Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 14:38

Саясат

К. Бакиев: Конституциялык Соттун чечимин аткарууга милдеттүүмүн

Келерки президенттик шайлоо быйылкы жылдын 25-октябрына чейин өтөт. 19-мартта Конституциялык Сот ушундай чечим чыгарды. Анын артынан эле Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин шайлоо өткөрүү күнүн 23-июлга дайындаганы белгилүү болду.

Кыргыз мамлекет башчысы К. Бакиев
x
Кыргыз мамлекет башчысы К. Бакиев
Текст көлөмү - +
Президент Курманбек Бакиев да дароо эле билдирүү жасап, Конституциялык Соттун чечими кайра кароого жатпай турган акыркы чечим деп белгилеп, президент катары да, өлкөнүн жараны катары да бул чечимди аткара турганын жарыя кылды.

Конституциялык Соттун чечимин жыйын бүтөрү менен анын төрайымы Светлана Сыдыкова жарыялады:

-2009-жылы 25-октябрга чейин президенттик шайлоолор өтүш керек. Ал качан болот, октябрда болобу же андан эрте болобу, бул Жогорку Кеңештин колундагы маселе. Президент 2003-жылдагы Конституция менен ант берген. Ал мөөнөтүнөн эрте шайланган, ошондуктан анын мөөнөтү 2009-жылдын октябрында аяктайт. 2005-жылы октябрда шайланган.

Эми президенттик шайлоонун өтө турган так күнүн Жогорку Кеңеш аныктоого тийиш. Соңку маалыматтар боюнча ЖК Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети бул маселени дароо эле карап чыгып, президенттик шайлоо күнүн 23-июлга белгилеген чечимин чыгарды. Эми комитеттин чечими Жогорку Кеңеште каралып бекитилиш керек. Мыйзам боюнча президенттик шайлоо күнү төрт ай мурда жарыяланышы керек.

Президенттик шайлоонун күнүн тактоо маселесинин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбековдун Конституциялык Сотко февраль айында жолдогон арызы негиз берди.

Депутат өз атынан берген арызда Конституциянын президентти шайлоо жөнүндөгү 44-беренесинин 2-абзацынын 2-бөлүмүндөгү жобого ылайыктап, президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн тактап берүүнү өтүнгөн эле.

- Президент Курманбек Бакиев 1993-жылкы Конституциянын 2003-жылы жаңыртылган редакциясынын негизинде шайланган. Ал Конституцияга ылайык кезектеги президенттик шайлоо президенттик мөөнөттүн бешинчи жылы, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Бирок президент Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда президенттик милдетине расмий түрдө киришкен. Ушундан улам коомдо кайсы Конституцияга таянышыбыз керек деген карама-каршы эки пикир болуп жатат. Себеби президент мурдагы Конституциянын негизинде шайланган жана ага таянсак быйыл октябрь айынын акырында шайлоо болуш керек. Экинчи тарап 2010-жылы беш жыл болот жана шайлоо эмдиги жылы болуш керек деп жатат. Эгер ушундай эсептей турган болсок 2010-жылдын октярында президенттик мөөнөт алтынчы жылга аяк басып кетип жатат. Ошон үчүн биз расмий түрдө соттон так жооп алышыбыз керек,-деп белгилеген Асылбек Жээнбеков маалымат жыйынында.

Депутат мындай чечимге өз каалоосу менен баргандыгын билдирген менен анын артында бийликтин каалоосуна шарт түзүү аракети турат деген пикирлер болгон. Мурдараак болсо Социал-демократтар фракциясы президенттик шайлоо мезгилин тактоо максатында Конституциялык Сотко кайрылганы жатканын жарыялаган болчу.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев акыркы чечимге бийлик элдин каарынан чочуп, шашып жатат деген баасын билдирди.

Саясатчынын “Азаттыкка” айтымында, Конституциялык Соттун чечими “сарай интригасынын” уландысы болуп саналат:

-”Бакиев өз мураскерин өткөрүп койгонго аракет кылат. Анын сергек “шайлоого катышам” деп жатышы - бул коштошуп жаткан бийликтин ыкмасы. Анткени эртең кете турган начальникти эч ким укпай калат. Бакиевдин өзүнүн талапкерлигин шайлоого коюууга ден соолугу же башка саясий кырдаалдар мүмкүндүк бербейт. Азыр анын мураскерлеринин ортосунда бир жарым жылдан бери катуу күрөш жүрүп жатат”.

Президент Курманбек Бакиев 11-февралда уюштурган маалымат жыйынында экинчи президенттик мөөнөт үчүн шайлоого барарын жана шайлоонун боло турган мөөнөтү боюнча Конституциялык Сот кабыл алган чечимге баш ийерин билдирген болчу:
 
"Конституциялык Сот быйыл шайлоо болот деп чечсе - быйыл, 2010-жылы өтөт деп чечсе - эмдиги жылы катышууга даярмын."


Мамлекет башчы бүгүн эле мурдагы сөзүн ырастап, Конституциялык Соттун чечимин жаран катары дагы, президент катары дагы аткарууга милдетүү экенин белгилеп билдирүү жасады.




Ал эми кыргыз жаштары болочокку президенттикке талапкер тууралуу ар кыл жоромолдор айтууда.

Бул тасмада аталгандардын арасында Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров, Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов сыяктуу саясатчылардын ысымдары бар.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: НУРАЛИ каяктан: Москва
22.03.2009 04:59
Кыраан көп кайгырбай Кытайда тынч тирлигиңди өткөрө бер, анткени КРде баш мыйзам менен эмес, ТААНЫШЫН БОЛСОН ТАНКАСЫН, ТААНЫШЫН БОЛБОСО МАНКАСЫН деген закон менен жашайт. Келип алып анан АКЫЛЫМ БАР АКЧАМ ЖОК, ТАЛАНТЫМ БАР ТААНЫШ ЖОК деп өкүнүп бармагынды тиштеп каласын!!! Келиш үчүн Кытайдын президентинен узак мөөнөткө кредит алып, анан ошого пикет өткөрүп ак үйдү басып алып, гана бийликке жетпесен андан бөлөк жол жок. Этиятта Барктабасов деген жигитт да мүйүздүү болом деп мүйүзүнөн айрылган.

кимден: кыраан каяктан: кытай(үрүмчү)
21.03.2009 18:02
Урматтуу бордошторум, кечиргиле، максатымды толугу менен түшүндүрө албаган чоркок “пикиримди” кечиргиле! Туура! Ар бир кыргыздын президент болгусу келет، ар бир кыргыздын мекенин коргогусу келет, мекенин ар кандай жаман жагдайдан бергиси келет. Чын элеби? Жок! Андай кыргыздар эчак түгөнгөн (балким дагы бардыр), баары өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон, жесе, жутса, семирсе, жыргаса гана болду. Айтмакчы, биз азыр эмне болуп жүрөбүз, тээ бир кылымдарда атыбыздын туяктары менен орто азая эле эмес бүткүл дүйнөнү силкиткен ак калпакчан эл элек го. Азырчы? Азыр биз тирүүчүлүк үчүн элге кул сыяктуу иштеп сайак болуп барабыз. Айткандай электр жок тезек терып жатабыз. Акчага жер сатып жатабыз (ашып-ташып жаткан жерибиз бардай). Бул трагедияларга ким жооптуу? Таалайсыз тагдырыбызбы, же Акаев менен Бакиевби? Мен бир студентмин, жашым 21де, ооба Кытайдагы кыргыздар жыргап жатканыбыз жок. Мунун артын айтсам Кытайдын законуна кайчы, айтмакчы, бул жактагы 187 миң кыргыздын жашоосу шүгүрчүлүк. Бирок ... Менин казак, уйгур(сарт) классташтарым бар, казактар Казакстанын айтып мактанышат, менчи эмне менен мактанам? Тезекстан мененби?! Ачууланам, ар дайым буларды ойлогонумда ыйлагым келет. Бирок апамдын “азамат ыйлабайт” дегенин эсиме алып каңырыгымды түтөтүп токтоп калам. Мен эмне кыла алам? Мен буйруса ушул каңырык түтөткөн чындыкты өзгөртөм! Бул идея жүрөгүмө орногонуна 4 жыл болду. Мындан кийин дагы ушул идеянын артынан жүрөм. Бул жумуш андай оңой-олтоң жумуш эместигине ишенем. Ал үчүн тырышам, үйрөнөм. Себеби өзүмө ишенем! Бар болгула! Аман болгула! Кудай буйруса 25 жыл же 30 жылдан кийин...

кимден: shoola каяктан: Bishkek
21.03.2009 00:16
Кытайлык Кыргызга,
Ар бир кыргыз президент болгусу келет деген сөздө чындык бар окшойт. Жада калса Кыргыздын саясатын гезиттен эле окуп алып, мен да кыргызмын,президент болсом болобу деп сиз сурап турасыз. Же мыскылдап жатасызбы, түшүнгөн жокмун.
Президент болуш үчүн адам кандай сапаттарга, жөндөмдөргө, билимге ээ болуш керек деп ойлойсуз?
Дагы андан башка, коомдун башынан өткөрүп жаткан акыбалдары жана сырткы саясат кандай таасирин берет деп ойлойсуз?

кимден: Канат каяктан: Кытай
20.03.2009 12:02
Жолдош кытайлык "Кыраан"! Сиз бекер ойлойсуз "кеп ээрчиме экенсиңер"- деп. Мисалы мен биздин улуу урматтуу президентибизди жакшы көрөм, анын жасаган жакшы иштери абдан көп. Мисалы ал киши келген күндөн баштап эле "жакшы" иштер башталган: дүкөндөр таланып-тонолгон, адамдар жоголо баштаган, кыргыздар белен светке, арзан тамак-ашка көөп кетишпесин деп кымбаттатып, светти өчүрүп, тезек тергенди үйрөткөн. Дагы көптөгөн жакшы иштери бар, айтып отурсаң сөз жетпейт. Анан кантип ушундай президентти жаман көрөсүң. Анан жанагы сиздин сурооңузга мындай деп жооп берсем: мен Кытайда иш кылып жүргөнүмө он жылдан ашты, ушунча болуп айыл өкмөтүнөн жогору орунда иштеген кытайлык кыргызды көрө элекмин. Анан Кыргызстанга президент боло аласызбы, билбейм.

кимден: кыраан каяктан: кытай(үрүмчү)
20.03.2009 10:39
Мен Кытайда жашап жаткан кыргыздардын биримин. Кыргызстандын саясатын толугу менен түшүнбөйм. Бирок саясаттан күндө Кыргызстанга байланыштуу кабарларды окуп жатып, саясатты бир аз түшүнүп калдым. Менимче, Бакиев чыныгы кыргызга күйгөн, кыргызды сүйгөн адам эмес экен. Бирок силерге айта турган сыным: көбүңөр кеп ээрчиме экенсиңер, бир адамды жамандасаңар бүтүндөй жаман кылып ит катары теңейт экенсиңер, анын жакшы жактарын ачбайт экенсиңер. Менин каалоорум шайлоо чыныгы, таза өтсө экен. Кыргызстан өнүксө экен, кыргыз кыргызды жөлөсө экен, кыргызга Кыргызстан бешик болсо экен. Соңунда мындай бир суроом бар: Кытайдан барган кыргыздар президент боло алабы?

кимден: Soola каяктан: Bishkek
20.03.2009 03:37
Бакиев ушунчалык эле Конституцияны милдеттүү түрдө аткарса, жарымын аткарып, жарымын калтырбай эле, аягына чыга октябрда шайлоого катыша берсин да. Июлда дегени эрте, элди ай-буйга келтирбей, орустардан алган акчага жана моралдык жардамга таянып, эртерээк жеңип алалы деп жатат ко. Ал эми Мадумаров, Үсөновдор президент болгонго татыктуу эмес деп ойлойм. Алардын өзүнүн ою, принциптери жок, "күнкарамалар". Алар элдерди ойлобойт, алар "жеке самолетко" минип, "өрүктүн жыгачы менен капталган" отургучка отургусу келген адамдар. Же мен жалган айтамбы?

кимден: Talas каяктан: Talas
20.03.2009 02:42
Menin oiumcha, Bakiev argasyzdan shailoonun byiyl bolushuna bardy, al ele emes tez aranyn ichinde, antkeni al 27-martta bolo turgan kotorulushton korktu. Anyn ustuno da akyrky kezde abiirsizdik katalardy ketirip koidu. Men aitaar elem oppozicyachylarga bul jailoo ideyasy silerge jana elge soorotush ucun, j-a jalgan bolgon kapkan. Bakievdi shailoogo kaltyrbai turup ketish kerek. Antkeni shailoonun adilettuu otushuno ech kim ishenbeit j-a kepildik bere albait. Bakiev besh kolundai bilet eger shailoonu 100% emes 50% ele adilettuu kylsa otpoi kalaaryn. Oshonduktan al adilet jolgo ech ubakta barbait, biyliktin daamyn tatyp algandan kiyin. Al emi prezidenttikke Beknazarov je Atanbaev ele tatyktuu. Beknazarovdo chynygy musulman kyrgyzdyn sypattary jarkyrap turat. Emnesi bolso dagy ALLA TAALA bizge adilettuu, akylman, chynchyl. Eli-jerin, dinin suigon, er azamatty bashchy boluusun buirusun.

кимден: Торпок каяктан: Тянь-Шань тоолору
19.03.2009 20:11
Конституциядык соттун чечимин окуп чыктым. Туптуура чечим. Бакиев аткарганга милдеттүүмүн деп туура айтты, негизги мыйзамага ылайык Бакиев дагы бир жолу шайлоого катышканга акысы бар. Молодцы!
Вот только, эми Курманбек Бакиев 2015- жылы айнып кетпей экинчи мөөнөтү бүткөндө сый-урмат менен пенсияга чыгып кетсе андан Кудайдын алдында сөз ант берем - Бакиевтин памятнигин короомдо өзүм койом!!!

кимден: diplomat каяктан: bishkek
19.03.2009 19:27
Urmatuu Kyrgyz elim. Barybyz ele jakshy jashoonu kutup kelejatabyz egemendiktin birinchi kunun tartyp ele, birok tilekke karshy oilogom oilorubuz tolugu menen ishke ashbai kele jatat. Eger eki jolu tuura emes joldu tandagan bolsok,ushunchu jolu tuura joldu dandaganga araket kylalychy, atkeni Kyrgyzstan siz menen bizge kerek urmattu kyrgyz elim. Tuura jol degenim elge kyzmat kylala turgan chynygy kyrgyz dep jurogy sokkon erazamatty tandan alyy.
Anadai erazamattar arabyzda kop bolboso da, birok bar. Misaly biz ech tartynbastan Omurbek Tekebaev aitsak bolot. Al kishi ar daym abyirin satbai chyndyktyn kurmany bolup keldi, al nersege baarybyz kubo.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)