Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Империянын ойрон болушу


Орус тилдүү гезиттер эмне дейт?


“Дело №...” гезити мурдагы министр Нурлан Сулайманов акыры келип сурак берип жатканын, ИИМ тергөөчүлөрү Медет Садыркуловго байланыштуу кылмыш ишин кайра карап чыгып, кылмыш статьясын “атайлып өлтүрүү” деген статьяга которуп, ишти кайра жүргүзө баштаганын, УКК абагында жатып, кайдагы эски оорулары козголгон 67 жаштагы Үсөн Сыдыков үй түрмөгө чыгарылганын, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Рысбек Акматбаевдин жакын жигиттеринин бири деп саналган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Таалайбек Абасовду атып өлтүргөн, анын аялы А. Жыртакованы жарадар кылган, милициянын полковниги Чыныбек Алиевди, депутат Жыргалбек Сурабалдиевди атып өлтүргөн деп күнөөлөнүп, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген Эркин Мамбеталиевдин кылмыш иши 20-июлда Жогорку Сот тарабынан кайрадан каралганы калганын кабарлады.

Эскерте кетсек, Эркин Мамбеталиев мурдагы спецназчы, ошол жылдары оппозицияда жүргөн Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон.

Гезиттин бул санына “Бакиевдердин империясынын ойрон болушу” деген аталыш менен Жалал-Абад облпрокурору Каныбек Мамбетовдун маеги да жарыяланды.

Түштүктөгү башаламандыктардын 70 пайызын Бакиевдер уюштурганы тергөө тарабынан далилденгенин, алар адегенде Жалал-Абадды басып алуу менен максатын бүтүндөй Кыргызстанга жайылтууну көздөшкөнүн, кокус бүт Кыргызстан алынбаса анда түштүктү бөлүп кетип, өз алдынча мамлекет кылуу ойлорун жүзөгө ашырууга чындап аракет кылышканын, алтургай анысын митингдерде ачык эле айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап турганын кеп кылып берген.

Окуя башталар алдында эле Бакиевдер башаламандык үчүн 90 миң доллар жана 1 миллиондон ашуун сом жумшаганы далилденди. Далилдерге байланышкан материалдар Ахмат Бакиевдин жоопкерчилиги чектелген “Сали-Ата” коомунун штаб-квартирасынан алынган.

Кабарчынын суроолоруна жооп берген облпрокурор азыркы учурда камакта жаткан Санжар Бакиев өзүнүн уюшкан тобу менен үч машинага түшүп алып, ар кай жерде топтошуп турган адамдардын өзбек, кыргыз экенине карабастан атып жүрүп олтурганы ачыкка чыкканын, Бакиевдер муну менен улут аралык араздашууну күчөтүү жолу менен да акыркы ирет бийликке келүүгө далбас урганын кошумчалаган.

Үч беттен турган бул көлөмдүү маекти “Дело №...” басылмасынын бүгүнкү санынан окуй алсаңыздар болот.

“Московский комсомолец Кыргызстан”
гезити журналист Сергей Кривошаповдун макаласын тартуулады. Анда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын Астанада өткөн ЕврАзЭСтин саммитине катышкандагы “Биз Бажы биримдигине кирүүгө толук чечкиндүүбүз” дегенин сөзүн шилтеме кылып: “Тилекке каршы азырынча бул сөз эч нерсе менен бекемделе элек, ал эми Орусия, Казакстан жана Белорус кол койгон биримдиктин иш-аракеттери 1-июлдан тартып күчүнө кирет” деп каңкуулады.

Саясат талдоочу Александр Князевдин эсеби боюнча “Бажы союзунун эрежелеринин күчүнө кириши Кыргызстанды экономикалык капшапка кептеши ыктымал”. Айрым бир эксперттердин айтымында, мунун залакасы күндөлүк товарлардын, айрыкча Казакстан менен Орусиядан келүүчү товарлардын кымбатташына алып келет.

“Бажы союзунун эрежелеринин киргизилишинен биринчи иретте кытай товарларын сатып ишкерлик кылгандар зыян тартат” дейт дагы бир россиялык эксперт Аркадий Дубнов.

Алматыдагы саясый чечимдер Институтунун анализ бөлүмүнүн деректири Рустам Бурнашевдин ою боюнча кыргыз-казак проблемалары алдыда боло турган кыйынчылыктардын азырынча репетициясы гана болуп саналат. Ошондуктан Кыргызстан Казакстан менен да, башка өлкөлөр менен да ачык кызматташууга өтүүсү керек.

Эксперттердин эсебине караганда экономикалык капсалаңдан чыгуунун жалгыз жолу – Кыргызстан реалдуу секторду кайра жаратууга тийиш. Бирок муну кантип жасоого болот? Анын үстүнө 20 жылдан бери кыргыз бийлиги жулгандан, талап-тоногондон, уурдап, жеп-ичкенден башка тажрыйбаны билбей калган эмеспи?

“МК Кыргызстан” ошол эле Александр Князевдин айтканын шилтеме кылып, Кыргызстан тез аранын ичинде реалдуу экономиканы түзүп, Кытайдыкынан башка кандай гана инвестиция болбосун өлкөгө алып кирүү аракетин кылышы керек деп эсептейт.

Гезиттин бул санынан Роза Отунбаеванын ант берүү аземине байланышткан чакан кабарды, Ысык-Көлгө келүүчү эс алуучулардын аздыгы, токойчулардын Топчубек Тургуналиевге каршы митинги, Бишкек ТЭЦине быйыл көмүр менен газ өткөн жылдагыдан 10 пайызга көп керек экендиги тууралуу маалыматтарды окууга болот.

“Дело №...” гезити Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаевдин интервьюсун басты. Өлкөнүн башкы энергетигинин айтымында, мындан ары буюрса 2008-жылдагыдай энергетикалык каатчылык кайталанбайт.

Гезит андан ары 14-июндагы Ош калабасында дайынсыз жоголуп, жакында сөөгү табылган хирург Касымбек Жусупакматов, милиция кызматкерлери Бегалы Айдаров менен Бакыт Байкишиев тууралуу баяндаган Татьяна Песиндин макаласына орун берген. Ушул эле автор менен бирдикте жазылган Ольга Новгороцеванын макаласы да дал ошол каргашанын капшабына туш болуп, өмүрлөрү менен кош айтышкан бейкүнөө адамдардын аянычтуу тагдырларына арналган.

“Дело №...” жумалыгы мындан тышкары акыркы күндөрү баасы кыйла түшүп кеткен кыймылсыз мүлккө болгон нарк кайрадан көтөрүлөрүн, ошондуктан жөн эле дүрбөй бербей, ден соолукка көңүл буруп, баарын унутуп, колдон келсе ушу кезде бышып турган керемет Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү сунуштаган.
XS
SM
MD
LG