырбай көчүрүп алышыптыр. ошол мыйзамбы. и вообще мени кыргызстандын мыйзамдары менен уже жоопко тарта албайсың мен орусиянын жаранымын. и ошону да исаков кылган жөн жашатпай давит этип атып. и баса далилсиз дайсиң как раз ошол кездеги чон офицерлердин бардыгы азыр ошол баатырдыктары үчүн москвада генштабдын академиясында окуп атышыптыр. барып жолугуп сурап алсаңар болот. и вообще кыргыздардын биримдиги жогунан ушул жакта жүрүп да бириге албай атабыз. меники туура экенин билип туруп эле эмнеге каршы чыгып атасыңар түшүнбөйм (мигрантка). жакында такырбайштардын сайтына кирип сводкасын окусам биринчи кыргыздарды өлтүрүш керек деп жазылып жүрөт. көрсө ошолор да билип алыптыр биримдиги жогубуздан өлтүрүп кетсе да суроо сопкуту жок калаарын. так что ойлонгула. болгону 4 миллион кыргызстандык бар. анын ичинен 2,5 миллиону чыныгы кыргыз. ар бирине колуна ача берип багып койсо болот.

кимден: мигрант каяктан: Санкт-петербург
19.03.2010 17:06
Санкт-петербургдан Табышмактын оюна караманча каршымын.Аны билдируусу мыйзамга каршы келет.Генерал Исаковду далилсиз куноолоптур.Озум аралашып жургом дейт.Анда эмнеге ошондо айткан жок? Кылмышты жашыруу - бул КР мыйзамдары боюнча кылмыш болуп эсептелет.Ойлонуп суйлойлу.

кимден: табышмак каяктан: санкт-петербург шаары
19.03.2010 02:24
ааай байкуш кыргыздар. кимдин ким экенин билбей иш баштайбыз. туура Бакиевдер кыргызстанды тупике тыгып атышат. туура алардын ордуна кыргыз деп күйгөн киши келиши керек. бирок И.Исаков ошондой эле ак беле. мен убагында ошол кишинин кол алдында иштеп келише албай четке кетип калгам. убагында ошол киши оппозициянын митингдерин коргоо министрлигинин жоокерлери менен таратып турчу эмес беле. эмне унутуп калдыңарбы. калп десеңер ошол убакта Кудайберген базарынын артындагы ЗРБнын командири полковник Мамбетисаевден, Фрунзе-1деги аскер окуу жайынын командиринен, токмоктогу спецназдын командиринен сурасаңар билет. спецназдын балдары гражданка кийип алып элди кокутуп ар кандай провокацияларды кылсын деген буйрукту дал ошол И.Исаков бергенин мен өз көзүм менен көрүп аралашып жүргөм. коргоо министрлигинде иштегендер ошолор тууралуу билишет. эмне унчукпай отурушат же исаков аскер бөлүктөрүн офицерлердин, солдаттардын акчасына оңдоткондо унчукпагандай унчугушпайбы. эми ошону коргоп атасыңарбы. митинг кылып бакиевдер кеткенде ордуна ким келет. барбы ордуна келчү курч жигит. бири бирин өлтүрүп, кызмат берип, акча берип сатып алып койду го. билимдүү илимдүүлөрдүн баары жүрөт чет жерде ар кимге кор болуп. чурка, гастербайтер деген кор аттарды угуп. кыргызстан нормальный болсо барып өз эл, өз жеринде иштегенге не жетсин. кайсы арына кайсы армияга генерал берип аткандарын түшүнбөйм. ушул ой пикирди окусаңар мага кат жазгыла биригип иш кылалы. кыргызстан бизге гана керек экен. бизден башка эч кимге кереги жок.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
18.03.2010 18:12
Мен дагы 24.кг,акипресс.кг деген сайттарга чыксам,башка мамлекеттин гезитин окуп жаткандай эле болдум. Тобо кылдым жанагы таштан жазалган бир колу менен көзүн жапкан,бир колу менен оозун жапкан,кулагын жапкан сөлөкөттөрдөй эле болуп турат. Уят эле да.Бул Кыргызстандагы саясый эң чоң жана эң маданияттуу өткөн жалпы элдин Курултайы да.Ушуну жазбаганда эмнени жазышат.Экинчи ушул эки сайтка кирип деле убакытты кетирип кереги жок экенин түшүндүм.Иши кылып аман болушсун,эптеп жагалданып нанын таап жеп жүрүшөт да булар.

кимден: Окурман каяктан: Кыргыз
18.03.2010 15:04
Акипресс, 24kg, Кабар маалымат агенттиктери силер дагы Данияр менен Илимге окшоп эч нерсе уга элексиңерби? Жок дегенде "Азаттыктын" сайтынан көчүрүп болсо дагы Алай менен Нарындагы кырдаалды жазып койсонор болот эле. Бир болсо силерге да "эч нерсени укпагыла" деген приказ болгон окшойт. Болбосо Акипресс дурус эле иштейт эле.

кимден: 12132 каяктан: Нарын
18.03.2010 11:35
Салам Алайлыктар! Биз силер менен биргебиз!

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
18.03.2010 11:07
Генералдын камалышы жана баалардын көтөрүлүп, элде жок акчаны бийликтин элден доолай башташы, мыйзамсыз иштердин дагы деле уланып жатышы мени чоң саясатка аттанууга аргасыз кылып олтурат.Саясатка бир келген адам, ал жактан чыга албашын билем.Бул бийликтен акча да, кызмат да сурабай, Москвада иштеп, өз нанымды өзүм таап жүрсөм, мага муну да ыраа көрүшпөдү.Мекенимди, Элимди сатып жиберишсе, менин тапканымдын эч бир мааниси калбай калгыдай.Мен, мындан көп жыл мурун, Улуу Ата Мекендик согушта согушка аттанып жатып, Майсалбек айткандай, эң жөнөкөй кесипти - мугалимдикти тандап алып, илимий чөйрөдө элиме кызмат кылам го деп, ойлогом.Бирок тагдырдын сыноосу мени саясатка келүүгө аргасыз кылып олтурат.Кыргыз эли мага муктаж экендигин сезип турам.Мен Ала Тоо элине, саясатчыларды өлтүрүү жана камоо аркылуу түгөтүү мүмкүн эмес экендигин, кырдаал курчуган сайын жаш жана билимдүү саясатчылар пайда болуп турарын далилдегим келип турат.Мен өз тагдырымды Мекениме тапшырым, Бекназаров айткан Чоң Казатка камынып турган кербезим.

кимден: Акимжан каяктан: Тараз
18.03.2010 09:30
Жергиликтүү чоңдор, Бакиевге чындыкты айта албасаңар анан башка талаптарды койбой, макташ керекпи? Генерал силер ойлогондой, эч убакта бийликтин алдына чөгөлөбөйт. Андан көрө түрмөдө олтурганы жакшы.

кимден: Кайран жигит каяктан: Кара-Суу чолкому, бору
18.03.2010 09:24
Төлөгөн иним, курчтугуңдан жазба! Жашыңдан эле бетке чабаар элең. Бирок, тууган-урук, бала-чакаңды да ойлогончо жүр.

кимден: Касым каяктан: Араван, Тоо-Моюн ороону
18.03.2010 09:23
Оппозициядан бирөө жарымы басып барып алайлыктардан кабар алганга жараган жок экен. Силер элди колдобосоңор, эл силерди колдомок беле?....
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)