Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 15:00

Саясат

“Альфанын” ардагерлери пикетке чыкты

Шейшембиде УКМК имаратынын алдына “Альфа” тобунун 30 чакты ардагери пикетке чыкты. Алар 7-апрелде “Альфа” тобу Ак үй алдындагы ок атууга катыштыгы бар деген айыптоолорду четке кагууда.

Артур Медетбеков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 11-июлу.
x
Артур Медетбеков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 11-июлу.
Текст көлөмү - +
Бул маселе боюнча “Альфа – террорго каршы” коомдук бирикмесинин президенти Артур Медетбековду сөзгө тарттык.

- Нааразылыкка чыгууга эмне себеп болду?

- “Альфа-террорго каршы” тобунун башчысы Алмаз Жолдошалиев баштаган 8 кызматкерди бүгүн прокуратура, сот 7-апрелде “Форумдун” жанында силер куралдарды таштап кеткенсиңер, Ак үйдө болгон окуяларга тийешеңер бар деп айтыптап атат. Экинчиден, баллистикалык жана трассиологиялык экспертиза жасаганда булардын автоматынан, снайпердик куралынан элге бир дагы ок тийбептир, атылган эмес экен деп экспертизадан далилдүү түрдө кагаз келген. Топтун ардагерлери эгерде биз мыйзамдуу мамлекет түзө турган болсок мындай болбош керек деген ниетте пикетке чыгышты.

- Канча адам чыкты?

- 30га жакын адам, булар ардагерлер. Ал эми имарат ичинде азыр иштеп аткан кызматкерлер бар, биздин билишибизче 100 кишиден ашык офицерс чогулуш өткөрүп атышат.

- Улуттук коопсуздук кызматынан кандайдыр бир жооптор болдубу сиздерге?

- Улуттук коопсуздук кызматы сотко бул жигиттер эч жака качпайт, булар кызматта иштеген жигиттер, кыйын абалда мындай жагдайды түзүштүн кереги жок деген өтүнүч жолдоптур. Ардагерлер тобунан башка Ички иштер министрлигинен жана башка министрликтерден дагы ушундай өтүнүч кат жолдонгон. Ага карабай райондук сот ошондой чечим чыгарып коюптур.

- Мындай далилдөөлөр кайдан чыкты?

- “Форумга” эмнеге барасыңар, мыйзамсыз баргансыңар деп атат. Ал убакта булар мамлекеттик иште иштеген жигиттер болчу. Ошол убактагы УКМК башчысы Суталинов өзү баштап барган аларды. Аскер адамы катары анын буйругун угуш керек болчу, анан барышты да. Булар аткаруучулар, уюштуруучулар, жетекчилер бош эле жүрбөйбү. “Альфа” тобу Ош коогалаңында да аябай жакшы иштеп беришти мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн. Барктабасовдун тобуна каршы чыгып, аларды да кармап беришти. Эми кереги жок болуп калса керек булардын.

- Курал-жарактарды таштап кетти дегенге далилдер барбы?

- Курал-жаракты таштап кетти деген далилдер жок. Себеби 300гө жетпеген киши элди атпаш үчүн курал-жаракты кармап турушкан, ошого карабай 3 миңден ашык киши буларды курчап алып сабап, тепкилеген, көбү 1-2 айдан ооруканага жатып чыгышкан колдору-буттары сынып. Машинеде турган курал-жаракты айдоочусу менен кошо алып кетишкен.

- Ошондо канча курал бар эле?


- 300дөн ашык автомат, 80-90дон ашык граната, 5 снайпер мылтыгы, 8ге жакын гранотомет, ошонун бары алынып кеткен. Алардын 15-20 пайызы эле мамлекетке өткөрүлүп берилген, калган 80 пайызы өткөрүлбөй калган. Ошол митингге катышкан жаш балдар, же коомдук партияларга тиешеси бар кишилердин үйлөрүндө жатса керек.

- Сиз өзүңүз жеке ушул куралдарды чогултуу иштери кандай жүрүп атат деп ойлойсуз?

- Менин оюм боюнча, Ата Мекендик согуш учурундагы мурдагы мылтык, автоматтын октору, Макаров тапанчалары, 2-3 автоматтар түшкөн. Калгандары колунда элдин. Элестетип көрүңүз, Талас ИИБин басып алганда 731 курал алынып кеткен, ошонун көбү элдин колунда. Алар мамлекетке бериле элек.

- Барктабасовду кармаганда “Альфа” тобу түздөн-түз жардам бергенин айттыңыз. Айрым укук коргоочулар айтып атат, октор ой келди эле атылган, элдерге да тийген деп?

- Эгерде ошондо ойду-келди атылып, элдерге тийген болсо эмне үчүн укук коргоо органдарына иш козгобойт да, анан 7-8-апрелде болгон окуя боюнча иш козгойт. Себеби ошондой эле болуп калды да, 7-апрелде аскер катары мыйзамдын негизинде буйрук менен барышкан, 5-августта да ошондой эле барышкан шаарда талап-тоноо болбосун, эл арасында тынчтык болсун деп, айырмасы жок.

- Эртең да пикетке чыгасыздарбы?

- Коопсуздук комитетинин кызматкери эле эмес, ИИМ, чек ара кызматы, Коргоо министрлигинин кызматкерлери да ушундай учурга дуушар болгон да. Бизди да ушундай окуя күтүп турат, силер менен чогуубуз деп өз ойлорун билдирип, биз да чыгабыз деген мааниде келип-кетип атышат. Мен ойлойм, эгерде ушундай боло берсе, биздин Кыргызстанда тартип, стабилдүүлүктү сактап калуу кыйын болот. Себеби кызматкерлердин баары билип, көрүп калды да. Эгерде асманга атып, же кишилерди кармасак, кийин башка өкмөт келсе бизди силер аткансыңар деп соттой баштайт деген ойлор болот. Ошондуктан бардыгын бирдей теңдик менен караш керек.

- Маегиңизге рахмат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Митнгдерге ар дайым катыш каяктан: Бишкек
19.08.2010 14:23
Эх Артур Медетбеков, Сени да пайдаланып, эми мусорго ыргытышат экен да.
Ото курч адамдар эленер. Силер "Ур токмоксунар да"

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)