Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:56

Саясат

Ө. Текебаев: Президент эки жүздүү саясат жүргүзүп жатат

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкекте өтүп жаткан Ынтымак курултайын, анда сүйлөгөн президент К. Бакиевдин сөзүн эки жүздүү жана бет тырмоочулук саясаттын көрүнүшү деп сынга алууда.

Өмүрбек Текебаев Элдик курултайда сөз сүйлөөдө, 17-март, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
- Өмүрбек мырза, Ынтымак курултайдын биринчи күнү өттү. Анын жүрүшүнө кандай бааңыз бар?

- Ынтымак курултайынын кээ бир уюштуруу мүчүлүштүктөрү анын кокусунан болбогонун, курултайдын маңызын көрсөтүп турат. Мисалы, төркеңешти шайлоо залдан жылдырылган кандидатураларды карабастан алдын ала даярдалган тизме менен шайлангандыгы курултайдын жүрүшүндө ачыктан ачык көрүндү. Демек бул курултайдын чечимдери алдын ала даярдалган.

Бул жерде өз демилгеси менен энтузиазм менен сүйлөп жаткан делегаттардын ою, тилеги ишке ашпай турганы алдын ала көрүнүп калды. Курултайдын катышуучулары, албетте, чын ыкластан, ишенүү менен ал жерде өзүнүн ой-пикирлерин айтып жатат. Бирок бул курултай бүгүнкү бийликтин саясатын колдоо, бүгүнкү бийликке болгон элдин ишенимин арттыруу үчүн пайдаланыларын алар жакшы түшүнбөй турушат.

- Ушул курултайда президенттин сөзүндө айрым талуу маселелер боюнча пикирлер айтылды. Мисалы шайлоолордун кадыры кетип бүттү деген сөз айтылды. Бул келечекте президенттик түз шайлоону жоготууга карай коомчулукта кыртыш даярдоо эмеспи, кандай деп ойлойсуз?

- Бакиев өзү байкабай өзүнүн 4-5 жылдык саясатына баа берди, акыркы кезде шайлоонун кадыры кетти, шайлоо идеялардын күрөшү эмес, капчыктуунун, пулдуунун күрөшү болуп калды деген ой-пикирди айтып. “Ак Жол” кантип өткөндүгүн, жергиликтүү, президенттик, парламенттик шайлоолор кандай болуп өткөндүгүнө өзү баа берип жатат.

Шайлоонун кадыр-баркы кетишине түздөн-түз Бакиевдин күнөөсү бар. Ал эми Бакиевдин сунуштаган ачылышы бул туура эмес. Кеңешме демократия деген бар, биз кеңешме демократия менен пайдаланышыбыз керек деп, өз туугандарын. өз жакындарын дайындаган президент менен кеңешкен эч кандай демократиядан кабар бербейт. Тескерисинче, бул бир нече кадам артка кеткенибизди билдирет.

- Негизи эле кайсы өлкөдө, кайсы жерде кеңешме демократия жайылып жаткан экен, сизде маалымат барбы?

- Демократиянын негизги формасы - бул шайлоо формасы. Башка формасы ойлонуп табыла элек. Албетте, кеңешме органдар аты айтып тургандай сөзсүз эле кеңеш бере турган органдар, тигил же бул мамлекеттик органдардын алдында ачылып келет. Бирок алар кеңеш берүү функциясынан башка эч кандай функцияга ээ болбойт. Бул демократиянын түз да, кыйыр да формасы деп айтсак болбойт. Анткени бул кеңешме орган чечим кабыл албайт.

- Курманбек Бакиев урук-тууганчылык байланыштар жана коррупция колу-бутубузду бууп коюуда, деди. Бул өз айланасындагы чындыкты моюнга алуубу?

- Президент элге жага турган сөздөрдү жыйнаган. Бирок тилекке каршы алар аткаруу үчүн эмес, элдин көңүлүн алыш үчүн гана багытталган. Муну саясий бет тырмоочулук катары бааласа болот. Мисалы, кыргыз тилинин маанилүүлүгүн айтып, аны өнүктүрүшүбүз керек дейт, азыркы өкмөтү, мурунку өкмөтү дагы жыйналышын орусча алып барат.

Президент өзүнүн салт болуп калган дүйшөмбү күнкү жыйналыштарын накта кыргыздар отурганда дагы орусча алып барчу эле. Бүгүн орусча сүйлөгөн баласы Максим отурганда, андан бетер орусча алып барат. Өнүктүрүү фондунун, Секретариаттын жыйналыштарын биз айтпай эле коелу.

Эгер мамлекет башчысынын, өкмөтүбүздүн жыйналыштарын теледен өз калкы котормочу аркылуу угуп, көрүп турган болсо, кыргыз тилинин өнүгүшү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Бул биринчи.

Экинчиден, урук-тууганчылык бизди түздөн-түз коррупцияга алып барып атат дейт. Эл аралык коомчулуктун айтканына карабастан мыйзамдарды бузуп, өзүнүн жакын туугандарын эң чоң кызматтарга коюу, көптөгөн майда кызматтар райондон облустук деңгээлге чейин бийликте аралашып турганын элдин баары байкап турат.

Муну билбей айтып алдыбы, же ушинтип айтып койсом эл ишене берет деп ойлоп жатабы?. Бул президенттин айтканы бүгүнкү саясат эки жүздүү, бет тырмачылык саясат экендигин дагы бир жолу көргөздү.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Айтбай каяктан: Бишкек
27.03.2010 13:20
Эми Текебаев сындагандан башканы билбейт,же өзү президенттике койбойт, жүгүрбөйт. Менимче сен Өмүрбек акыйкатчы болушуң керек.Анан Швецияга кетем дегенинди да тааныштардан уктум.

кимден: Исламбек каяктан: Бишкек
26.03.2010 20:48
Аттин, кыргыз эли! Акылдууну жана жасай алганды коро албайбыз,озубуз жасай албайбыз. 2005- жылы: "Бакиевди
бийликке жолотпош керек"- деп какшаган Текебаевди укпай койдук. Бакиевди мактап президенттикке турткон Отунбаева, Бекназаров, Тургуналиев, Атамбаев,Мадумаров,Исаковдорду уктук эле, мына, арты
кандай болгонун баарыбыз коруп турабыз.

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
26.03.2010 17:13
Бакиевдин сөзүн, кайрылууларын, кабыл алган чечимдерин, жасаган ишин Сиздей терең аңдыган киши жоктой сезилет, Өмүрбек аке. Неге? Неге анчалык Бакиевдин артынан түшүп алгансыз? Неге анын ар бир сөзүнө терең маани берип, чечмелеп, нервиңизди кетиресиз? Бакиевди тек коюп туруп, өзүңүздүн сөзүңүздү качан айтасыз? Элге Сиздин кризистен чыгуунун жолу тууралуу ойлоруңуз кызыктуу болуп жатат. Менимче, Кризис бул Ак үйдү, же Көк үйдү алуу эмес, Кыргыз улутун сактап калуунун жолу. Бийликке кол шилтеп, калган энергияңызды, өмүрүңүздү, дүйнөңүздү Атажуртка чындап кызмат кылууга жумшабайсызбы? Чындап кызмат кылуу дегенди кандай түшүнөсүз? Менимче, балдар бакчалары, окуу борборлору, спорт аянтчалары жетишпей жатат. Ораторлугуңуздун жана жаңы-эски бай тааныштарыңыздын күчү менен мына ушул тармакты көтөрүүгө үндөп, пулдууларды үгүттөп чыкпайсызбы? Жаштарды көтөрүүгө, лидерлер мектебин курууга, тил, технология үйрөтүүчү курстарды ачууга басым жасабайсызбы? Менимче, бул багытта иштерди колго алсаңыз эл-журт Сизди дагы да жакшы баалап калышы ыктымал.

кимден: Aitkul каяктан: Moskva
25.03.2010 19:24
Тиги Бишкек, Бишкек деп жазган адам кечирип койуңуз, ушу сизге окшогондордун айынан, Кыргызстандын акыбалы ушул болуп жатат. Уу зат деп койот дагы. Текебаевти толлук колдойм, ишиңе ийгилик

кимден: Алдаяр Исманбаев каяктан: Бишкек
25.03.2010 17:05
Бишкектик Чокчолой баатыр Бакиевдин кайсы оң ишин мактайсың ,айтасың электир тарифтериннин көтөрүлүшүнбү? Түндүк электро менен Телекомду сатканынбы? Каркыра жайлоосун сатканынбы? Шайлообек Дүйшеев айткандай:
Муз кемисе толоор
Туз кемисе толоор бирок
Журт кемисе ким толтурат
Эл кемисе ким толтурат
Атың өчкүр айтчы , айтчы...мына элиң Россияда Казакстанда кул болуп жүрөт .Элдин эптеп жыйнаган акчасын Гуреевич сыяктууларга тартырып жүрөт Айтчы Айтчы Бакиевдин дагы кайсы оң иши бар айтчы? ошол сенин башыңда уу зат бар экен...Текебаевдин чыны башкаруучу чыныгы лидер экенин Жогорку Кенеште төрага болуп турганда көрбөдүкбү...Сендейди Кыргызда уурусу күч болсо ээсин доого жыгат деп койот...ТЕКЕБАЕВ бүгүн чыныгы кыргыздын каарманы ал келечекте президент болуш керек...Биз кыргыздар жакшы жашоого татыктуубуз .жакшы жашоону Текебаев гана алып келет...

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
25.03.2010 11:04
Өмүрбек Чиркешович! Чек-ара маселеси дагы эле такталбай турат.Чек-арага жакын жерлерде жашаган Кыргыздар жерин сатып Орусияга агылууда.Өлкөнү, улутту сактап калыңыздар.

кимден: Бишкек каяктан: Бишкек
25.03.2010 10:36
Кантип эле ушундай болсун, бир да оң аткарылган иш айтылбасын. Душманындын да оң жагын айтып койсоң чындык үчүн жакшы болмок. Текебаевдин мээсинде жакшы болуп жаткан иштерди өчүрө турган "уу зат" бардай сезилет. Ал "уу зат" Текебаевдин мээси кабыл алган бир гана реалдуу болуп жаткан иштерди өчүрбөстөн, реалдуу план түзүүгө, аны ишке ашырууга да өзүнүн уусун жумшайт болуш керек. Мен муну айтканыма өзүмдүн аргументимди айтып кеткенге аракет жасайын. 2005-жылга чейинки Акаевдин бийлигин Текебаев такай сындагандан башкага жараган эмес. Ал бийликти кантип кетирүү, аны ишке ашыруу деген анын пландарында болгон эмес. Анткени анын мээсинде ошол мезгилде деле жогоруда айтылган "уу зат" андай ойлорду жеп коюп жүрсө керек. Натыйжада ушул маселени жакшы өздөштүргөн, аз да болсо душмандын оң иштерине баа берип жүргөн адам бийликке келип жатпайбы.

кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
25.03.2010 09:25
Өмүрбек Чиркешович, эми Сиздин доор бүттү. Сиз президент болуу мезгилинен өттүңүз. Жогоркулар туура айтат. Сиз эми аталык болууга камданыүыз. "Баш канжыгада, кан көөкөрдө" деп башын сайып койчу, жаш, акылдуу, билимдүү, таза, мекенчил лидерди алып чыгыүыз. Андай жаштар бизде толтура.18 жашар Чолпонбайдай мекен үчүн өзүн өрткө таштай турган жалын жүрөк азаматтар бар. Ошолорго аталык болууга Сиз гана татыктуусуз. Бекназаров, Атамбаев, Отунбаева эмес, Сиз гана. Себеби, Сизге карапайым калк ишенет. Сиздин чечимиңизди сыйлайт. Бирок, кол ийрисине тартат болуп "Ата мекендеги" тапталып калган балдарды көтөрбөңүз. Дүйшөн Чотонов менен Жоомарт Сапарбаев бычакка сап боло албайт. Бычакка сап болчу жигиттер "Ата мекендин" ичинде да, сыртында да толтура. Биз ал лидерлердин арасынан мыктысын учуру келгенде (буйруса, күздө) тандайбыз. Ошондо Сиз батаңызды бергидей болуңуз. Берки Атамбаев, Отунбаевага окшогон шериктериңизге жеткиргидей болуүуз. Бул жаатынан Сиз дипломаттыкты үйрөнгүдөй эле болуп калдыңыз. Жаш экен деп буттан чалып, бийликтин ажыдаар чеңгелине салып бербеңиздер биздин алыска чуркай турган Тайторубузду, жаштар чоң чабышка салчу Тайторуну. . Тайторунун ким экенин учурунда айтып, интернет талкууга коёбуз. Баардыгы ( а биздин жаштардын тандалма бөлүгү Жер шарынын ар кай жагында жашап интернетти кеңири пайдаланышат) добуштарын берип Тайторубуз сындан ийгиликтүү өтсө Чоң чабышка салабыз. Эмесе, Өмүрбек Чиркешович күздөгү Тайтору чабышка чейин саламатта болуңуз.

кимден: жанылбас каяктан: бишкек
25.03.2010 05:20
Бакиев бул курултайы менен толук элден чыгып калды. Андан элге жакшылык болбосун баары түшүндү. Өмүрбек мырза, бүгүнкү жана мурунку оппозиция лидерлеринен жалгыз сиз гана өзүңүздү булгай элексиз. Калган оппозициядагы лидермин дегендер Акаев менен Бакиевтин гареминде жатып чыккандар. Аларга эл ишенбей калган. Эгер сиз да жоопкерчиликтен корксоңуз, ушундай жооптуу жана кооптуу кезеңде ачык айтып четке чыгыңыз. Себеби эл сизди күтүп атат.

кимден: кыргызбай каяктан: Ош
24.03.2010 23:19
Өмүрбек мырза сиз элдин акыркы ишенимин сактап алдыга көч баштап бүгүнкү урап бараткан бийлигин түп тамыры менен жок кылып жаңы таза кадырларды алып келип өзүңүз баштап кийинки муунга таза демократиялуу Кыргызсатнды өткөрүп беришиңер керек!!!Биз жаштар сизди колдойбуз.Бүгүнкү күндө кыргыз элине сиздей улут лидери керек. Текебаев, Чотонов, Отунбаева, Шерниязов, Исаков, Алымбеков, Бекназаров, Өмүркулов жана башкалар силер элдин акыркы үмүтүн актагыла.Биз сиздерге ишенебиз!!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)