Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 19:42

Басма сөз

Өсөр эл өзүм дейт, өчөр эл өзүн жейт

Гезиттер негизги макалаларын Ынтымак Курултайына арнады.

x
Текст көлөмү - +
   “Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча мамлекет башчысынын элге кайрылуусу жана удаалаш чыккан жарлыгы калайык-калкта бир топ жанданууну пайда кылды” деп жазган “Кыргыз туусу” гезити жаңы санын өзүнүн башкы редактору Кыяс Молдокасымовдун “Улуттун келечегине утурлай чакырылган курултай” деген макаласы менен ачты.

    Тарыхчы К. Молдокасымов: “ХVIII кылымдын орто ченинде калмак баскынчыларын Ата Журтубуздан кууп чыгуу маселеси талкууланса, ХIХ кылымдын 40-жылдарында Аксы-Талас аймагында өткөрүлгөн курултайда Бухара баскынчылыгынын мизин кайтарып, Ферганадагы мамлекеттүүлүктү сактап калуу маселеси талкууланып, чечим кабыл алынган” деп жазуу менен тарыхый урунттуу окуяларды эске салып: “Аймактан шайланып келген ар бир делегаттан ошол чөлкөмдөгү элдин деңгээли көрүнот. Көшөкөрлөнгөн кошоматчыларбы, ойду-келди сүйлөгөн бир байкуштарбы же олуттуу маселе кое билген ойчулдарбы, кара кылды как жарган калыстарбы, айтор элдин уюткусу кандай экендиги дал ушул курултайда билинет”, - деп жазды.

   Гезит буга карата айрым жарандардын үн кошууларын да жарыя кылды. Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрайымы Жаңыл Түмөнбаева: - Биз көз карандысыз мамлекет болгондон бери улуттук өзгөчөлүгүбүздү так аныктай албай келдик. Эмдиги маселе, курултайга делегатты шайлоодо жер-жерлердеги чиновниктер тааныш-жакындарын эмес, мамлекеттик деңгээлде ойлонгон жарандарды тандоолору керек. Кээ бирде кайсы бир жетекчинин пикирине атаандаш оюн билдирип койгон адамды дароо эле оппозиция көрүп алып шайлабай коюшат. Эми биз мурдагыдай дүжүрлөрдүн же жөн эле ким эмне сөз айтар болду экен деп кызыгып келгендердин жөндүү маселе көтөрө албасын түшүнгөндөй болдук, - деген оюн айтты.

     Мударис Кусейин Исаев: -Тилекке каршы март ыңкылабынан кийинки беш жыл бою жалаң саясат менен алектенип, Теңирден бери келаткан акыйкатчылык, адептик, теңдик, калыстык, чынчылдык сыяктуу элибиздин керемет салттарынын негизинде улуттук нарк, салтты, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн, элдин бейпилдигин камсыздаган кел-кел заманынын босогосун аттай элекпиз - деп, алдыдагы ынтымак курултайы ушул багытта өз тарыхый ордун ээлеп, нагыз улуттук демократиянын өнүгүшүнө кызмат өтөйт деген ишеними бар экенин билдирди.

    “Назар” гезити да ынтымак курултайы боюнча бир катар оппозиция өкүлдөрүнүн ойлоруна орун берди.

    Алмазбек Атамбаев: - Ынтымак курултайы орусча жазылган. Андагы маанисинде “Курултай согласных” деген бардыгына макул болгондордун курултайы дегенди билдирет. Бул бийлик эл тарабынан шайлана турган институттардын баарын талкалап, эч ким ишенбей турган деңгээлге жеткирди. Ыраматылык Түркмөнбашы да учурунда Халк Маслахаты дегенди түзүп, өзүнүн оюна келгенди жасап, өз китебин Курандан да жогору койгон. Булар да ошондой кылабыз деген үмүттө окшойт.

   Эмил Каптагаев: - Президент К. Бакиев чакырып жаткан Ынтымак Курултайы коомдогу ынтымак курултайы болоруна ишенбейм. Анткени ага бийликтин айтканын эки дебей колдоп келаткан кошоматчылар гана чакырылат.

   Роза Отунбаева:- Бул Түркмөнбашы салган жол. Бүгүнкү бийлик бизди ошол 2000-жылдагы Түркмөнбашынын деңгээлине жеткирип койду.

   Темир Сариев: - Ынтымак курултайында негизги күч болгон саясый партиялардын орду жок болуп калган. Эгерде биз ынтымакка чакырабыз десек, анда саясый күчтөрдү да чакырышыбыз керек эле.

   Азимбек Бекназаров: - Президент түзөм деген курултай Конституцияга каршы келет. Башмыйзамдын 23-статьясынын 2-беренесинде Курултай өткөрүү президенттин укугуна кирбейт, бул жарандардын угугу деп жазылып турат. Бул дүжүрлөрдүн тобун көбөйтүүнүн гана амалы. Кудай буйурса кыргыз эли 750 дүжүрдүн жүзүн көрөт.

   Ушул эле гезит бүгүнкү санына “Алайлык аксакалдардын кыргыз элине, (буга бардыгы 230 адам кол койгон) жана президент К. Бакиевге (1300 адам кол койгон) Алай элинин кайрылууларын басып чыгарды. Эки кайрылууда тең генерал И. Исаковдун акыйкатсыздык менен камалганы туурасында баяндалып, аны тез арада абактан чыгаруу өтүнүчү коюлган.

   “Форум”
гезити да негизги макаласын 23-мартка белгиленген Ынтымак Курултайына арнады. Журналист Кенжебек Токторов “Азыркы бийликтин алдыдагы курултайы элге эч пайда алып бербейт. Мына өткөндө парламент казактарга камкордук көрүп 58 гектар жерибизди “энчилеп” берип салды, Кара-Бууранын үстүндөгү Ой-Кайың деген керемет жерибизге жетпей, ал жакта калган ата-бабаларыбыздын мүрзөсүнө куран окуй албай жатканыбызды Каркыраны казактарга кармата берген ушул депутаттарыбыз билер бекен? Эртең эле Ташкен бийлиги “бизге бергиле?” деп чыгат, айтор азызркы парламент мөөнөтүнүн этегине чыкканча, жерибиздин да этегине чыкпсак болду” деп кабыргасы кайышкан.

   Гезит андан ары “Башмыйзам. Курултай. Ижара” деген баштеманын алдында бир катар атуулдардын ой-пкирине окурман көңүлүн бурган. Алар гезиттин үч суроосунун бири болгон: -Ысык-Көлдөн 58 гектар жердин казактарга 49 жылга ижарага берилиши эмнени билдирет?- деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп беришкен.

   Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: -
Данияр Үсөнов бизнесмен катары көлдөгү 2 лагердин ордуна келиштире коттеждерди куруп, казактарга сатып, жол салып койду. Кыргызстандын банк, кредиттик, туристтик тармагы бүтүндөй казактардын кызыкчылыгынна багытталып калган. Бүгүнкү күндө 58 гектар гана эмес, 14 пансионат, Каркыра, Хан Теңири казактардын колуна өткөн.

   Генерал Мирослав Ниязов: - Кыргыз төбөлдөрү жер менен ойногонун токтотсо болот эле. Жерибизди оюнчукка айландырып алдык.

   Өндүрүшчү Орозбек Дүйшеев: - Иштетилбей жаткан жерлерди ижарага берип пайда табууну көздөп жатканы туура эле.

   Саясатчы Өмүрбек Текебаев: - Кыргызстан Казакстанга көз каранды. “Матрешка” окуясы, өзгөчө Павлюктун өлүмүнөн кийин ого бетер көзүн кароого өттү. Казак бийлиги Павлюкту Кыргызстандын атайын кызамты өлтүргөн деген маалыматты кыйытып койду. Менин оюмча, көлдөн 58 гектар жерди ижарага берүүсү ушул маселелердеги коркок-билиштиктен кабар берет.

   Мударис Кусейин Исаев: - Көлдүн кайсыл жеринен жер берилип жаткандыгы тууралуу толук маалыматым жок.

   ЖК депутаты Бегалы Наргозуев:
- Көлдөгү жерлерди Казакстанга ижарага берүү жөнүндөгү келишим Акаев убагында түзүлүп, аны мурдагы жылы парламент колдоп бербеди беле.

   Ушул эле гезитке генерал И. Исаковдун бир тууган карындашы Элмира Турганбаеванын “Апама 3 жылга эле камалды деп койдук” деп аталган интервьюсу жарык көрдү. Маегинде Элмира айым алайлык элдин духу күчтүү экенин, бүгүнкү күндө мөөнөтсүз акция баштайбыз деп акимге кат жолдоп, Ош-Алай жолуна жүрүш жасарын эскертишкенин, Исаков менен партиялаш, үзөңгүлөш жүргөн, учурунда Алай элинин батасын алышкан Үсөн Сыдыков, Досбол Нур уулу, Адахан Мадумаровдор бир жолу басып келбегенине эл аябай нааразы болуп, алтургай тескери баталарын берип атышканын айтып чыкты.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.01.2010 19:20
Бул курултай кошоматчылардын курултайы болот го. Жакшы нерсе болсо калк колдойт эле. Шеринеден бул курултайды колдогондорду коро албадым. Эми "урматтуу" кошоматчылар, ошол курултайынарда "Бакиев наме" да чыгарып жибергиле. Силерден кутсо болот. Же биротоло "Курманбек намэ", Максим намэ, Жаныш намэ, Марат намэ,
кылып кобойтуп кабыл алып ийгиле. Силерден муну да кутсо болот. Анан унутпай Бакиевдердин коздорун, бети башын, колу буттарын, кулактарын, деги койчу бут мучосун мактай берсенер. Бул боюнча тажрыйбасы бар "аксакалдар" бар. Ээ аксакалдыктан айлангырлар...
Элдин атынан суйлогондон айлангырлар...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.01.2010 00:27
урматтуу депутаттар былтыйып олтуруп элдин эсебинен жан багып, аз келгенсип элдин жерин коркконунардан кол которуп, сатып буттунор го. андан коро ойлонсонор, моонотунор деле аз калды. эртен эле жумуш бербей жатат, атаганат оппозиция болом деп чыгасынар. депутаттык креслого тырмышпай ачык эле жерди бербейбиз деп чыксанар. эл деген билип турат. Андан коро таркап кеткиле. жерди, сатып бутконунордо, моонотунор бутот.

кимден: Чынгыз каяктан: Кыргызстан
26.01.2010 20:49
Урматтуу Жаңыл Түмөнбаевна сиз айкандай болсо кана ар бир айылдык округдан эл өзү көргөзгөн делегат барса кана. Жалаң кана бийликке жагыныш үчүн, бийликти мактагандар кана барат. Муну ошол курултайда көрөсүз.

кимден: Adik каяктан: Stockholm 26.01.2010.v.13
26.01.2010 18:01
Biz ech kachan artka ketpeshibiz kerek,men Kyrgyz tuusunun redoktoru T.Moldokasymobtun xv111kyl.jana x1xk okup alyp tan kaldym,emne emi kuu tylkylyk kylyp jatkan Baks kyrgyz elinen jana opozisiadan korkonunan kurultaidy otkozgony jataby,bygynky kyny kyrgyz eline kurultaidyn keregi jok,Baks-Makska kana ordunda kalyshtyndyn kana shyltoosu,andan korok kantip tarivterdi azaitabiz dep oilonso bolmok,sebebi kelgen dyjyrjordyn sany 750-800 kishi bolso baiagy ele eptep kynymdyk okatyn kylyp jatkan shoordu eldin esebinen jok degende 5-6 million som ketet,ansiz dele okmotto akcha jok bolup jatsa.

кимден: Париот каяктан: Ишнерболбосун
26.01.2010 14:13
Билийкти тазалап, берилген жердин, сатылган ишканаладын баарын кайра алуу керек.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)