Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Бакиев студенттерге “президенттик” убадасын берди

12.06.2009

12-июнда Президент Курманбек Бакиев Орусия күнүн утурлап Кыргыз-Орус Славян университетинде студенттер менен жолугушту. Өз сөзүндө мамлекет башчысы билим берүү системасынын оош-кыйыштары менен жакшы тааныш экендигин айтып, келээрки жылдары бул тармак тартипке салынат деп ишендирди.

Жолугушуу башында мамлекет башчы, бир эле учурда мамлекет башчылыкка талапкер, Курманбек Бакиев Славян университетинин студенттерин каалаган суроолорун берүүгө чакырды. Студенттердин көпчүлүгү билим берүүгө байланышкан суроолорун узатты. Өлкө башчысы болсо бул тармакта болуп жаткан оош-кыйыштары тууралуу толук кабардар экенин ырастады.
 
Мына бул жерде азыр билим берүү министри отурат. Ал ойлоп атса керек президент мунун баарын кайдан билет деп. Мен билем... Маселен, айрым жогорку окуу жайларында студент сабакты төрткө билсе да мугалим баасын койбойт. Кыйнайт бир деме үмүт этип. Буюрса мындай күнкор системаны бир эки жыл аралыгында жок кылабыз. Натыйжа болот”, - деди  Курманбек Бакиев.

Студенттердин суроолоруна жооп берген президент бир жарым саат аралыгында өлкөдөгү экономикалык жетишкендиктер, саясий стабилдүүлүк турукташкандыгы жана өзүнүн жеке жашоосу тууралуу айтып бергенге үлгүрдү. Жаңылануу багыты тууралуу кеп улаган президент анын алгачкы кадамы – бийликтин натыйжалуулугуна жетишүү жана бюрократияны элдин таламдарына баш ийдирүү болоорун айтты. “Эл атка минерлерге эмес, алар элге кызмат кыла турган болот”, - деп ынандырды президент.

КРСУнун студенти Дилбара Муратова президент менен баарлашуу ага абдан жакты дейт. Анын айтымында баарлашуу протоколдук чектөөлөрдөн тышкары жылуу шартта өттү:
 
-Мага бул жолугушуу жакшы таасирин калтырды. Себеби президент жаштардын көптөгөн көз караштарын колдой тургандыгын билдирди. Анын үстүнө президент менен жакындан тааныша алдык. Келечекте мындай жолугушуулар болуп турат деп үмүттөнөм.
Жаш саясатчы Мирсулжан Намазалиев бүгүнкү иш чараны шайлоо алдындагы кампаниянын бир бөлүгү катары сыпаттоодо. Анын айтымында учурда жаштар арасында президенттин беделин көтүрүү үчүн саясий технологдор жан үрөп иштеп жатышат.

-Мен университеттие системаны билем. Алгач деканаттарга лоялдык студенттерди чогулткула, жолугушууда эч кандай критика болбосун деген буйрук келет. Ал эми президент келээрге бир эки саат калганда президенттин жардамчылары келип, президент менен кантип учурашыш керек, кандай суроо бериш керек деген сыяктуу учуралрды такташат. Менимче мунун баары алдыдагы шайлоо менен байланыштуу.

Мирсулжан Намазалиев жаштар шайлоо алдында гана эске алынып саясий курал катары кабылданып калышына кабатырланганын кошумчалады. Чакан конференц-зал ичинде болгон жолугушууда он миңге чукул студенти бар КРСУнун болгону элүүдөн ашуун гана студенти отурду.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Lady каяктан: Osh
19.06.2009 11:12
Men da student bolgomun ubaginda, Akaevdin sozdoruno ishenip.. azir degen jashtarda kop mumkunchuluktor bar... Revolutsiani ozu jashtar ele kilip, presidentti tongkorup salip... byilikke jash bir kandidatti alip kelish kerek... kyrgyzstanga Ataturktoi ozum degen emes, el uchun degen adam kelgenine kumondor dele bolup kaldim

кимден: Кубат каяктан: РФ
17.06.2009 22:20
ээээ эмнесин айтасыңар, бир гана АЛЛА ТААЛА оңдосун ошол өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон чоңдорго АЛЛАТААЛА жазасын берсин. Мейли студенттик проблемаларды коё туруп, өзбек-кыргыз чегарасындагы болуп жаткан чыр чатактарды чечип, ошол жердеги жашап жаткан карапайым калктын ой пикирлерин угуп ошолорго колдон келген жардамын берсе болот, айтаберсе кеп көп дегендей ошон үчүн АЛЛАТААЛА өзү оңгорсун чондордун напсини өзү тыйсын!

кимден: sis каяктан: osh
16.06.2009 19:13
Sen Bakiev ubada bergenden uylbau kalgansin bere-ber.. senin ubadan menen kilgan ishinin tap-takir bashka anida bilip kou. Akaevda minchalik ubada berbeut ele ehehehehehehheh Menin KGimn Jolu kachan achilat eken ..MINA AK-JOL degen BATALON menen andagi soldattar tezirek jok bolushsa eken

кимден: Акбар каяктан: РФ
16.06.2009 18:47
Бир нече жылдан кийин айтасыңар, Бакиев туура эле кылган экен деп!

кимден: Арген каяктан: Ош
15.06.2009 20:27
Акаевдин эле өзү болуп кеттиңиз го...

кимден: assa каяктан: taras
15.06.2009 13:43
UBADA JEL.

кимден: 777 каяктан: Б
14.06.2009 05:57
Бул дагы пиардын бир туру.Тан калба-комуско р...

кимден: Көмүскөдөгү репортер
13.06.2009 11:01
Президент уялбай эле убадаларын берип, шайлоого камынып атат.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)