Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 23:44

Басма сөз

Кыргызстанды “ким” аралап жүрөт?

Гезиттер эмне дейт?

Данияр Үсөновдун Нарынга сапары, 29-март. 2010-жыл
Текст көлөмү - +
“Кыргыз туусу” гезити президент Курманбек Бакиевге Чынгыз Айтматов атындагы Евразия сыйлыгы тапшырылганын, шарты оор аймактагыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн президент жарлыкка кол койгонун, Курманбек Бакиевдин тапшырмасы менен өкмөт башчысы Данияр Үсөнов Нарынга барганын, анда электр энергиясын 50 пайызга жеңилдетүү каралып, 110 киловатт эсебинен абонентке 50 киловатт энергияны, ал эми кыш мезгилиндеги 7 ай ичинде 220 киловатт эсебинен 110 энергия үчүн өкмөт төлөп берерин, бардык чек ара маселеси чечилгенин, кыргыз жеринин 1 да метри Кытайга кетпегенин билдиргенин, 15-апрелден тартып Бишкек-Торугарт жолун оңдоп-түзөө башталарын айтканын маалымдады.

Гезитке ошондой эле мударис Кусейин Исаевдин “Эл биримдиги – келечектин ийгилиги” аттуу макаласы, ЖК депутаты Зиядин Жамалдиновдун “Улутту уруучулук курутат” аттуу маеги ж.б. материалдар жарык көргөн.

“Форум” гезити БЭКтин билдирүүсү менен жаңы санын ачты. Билдирүүнүн аягында: “2010-жылдын 17-мартында өткөн Элдик Курултай жалпы элдин атынан президент К. Бакиевге жети талап койгон, алар аткарылбады. Ошондуктан БЭК бүгүн К. Бакиевдин өлкөнү башкарууга эч кандай моралдык укугу жок деп эсептейт. Үй-бүлөлүк топ тарабынан ээленип алган бийлик кайрадан элге өткөрүлүп берүүгө тийиш. Эгемендүүлүк менен бийликтин бирден бир ээси катары ар бир аймакта Элдик Курултай өткөрүү менен элдик бийликти калыбына келтирүү маселесин талкууга коюуга Кыргызстан калкынын толук укугу бар” деп жазылган.

Гезит андан ары Нарынга өкмөт башчысы Данияр Үсөнов жана өкмөт мүчөлөрү Илияз Давыдов, Искендер Айдаралиев, Капар Курманалиев барганын, ага чейин бийликке коюп келген талаптарынын бири да аткарылбай турганын Данияр Үсөновдун өз оозунан уккан нарындыктар 7-апрель күнү буга дейре болуп көрбөгөндөй чоң митинг өткөрөрүн билдирүү менен:

- Электр энергиясынын баасын 70 тыйынга түшүрүү;

- Жетим Тоодогу чалгындоо иштерин токтотуу, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро” ишканаларын мамлекетке кайтаруу, нарындыктардын буга чейинки талаптарын ишке ашыруу талабын коюшту.

Мына ушул талаптарды бийлик бир жума ичинде аткарбаса, нарындыктар 7-апрель күнү өз бийлигин өздөрү орноторун өкмөт башчысына кулак кагыш кылышты”
деп жазылган.

“Үсөнов элди дагы үркүттү” деген кабарда тарифтерди көтөрүүнүн экинчи баскычы июль айынан тартып 1 сом 90 тыйын, бир гикокалорий жылуулук 2500 сом болорун “сүйүнчүлөгөнүн”, ошону менен бирге эле “Бакиев отец, ответит за младшего сына” деген аталыштагы Роосиянын “Известия” гезитиндеги Виктор Булавиндин макаласын орус тилинде басып чыкты.

“Көк асаба”
гезити коомдук ишмер, журналист Каныбек Иманалиевдин алп манасчы Саякбай Каралаев жөнүндөгү “Гений жөнүндө баллада” аттуу макаласын жарыялай баштаган.

Мындан тышкары Бактыбек Максүтовдун, Гүлсина Өмүрбекованын, Мударис Кусейин Исаевдин, жазуучу (Чынтемир) Асыкбек Оморовдун жана башкалардын макалаларын окууга болот.

“Алиби”
гезити Памир Манас аттуу автордун “Ачылган абийрди жабуунун жандалбасы” деген макала менен бүгүкү санын ачып, анда бийлик Фергана. Ру, Центразия.ру, Парус.кж интернет сайттарын, “Живой журнал” блогун жаап, “Азаттык” радиосун өчүрүп тынып, 17-мартта “Форум” гезитинин 7 миң нускасын күч органдарынын кызматкерлери тартып алып, “президенттин аброюна шек келтирди таризинде 5 млн. сом доо коюп “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттерин чыгарууга тыюу салганын кабарлады.

Гезит ИИМ министри М. Коңгантиевге Алай рaйонундагы жана Ош шаарындагы генерал И. Исаковду коргоо комитетинин ачык катын шардана кылды. Катта генералдын түрмөгө кесилишине байланыштуу чогулган элди милийсалар кантип зордук менен таратканы, видеокамералардын талкаланышы, 300дөй адамды машинага “жүктөп” алып кеткени, элдин укугун басмырлаганы, бирок Ынтымак Курултайында М. Конгантиев президентти алдап, калп сүйлөгөнү баяндалган.

Макалада: “23-24-мартта “ төңкөрүштүн” 5 жылдыгында, президенттин өткөн “ынтымак курултайында” тарифтердин көтөрүлүшү, бийлик башындагы адамдын жакындарынын өлкөнүн стратегиялык объектилеринин эл аралык мафия менен биргелешип талап-тоноосу, зордук-зомбулуктар, Конституцияга мураскерлик киргизгени жаткан жапайы аракеттери тууралуу такыр сөз болбой, эл ичиндеги көйгөйлөр айтылбай, президентти мактоо, колдоо гана болду” деп баяндалган.

Ошондой эле аталган макалада Ала-Тоону кайрадан революциянын карааны аралап жүргөнсүп атканын, Бакиевдер орустар менен коңшуларга ишеним арта албай америкалыктарга таянууга бел байлаганын, бирок “чукул арада бийлик алмашат, ким президент болот?” деген сөз желдей тарай баштаганын, БЭКтин ичинен президент болууга татыктуулар Ө. Текебаев, А. Жекшенкулов, Р. Отунбаева, И. Исаков, А. Эркебаев, А. Бекназаров экендигин айтууга болорун айткан.

Ушул эле гезитке экс-губернатор Анвар Артыковдун “Ынтымак Курултайы хандыкка жол ачып берди” деген маеги, “Бөлөкбаев, Аргынбаев, Рыскуловдор 8 жылга соттолобу?” деген макала жарыяланды.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бакир каяктан: Ош
31.03.2010 22:41
"Кантип таза шайлоо өткөрө алабыз" - деп ойлосок туура болот. Шайлоо таза болсо, күлүктүн күлүгү өзү эле чыгып келет, ат чабыштагыдай болуп.

кимден: раткум каяктан: москва
31.03.2010 01:24
Президенттикке талапкер жөнүндө сөз болгондо анын карапайым калктын арасынан чыккандыгы,жүргүзгөн иши менен өзүн көрсөтө алгандыгы,эң башкысы өзүнүн кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору кое алгандыгы,кызуулук кылып ачууга алдырбагандыгы,жеке байлыктан мамлекеттин ,элдин байлыгын жогору кое алгандыгы,өзүнүн тазалыгы,назарынын жогорулугу сыяктуу ж.б.сапаттарын сөзсүз түрдө эске алыш керек.Мына ушул жагынан алып караганда И.Исаков татыктуу болчудай болуп турат. Бул,албетте,менин жеке пикирим.

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
30.03.2010 10:56
Аликбек Жекшенкулов менен Эркебаев президенттикке татыксыз.Калгандары татыктуу.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)