Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:59

Саясат

Алайлыктар: “Талап аткарылбаса Бишкекке жүрүш жасайбыз”

Гүлчөдөгү митингде президент К. Бакиевге 8 жылга кесилген генерал Исаковду актап, эл көзүнчө кечирим суроого 15-мартка чейин мөөнөт берилди жана эгер ушул акыркы сураныч аткарылбаса Ошко, андан ары Бишкекке карай жөө жана атчан жүрүш башталаары жарыяланды.

Текст көлөмү - +
Алайдын борбору Гүлчөдөгү Курманжан датка атындагы тарых музейинин алдына ишембиде миңге чукул адам чогулуп, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун токтоосуз бошотулушун бийликтен талап кылышты. Алар жалпы жонунан жердеши, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун ак жеринен камалгандыгын баса белгилешти.
Бийлик бизди уккандын ордуна куугунтуктап, коркутуп-үркүткөнгө өттү

Улуу муундагылардын атынан Алай районунун аксакалы Ороз Мусаев буларга токтолду:

- Бир тоютка алданып абийирин саткан аксакалдар бар экен. Айып этишпесин, мындайлардын барынан жогу. Айланайын теңтуштарым, канткен күндө да абийирдүү болгула, калыс болгула! Менимче, элдин деле сабыры түгөнүп бүтпөдүбү. Мына, бир жылдан ашты, күн алыс акциядабыз. Ушул аралыкта борбордук бийлик биз менен эсептешип, үнүбүздү угуп койгонго дааган жок. Тескерисинче, бала-чакабызды куугунтуктап, митингичилерди кокутуп-үркүткөнгө өтүштү. Ошондуктан, алайлыктар мындан ары бул бийлик менен сүйлөшүүгө болбостугуна көзүбүз жетти. Кайран башта бир өлүм. Андан көрө укугузду коргоп калууга жапырт аттаналы!

Карыянын кебин ардагер мугалим Турдукан Жусуева улады:

- Генерал Исмаил Исаковдой чыгаан уулдарыбызды коргогонубуз – бул акыйкатчылыкты коргоо менен барабар. Бүгүн дал ошо чындык чыркырап, саясий туткунга айланып олтурат. Энелер, кантип ушуга көз жумуп, чыдап олтурасыңар!

Ушундан кийин акция катышуучулары мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратып, сегиз жылга кескен өкүм токуган сотторго нааразычылыгын туюндурушту.

- Адилетсиз сотторго – наалат!

- Акыйкатсыз судьялар жазалансын!
– деп бир ооздон кыйкырышты.

Буга улай митингичилер алардын генерал Исмаил Исаковду актап, бошотуу суранычын президентке өз убагында жеткирбегендиги жана элдин суроо-талабы менен таптакыр эсептешпегендиги үчүн жергиликтүү бийликтин башчыларын баары бир кызматтан кетиришээрин эскертишти.

- Алай районунун акими Алмазбек Осмонов токтоосуз кетсин!
- Ош облус губернатору Мамасадык Бакиров токтоосуз кетсин!
–деген талаптар бир нече ирет жаңырды.
Эми башыбызды миллион жолу ташка уруп, Ак үйдүн алдына барып жатып алсак да бийлик бизди тоготпойт.

Ошол эле маалда айрым тургундар тарабынан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатка каршы күрөшүү бүлүмүнүн мурдагы башчысы, алайлык полковник Алмазбек Эргешбаев коррупциялашкан милиция чиновниктеринин курмандыгына чалынып, айыбы далилденбесе да, өмүр бою абакка туура эмес кесилгендиги айтылды. Митингичилер бул маселени да колго салып, бул жигиттин башын азат кылууну жогорку бийликтен суранышаарын билдиришти.

Ошол эле учурда акциянын катышуучусу Айымкыз Саипжанова санаалаштарынын капачылыгын төмөнкүчө ачыктады:

- Алай эли президентке канча ирет кайрылдык. Тилекке каршы, бирине да жооп кайтарган жок. Ошондуктан, урматуу туугандар, эми миллион жолу башыбызды ташка уруп, Ак үйдүн алдына барып жатып алган күндө деле, а киши бизди тоготпойт. Ушундан көрө элдин ишеничи тайыган Курманбек Бакиев кетсин! Курманбек Бакиев кетсин! Курманбек Бакиев кетсин!


Мындай ураанды калгандары да түгөл кубаттап, тизмени премьер-министр Данияр Үсөнов, өнүктүрүү Фондунун жетекчиси, президенттин уулу Максим Бакиев менен толукташты.

Митингде сүйлөгөн “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов:

- Кудай сактасын, бирок эгерде генерал Исмаил Исаковду темир тор жутуп кеткен болсо, анда биз жалпы Алай элин темир тор жутуп кетти деп түшүнөбүз. Чындап эле азыр Ата Мекенибиз коркунучта! Аны бүтүн бойдон сактап калуу биздин колубузда!- деп алайлыктарды өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн биригүүгө чакырды.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын Саясий Кеңешинин мүчөсү Төлөгөн Келдибаев көңүлүндөгүсүн жашырган жок.

- Мурдатан айтылган кеп. “Эл башына күн түшсө, эр керек. Тетирисинче, эр башына мүшкүл түшсө, эл керек!” Бакиевдин Конституциясынын мусулмандар башкармалыгынын уламалар Кеңешинин Уставынан айырмасы жок. Экөө тең кооендой окшош. Болгону жетекчилеринин фамилиясы гана башка. Ошон үчүн Кыргызстандын келечегин ойлонсоңор, күрөшкө чогуу аттангыла!

Сөзгө кошулган ЭрК партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Юруслан Истанов азыркы бийликтин мыйзамсыз жоруктарын ашкерелеп, карапайым калкты өз кызыкчылыктарын коргоп калууга үндөдү.

- Шор пенешелүү калк экенбиз. Президентке жалчыбадык. Бакиевдерди биз эч качан тойгуза албайт окшойбуз. Уялышса, элдин канын соргондон көрө ордун бошотушсун! Бул бийлик элдин убалына калбасын. Анткени, анын эртедир-кечтир сурагы болот, - деп тызылдады Юруслан Истанов.
Убагында Бакиевдин саясатын колдодук эле, үмүтбүздү актаган жок...

Андан ары “Жаңы Кыргызстан” партиясынын райондогу өкүлү Калдыбай Мамаев уюмдун жетекчилигине нааразы экендигин: маалымдады:

- “Эмгек жана агрардык” партиянын “Жаңы Кыргызстан” деп аталышына уюмдун баш катчысы Исмаил Исаковдун мээнети чоң. Бирок Үсөн Сыдыков өңдөнгөн карт саясатчылар анын эмгегин баалаган жок, тескерисинче, генералдын кадыр-баркын кызыл кулактык менен пайдаланышты. Убагында Исаковдун тилине кирип “Ак жол” партиясынын жана президент Бакиевдин саясатын абдан колдодук эле. Алар үмүтүбүздү актаган жок. Ошол себептүү мындан ары алайлыктар “Жаңы Кыргызстандан” кол үзөбүз жана аны өлүп баратса да колдобойбуз.

Митинг соңунда Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев аймакта революциялык комитет уюшулгандыгын чогулгандарга билдирип, буларды кошумчалады:

- Биринчи, элдик генерал Исмаил Исаковдон эл көзүнчө кечирим сурап, аны бошотуу президент Бакиевден талап кылынсын! Экинчи, өлкөнүн Конституциясын одоно түрдө бузуп, адам укуктарын тебелеп-тепсегендиги жана жалган жалаа жаап Исмаил Исаковду адилетсиз соттогондугу үчүн Бишкек гарнизондук жана республикалык Аскер сотунун судьялары жазалансын! Үчүнчүсү, тынчтык акциясынын катышуучуларынын жогорудагыдай талаптары 15-мартка чейин аткарылбаса, анда Алай эли Ош шаарын, андан ары Бишкекти карай жөө жана атчан жүрүштү баштайбыз!

Айтмакчы, митингге жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү абай салып турушту. Алардын эсебинде акцияга 150 чакты гана адам катышты. Ал эми митингге басып барбаган Алай районунун акими Алмазбек Осмоновго жолукканыбызда, мыйзамсыз кадамдар жазаланаарын билдирди.

- Чоң чиновникке дагы, көчөдө жүргөн адамга дагы мыйзам бирдей. Бардыгыбыз ага баш ийишибиз абзел. Элүү же андан ашык адам элдин атынан сүйлөөгө акысы жок. Ар бир жаран өзүнө жооп берүүгө тийиш!

Ошол эле учурда Алай райондук революция комитетинин жетекчилигине шайланган Айтпай Жээналиев аталган талаптар 15-мартка чейин аткарылбаса, мекендештери бийликке массалык баш ийбөө жарыялашаарын эскертти.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.03.2010 03:12
15 марта 2010 года. Решения продать госпакет акций компании «Северэлектро» и «Кыргызтелеком» экономически оправданы. Об этом сегодня на пресс-конференции в Доме правительства заявил премьер-министр Данияр Усенов.

По его словам, правительство страны, продав компанию «Северэлектро», приняло правильное решение, так как по новым тарифам убытки компании составляют 2,88 млрд сомов в год. «За последние 6 лет проводилось более 10 тендеров, их них два прошли в 2009 году, на которые не поступило ни одной заявки. Потому что, купив эту компанию, инвестор имел бы 2 млрд долгов ежегодно. Сейчас, при новой тарифной политике, если довести потери до 15 процентов, компания может стать прибыльной», - сказал он.

Относительно «Кыргызтелекома» глава кабинета министров отметил, что в 2003 году у компании насчитывалось 460 тысяч абонентов, в это время компания оценивалась в 165 млн долларов, а 2004 году бывшая власть продала «Кыргызтелеком» за 16,7 млн долларов: «После революции мы расторгли договор с немецкими инвесторами. После мы выработали новые условия и 7 лет искали инвестора, но не находили, так как рынок резко менялся все эти годы».

На сегодняшний день число абонентов сотовых компаний выросло в 400 раз, а у «Кыргызтелекома» выросло с 460 до 560 тысяч абонентов.

Также Д.Усенов сообщил, что объявлены тендеры на продажу «Ошэлектро», «Джалалабадэлектро» и «Востокэлектро»: «Если кто-то из кыргызских бизнесменов скажет, что готов купить на условиях правительства, мы готовы продать все три компании за один доллар». (Н.Султамбаев)


кимден: жар каяктан: ???
11.03.2010 03:54
Кудайга шугур, элди ойлогон адамдар да бар экен. Анти "мырк", Oshol айтканыңарга кошулам!!! Бул жол жакшылыкка алып барбайт. Дагы бирөөнү алып келип отургузасыңар, ал да жакпайт, дагы ызы чуу башталат.

кимден: Саламат каяктан: Чуй
10.03.2010 23:55
Кыргыздын түндүгү менен түштүгү биригип бийликке каршы аттанып жатат. Эми ортодогу Чүйлүк туугандар түштүк менен түндүктүн колун камаштырып койсо эле үй-бүлөнүн иши бүттү.

кимден: Анти "мырк" каяктан: Саяктан
10.03.2010 01:02
"Шарап Талгарбеков", "Oshol" - АЗАМАТСЫҢАР! Туп туура - грамотно надо подходить, а не по "кыргызча", тойдук уже кыргыздын методторуна!
Биринчиден лидерди тандаш керек, керек болсо чет өлкөдө жүргөн кыргыздардан. Ал лидерди да жөн эле тандап албай, түп тамырынан бери текшерип чыгыш керек.

кимден: Oshol каяктан: Tezekstan
09.03.2010 12:18
24-мартта Ыңкылап эмес, төңкөрүш болгон! Элдин бир тобу бийликти алмаштыргысы келген, үйүлүп чогулганда аларга башкалар кошулган, башкача айтканда "эффект толпы" болуп, оптом Бишкекке келип, Ак үйдү басып алып, дүкөндөрдү тоноп, "өз кишибизди бийликке отургуздук" деп, ыраазы болуп тарап кетишкен. Ал маалда Бакиев "в нужное время, в нужном месте оказался". Ошентип каранын ичинен агыраагын тандаган болуп калган. Отунбаева, Бекназаров, Исаков, Тургуналиев - булар Бакиевди бийликке алып келген, кыргыз элине кыянаттык кылган, кыргыз эли үчүн өздөрү чечкен бардыгын. Бул кечирилбейт! "Революционеры" блин. Анан бийликтен түшкөндөн кийин кыйын болуп оппозицияга өтүштү. Бакиевди бийликке алып келгендерден суранам (анын ичинде 24-мартта кыйратып келдик деп отуруп калган карапайым элден да) экинчи төңкөрүш уюштурбай эле койгулачы. Биринчиңер ушундай жыйынтыкты берсе, экинчиңерди элестеткенден да коркуп атам. Дальше некуда. Ансыз да Кокон хандыгында жашап жатабыз. Эптеп чыдайлы эми. Дагы бир төңкөрүш уюштуруп, бийликке таптаза келесоону алып келесиңер мындай кебетеңер менен. Андан көрө жакшылыкты күтө туралы, же өзү өлөөр, же арабасы өлөөр.

кимден: Шарап Талгарбеков каяктан: Озгон шаары
09.03.2010 12:12
Эй туугандар, бул сапар жаңылбайлы. Улуттук лидерди дыкаат тандайлы.
Ошондо да Адахан Мадумаровду, Алмаз Атамбаевди же Темир Сариевди эмес...

кимден: Айтпай каяктан: Алайдан
09.03.2010 12:08
Жергиликтүү бийлик бизди 15-мартта автожолду бойлоп акцияга уруксат жок деп коркутпай эле койсун! Эмне Кыргызстандагы жолдорду да Бакиевдер менчиктештирип алыптырбы? Анда тоолор аркылуу жөө жана атчан жүрүш жасайбыз. Араңарда биздин Бишкекке келишибизди чыдамсыздык менен күтүп жаткан кишилер бар. Ошолор жардамдашат.

кимден: Манас Орозов каяктан: Чон-Алайдан
09.03.2010 12:03
Эй кыргыздар, Үсөн Сыдыков жетектеген "Жаңы Кыргызстандан" дагы эле үмүт үзө элексиңерби? Анда жыргаган экенсиңер... Андан көрө Алай, Кара-Кулжа, Нарын элинин акциясына кошулуп, ошолорду ээрчигиле! Ошондон бир жыйынтык чыгышы мүмкүн.

кимден: Таалай каяктан: Алайлык
09.03.2010 11:57
Анти "мыркка" анти жооп.
Уяты жок. Сен кишинин санын көбөйтүп биздин ишибизге аралашпай эле кой! Сениз деле революция жасайбыз. Эгерде "жыргал турмушта" жашагың келсе, Бакиевдердин оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрө бер. Сага эч ким каршы эмес. Албетте, бул жолку ыңкылап оңой ишке ашпасын түшүнүп турабыз. Бирок чыгымсыз жеңиш болмок беле. Бизде мындан башка арга калган жок.

кимден: Кыргыз каяктан: Алай
09.03.2010 08:18
Асан мырза алайда ар ким чай берип жүрөт деп алайлыктарды да, алайлык мырзаларды да жамандаба, эл өзү билет чыгаабы, чыкпайбы. Өзүң уялсаң калпты айткандан.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)