Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:01

Саясат

Алайлыктар: “Кыргызстанга – азаттык!”

Исмаил Исаковдун Алайдагы таламдаштары бийликтин тоскоолдугуна карабай, 15-мартта адегенде Сопу-Коргон кыштагында митинг өткөрүп, андан ары Таргалак-Чаты айылына чейин тоо кыялап, ортолукта бир нече ирет суу кечип «үй-бүлөлүк режимдин барымтасында калган Кыргызстанга – азаттык!» деген ураандын алдында он беш чакырым жөө жүрүш жасашты.

Жүрүшкө чыккандар жолду да ыраа көрбөгөн бийликтегилерге нааразы болуп, тоо кыялай басышты, 15-март, Алай району.

Мултимедиа

Текст көлөмү - +
Алайдагы Сопу-Коргон айылынын 200 чакты тургуну генерал Исмаил Исаковду коргоо комитетинин штабына саарлап жыйналгыча, милициянын атайын багыттагы отрядын салган үч автобус аймактагы чоң көпүрөлөргө бөлүнүп, Ош - Эркеч-Там автожолун кан буугандай тосушту.

Буга улай аталган штабдын алдында чакан митинг башталды.

- Суу жана башкалар кымбаттады. Электр энергиясынын наркы көтөрүлгөнүнө байланыштуу бардык азык-түлүктөргө да баалар өстү. Биздин турмушубузду Акаев оңогон жок эле, эми минтип Бакиев биротоло сызга олтургузду. Ошондуктан, чыдамыбыз түгөнгөндө жүрүшкө аттандык. Элди атабыз деп атышыптыр. Мейли, Бакиевдин огунан ажал тапсак, аны да көрө жатаарбыз, - деди карыя Ороз Мусаев.

Кепти ЭрК партиясынын Кара-Суу райондук төрагасы Темирбек Бегматов улады:

- Канчалаган кыргыздар жумуш издеп, бала-чакасын, үй-бүлөсүн таштап чет өлкөлөрдө тентип жүрүшөт. Ошол эле учурда президенттин уулу Максим Бакиев кайдагы бир агенттикти уюштуруп, жалаң сырттан алдамчыларды топтоп, ошолорду иш менен камсыз кылууда. Минтип өз мекендештерине күйбөгөн бул жигит бүтүндөй командасы менен өлкөдөн чыгып кетсин! Мындан тышкары Кыргызстанда адам укугу кадам сайын тебеленүүдө. Бирок Акыйкатчы ал жөнүндө бир ооз айтканга жарай элек, тескерисинче, президентке жагынуу менен алек.

Алайдын акими Алмазбек Осмонов
Ошол маалда машинадан түшкөн Алай районунун акими Алмазбек Осмонов Исмаил Исаковдун таламдаштарынын 15-16-мартта Сопу-Коргон айылынан райборбор Гүлчө кыштагын карай жөө жана атчан жүрүш жасоосуна Ош облустук райондор аралык соту тыюу салгандыгын маалымдап, буларды кошумчалады:

- Түшүндүңөрбү? Ош - Эркеч-Там автожолунда басканга дегеле мүмкүн эмес. Ошондуктан, кокус мыйзам бузулуп, кимдир бирөөлөр жоопко тартылып калышын мен деле каалабаймын.

Акимдин сөзү акциячылардын нааразычылыгын жаратты.

- Өлкө башчысы – биздин атабыз. Атабыз мыйзамды өзү тебелеп-тепсеп жатса, биз эмне кылышыбыз керек, айткылачы?

- Элди эмнеге мынчалык кордойсуңар? Биз эмне мал бекенбиз?

- Биз өлкө ичинде ээн-эркин жылып жүргөнгө укуктуубуз. Ага эч ким, анын ичинде, сот дагы тыюу сала албайт!
– деп чурулдашты акциянын катышуучулары.

Бул аралыкта Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев элдин демин басууга аракеттенди.
Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев

- Сиздердин жалгыз максатыңыздар - Исмаил Исаковду түрмөдөн бошотуу. Бөлөк талабыңар жок, туурабы? – деген Айтмамат Кадырбаев генералдын башын азат кылуу максатында анын туугандарын президентке жолуктуруу маселеси чечилип жаткандыгын билдирди.

Бирок мындай демилгеге Исаковдун жакындары жана таламдаштары таптакыр ынаган жок. Алар бийлик кечиккендигин ачык айтышты.

Ошол эле учурда “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов жергиликтүү бийлик төбөлдөрүн элге кошулууга чакырды:

- Сиздер баштаган эл Кытайдан же Германиядан түшкөн баскынчылар эмес. Буларды террорист деп атоого да акыңар жок. Эгерде тинткиңер келсе, текшергиле, жанынан жарты нандан башка курал чыкпайт. Ошондуктан, калкыбыз менен ысык-суукту теңме-тең бөлүшөбүз десеңиздер, анда биз менен чогуу жол тартыңыздар. Бирок Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн моминтип бүгүнкүдөй элге каршы тукурбаңыздар!

Буга жооп иретинде биринчи вице-губернатор Айтмамат Кадырбаев жөө жана атчан жүрүш жасоочуларга буларды эскертти:

- Чочулабагыла. Милициянын же башкалардын колунда автомат жок. Эгерде чектен ашкан жоруктар жасалса, анда ички иштер кызматкерлери өз алдынча аракеттенет. Биз аларды токтотконго акыбыз жок.

Ошого карабастан нааразычылык акциясынын катышуучулары Сопу-Коргондогу эски жолго салышты эле, милиция кызматкерлери аларды улам-улам эскертип жатып айыл четине, андан ары тоону карай бурушту. Ошентип, кыш кете элек аймактын сөөктөн өткөн суугуна жана кар аралаш жамгырына кайыл болуп Сопу-Коргондон ары Таргалак-Чаты айылына чейин көпчүлүк учурда тоолорду кыялап, айрым мезгилде чоң-кичине дарыяларды кечип жөө жүрүшүн улантышты.

- Жадагалса, бизге өзүбүздүн жолубузду да ыраа көрбөгөн президентке абдан нааразыбыз! Курманбек Бакиев кетсин! Курманбек Бакиев кетсин! Курманбек Бакиев кетсин!

- Үй-бүлөлүк режимдин барымтасында калган Кыргызстанга жана кыргыз элине – азаттык! – деп кыйкырышты жол ката жөө жүрүштүн катышуучулары.

Акцияны уюштуруучулардын айтымында, аларды Аскалы, Бүлөлү, Күң-Элек, Кызыл-Коргон кыштактарында 200 чакты жөө жана атчан киши күтүп турушмак. Тилекке каршы, элеттиктерди укук коргоо органдары коркутуп-үркүтүп, айрым учурда күчкө салып таратты. Ошентсе да, алайлыктар мүдөөсүнөн кайтпай, 17-мартта акциясын дагы улантышаарын жарыялашты.

- Бийлик бизди коркутуп таштадык деп ойлобосун. Мындар ары араң жаткан элди түп көтөрүп, жакшылап даярданып туруп аттанабыз. Кийинкисинде кудум Ош-Эркеч-Там автожолу аркылуу жүрүштү улантабыз. Кокус ОМОНдор каршылык көрсөтсө, мушташабыз. Эгерде ок атса же чабышса, кадимкидей кармашабыз! Бизде башка арга калган жок, - деди Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.03.2010 20:25
Бакиевдерге наалат. Элдин, Алайлыктардын каргышы тийсин. Элди азапка салды, элдин үнҮн кудай угат, кудай элге жардам бере көр. Элдин тилегин бер, ыймандуу Исаковдой таза бийликке келсин. Бекназаров, Текебаев, Топчуке сыяктууларга жана Отунбаева эжебизге кудайым күч берсин, чын эле ыйман берсин алар да бийликке эле жетүү максатын койбой элди ойлогон тегиз түндүк түштүк дебегендей болушса экен.

кимден: Жаныбек каяктан: Кытайдан
16.03.2010 19:26
Кытай да элин минтип кордобойт. Тескерисинче, калкына төрт тарабы - кыбыла. Кыргыздар бүтүн дүйнөгө шерменде болдук го.

кимден: Калыбек каяктан: Атаман
16.03.2010 19:23
Ким ойлоптур, Бакиевден мындай зулумга айланаарын. Болбосо, 2005-жылдагы ынкылапта анын ордуна Текебаевди эле шайламакпыз. Эми кыргыздар, силерге чала. Мындан кийин лидерди ойлоп тандагыла!

кимден: Карамырза каяктан: Кара-Кулжа району
16.03.2010 19:22
Мен алайлыктардын демилгесин чын ыкластан кубаттаймын. Чындыгында, "УЙ-БУЛОЛУК РЕЖИМДИН БАРЫМТАСЫНДА КАЛГАН КЫРГЫЗСТАНГА - АЗАТТЫК!".

кимден: Айтпай Масалиев каяктан: Оштон
16.03.2010 19:18
Боордоштор, кеч боло электе, алайлыктарга кошулгула! Сталин айтмакчы, НАШЕ ДЕЛО ПРАВОЕ И МЫ ПОБЕДИМ!

кимден: Азат каяктан: Бишкек
16.03.2010 19:18
Нарындыктар-туугандар, биз сиздер менен!

кимден: КудайБерди каяктан: Казакстандан
16.03.2010 19:13
Айланайын "Азаттык", неткен кундо да сенин унун очпосун! Жанагыл Алишер Токсонбаев деген кабарчынар этият болсун. Чындыкты айтып атат, Дегинкиси ушул калыбынардан жазбагыла.

кимден: Нарындан келген салам кат каяктан: Бишкек эле
16.03.2010 19:08
Нарындан тушкон кат

2010 жылы 16 мартта саат 14-00 дон 15-30га чейин Нарын шаарындагы «Naryn KG» Медиа Борборунда Аксы окуясы боюнча пресс конференция болуп отту.

2010 жылы 16 мартта саат 14-00 дон 15-30га чейин Нарын шаарындагы «Naryn KG» Медиа Борборунда Аксы окуясы боюнча пресс конференция болуп отту. Жыйынга Нарын областык администрациядан Темирова А. Нарын шаардык мэриядан Молдокадыров Н вице-мэр, Ак-шумкар партиясынан, Нарын ички иштер башкаруу органынын начальниги, Нарын областык Акыйкатчысынын окулу жана Электр-жылуулук тарифтерин арзандатуу боюнча жарандык кыймылдын окулдору болуп бир тараптан пресс конференция, экинчи тарптан тегерек стол абалында кызуу талкуу жургузушту. Талкуунун башында Аксы окуясы тууралуу создор айтылуу менен шейиткеткен адамдардын аты жону эскерилип, аларга Куран окулуду. Андан сон эртенки 17-мартта Нарын элди шаардык аянтка чыгуусу айтылып, буга бийлик куч колдонуу менен кайрадан Аксы окуясын кайталап албайбы? Деген талкуу кызуу отту. Мындан тышкары шаарга 80 атайын кызматтагы милициялар алынып келинип, Лицей жатаканасында жайгаштырылгандыгы маалымдалды, бирок Шаардык ички иштер башкаруу органынын начальниги: «Алар башка жактан алынып келген жок, ал озубуздун гана милициялар» деп жооп кайтарды. Мыйзамсыз митинг уюштуруучулар деп Э.Асаналиев жана А.Эсенбековду сотко Нарын шаарынын мэри бергендигин айтышты, буга вице-мэр Молдокадыров: «Мыйзамсыз 12 кун мурун бизди маалымдашы керек болучу, андан аркысын сот бийлиги озу билет да…» деп жооп берди. Ушул эле мезгилде Нарын Акыйкатчысынын окулу Б.Рысбеков: «10-мартта болуп откон митингде кабыл алынган кайрылууда бул боюнча жазылгандыгын ачыктады жана бул корунуш мыйзамсыздык, кайсынын негизиндесот журуп жатат» деп суроо узатты? Мындан тышкары жыйында Д.Усоновдун «24.kg» 1315 де берген пресс конференциясында Э.Асаналиевди жалган жерден жала жаап, анын атуулдук жеке жашоосуна кийлигишуусу жана ушунчалык маданиятсыздыктан айтылган создорун талкуулашып, бул боюнча А.Темирова (Нарын обл.администрациядан): «Окмоттук денгээлде Д.Усонов берген маалымат кечирип койгула – бул окмоттук денгээлде отуруп ушунчалык низкий уровенге тушту, бул ар бир кишинин жеке жашоосуна кийлигишуу, Эркиндин оз иши 1 же 2 сотка которобу.Демек, бул туура эмесмаалымат булагы» деп баса белгиледи Нарын обл администрациясынын Коомчулук жана жалпыга маалымат байланыш болумунун башчысы. Ушул сыяктуу бир топ талаш – тартыш улануу менен жыйынтыгында эч ким экинчи жолу Аксы кайталануусуна каршы жана 17-мартта соттун чечими менен эч кандай митинг болбойт экендигин маалымдашты. Бирок эл болбостон чогулса, элге Губернатор, Мэр чыгып тушундуруу менен элди тарата тургандыгын баса белгилешти.

(Бул материалдар тууралуу толу видеого тушурулду)

кимден: Асамидин каяктан: Ош шаарынан
16.03.2010 19:07
Алайлыктар - азамат! Бийликке ишенип, ГЕНЕРАЛДЫ КЫРГЫЗДЫН ЭРКИНДИГИНЕ АЛМАШПАГЫЛА! Чындык учун чогуу курошобуз!

кимден: ИМИН каяктан: Бишкек
16.03.2010 18:54
Кыргыз эли жаны кашайып турса, росииядагылар кантип чыдап турат.
Андан коро келгиле Крыгзсынарбы. Мекенди коргойлу чогуу баарыбыз, талап тоноодон.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)